Валдис Павловский, режиссер, Россия искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россия мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Алтын маска” улуттук театралдык сыйлыгынын ээси.
Айлакер бачики
Аткаруучулар:
Алып баруучу
Бачки (түлкүнүн баласы)
Мамалак
Коёнек
Кирпи, куштар
Музыка. Алып баруучу чыгат.
Алып баруучу:
Дүйнөдө, балдар билебиз,
Жомоктор көп деп жүрөбүз.
Башкалар сүйүп окушса,
Биз жомок-ойноп сүйөбүз!
Мамалак:
Кышта суукка камыгып,
Карга бутум малынып,
Жаз жомогун ойнойлу,
Жазды калдык сагынып.
Коёнек:
Жадырап ойноп-күлгүлө,
Жаңы жылды билгиле!
Жазды бирок сагындык,
Жазга кеттик жүргүлө.
(Бачики ырдап чыгат)
Бачики:
Кышта, жазда токойдон,
Алдамчы атым оңбогон.
Жашырбай айтсам силерге,
Айлакер-бачики мен болом!
(кетет)
Алып баруучу:
Биздин баатыр ыр ырдап,
Мактангансып жүрөбү?
Айлакер-Бачики не кылат,
Канакей балдар, билели!
(аңгыча аюунун добушу угулат)
Алып баруучу:
-Оо, а бул ким экен бизге конокко келген?
Аюу:
Аюуну күчтүү санашса,
Тамашасыз, баратса…
Кокус чыксаң алдынан,
Жеңилесиң заматта. (кетет)
Алып баруучу: (аркасынан карап)
Азырынча го ал мамалак,
Бирок, күчкө толуп бара алат.
Кожогат, балга тойсом деп,
Токойду жүрөт аралап.
(Бачики пайда болот)
Бачики:-Коёнекти алдайын,
Алдамайын калбайын.
Үйүнө кирип, төргө өтүп,
Тамагын жеп, арбайын.
Коёнек, укчу,
Эшигиңди ачып, мында чыкчы?!
Коёнек:-Чыкпайм.
Бачики:-Эмнеге?
Коёнек:-Анткени, сен эч жакка кетпей, анан менин мурдум түлкүнүн мурдуна окшоп шимшилей баштады.(ийинине жылт коёт)
Бачики:-Мына эми, сенин суу мурунуң менин бардык митаамдыгымды жок кыла турган болду. Эч нерсе эмес. Дагы да бир нерселерди ойлоп табам… мен ойлоном… ойлонуп… ойлонуп… (ары-бери басат). Таптым! (сабизди алып, ийиндин оозун каккылайт)
Коёнек:-Ким анда?
Бачики:Саламатсыңбы коёнек! Бул-мен сабизмин! Сага конокко келдим, кандай турасың? Тез мында чык!
Коёнек:-Чыкпайм!
Бачики:-Эмнеге?
Коёнек:-Анткени, сабизмин деген үн Бачикинин үнүнө окшоп кетип жатат.
Бачики:-Үн деген окшошо берет. Сен чырылдабай укчу, андан көрө сабиздин жыты жыттанабы?
Коёнек:-Ооба, сабиздин жыты жыттанды, бирок, Бачикинин жыты да жыттанып жатат.
Бачики:-Анткени, бул деген… бул деген…
Коёнек:-Ии, анан эмне бул деген, … деген…
Бачики:-Болуптур, болуптур, сен ошончо митайым болсоң, мен чын айтсам кетем, а сабизди болсо сага белек кылып таштап кетем. (сабизди эшиктин жанына коюп, өзү жашырынып күтүп турат, коёнек чыгып келип сабизди алып, кайра ийинине кире качат. Бачики анын артынан шып кошо кирип кетет)
Бачики:-Ай!, Ой-ой-ой… бул жакшы эмес… менин сабизимди бергин!
Коёнек:-Бербейм, сен аны өзүң мага белекке бердим дебедиңби.
Бачики:-Мен кайрадан ойлондум да. Бергин!
Коёнек:-Кечиктиң, мен аны жеп салдым, кандай ширин экен десең!
Бачики:-Анда, ушул сабиз аркылуу ким экениңди көрсөттүң, алдамчы! (кетет)
Коёнек: (өзү ийинден чыгып келет).-Кимдин ким экенин биз али көрө жатабыз, алдамчы! (коёнек ырдап, бийлей баштайт)
Токойдо душман болгону,
Коёндун жаман жолдору.
