Кубатбек Жусубалиев: Улакчы

Улакчы

Атактуу улакчы Эргеш жепирейген тамынын алдында жалгыз таар шымын катынына жуудуруп коюп, ичигине оронгончо дубалга жөлөнүп, күнгө жылынып отурду. Ушу тапта анын бар акылы тамынын алдындагы соройгон эки талдын (экөөнүн боорун эчкилер кажып, жеп кетишкендиктен, уйдун жампасы менен калың кылып шыбап койгон) ортосуна тартылган зымга илинген бир багалеги көк, бир багалеги сарыга боелгон («бул жиндинин Алайдын талаасындай шымына боек жетеби, – жетпейт, бүт дүйнөнүн боегун чогултсаң да жетпейт») таар шымында эле. «Муну билгенде жуудурбай өлөйүн» деди ал ичинен кыжаалат болуп. Жолдон топ-топ болуп, бака-шака түшүп өтүп жатышкан улакчылардын кужурунан ого бетер делебеси козголду.

–Мунуң деги быйыл кургайбы өзү! Күнөсүрөөк жерге илип койчу! Кайсыл жер күнөсүрөөк? – деп корсулдады ал жанындагы эртеден бери өлүп-талып кир жууп жаткан аялына.

–Жаныман тойдура турган болдуң! Шымың башыңдан калгыр! Ушуну менен жүз жолу бир жерден экинчи жерге которттуң окшойт! Эмне, кудайдын күнү бир жерге жаман, бир жерге жакшы тиет дейсиңби! Кудайым бизге окшоп алакчы дейсиңби, баарына тең, баарына тең! – деди катыны күйөөсүнүн шымын зымдан булкуп-сулкуп алып, тамга жөлөнгөн шатыга илип жатып. Катыны да жылаңач этине ашка-тойго кийген көк карга шайы көйнөгүн кийип алган эле. Коңултак калошунан кызыл ашыгы кызаңдап жүрдү. Шайы көйнөгү шамал болбосо да копол желбиреди. Адеп оңдонуп отургандыктан жука шайы неме көчүгүнө кыпчылып калган эле. Эргеш ушуну көрдү да, парсылдап күлүп жиберди.

–Көйнөгүң кыпчылып калыптыр! Оңдоп ал да, комузумду алып чыгып бер, – деди катынына парсылдап күлүп болгондон кийин. Жолдон өткөн улакчылардын бака-шакасын уккусу келген жок. Комузун эрмектегиси келди. Бирок, бир да күү билбейт эле («Доңуз сойду – ит сойду» деген бир күүсү бар).

–Торпок улак бекен? – деди Эргеш. Катынынан ушинтип сурап койду. Катыны «күпүйүп отуруп алып ушул күйгүздү!» дегиче үйгө кирип кеткенин көрсө да өзүнчө ушинтип сурап койду. Шымынын дале көк багалегинен көк, сары багалегинен сары тамчылардын сарыгып агып жатканын көргөндөн кийин, эми анын али бери кургабасына көзү жетип түңүлө баштады. Бир заматта эмне кылар айласын таппай заманасы куурула түштү.

–Эй, катын, кашектен коломтого улуу жагып туруп кактасаң кантет? Ошондо тезирээк кургайт беле дейм да, – деп кайра эле бул оюнан жанды. Баары бир катыны буга каршы чыгарын ойлоду. Ойлогонундай эле комузду үйүнөн көтөрүп чыккан катыны безилдеп кирди.

–Сенин сөзүңө кирип, дагы шымыңды өрттөп алып, токмок жейинби! Сенин шымыңды отко кургатайынбы, же киримди жууюнбу? Бүт айылдын кашегин чогултуп жаксаң да шымың кургабайт! Күпүйүп отуруп алып, оозуна келгенин оттой берет экен. Эми бүгүн барбай койсоң хандыгыңдан түшөт белең. Ушул улак деп жүрүп, бир күнү арка мойнуң алдыңда калат…

–Эй, дайүз, болду эми! Унчукпай койсо бажаңдап көп сүйлөп баратасың да! – деди Эргеш чыны менен ачуусу келип. Комузду катынынын колунан булкуп сууруп алды да, кайра шилтеп калды. Эргештин ачуусу чукул экенин билген катыны токмок жеп жүрүп бир жолу жалтак болгон малдай кача берди. Комуз тийген жок. Тепкеси ыргып кетти. Эргеш ушундай, колуна эмне тийсе, өлөр-таларына карабай шилтеп калат.

