Аман Нааматов: Эмне үчүн Айгүлдү эч ким мактаган жок?

Эмне үчүн Айгүлдү эч ким мактаган жок?

(Балдар үчүн)

Кошуна эки кемпир мейманга жөнөмөк болушту.

–Чоң эне, мен да барам! – деди небереси кабагын ыйлап ийчүдөй бүркөп.

Барасың чүрпөм. Жуунуп, кийинип даяр тур. Так секирип сүйүнгөн Айгүл камданып жатты.

Ошол эле учурда кошунасынын да кичинекей Гүлнуру чоң энесине жардам берип жүрдү. Ал: «Мен да барам» – дебеди. Чоң энеси өзү кайрылды.

Сенсиз куруп калам го. Мени менен мейманга барып кел.

–Макул, чоң эне.

Көп узабай эки кемпир жолго чыгышты. Боорсок, бышкан эт салынган баштыктар буруксуп жыттуу. Бара турган жери анча деле алыс эмес эле. Бирок кары кишилердин кадамдары жай. Бир аз басып демигишип, өхүлөшүп, улам токтой калышып кыйла жол баскан жолоочулардан бетер чаалыгып келишти.

Кутбү эне аларды жан-алы калбай сүйүнүп тосуп алды. Күтпөгөн кубанычка алдастап, шашып жатты. Жүгүн бузуп төргө жаңы төшөнчү салды. «Чай кайнаганча жамбаштай тургула», – деп куш жаздыктарынан чыканак алдына коштоп таштады. Үй ичи таза, салкын эле. Эки эне үй ээсин алкашып, өхүлөшүп жамбаштай кетишти. Аларды туурап бир жаздыкты кучактап Айгүл да жатып калды.

–Чарчадың го чүрпөм. Эс ал, – деди чоң энеси аны аяп. Гүлнурдун чоң энеси эч нерсе дебеди. Гүлнур акырын басып тышка чыкты. Короого көз жүгүрттү.

Кутбү эне безилдеп чуркап жүрүптүр. Бирде ашканага кирип казан-аягын калдыратып калат, кайра чыгып самоордун отун күчтөйт. Эми чыныларын жуумай болду.

Гүлнур анын жанына барып лып этип отура калды.

–Чоң эне, мен жуусам болобу?

Кутбү эне кызды бир карап алып, анын ниетине ыраазы боло түштү.

–Айланып кетейиним. Жууй аласыңбы?

–Ооба. Жууй алам.

–Анда жууй гой, алтыным.

Гүлнур чарадагы сууга чыныларды этият салып таза жууп, четинен сүртүп тактайдын үстүнө коё баштаганын көрүп Кутбү эне таңданып да, сүйүнүп да турду.

–Тегеренип кетейиним, кол арага жарап калган турбайсыңбы, кичине туруп. Атың ким?

–Гүлнур.

Гүлнур. Азамат кыз болуп чоңоюп келатыпсың. Кудайым сага өмүр берсин! Эми чыныларды үйгө алып кирели.

Экөө чыныларды көтөрүп үйгө киришти. Кутбү эне төрдөгү эки кемпирге мактана кетти.

–Менин жардамчым бар. Гүлнур кызым менин чыныларымды таптаза кылып жууп, сүртүп берди.

–Ал ошондой, – деди Гүлнурдун чоң апасы сыймыктуу, – үйдөн мага дайыма жардам берет.

–Аман бол айланып кетейин, – деп Кутбү эне кыздын саамайынан сылады, – жүрө гой берекем. Эми чыныларга каймак куябыз. Кант салабыз.

Экөө дасторкон үстүн түркүн даам-татым менен жайнатып жатышты. Аңгыча кошуна кемпирлер да келип калышты. Алар Кутбү эне менен тең жарышып чуркап жүргөн бейтааныш кызга көңүл бурушуп:

–Я, Кутбү, бул кайсы кыз? – дешип кызыгышты.

–Гүлнур, – деген кызым бул. Мага мейман болуп келсе да жардамдашып жатат.

–Ыя, де!.. Жакшы кыз турбайбы, улууну сыйлаган.

Баары тегиз дасторконго отурушуп чай куюла баштаганда Гүлнур жөнүндө дагы сөз кылышты.

–Кайрымдуу, боорукер кыз экен Гүлнур.

–Кичине болсо да бардыгын жасайт тура.

–Айла-анайын, аман бол. Бактылуу бол!

Гүлнур мактоо сөздөргө кысынып, чоң апасынын колтугунда уялып олтурду. А чоң апасы небереси менен сыймыктанып, башын бийик көтөрүп, жүзүн тамылжытып таттуу чайдан ырахаттанып ууртап жатты. Колундагы май токочту каймакка матырып жеп жаткан Айгүл: «Кечке эле Гүлнурду мактай беришет» – деп мурчуюп, таарынгансып отурду. Бирок анын бул жерде бар экенин көрбөгөндөй, бирөө да аны сөз кылган жок.