Сайрандоого бир гана,
Сабиз болсо болгону.
Ах, сабизим барда бүт болот,
Капуста кайдан туш болот?!
Сабизди эгер көп жесем,
Бачкини жеңээр күч толот.
(ырдан кийин добуш угулат)
Коёнек:-Ой! Бул эмне? Тигил жакта кимдир бирөө барбы! Кана карайлычы, мага конокко келе жаткан ким экен? Бул ким экен өзү? А-а, бул менин досум Мамалак тура, досум!
(мамалак пайда болот)
Мамалак:-Ой, бул жерде кожогат бар тура. (корзинасын коёт). Ой, тигинде да кожогат, кандай керемет! Канча көп кожогат терип алууга болот, санай албайм. Мен экиге чейин гана санай алам.
(Коёнек күлөт)
Мамалак:-Ой, кимдир бирөө күлгөндөй болуп жатабы? (тегерегин карап чыгат). Эч ким көрүнбөйт… жалаң гана кожогаттар. (Залды карайт) А, кожогаттар кантип күлмөк эле? Албетте жок. (коёнек кайрадан күлөт)
Мамалак:-Ээй, кожогаттар, эмне үчүн күлүп жатасыңар?
(Коёнек чыгат)
Коёнек:-Хи-хи-хи! Эмне үчүн аңкоосуң? Сен кандай гана боорумду эздиң! Хи-хи-хи!
Мамалак:-А, жана күлгөн кожогаттар эмес, сен белең?
Коёнек:-Ооба, мен болчумун, сен аны кожогаттар дедиңби?
Мамалак:-Ооба, мен сени кожогат экен дедим. Анан мен кожогаттарды санайын деп, такыр санай албай койдум.
Коёнек:-Кожогаттарды санаш ошончо кыйын бекен? Кел мен санап берейин, мында беш кожогат бар экен.
Мамалак:-Оо, сен тез эле санап койдуң, кандай акылдуусуң коёнек?!
Коёнек:-А,сен болсо күчтүүсүң Мамалак.
Мамалак:-Коёнек, досум сени ар дайым коргоого даярмын. Кел анда сени көтөрүп алайын, менде күч көп.
Коёнек:-Сенде күч болсо, менде акыл көп. Биз бири-бирибизди коргойбуз. Мен сени эч кимге алданбас үчүн коргойм.
Мамалак:- Рахмат досум, ким бизди алдаса, аны биз көтөрүп туруп, анан…
Коёнек:-Анан… и, анан…
Мамалак:-Төмөнгө уруп таштап салабыз!
Коёнек:-Түз элеби?
Мамалак:-Түз эле!
Коёнек:-О-го-го!
Мамалак:-Ошондуктан аюуларга ишенимсиз достордун кереги жок. Бер колуңду.
Коёнек:-Карма! (аюу бекем кысып кармайт, коён кыйкырат) Ой-ей-ей” Ой-ой-ой!
Мамалак:-Сага эмне болду Коёнек?
Коёнек:-Эмне болду, эмне болду, ооруп кетти колум.
Мамалак:-Мына көрдүңбү, аюулар кандай күчтүү, жалгыз жүрсө да коркпойт, силердей коён жүрөк эмес.
Коёнек:-Макул анда Мамалак, саламатта кал… (таарынгандай кетет)
Мамалак:-Таарынып калды окшойт. Эмнеге таарынат, аюулар коён менен дос болууга болбойт окшойт. (Токойду аралап ырдап кетет)
Аюуну күчтүү санашса,
Тамашасыз, баратса…
Кокус чыксаң алдынан,
Жеңилесиң заматта.
(Музыка катуу чыгат да, сценага эң чоң көлөмдөгү бир баш капуста пайда болуп, кыймылдайт. Мамалак чоочуп кетип андан артка кетенчиктеп калат)
Бачики капустанын артына жашынып келаткан.
Мамалак:-О, кандай гана чоң капуста, жапжашыл… бул! Кандай кызык… бул кайдан пайда боло калды? (тегеренип таң кала карайт, анан Бачики чыга калып, аны чоочутат)
Бачики: У-у-а! Ням-ням-ням!
Мамалак:-Апа-а-а! (качат)
Бачики:-Мамалак, токто, артка кайт! (Мамалак артка кайрылып келет)
Бачики:-Ха-ха-ха! Мен сени коркуттумбу, укмуш ай!
Мамалак:-Ооба да!