–Тепкени алып бер! – деди Эргеш ызырынып.

Тып басылган катыны артына кылчак-кылчак караганча кайра кир жууганга отурду. Эргештин алымсынбай калганда атып урмай адаты бар эле.

–Өзүң алып ал, – деди катыны. Оозу бош айтты.

–Дайүз, алып бер дейм! – деди Эргеш комузун коомайлап.

–Өзүң алып ал, – деди катыны. Акырын айтты.

Айтканы угулган жок. Эргешке караган жок. «Комузу менен атып ура койбос» деп ойлоду. Кайра минтип ойлогондон пайда жок экенин ойлоду. Эргеш өзү айткандай «комузга караса, Эргеш болбой калсын, Эргеш аты өчсүн», комузу менен атып уруп калды. Кийин, беш-алты күн өткөндөн кийин, көңүлү кичине түзүгүндө, кокусунан ушул жөнүндө эскерип минтип айткан: «Ка-ап, ошондо тийбей гана калды да, болбосо бир жериң сынат эле». Бул Эргештин ошондогу итчилигиңди кечирдим дегени, мынан келди, эркелеткени эле. А эми болсо, же ачуудан жок, же комуздан жок, катыны айткандай «күпүйүп отуруп калды». Ушундан кийин гана баятан бери көңүлүнүн түбүндө орун алган бир оюна биротоло кошулду да ордунан турду. «Улак тартпасам да тамашасын көрүп келейин» деди. «Бая эле ушинтпей!» деди. Бул оюна кубанып койду. Кайра, улактын башталып калганын ойлоп, кыйласын өткөрүп жибергенин, кыйла тамашадан кур калганын ойлогондо жаш баладай ичи ачышты. Эргештин турмушта эки эрмеги, бир кумары бар. Катын менен комуз эрмеги. Көкбөрү – кумары. Кыл чылбыр менен белин бууду. Баятан бери токулуу бойдон окуранып, жер чапчып турган Тиштенээк Кашкасын тамдан жетелеп чыкты да, шарт минип жөнөп кетти. «Жолдон кулпуланып алармын» деди ичинен мингенде кызаң дей түшкөн жылаңач буттарын көрүп. Бир ойлогондон ушинтип ойлоду. Катыны менен комузун таарынткан бойдон калтырды. Экөөнү бир заматтын ортосунда унутуп калды. Эргешти жолдугата бир нерсе гана кыжаалат кылды. Ичигинин жүнү этин сайгылап, кычыштырып, мазесин кетирди. Барар барганча, барып жеткенче картылдатып тырманып барды. Эргеш Жалгыз Долонго жеткенде, буердин эли көкбөрүнү дайыма ушерде чабышат, улакчылар бири-бирине койдой ыкшалып, буу чыгып турушкан экен. Так ортосунда көөдөнүнөн өйдө жылаңач, жылаң баш, кемөөч салган карышкырдай камчысын туурасынан тиштеген Алим Сарыктын чамынып жүргөнүн көргөндө каны кызып барып токтоду. «Кайнап турушкан экен» деди. Алим Сарык да Түштүк кыргызга атагы чыккан улакчы болгондуктан, анча-мынча мындай жыйындарга келбей турган. Эргеш