Жоомарт Бөкөнбаевдин 110, Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет

2020-жылдын 29-декабрында саат 12:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында кыргыз элинин залкар акыны, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленет.

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726–1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт. Эмгек жолун 1931-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935–1941-жж. “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Советтик адабият жана искусство” журналынын башкы редактору болуп иштеген. Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, “Родина үчүн алга” дивизиялык гезиттин редактору болуп калат. Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин “Жер алган кедейлерге” аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. 1933-жылы “Эмгек төлү” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн “Алтын кыз” поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн. Ал “Семетей” пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, “Айчүрөк” жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу. “Алтын кыз” поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору. Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган. “Манас” эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат иш сапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.

Ажал менен ар-намыс

Карагай көккө тирелген,
Калың чер токой арасы,
Карайып түтүн уюган
Кан жүргөн уруш талаасы…

Жамгырдай октор төгүлүп,
Замбирек кулак тундурат,
Мурунку кездей нур чачпай
Муңайып карап күн турат.

Булбулдар кончу кайыңдын
Бутагы окко тонолгон,
Шылдырап аккан тунук суу
Кызарып канга боёлгон.

Араба менен ат кыйрап,
Тамыры менен бак кыйрап,
Кадимдеп балбан кара жер
Кайгырып, боздоп жатты ыйлап…

Алтын жаш чөктү көлүнө
Агылган суудай канынын,
Ай бети кара так болду
Алпештеп сүйгөн жарынын…

Ызы-чуу ушул кыргында
Ышкырып Ажал бийледи,
“Өмүрдө колдо өкчөгөн
Өзүмдөн күчтүү ким?” деди.

Жайкалып турган көк шибер
Жамгырсыз өчүп солгондой,
Кыйла жан кыйрап сулады
Кыямат кайым болгондой…

Айлана муңга майышып
Алсырап турду бул күнү,
Арааны жүрүп ажалдын
Адамдын башын мүлжүдү…

Дөбөдөй болгон бир танка,
Гранат тийсе былк этпейт,
Мөндүрдөй жаап ок барса
Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт.

Окопту кардай жиреди
Акырын жылып алдыга,
Кыйратпай муну соо койсо
Кыргынды душман салды да…

Белине беш чоң гранат
Белсенип Жапар байлады,
Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады.

Сол колу менен бек кысып:
“Эмилбек эсен жүр” деди.
Алыска сапар кетчүдөй
Акыркы сөзүн сүйлөдү:

“Кайрылып эсен эл көрсөң
Карыга, жашка салам, де!
Кубарган чөлдө калк үчүн
Курмандык болду балаң” де.

–Бактынын балын бир соргон
Барына салам айта көр,
Жапаны тартып күйбөсүн
Жарыма салам айта көр!

Аркамда калды үч бала,
Атайлап барып көрүп кой,
“Байкуштан калган туяк” деп
Маңдайын сылап өөп кой.

Жан алгыч сындуу душмандан
Жалтанып кантип качайын,
Алпештеп шордуу энекем
Намыска тууса атайын,
Жашынып жатып өлгүчө
Жаздыгым ала жатайын…

Эмилбек ыйлап турган соң
Эчкирип көп сөз айтпады,
Ажылдап келген танканын
Алдына боюн таштады…

Зеңирдей калың чоюнга
Денеси барып урунду,
Жаңыртып көктү, жер термеп,
Жарылган үнү угулду…

Башчысы ушул танка экен
Башкалар качып бурулду,
Жалпыңа кыргыз ракмат,
Жараткан ушул уулду!..

Сагалап турган шум Ажал
Саргайып өңү тунарды,
Ар-Намыс сүрүп өкүмдү
Ааламга үнүн чыгарды:

–Желпинип, Ажал, мактанба
Жеңбейсиң асты буларды.
Бүлбүлдөп өчкөн жалындай
Бүрүшүп Ажал кубарды…

Чыңалган көп кол көрүндү
Чыгыштан сүйрөп замбирек,
Астында аты шамалдай,
Осетин учуп ал келет,
Кылычы күнгө чагылып,
Кыйкырган далай жан келет…

Сабалап акын келатты
Сакалы жерге таралып,
Жабыгып турду Эмилбек
Жаш эмес көздөн кан агып…

Осетин ыргып атынан:
“Ардагым Жапар кайда?”дейт,
Кансырап турган Эмилбек:
“Кайрылгыс сапар жайда” дейт.

«Кыямат кетти кылчайбай
Кыргыздын тоолук берени,
Талканы чыккан танканын
Таманын барып көрөлү…

Эмилбек сүйөп колтуктап
Эңкейип акын көрдү эле,
Эшилген турпак, кочкул кан
Эр Жапар шердин сөөгү эле.