Бачики:-Ошон үчүн мен эң кыйын, эң улуу амал тапкыч жана алдамчымын да!
Мамалак:-Бул эмне ыя… мунуң эмне деги?
Бачики:-Булбу?
Мамалак:-Ооба ушул.
Бачики:-Бул… бул… тобурчак!
Мамалак:-Алдабагын, мен аны билем. Тобурчак деген кичинекей… күрөң түстө болот. А, мунуң жапжашыл болуп жатпайбы.
Бачики:-А, анда муну капуста жемиши дейбиз!
Мамалак:-Ой тобоо, а мен эмне муну билбей жүргөм? Ушундай жемиш барбы э?
Бачики:-Анткени мындай жемиш токойдо бирөө гана, ал дагы менин ийинимде гана өсөт.
Мамалак:-А, бул деген жесе таттуубу?
Бачики:-Абдан да, мисалы мен мындай таттуу нерсени жей элекмин.
Мамалак:-Ал турсун кожогаттан дагы таттуубу?
Бачики:-Ооба, андан миң, миллион ирет таттуу. Муну кожогат менен салыштырууга болбойт.
Мамалак:-Эмнегедир мен ишеналбай турам!
Бачики:-Эми ал ар кимдин өз иши. Ишенбесең кереги жок. Мен болсо капуста жемишин үзүп алууга кеттим.(кете турган болот)
Мамалак:-Коё турчу Бачики. Сен бул капуста жемишиңден кичинекей болсо да мага ооз тийгизген жоксуң го?
Бачики:-Капуста жемишиненби… жакшы болот, а сен мага ооз тийгизгенге бир нерсең барбы?
Мамалак:-Мен сага кожогат берсем болот.
Бачики:-Кожогатпы? Эң жакшы, кана бери берчи?
Мамалак:-Болуптур бирок, экөөбүз тең бөлөлү.
Бачики:-Макул, тең болсо, тең бөлөлү, мен макулмун.
Мамалак:-Макул, бирок муну кантип бөлөлү?
Бачики:-Эң жөнөкөй эле. Карап тур! Менде… (санайт) жети кожогат. Жетини экиге так бөлө албайбыз, ошондуктан калтырабыз, айталы, эки кожогат кетет (жеп салат), канчасы калды? (санайт) Беш! Мына көрдүңбү беш кожогат дагы экиге так бөлүнбөйт. Адыктан экөөнү да калтырабыз (жеп коёт). Эми канчоо калды? Үч. Бирок үчөө да экиге так бөлүнбөйт экен. Экөөнү дагы ыргытабыз, бирөө калат. Чынында бирөө мага калыш керек да, мен аны эсептеп жатканым үчүн, аны мен жөн гана жеп коём (жейт) Окей?
(Мамалак оозун ачып карап турат, Бачики алаканы менен анын далысын таптап коёт)
Бачики:-Көрдүңбү, баары жөнөкөй – акылды пештеш керек! Эми болсо, баары айткан сымал “сори плиз”, кечирип кой, үчөө экөөгө бөлүнбөйт, кайда барасың, мен кеттим – иш!
Мамалак:-Бачики, бирок сен мени алдап…
Бачики:-Ушундай болмок, мамалак, менин өтө боорукер жүрөгүм бар, андыктан мен сага эң ширин капуста жемишти белек кылдым. Карма. (кетет). Тамагың таттуу болсун, эч кейибегин! Гуд бай!
Мамалак:-То…то…токто! А менин кожогатымчы? Мейли эч нерсе эмес, капуста жемишинин ширинин көрөлүчү. (капустанын жалбырагын жей баштайт). Тфу! Мунусу таптакыр ширин эмес тура! Алдады! Менин кожогаттарым, алдады! Мен кандай аңкоомун! Коёнек туура айтыптыр (ыйлайт). Бачки мени алдап кетти. Бардык кожогатымды жеп кетти…
(Коёнектин келгенин байкап, ага түшүндүргүсү келет)
Мамалак:-Түшүнсөң Коёнек, мына муну Бачики капуста жемиши деп айтты.
Коёнек:-Сен эмне Мамалак, бул деген жөпжөнөкөй эле капуста да, кайдагы жемиш. Көрдүңбү, сени алдап кетүү Бачикиге жөнөкөй гана иш. Ошондуктан жалгыз күч аздык ылат. Дагы мына бул жакта болуш керек. (манжаларын маңдайына чаап мээсин көрсөтөт)
Мамалак:- (Маңдайына манжасын чабат) Мына бул жердеби?
