Байтемир Асаналиев: Балдар! Балдар, сүйүнчү!

Шүүдүрүм

Тамчылар мөлтүрөйт,

Таң эрте чөптөрдө.

Аябай таңданды,

Айнура көргөндө.

 

Моюнга тагуучу,

Мончок… деп ойлоду.

Берметтей тамчылар…

Бетин жууп ойноду.

 

Аңгыча чачырап,

Алтын күн нурлары.

Сан жеткис шүүдүрүм,

Заматта кургады.

 

Куурчак

Ырдатышса – ырдаймын.

Ыйлатышса – ыйлаймын.

Кичинекей кыздарга

Кирпигимди ымдаймын.

Алар менен кошо ойноп,

Айтор, кечке жыргаймын.

 

Үн

Бузуп үйдө тынчтыкты,

Шуулдаган үн чыкты.

Сарман менен Шарапат,

“Самолёт” – деп талашат.

Ысык жашын көлдөтүп,

Самоор экен карасак.

 

Кимиси балбан?

-Мен күчтүүмүн – деп Мурат,

-Мен күчтүүмүн – деп Турат,

Ортосунда экөөнүн

Ойда күчөп эрегиш,

Чыбык аттар ойдолоп,

Башталды эми эр эңиш.

 

Мурат тартты Туратты,

Турат тартты Муратты.

Аттарынан кулашты,

Экөө бирдей сулашты.

Карап турган бөбөктөр:

-Ким жыкты? – деп сурашты.

 

Чыбык ат

Мингенибиз чыбык ат,

Биз чуркайбыз чымылдап.

Аттар чарчап тердебейт,

Суу ичишпейт,

Жем жебейт.

Бирок, билип койгула,

Биз үчүн ал – чыныгы ат.

 

Тилин тикен сайбайбы?

-Коко тикен аттуунун,

Койбой баарын аймады.

Ой-ээй, кызык,

Төөлөрдүн

Тилин тикен сайбайбы? – деп,

Талантбек таңданды.

Анда атасы жылмайды:

Ал – төөлөрдүн тамагы.

 

Ким болот?

-Чоң ата деген ким болот?

-Ал – атаңдын атасы!

Тилин алып сыйлап өс,

Тийет берген батасы.

 

-Чоң эне деген ким болот?

-Ал – атаңдын энеси.

Сен болосуң алардын,

Сүйкүмдүү небереси.

 

-Таята деген ким болот?

-Ал апаңдын атасы.

А сен анын жээнисиң,

Маанисин сөздүн байкачы.

 

-Таене деген ким болот?

-Ал апаңдын энеси.

“Бабушка” деп шашылбай,

Байкоо керек эмеспи…

 

Өткүн экен

Шамал согуп катуулап,

Шуулдады жашыл бак.

Жарк-журк этип чагылган,

Жамгыр төктү шатырап.

 

Жааса жамгыр шатырап,

Балдар аны жактырат.

Бат өсөт деп чачыбыз,

Башты тосуп, каткырат.

 

Өткүн экен – басылды,

Күн чайыттай ачылды.

Көк бетине көрк берип,

Асан-Үсөн тартылды.

 

Атка коркпой минемин

Атам менен кой айдашып,

Атка коркпой минемин.

Башын буруп оңго-солго,

Бастырганды билемин.

 

“Ат – адамдын канаты” дейт,

Атты жакшы көрөмүн.

Азоо эмес, жоош ат минип,

Акырындап көнөмүн.

 

Кулактары шамдай күйүп,

Кулан сындуу жаныбар.

Чоңойгондо чабам күлүк –

Менде кыргыз каны бар.

 

Сүйүнчү

Балдар!

Балдар, сүйүнчү!

Жарыя айтам баарыңа,

Жаңылыкты бүгүнкү.

Күн нурундай күлгөнү –

Бөбөктайым үйдөгү,

Тили чыгып, жаңы эле:

“Ата”, “Апа” деп сүйлөдү!

 

Аз-аздан сөз үйрөтөм,

Аны менен сүйлөшөм.

Эси жоктук эмеспи,

Эне тилин билбеген…

 

Алтын бөбөк, ай бөбөк,

Айтканыма ал көнөт.

Эртең эле артыман,

Ээрчип жүрөр “байкелеп!”

 

Баланын баары каткырды

Калмурат тоого барганы,

Каткыртчу болду балдарды.

Койлорду айтса “мөөрөйт” деп,

Уйларды айтты “маарады”.

 

Укмушту баштап ал дагы,

Музоону “кош” деп айдады.

“Тиштейт” деп коркуп козудан,

Жанына жакын барбады.

 

Мингенде атка, ал, жаңы,

Күлбөгөн бала калбады.

“Узун экен чачы” деп,

Жалынан бекем кармады.

 

Араңдан зорго бастырды,

Азыраак барып ат турду.

“Рулу” десе тизгинди,

Баланын баары каткырды.

 

Бакыттын жообу

Балчык кечип күнүгө,

Бакыт келет үйүнө.

Капаланды апасы,

Карап анын түрүнө.

 

-Укпадың го айтканды,

Окууруңа аз калды.

Чоңойсоң да билбейсиң,

Жолду тандап басканды.

 

Анда Бакыт актанды,

(Ал билет жооп тапканды).

-Ээрчип басам дайыма,

Эркин менен Актанды.

 

Жалакай

Байкасаңар Алапай,

Барып турган жалакай.

Күн ачуурак тийсе айтат:

-Күйүп кеттим, калакай!

 

Ай, Алапай, Алапай,

Айрөк, айрөк, жалакай.

 

Суук болсо кенедей,

Тоңуп калчу немедей,

Үйдө мештин жанында:

-Үшүп кеттим ченебей!

 

Ай, Алапай, Алапай,

Айрөк, айрөк, жалакай.

 

Тааныбасаң Алапай,

Так ушундай жалакай.

 

Ай, Алапай, Алапай,

Айрөк, айрөк, жалакай.

 

Балдар неге күлүштү?

Жакада жүрүп Камчыбек,

Жайлоону катуу самады.

Көзү алайып таң калды,

Көрөр замат сабаны.

 

Саба бышкан Канатбек,

Санап жатып тердеди.

Камчыбек андан өтүнүп,

-Мен күйшөйүн, бер? – деди.

 

“Кымызды да күйшөйбү,

Кызык го…” – деп күлүштү.

Арпа күйшөп көнгөн да,

Аны дароо билишти.

 

“Күйшөгөндүн”, “бышкандын”,

Маанилери ар башка.

Камчыбекче жаңылып,

Сөздү сөзгө алмашпа!

 

“Азыр” дебей, “анан” дейт

“Оку!” десе,

“Анан” дейт.

“Ойно” десе,

“Барам” дейт.

Башын чайкап апасы,

“Ананың” көп,

Балам! Дейт.

 

“Үй жуу” десе,

“Анан” дейт.

“Суу куй” десе,

“Анан” дейт.

Анда Асел эжеси:

“Азыр жаса,

Аман” дейт.

 

Качан

Кайда жумшаса,

“Азыр” дебей,

“Анан” дейт.

Башын чайкап атасы,

“Анан” деген

“Жаман” дейт.

 

“Азыр” дебей,

“Анан” деп,

Айта берет

Аман көп…