Эмне үчүн төөнүн көзү чоң?
Бак ичи салкын, көлөкө,
Көңүлүн бурбай бөлөккө,
Бар-жокту сурап Айнакан,
Энесин кылды келеке.
Бакырайып төө турду,
Байланып байтерекке.
–Эмне үчүн төөнүн көзү чоң?
Айтсаң, айтсаң, энеке.
–Кичинекей кезинде,
Ыйлай берип молоюп,
Мойну чыгып короюп,
Көздөрү кеткен чоңоюп.
Көп ыйласаң сен дагы,
Чоң болот көзүң чөйчөктөй.
Ошон үчүн, берекем,
Жөн жүргүнүң жаш төкпөй.
Оозун ачып, чоң төөнүн,
Көздөрүн карап жайнаган.
–Энеке, мен эч качан
Ыйлабайм, – деди Айнакан.
Чатак
Балдар, кулак салгыла,
Баары болсун көңүлдө.
Аңгеме айтам мен азыр
Чатак бала жөнүндө.
Чатак өз аты эмес,
Өз аты Казак.
Эпсиз ыйлап тырактап,
Кылгандыгы үчүн азап,
Белгилүү болуп баарыга,
Атыгыптыр Чатак.
Чатак чындыгында эле чатак,
Жакында жетиге аяк басат.
Чоңмун дебей өткөндөргө,
Көчөдөн уучтап топурак чачат.
Эң эле кызык анын жоругу:
Үйүнөн алыста – балдардын момуну.
Ал эми, үй жагында чатагы белен,
Таппайсың андай долуну.
Алы жеткенин көтөрүп чабат,
Ооз ачкандын эсебин табат.
Аяктан “абакелеткен” досторуна
Дердеңдеп көтөрүлүп калат.
Бул гана эмес Чатактын чыры,
Толуп жатат анын сыры.
Жоругун баштан-аяк санап
Ырдасак, бүтпөйт Чатактын ыры.
Чоң шашкеде баш көтөрөт,
Көзүн ачып карап көрөт.
Көйнөгүм кайда дейм-ой,
Ү… ү… ү…
Мөлтүлдөтүп жашын төгөт.
Энеси берсе кийимдерин,
Куушуруп коёт ийиндерин:
–Ачка болдум, токоч жейм.
–Кийимиңди кийип, бетиңди жуу,
Антпесең бербейм.
Бакырат Чатак ого бетер,
–Ой, бей де-ейм…
Чалкасынан кетип чабалактайт,
Кийимдерин ыргытып таштайт.
Ойгонуп көзүн ачкандан тартып,
Чатак моминтип чатагын баштайт.
Айтканды бүт ойго сала,
Талдап көргүлөчү, кана,
Силердин араңарда жокпу
Ушундай чатак бала.
Мага дем алыш эмес
–Эртең бизге дем алыш,
Түрдүү оюн ойнойбуз.
Кайырмак салып, тор салып,
Кең өзөндү бойлойбуз –
Дешип, шайыр ырдашып,
Асан, Үсөн жыргашып,
Кең бөлмөдөн жанашып
Чыгышты экөө бир басып.
Үнсүз турган Токондун
Мончок жашы мөлт этти.
–Не болду? – деп чоң ата,
Чочугандай селт этти.
–Асанга эртең дем алыш,
Алар сонун ойношот.
Балык уулап, тор салып,
Чоң өзөндү бойлошот.
–Мага болбойт дем алыш,
Мен окуучу эмесмин.
Бырс күлдү да, чоң ата:
–Ыйлаба, тентек, ыйлаба,
Сен азыр түшүнө элексиң…
«Баатыр»
Шыр тартып мурдун жалпайган:
–Карышкырдан даңкайган,
Камандан да коркпойм – деп,
Топчубай ыксыз мактанып,
Турушту балдар таңданып.
Топ каздан бир каз бөлүнүп
Келатса, сүрдүү көрүнүп,
Топчубай үнсүз алактап,
Токочун колдон түшүрдү,
Томпоңдоп үйгө жүгүрдү.
Каткырды каздар, балдар да,
Капыстан көргөн жандар да,
Боорлору калбай эзилип.
Чын эле «баатыр» экен деп,
Каз кайтты кайра кекеңдеп.
Кубанга эмне жакты
Китеп алып, партага
Биринчи ирет олтуруп.
Кубан келди кучагын
Кубанычка толтуруп.
Тосуп эшик алдынан,
Ортого алдык баарыбыз.
Элестеди мектепке
Жаңы барган чагыбыз.
–Жакшы бекен окуган,
Айтчы, угалы кана биз.
–Сабагынын баарынан
Жакты мага танапис.
Кыткылыктап биз күлсөк,
Ызаланып аз ойлоп:
–Бардыгынан жакканы,
Сабак – деди, кайра оңдоп.
Кичинекей врач
–Уктабай чыкты эти ысып,
Суук тийген го “гүлүмө”, –
Куурчагын боорго бек кысып,
Жөнөдү Айна бүлүнө.
Баяндады баарысын,
Келип “врач” Айымга.
Кагып, тыңшап далысын:
–Алып келипсиз маалында,
Чочубаңыз, “энеке”,
Баары болот жайында…
Айым кыз азыр төрт жашар,
Тилеги акыр ишке ашар.
Айдаса алыс ооруну,
Айналар шондо алкашар.
Жөжөлөр
Биздин боз тоок чыгарган
Өрдөктүн көп жөжөсүн.
Ээрчитип жүрсө жайнатып,
Жылмайып карап өтөсүң.
Cууга барса жакындап,
Түшө качат лапылдап.
Безеленип тоок ыйлап,
–Ой, агат! – деп какылдап.
Аркы өйүзгө бир өтөт,
Берки өйүзгө бир өтөт.
–Каректерим кантет – деп,
Каңырыгын түтөтөт.
Жөжөлөр болсо капарсыз
Канаттарын булгашат.
Тосмодо сүзүп сайрандап,
–Жыргалай! – деп ырдашат.
Беке сегизде
Сейилдеп чыгып көчөгө,
Жолуктум жоош Бекеге.
Эркелетип сурадым,
–Чыктың быйыл эчеге?
–Жетидемин туура – деп,
Токтолбостон айтты шыр. –
Чыгат элем сегизге,
Окуганда мен былтыр.
Кел досторум
(Кара чыйырчыктарга)
Кел, досторум, даяр болду жатагың,
Үстү чатыр үч жаңы уя жасадым.
Адамзатка пайдаңар чоң силердин,
Ошон үчүн досторум деп атадым.
Жердин бети түргө келип жашарды,
Бак-дарактар бүрүн ачып жасанды.
Сагынгандыр сенин мукам үнүңдү,
Сайрап кубант менин багбан атамды.