Коёнек:-Мына, мына! Көрсө, сен Бачикинин бүт токойдогуларды алдаганын билчү эмес белең?
Мамалак:-Мейли, мейли, эч нерсе эмес, бул алдамчы мага гана туш келсин! Мен ага аюуну капуста менен кантип тамактандырарын али көрсөтөм! (ырдайт)
Шашпа Бачики шашпагын,
Эсептешем качпагын.
Капустаңды өзүңө,
Жедиремин ачкарын.
Билесиңби Коёнек, мен Бачикини кантип жерден көтөрүп, кантип кайра жерге чабарымды (колдору менен мыкчыганын көрсөтөт) –ой, ой-ей-ей, алаканым кыпчыйт да…
Коёнек: (күлөт)-Эх мамалак, бул чооң капуста ушуга күнөөлүүбү э?
Мамалак:-Ал сага жагабы?
Коёнек:-Ооба .
Мамалак:-Анда ал сен. Мен аны сага белек кылам.
Коёнек:-Түшүнбөйм, Мамалак, кантип ушул капустаны алданып алып алдың?
Мамалак:-Эми мен капуста жеп көргөн эмесмин да, ошондуктан ушундай болду…
Коёнек:-Ой Бачики! Ой алдамчы! Эң негизгиси буга чейин аны билбей жүргөнүбүз. Сен билбейсиңби Мамалак, бул алдамчы менен кантип жолугууну?
Мамалак:-Жок.
Коёнек: (басып, сүйлөйт) Мына… бул капустаны…Бачики, албетте… алып келип… мени алдайын деген… анан сен жолугуп калгансың.
Мамалак:-Анан?
Коёнек:-Анан… анан ойлобойсуңбу?
Мамалак:-Анан… балким биз…
Коёнек:-Анан, анан…
Мамалак:-Кел анда биз дос бололу?
Коёнек:-Бирок, мен билбейм… Чынында аюу коён менен дос болуп келди беле? Аюу деген, оо-уу! Күчтүү да! А биз коёндор андан алсызбыз.
Мамалак:-Кечир мени Коёнек, сени таарынткым келген эмес, мен жөн гана сени менен дос болгум келет, кана, макулсуңбу Коёнек?
Коёнек:-Макулмун!
(бийлешет)
Мамалак:-Таптым!
Коёнек: -Эмнени?
Мамалак:-Жок, көрсө мен шашып кетипмин…
Коёнек:-Жок, көрсө мен бир нерсени ойлоп таптым окшойт!
Мамалак:-Кана?
Коёнек:-(толкунданып туруп) Чын эле мен таптым окшойт!
Мамалак:-Кана айтчы эми?
Коёнек:-Көрдүңбү тигинде – уяны?
Мамалак:-А, анан… көрдүм…анан эмне?
Коёнек: (кулагына шыбырайт, Мамалак күлөт) Мына… а эми-бул жерге токто, а мен Бачикини чакырам! Кел бери, биз сага күтүлбөгөн белек камдап койдук. (ийинине бекинет)
(Бачики келет)
Бачики:-Салам Мамалак!
Мамалак:-Салам алдамчы!
Бачики:-Макулчу эми, мени эмнеге чакырдың?
(Мамалак уяны караганын улантат)
Бачики:-А сен ал жактан эмнени карап жатасың?
Мамалак:-Менби? Эч нерсени. Түшүнсөң, мурунку жумада мен бул жерге кожогат түрп олтургузгам. Анан анын тез өсүп кеткенин көрдүм. Балким аны үзүп алуунун убагы келди окшойт.
Бачики:-Кожогат түрппү? Муну кара. Ха-ха-ха! Жок, жок балпаңбай, сен мени алдай албайсың, мындай кожогат түрп эч качан болбойт.
Мамалак:-Эмне? Кимде эмне болбойт, а менде андай бар. Мага болот, кожогат түрп деген бардык ширин деген балдан дагы таттуураак, мен келгиче күтөсүң да э?
Бачики:-Макул, эгерде сен мага андан жеш үчүн бере алсаң, жана аны кайтар десең, анда күтөм.
