Рамис Рыскулов: Күнү кечке көчө кезем Ыр издеп. Көчө ритм көңүлүмдү көтөрөт.

Рамис Рыскулов
… Генийлер алкаштардан сабак алат.
Ошон үчүн турмуш жыттуу чыгармалары.
Чегирткедей чекилдейт.
Кандай күндү алар баштан кечирбейт…

Бул Рамис Рыскуловдун “Генийлер” деген поэмасынан үзүндү. Рамис агайды калемдештери “Ыр аке” деп коюшат. Айткандай эле турган турпаты, сүйлөгөнү, басканы – кудум эле өзүнүн ырындай. Жашоосу да ыр, сүйлөгөнү, ойлогону да ыр. Ыракеге дарак да, көчө да, адамдар да ыр болуп көрүнүшөт. Ал турмак сүйлөшүп аткан адамын да ырларындай кабылдап, ырларына жасаган мамилени жасайт. Ырына бир калп кошо албаган сыяктуу жашоодо да жасалмасыз, төгүлүп – чачылып жүрөт. Ырларынын саптарына окшоп, Ыраке түз баспайт. Учуп – күйүп, бирде оңго, бирде солго баштап… “Ырларымды терип берчи”, деп чоң-чоң тамгалар менен жазган баракчаларын көтөрүп келет. Бир баракка төрт сап ыры араң сыят. Өзү да чоң тамга менен жазылган инсан, жашоого сыйып-сыйбай… Анан ырын кимге бергенин унутуп коёт. Кыялынан сепил куруп, анын ичинде жашаган адам да. Эстетип берсең “мен сага карызмын”, дейт. Жөн эле терип бердим деп түшүндүрүүнүн кереги жок. “Карызсыз дебесең ооруп, уктай албай калам”, дейт. “Карыз болдуңуз”, дейм. Оорубасын, тынч уктасын дегеним да. Заматта кабагы жарк дей түшөт. Кээде биртке акча сунат. Албайм десең таарынат. Алып койсоң заматта кабагы жарк ачыла түшүп, ырларын кыңылдап окуп, карызынан кутулганына кудуңдап жөнөп кетет. Өгүнү жаңы бут кийим кийип келиптир. “Аялым алып берди, бул музейге коюла турган бут кийим”, дейт. “Батинкам жөнүндө поэма жазам”, дейт анан.
Жөнөкөй турмушту ыр кылып жөнөкөйдөй көрүнгөн бир адам жүрөт. Аткан таңын ыр менен тосуп алып, кечти ыр менен батырып. Өзү айткандай кези келгенде кийип жүрүп жырткан батинкесинен бери музейге коюп, кийинки муунга таберик болгон инсанга айланар. Ал күндү кечинен берсин, батинкеси дагы көп жылдар бутунда жүрө турсун дейли…

Гүлмайрам Турусбекова,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 31.07.2009-ж.

Көчө ырлары

Көчө ырларын жаратам

Бүт көңүлүм берилип.

Көчөдө мен басып жүрүп

Жазгандарым

Дүкүлдөтөт жүрөгүмдү

Бир башкача эргитип.

Турмуш менен ат салышат

Көчө ырлары көөшөрүп.

Арыш таштап бара жатып жазганым,

Асманды да кийип алат көмкөрүп.

Жүрөгүмдү зырпылдатат саптары

Эшикте мен жазган ырлар

Эдиреңдейт ээ – жаа бербей,

Жашагыла аянт жүрөк

Чыгармалар.

Күнү кечке көчө кезем

Ыр издеп.

Көчө ритм көңүлүмдү көтөрөт.

 

Жылуулук

Ушул изги дүйнөдө

Адамзатка керек

жылуулук.

Кол кысуулар жылуулугу

Келген каттардын

жылуу сөздөрү,

ысык жылмаюулары

алыскы жылдыздардын

Билинбестен жылытат бизди.

Түнкү папиростун учкуну

жана да,

Дубалдардын  артындагы кобурлардан

Баарысынан бизге келет жылуулуктар.

 

Турмуш аты

Турмуш аты кошо жашап келгенсийт,

Бирок кээде сенден өтө желгенсийт.

Бир кишенеп башка үйүргө каранса,

Бир аз кайра сага моюн бергенсийт.

Тагдыр аты

Өз жолунда желгенсийт,

Өз тизгиниң өз колуңа бергенсийт.

Бирок кокус күүлөнгөндө жыгылсаң

Таш үстүнө

Таштап кетем дегенсийт.

 

Турмуш

Өрткө салып өзүңдү

Өрттөгөн турмуш

Кайра ошол  өртүң менен

Дүнүйөнү көрктөгөн турмуш.

Далайды мышык – чычкан ойноткон турмуш,

Эшектен тулпар чыгарган турмуш,

Көз жетпеген машайык турмуш!

 

Күз сөөлөтү

Керилет буудай муруту,

Помидор бети тултуят.