анын буякка башка себеп менен келгенин кулагы чалган. Былтыр, ушундай кеч күз, бир кар жааган маалда, дагы бир чоң улакта жолугушуп сүйлөшүп калышканда, сөздөн-сөз чыгып отуруп, жакында жаш катынга үйлөнгөндүгүн мактанып айткан эле. Эми азыр айтуудан, ошол жаш катыны да качып кеткен имиш. Алим Сарыкка, калп-чынын ким билсин, бир жылдан ашык эч ким чыдабайт. Каныкей болсо да чыдабайт деп айтышат. Алим Сарык да бул жагынан Эргешке окшоп даңктуу эле. Бирок, Эргешке кийинки катыны эмнегедир токтоп калды, кембагал. Кээкээде гана төркүнүнө качып кетип, бир айлап, эки айлап жүрөт да, кайра келет. «Мени өлтүрмөк болду, кой дебейси- ңерби, бул жиндини» деп ыйламсыраганына энеси: «Эми бул узун жиндини кудай ошондой жаратып койсо кантет элең, эми башыңа түшкөндү өз мойнуң менен тарт, балам» деп кайра жөнөтөт. Айтуудан, Алим Сарык ылайыктуу катын издеп келген имиш. Эргеш ушинтип уккан. Алим Сарыкты көргөндө эле башына ушу келди. Ушундан баштап Эргеш Алим Сарыктан көзүн алган жок. Башкаларга карабады. Башкалар бир тең, Алим Сарык бир тең эле. Анын үстүнө башкалардын баары, маани, ушердеги бүт жыйындын баары, Алим Сарыкты гана карагандарын байкап, камчысын кандай тиштегенин, Көк Быштысын кандай темингенин, чачтарын устара менен жаңы кырдырган сокудай башынан булоо чыкканын, шоргологон терин кандай аачыганын, шыпырганын, алаканы менен шыпырганын, билеги менен шыпырганын, билегинин дөңгөчтөй жоондугун, манжаларынын кычкачтай шаадалуу экендигин, койчу, ар бир кыймылын сая кетирбей айтып, кобурашкандарын угуп, жини келди. Ичи тарыды. Өлөөрчө кызганды. Ушинтип ачык ойлобосо да Алим Сарыктын ордунда азыр өзүнүн болбогонуна, жамгырдай жааган мактоолордун өзүнө жаабаганына ичи ачышты. Ичи туз куйгандай ачышты. Эргештин жыйынга жини келди. Өзү болсо, ушу жыйындын мактоосуна бир жолу көнүп, бир жолу ишенип алганы оюна да келген жок. «Жөн эле мактайт десе мактап, таң калат десе таң кала беришет экен да, эмне кылып атат деги? Катындарга окшоп колдорун арбаңдатып атат!» деди. Жанындагы бирөөнүн: «Ой, атаңын көрү о-ой! Алим Сарыкты карагыла!» дегенин угуп итиркейи келди. «Чын эле ошол атаңын көрү болот, кара, жакшылап кара!» деди. Ичи тарып кызганганынан өзүнүн атак-даңкын, улакчылык сыймыгын, адемин унутуп койду. Картылдатып тырманып койду. Картылдатып тырманганын жанындагылардын баары угушту.