Мамалак:-Эгерде сен ага жакшы көз салып кайтарсаң, берем…
(Мамалак кетет, анан жашынат)
Бачики: (узун мурду менен Мамалактын изин искейт) Аңкоо, эссиз! Азыр сенин кожогат түрпүңдү жеп, ням-ням деп, эч кандай балсыз эле таттуу болот. Болгону кантип ага жетүү керек? (Секирет, айланып чуркайт). Мен көрсө улуу амал табуучу эмесминби—ойлоном жана алам… О, ойлондум – шаты, шаты керек…, балким ал Коёнектин чарбасында бар го (Коёнектин ийинине келет) Эй, чарбачыл, сен үйдөсүңбү?
Коёнек:-Үйдөмүн.
Бачики:-Шатынды мага бере турчу.
Коёнек:-Сага шатынын эмне кереги бар?
Бачики:-Кийин айтам, мен ага чыгып, жетким келип жатат…
Коёнек:-Кимге?
Бачики:-Эч кимге, а эмне-чыйырчыктын уясы.
Коёнек:-Чыйырчыктын уясы? Бул жакшы иш да, макул! Шатыны ал!
(Ийинден шатыны көрсөтөт, Бачки аны даракка жөлөп, өйдө көздөй тырмышып чыга баштайт)
Бачики:-Азыр көрөбүз, азыр… Кызык, бир жакта күрүлдөйбү, кайда…? А…түшүндүм, бул гүрүлдөгөн кожогат түрп! А эмне үчүн ал күрүлдөйт? А-а, балким ал бышкан кези, аны үзүүгө мезгил жетти.
(Көшөгөнүн артынан Мамалактын үнү угулат)
Мамалак:-Бачики, мен бал алып келатам.
Бачики:-Ой, балпаңбай келе жатат! Шашуу керек! Сен көп шашпа, болбосо балды төгүп аласың. (Бачики аарынын уясына жетет, андан аарылар ызылдап учуп чыгып Бачикиге жабыла башташат. Бачики шаты менен кошо жыгылып түшүп, катуу чуркайт. Аарылар анын артынан түшүп ызылдап учушат. Көшөгөнүн артынан сууга чулп эткен катуу добуш чыгат.)
Бачики:-Ой, чөгүп баратам, чыдай албай жатам! Каргыш тийген аарылар, менден алыс калгылачы!
Коёнек менен Мамалак пайда болот.
Мамалак:-Биздин айлакер эми сууга кирине берсин! Бул ага катуу сабак болот.
Коёнек:-Мамалак, э Мамалак?
Мамалак:-Эмне?
Коёнек:-Айлакер-Бачикинин биз намазын окуттукпу э?
Мамалак:-Окуттук!
Коёнек:-Ага чала болду э?
Мамалак:-Чала болду.
Коёнек: (ырдайт)
Ким болом деп айлакер,
Алдап жүрсө бүт эгер.
Мамалак: (ырдайт)
Кайырмакка илинип,
Калкып чыгат сүрүлүп.
Коёнек: (ырдайт)
Айлакер Бачики жадатты,
Акыры алды сабакты.
Мамалак: (ырдайт)
Ырыбыз менен коштолуп,
Ынтымактуу дос болуп.
Коёнек: (ырдайт)
Алдоону жаман көрөбүз,
Айлакерди жеңебиз.
Мамалак, коёнек: (бирге ырдашат)
Кубаладык куйтуну,
Кубансын ата-энебиз.
(аңгыча суу болгон, кейпи кеткен Бачики пайда болот)
Бачики:-Токтогула достор, мен эми түшүндүм!
Коёнек:-Эмнени?
Бачики:-Алдамчы, айлакерлик жаман адат экенин билдим. Мени кечиргиле, силерсиз жалгыз калам достор.
Мамалак:-Коёнек, кечиреличи, Бачики баарын түшүнүптүр.
Коёнек:-Ай, ай балпаңбайым ай, ушуга ишенсек болобу?
Мамалак:-Болот.
Коёнек:-Сен жана алдамчы айлакерди көрсөм көтөрүп, кайра жерге урам дебедиң беле?
Мамалак:-Ооба, Бачики эми алдаса ошентем, бирок түшүндүм деп жатпайбы.
Бачики:-Мени кечиргиле достор!
Коёнек:-Макул, анда, жүргүлө достор!
Токойдо бирге корообуз,
Дайым бирге болобуз.
Көргөн жандар суктанып,
Көңүлүнө толобуз!
Келдик ойноп конокто
Жашыл жазда жомокто.
Аяз ата белегин,
Эми,
Ала берсек болот го.
(Ээрчишип ырдаган бойдон кол кармашып чыгып кетишет)
Аягы
Орус тилинен которгон: Бактыгүл Чотурова