Мээси толук жаңгактар,

Жерде жатат төгүлүп,

Күз сөөлөтү

Күтүрөйт.

 

Күлкү чачам

Күн идеясы күйгүзөт денем,

Күлкү чачам,

Шаттык чачыратам,

Үмүт искейм.

Күн менен шыбайм.

Дубалдарды,

Гиганттардын, гиациналардын

Арасында уктаймын.

Бронза кийген шамалдар.

Жашоо шайкелеңи.

Бакытыма муюп каламын

Уюлгуган аба шардай асманда.

Коркокторго мүмкүн жакпас эч

Менин селкилдетип

Корабль айдашым.

Тилсизденем түбөлүктүн алдында.

Мен басып жүргөн костермун.

Күндүн уулумун!

 

Жолуга элек сүйгөнүмө

Тааныша элек мен бирөөгө арналам

Жолугууга шарт боло элек алиге.

Чиркин көңүл демин сезет ошонун

Өзүнчө эле экиленип, ээлиге.

 

Тааныштардын көбү мага ыраактай,

Таалайыман талашкым бар улактай.

Компания, нечен жыйын болсо да

Тааныш эмес бирөө мага ынактай.

 

Бөтөнсүнөм, жалгызсырап сабылам

Жолугат деп ишенемин зарыгам.

Күлүңдөөрсүң күндөрүңдүн биринде

Сен каларсың жакын болуп жаныман.

 

Күн баш кыздар

Күн баш кыздар жерде жашайт,

Күндүн ишин иштешип

Күлүмсүрөшөт,

Айланага нур жайып,

Күнгө кайра нур чачышат,

Фонарь баштар жумуру.

Чачтарынан ар бир тал музыка,

Угуп тыңшап муюп батам кызыкка.

Кыздар эгер силер болбогондо

Жерде турмуш караңгыраак сезилмек,

Мас жолдордо биз калмакпыз адашып.

Сүйүп калсак араңардан бирөөнү

Башты футбол этебиз.

 

Токтой турчу, убакыт

Токтой тур, күн

Томук али каталек,

Токтой турчу, убакыт

Жүрөк бугун басалек.

Бир сырым бар,

Бир ырым бар айталек.

Токтой турчу, убакыт.

Тоодой эмгек баштайын.

Аалам жүзүн жаркыратып ачайын,

Мен өзүңдөй терең, кенен жашайын,

Билем эртең

Мен башкача жашаймын.

Океандай терең ырлар жазармын!

Түштөр калың, иштер түмөн бүтөлек,

 

Чыктым тышка

Чыктым тышка

Дүйнө мени эшиктен

Тосуп алды гүүлдөгү менен,

Дүрүлдөгү менен экскаватордун,

Дарагы менен шуулдап турган.

Кыздары менен күлө баккан.

Чыктым тышка

Турмуш тартат музыкасын арылдатып

Кагат демдүү барабан.

Ырдайт күчтүү держава!

Чыктым тышка

Турмуш мага

Өз ырларын үйрөтөт.

 

Бир караан

Карап турсам бир уйкудан ойгонуп

Караан желип бара жатат батышка.

Таң арасын өттү ана аралап,

Ким экенин жарыялап айтышка.

Тилим жетпейт, буулукканмын ушунча,

Мени элиртип кошо алып жөнөгөн

Алгыр өскөн Ала – Тоонун кушунча.

Мен ичимен ага болом ыраазы,

Мени билбес, билбегени жөнүрөөк,

Ал жөнүндө ойго батам көбүрөөк.

Колун барып кысар элем бирок да

Балким, анын ою текке бөлүнөт.

Ошондуктан унчукпастан узатам,

Ага арнап ичтен алкыш сөз айтам.

 

Ошол караан бүгүн көзгө эрбеңдейт,

Эртең көрсөм көп элеске жанашкан.

Кыргыз уулу өсүптүр деп ушунча

Дүйнө карап, жардангансыйт  карасам.

 

Күркүрөктүн ичинде

Күн төрөлгөн күркүрөктүн ичинде

Мен өскөндөй өзүм дайым сеземин.

Дүрт деп кетет жүрөгүм да от алып

Күтүп турбай жаз, кыш чилде кезегин.

Арасында чагылгандын калгандай,

Ысык канга каламымды малгандай.

Күчүм ташып турган кезде талыкпай

Күжүрмөнмүн күтүрөймүн ар кандай.

 

Ишен

Бүт өмүрүң сызып таштайт!

Бир мүнөттүк

Ишенимсиз өмүрүң

Ишен, ишен,

Ишен, ишен.

Турмуш күчүнө!

Жашоо үчүн

Чымырканып күрөшкүн!

Мекен ырын

Мезгил ырын

Безеленип ырдашкын!

Достор менен бир баскын!

Ишенимден сок дүйнөнү!

Сомдогула!

Ишен, ишен

Досторуңдун күчүнө!

Ишен, ишен

Жүрөгүңдүн күүсүнө!