–Ой Эргеш, кирбейсиңби! Чурайыңа колуңду салбай! Эргеш муну ким айтканын бурулуп караган жок. Тырманганын угуп, көрүп алганын ойлоп ичинен уялып кетти. Бир чети буга жини келди. Унчукпай, шарт бастырып кетти. Бул элүү жаштагы жыйындын эрке баласы ушу тапта өзүн акмактай сезди.

Окуудан келатып эле көкбөрү болуп атканын көрүп бурулуп калды. Эргештин буерде пайда болгонун биринчи байкаган, анын ар бир кыймылына көз салып, кишилерден качып өзүнчө жалгыз турганын ар нерсеге жоруп, эмнеге жөн гана карап, Тиштээк Кашканын үстүндө соксоюп отурганына, эмне үчүн адатындай тонун чечип, анан чаап келип өзүнө ыргытып бербегенине түшүнө албай, Эргеш- тин коңшусу, көзү азиз кемпирдин, же элдин баары бир ооздон аташкандай, «көр кемпирдин» сегиз-тогуз жашар небереси өзүнчө бушайман жеп, жер бүткөндөн бери турган картаң Жалгыз Долононун тартайган-туртайган бутактарында кожум-кожум болуп, чөкө таандардай чуркурашып, учуп-конуп, көкбөрүнү тамаша кылышкан жаш балдардын арасында ойго батып отурду. «Эргеш акелеп» эки-үч жолу кыйкырып көрдү. Бирок, атайы укпастыгын кашында бастырып кеткенин көрүп, башка кыйкырган жок. Эргештин баласы жок. Жакын арада аш-той, улак болуп калганда аны аркасына учкаштырып, дайыма өзү менен кошо ала барат. Тонун, Тиштээк Кашкасынын жабуусун кайтартып отургузуп коет да, кайра улак бүткөндө учкаштырып ала кетет. Эргеш көңүлү жакшы болгондо улактан алган шыбагасын бүт эле ага карматат. «Ме сагырым. Көр энең экеөңөр шорпо кылып ичкиле» дейт. А көпчүлүк кезде ал үмүт кылса да бербей, өзү үйүнө алып кетет. Эми Эргештин тонун алып келип бербесине көзү жетип түңүлө баштады. Алим Сарык ага да жаккан жок. Жанындагы жолдошторунун Алим Сарык жөнүндө, бир гана Алим Сарык жөнүндө сүйлөшкөндөрү, Алим Сарыкты гана карашкандары анын да итиркейин келтирди. «И-ии таза, калп эле тырбалаңдайт. Эргеш акем жанында болсо шоона эше албайт элең» деди. «Сени караган эч ким жок, мактанбай эле кой» деди. Өзүнүн да Алим Сарыкты карап отурганы оюна келген жок. Өзүнөн өзү отуруп эле улактан кызыгы таркай баштады. Эс тарткандан бери дайыма баш-аягына дейре тынбай кызыгып карап отурчу көкбөрүсү, кээ-кээде кокусунан эле ымыркай дүйнөсү суусу жалп төгүлгөн челектей бош калып, аңгырап бопбош калып, таянарга тоо таппай, согушаарга жоо таппай калганда, эртең, эртең, эртең же бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, же анын аркы күнү – үйрүлөргө үйү жок, айрыларга алачыгы жок күндөрдүн биринде көкбөрү болот экен дегенди укса, аңгырап бош калган ымыркай дүйнөсү кайрадан толуп, бака-шака түшүп, таянарга тоо табылгандай, кездешээрге жоо табылгандай, тезирээк таңдын атыгын, тезирээк күндүн чыгышын зарыгып күттүргөн, ичинен кудуңдатып сүйүндүрүп ушунчалык бактылуу кылган, дайранын шарындай күүлдөгөн элдүү-журттуу көкбөрү, азыр анын итиркейин келтирип же итиркейине тийгенге да жарабай, эл-журт өлүккө үйүлгөн чымындардай, же баягы биринчи кар түшөрдүн алдында, мектепке кышкы отундук арчаларды ташыганы эркек окуучулар, эркек мугалимдер болушуп, эшек, төө минишип, тоого барышканда көрүшкөн, Эргеш Бөрдөйдүн (айылда: кара, көк, сары, кызыл, мас улакчы Эргештер бар) аңгекке түшүп арам өлүп калган жалгыз уюнун тарпын жеп, тоюп алышкандыктан уча албай, койдой жайылып жүрүшкөн кузгундардай көрүнүп, адамдардын бири-бирине жөөлөшүп, күчтүүсү күчсүздөрүн урдура коюшуп, а тигиниси урдурганына да кайыл, басмайылынын үзүлгөнүнө да кайыл, ээри менен кошо ооп түшүп аттардын туяктарынын алдына калганына да кайыл (туяктарынын алдында калса да аттар адамды тепселешпей турганын Эргештен уккан), гүү-гүү, дуу-дуу түшүп турушкандарына кайдыгер