Аллаберди Үмөталиев: Пульт менен башкарам деп…

Пульт менен башкарам деп…

(сатира)

Эх, жашоо деп ушуну айт! Кандай жыргал заман келди, чиркиндики десең!..

Жамбаштап жатып алып, алыс аралыктан телевизорду пульт менен каалаган каналыма котором. Ал тургай люстраларды пульт менен жандырып өчүрөм. Чоң дарбазам, каалгаларым, терезелер, пардалар бүт пульт менен ачылып-жабылат. Автоунаам да пульт менен от алат, ачылат, жабылат. Үйүмдөгү бардык кондиционерлерди да пульт менен башкарам: алар үшүсөм жылуу шамал, ысысам муздак шамал айдашат. Сумкамда акыркы үлгүдөгү “Айфон” уюлдук телефонум бар. Каалаган кишиме чалам, болушунча баарлашам. Бардык суроомо интернеттен жооп табам.

Бирок, буларды көп пайдаланган да зыян окшойт, темирди кармасам эле чарт этип ток тартчу болду. Күйөөм да жактырбай: “Уктаганда кармабай жатчы, колуңдан зырпылдатып ток тартып жатат”, – деп оолактайт. Догдурга арыздансам автоэлектрикке кайрылышым керектигин айтты. Капырай, автоэлектрик адамды оңдогонун уга элек элем. Барбадым. Болгону жатканымда желим кол кап кийип алчу болдум…

Кыскасы, баары жакшы. Арманым жок. Бир гана ушу күйөөм кыжаалат кылат. Кээде кеч келет, келсе да ичип келет, ичип келсе да жөн келбейт, чоочун атыр жыттанып келет. Ушул маселе гана көп толгонтот. Ушу күйөөмдү да пульт менен башкара алсам, эки дүйнөдө тең кудайга арманым жок болот эле, эх!..

Ошентип жүргөнүмдө кудай жалгап Жапонияга барып калбасмынбы? Ал жерден адамдан акылдуу роботторду көрөрүм менен темирге жан киргизген жапондор адамды башкаруунун амалын тапканына дароо ишендим да, бул акылдуу элдин ичинен илимпоздорун издедим. Аракетим текке кетпеди. Башында бир тал чачы жок окумуштуу бар экен. Ошону менен таанышып, арманымды айтсам, араң макул болду. “Бул өтө жашыруун иш, кымбат дагы”, – деди.

Акча аяганым жок. Кыялдарымы орундатуу үчүн күйөөмдөн да акча аямак белем…

Илимпоз күйөөмдү пульт менен башкаруунун Программасын иштеп чыгып, колума карматты. “Эч кимге билгизбей компьютериңе киргиз”, – деди. Паролун да тактап берди. Үйгө келип жапондун айткандарын жасап, күйөөмдү пульт менен башкара баштадым. Жыргап эле калдым. Пульт такай чөнтөгүмдө, “бас” деп пультту бассам басат, “жат” десем жатат, “тур” десем турат, “укта” десем уктайт. “Бүгүн түнү бою мени эркелетип чыгасың” десем аны да уктабай жасайт. “Ичпе” десем ичпейт, “чекпе” десем чекпейт. Кыскасы, каалаганымды жасатам. Жумушуна кечикпей кетет, кайра кармалбай үйгө жетип келет. Маянасын бүт берет. Тиги жаман десем “ооба, жаман” дейт, жакшы десем “ооба, жакшы” дейт. Өз алдынча аракети турмак, жекече ою жок. Эч кандай кеңеш бере албайт. Пультумдан буйт бере албай канча жакшы көрсө да энесинен, бир туугандарынан да алыстап калды. Кайран өзүм программага салып койгонмун да. Үй-бүлөнүн акциясынын 80 пайызы менде, 18 пайызы баламда, 1 же 2 гана пайызы күйөөмдө.