гана көз учунан карап турду. «Эмнеге мынча жан талашышат? Эмнеге умтулушат?» деди. «Өлүккө» деди. Анан кайра «торпоктун» деп өзүн-өзү оңдоп, тактап койду. Бул кокусунан пайда болгон кайдыгерлиги Эргештин жөн гана карап тургандыгынан, балдардын баары каяктагы бир башка алыс жактан келген боккор – Алим Сарык деген неме жөнүндө гана кеп кылышкандарынан, Алим Сарыкты мактагандарынан улам экендигин, эгер ушу тапта Эргеш ага чаап келип тонун таштап кетсе, анан адатындай Тиштээк Кашкасы менен жыйынды бычактай жарып кирсе, мунун баарын заматта унутаарын, кайрадан кызыгып көрө баштарын өзү билип турса да мойнуна алгысы келген жок. «Өлүк чабыш, өлүк тартыш» деди. Кеткиси келди. Анын үстүнө курсагынын ачканын, балдар айткандай «ичегисинин үзүлүп баратканын» сезди. Кыштын күндөрү чөнтөгүнө курут салып алат. Же карга көөмп коет. Анан мектептен келатканда жейт. Кээде таппай калат. Иттер уурдап жеп кетишет. Өтүгү тайгалак. Кар менен басканда күчү көп кетет. Курсагы тез ачат. Азыр болсо кар жок, кыш түшө элек… Ал ушул тапта бирөөнүн жоо сайгандай айкырып-кыйкырганын укту. Бул кыйкырган Алим Сарык эле. Алим Сарык улакты жерден эңип алып, жапма басып, Көк Быштысын жалга койгулаганча топтон жойлоп чыгып баратканын көрдү. Алим Сарык үйдөй таранчыга тийген кыргыйдай чакчалекей түшүрдү. Топту жарып чыккандан кийин чоң улакчылардын расмисин кылып, жыйынды аралатып, айландырып бир чапты да, эч кимдин кармашпаганын көрүп, Көк Быштынын оозун мөрөйгө көздөй бурду. Мөрөй Жалгыз Долоно эле. Бир гана чоң, шамалдай күлүк чум кара аттын үстүнө чымчыктай конгон кичинекей кыяктай арык чал өлүп-тирилип жалынып артынан ээрчип жүрдү. «Айланайын Алим Сарык! Балаңан айланайын Алим Сарык! Катыныңан айланайын Алим Сарык! Бир ашырып кой!» деди. Алим Сарык ага карап да койгон жок. Шамалдай чум кара ат минген чал көзү азиз кемпирдин небересинин таятасы эле, Кемпири, шамалдай чум кара ат, таятасы үчөө бир тамда жашашат. Бир бурчунда экөө, бир бурчунда шамалдай чум кара айгыр. Түндөлөрү экөөнө чырактын да кереги жок. Шамалдай чум кара айгырдын көздөрү чырактай күйөт. Чыртыйып эч ким менен сүйлөшпөйт. Көргөн-бакканы шамалдай күлүк чум кара ат. Үйүндө башка тиш чукурга бир нерсеси жок. Кемпиринин көйнөгү да жок… Кеткиси келди. Кайра көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. «Ой, эмне үчүн тонун чечпейт?» деди ал бир ойлогондон. Бир ойлогондон ушинтип ойлоду. Эргеш торпок улакты (кыпкызыл чоң торпок экен) эки колдоп чирене тартып Алим Сарыкты тап жылдырбай турду. Көзү азиз кемпирдин небереси кубанганынан «жашасын!» деп кыйкырып, тура калам деп Жалгыз Долононун башынан жерге учуп түштү. «Такымга баспайсыңбы?!» деди ал учуп баратып. Эргеш кичинекей коңшусунун кеңешин уккандай ичигин шарт чечип ыргытты. Улакка эки колдоп кычкачтай жабышты. Такымга басты. Алим Сарык улакты алдырып жиберди. Көзү азиз кемпирдин небереси учуп барып ордунан турганда улакчылар кыраан-каткы күлүп жатышкан эле. Ал элеңдеп эч нерсеге түшүнгөн жок. Чоң улакчылардын расмисин кылып топ аралата чаап жүргөн Эргешти көрдү. Артынан кубалаган эч ким жок эле. Эргеш жалгыз чаап жүрдү, улакчылар аттарынын жалына өбөктөшүп, ооп-жыгылып күлүп жатышты. Энеден туума Эргештин жүзүнө карап (ылдый жагына карагандан коркту), эмне болгонун түшүндү да, оң жак чыканагы (жерге чыканагы менен тийди) сынып кеткендей ооруганынанбы же башкаданбы, ыйлап жиберди.

А Эргештин артынан бир гана баягы таятасы жалыныпжалбарып: «Айланайын Эргеш! Катыныңан айланайын Эргеш! Балаңан айланайын Эргеш! Чочогуңан айланайын Эргеш! Бир ашырып кой, бир ашырып кой!» деп кубалап жүргөнүн көргөн жок.