Бир күнү күтүүсүз иш болду: күйөөм бир кездегисиндей үйгө кечигип келди, анысы аз келгенсип ачуу арак жытына аялдын атыры кошо буркурап, үнү чулдурап, шылкыйып мас болуп келди. Кийинки жылдарда күйөөмөн санаам тынып, зымга тарткандай зымпыйып жүргөнүнө көнүп калган элем. Жаман болдум. Өзүмдөн да кетип калды. Ресторанда курбуларым менен отурсам телефонума мындай билдирүү келиптир: “Күйөөң досторуна жолугуп ичкен атат, пульт менен башкарып, үйгө кайтар”, – деген. Кашайып окубай калыптырмын. Үйгө келип карасам эле чыгып калса болобу? Эртеси эле жапонго чалып, күйөөмдүн программага баш ийбей ичип келгенин айтып арыздандым, кине да койдум. “Эч нерсе эмес компьютериңе вирус кирип кеткен турбайбы”, – деп жапон көңүлүмдү жайгарганы менен мени билип жүргөнсүп, программа да өзүн колдонгон адамды ылгаарын, өзүм да таза жүрүшүм керек экенин түшүндүрүп, вирусту Жапониядан туруп эле тазалап койду. Ошентип жыргап жүрсөм эле кабагын карыш салган кайненем капысынан үйгө келип калды. Келип эле каарыган сөзүн катуу айтып, мага асыла баштады:

–Сен келин соо эмессиң, баламдын кебетесин карачы, сөлдүрөп эле сөлөкөтү калды, момураган бир момунга айланды! Соо койгон жоксуң аны. Баламдын башын айландырып алыпсың. Мени унутту, биз тарапка баспай калды, өзүң болсо төркүнүңөн колуң бошобойт! – деп айтпаганды айтып жолуна түштү. Чынында баласынын башын көбүрөөк айлантып койгон окшойм. Азыраак айландырсам да билинбей калат беле.

Баласы келгенде мына сага дедим да, айтчуну айттым:

–Апаң келип кетти. Жалгыз зеригип жатыптыр. Тиги карылар үйүнө алып барып кой. Квартираны болсо сатып, акчасын өзүмө бер! – деп пультту басып койдум. Ошентип апасынан да кутулдум. Айтканымды айткандай аткарып, апасын карылар үйүнө тапшырып келди.

Ошентип турмушум жакшы эле өтүп жаткан, бир күнү эле келинимен шектенип калдым. Карасам, балам так эле атасындай момурайып баратат. Жакшылап байкасам келиним баламды дал мендей болуп пульт менен башкарып алыптыр. “Бул желмогуз мени байкап жүргөн го, Программамды кайдан алды болду экен? Үйдө эч ким жокто көчүрүп алдыбы? А паролду кайдан билди?” – деген сыяктуу ойлор менен бушайман боло баштадым. Көрсө, бир жолу программаны окуп жатканымда жарык өчүп калган болчу, ошол боюнча аны жаппай унутуп, төркүнүмө кетип калган элем. Жарык өчпөй эле өзүм өчсөм болмок экен. Ошондон пайдаланып желмогуз келин Программамды уурдап алыптыр. “Мен английский курска кеттим” – деп жүргөн, английскийге эмес эле программисттин курсуна барып жүргөн турбайбы? Ал менден да ашып түштү. Паролду өзгөртүп, чип салып программаны тартып алды. Мен күйөөмдүн башын бир эле айландырсам, ал менин баламдын башын эки айландырып таштады.

Күйөөмө эле кыйын болду, командага көнүп калган экен, эмне кыларын билбей көчөдө адашып калчу болду. Үйгө келсе келет, келбесе жок, жумушка барса барат, барбаса жок. Акырында ичип кетти, өзүндөй болгон бир аялды ээрчип кетти…

Заңгыраган үйүмдө жалгыз отурсам, чоочун кишилер үйгө кирип келип: “Биз бул үйдү сатып алдык” дешти. Көрсө, балам сатыптыр, күйөөмдүн колу турат.

Аңгыча балам келип: “Зерикпей кемпирлер менен жаша” деп мени ушул карылар үйүнө таштап кетти. “Эгерде бул жер жакпаса психтердин ооруканасында жатасың” деди, кетип баратып.

Азыр пультту көрсөм – корком. Ушу кара баскан пульт кайдан да чыкты экен! Баарын тең пульт менен башкаргым келген эле да. Эми болсо колума телефон да албас болдум.

Remote control. Doodle style