Күйүткө батып кең дүйнө
Күн бети муңдуу түнөрдү…

“Көксөгөн жанды кубантып
Көрөм деп келсем силерди,
Уясы калып, өзү жок
Учурдук Жапар беренди”.

Мурутун булкуп карт акын
Буркурап ыйлап жиберди…

Чептен эрдин күчү бек

Байыркы бир заманда эл бар экен
Өзүнчө эркин, ээн жашап турган,
Багында булбул сайрап, гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.

Ар жылы күчтүү жоолор каптап кирип
Талоонго салат экен мүлкүн, малын,
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду
Олжолоп алып кетип сулууларын.

Кордугу душмандардын жанга батып
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду,
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.

Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп
Киришти эмгегине күн өткөрбөй,
Көтөрүп бай дубалын келген кезде
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй…

Калың журт кайгыланды, кансырады…
Катардап көтөрө албай бай дубалды,
“Себебин бул укмуштун ким табат” деп
Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.

Бири айтты: “Асыл таштан койгун” деди,
Бири айтты “Ак боз бээ сойгун” деди,
Асыл таш алтын менен консо дагы
Токтобой дубал көчүп кулай берди…

Тартышты капаланып калк убара,
Ойлонуп табалбады көп улама,
“Мен чечем бул түйүндү” деп сүйлөдү
Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.

Карыя токсон жашка келген экен,
Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен,
Акылы алмаз менен болоттон курч,
Алыскы бир ажайып жерден экен.

Качанкы чечилбеген сырды угууга,
Калайык жабылышып кулак түрдү,
Сакалын оң кол менен сылап алып
Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:

–Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык, акылыма көнсөң,–деди,–
–Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,
Тирүүлөй бир кишини көмсөң,–деди.

Башка сөз айтканы жок басып кетти
Карыя кайырдашып колун булгап,
“Кандай” деп эки жолу сурабастан
Баштарын жерге салды эл тунжурап…

–“Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,
Бул дубал эр канына кумар экен”,–
Деп ырдап бир топ ырчы элди айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен…

Бирөө да “мен чыгам” деп сөз кылбастан
Мостоюп карап турду дудуктанып,
Обдулуп он үч жашар бир жетимче
Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:

–“Уктум да шашкан бойдон келдим”–деди,–
Мен даяр тезден гана көмгүн,–деди,–
Арманым дүйнөдө эч калбайт го
Жарасам керегине элдин”–деди.

Жаш бала бай дубалга барып турду,
Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду,
Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы
Боздогон муң, кайгылуу үн угулду…

Бир караан шашып, чуркап келет экен,
Бул караан жаш баланын энеси экен,
Атадан жетим калган жалгыз уулун
Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.

–“…Кулунум кучактайын мында келчи,
Кууратпа карыганда апакеңди,
Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн” деп
Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди…

–«…Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,
Ырайым жетимиңе кылгын эне,
Жаныңдан артык көргөн тууган элдин
Жалгызың жарап кетти керегине…

–Уулуңдун убайын көрөм деп тиленип.
Ушундай ишке арнадың, бакпадыңбы,
“Эркетай элиң үчүн курман бол” деп
“Эч качан унутпаймын айтканыңды”.

Энеси элге карап сөз баштады
Маанисин байкап туруп айткан кептин,
–“Ата журт кызматына жанды берип,
Айланам, ак-сүтүмдү актап кеттиң!..”

Жалбарды жалгызына, беттен өптү,
Аарчыды жашка толгон-эки көздү,
Колуна күрөк алып кайрат менен
Көмүүгө баласына кумду септи…

–”Энеке бул кылганың адамчылык
Жүрөгүң акак, Бермет таштан тунук,
Өтөбөй калайыктын бир кызматын
Жүрбөймүн жер бетинде-адамсынып…”

Коштошуп өбүшүштү эне, бала,
Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра,
Кум толуп алкымына келген кезде
Шып этип жетип келди да карыя.

–“Көмбөгүн бул баланы ачкын,–деди.–
Чеп курбай үй үйүңө кайткын,–деди,–
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок
Кордукка мындай балдар бербейт элди.

–Киришсе ким да болсо чеп тургузат,
Чеп–ылай, каптап кирсе душман бузат,
Балдарың баары ушундай өсүп турса
Багынтып бул жүрөктү ким коркутат?!.

–Черди жаз. Тепкин шапар. Кургун сайран
“Чеп жок”,–деп, кайгы тартып кам санаба,
Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек
Турганда мындай эне, мындай бала!..”

Жаштык кез

Жаштык кез–майтарылбас алмаз курал,
Жаштык кез–көз жетпеген бийик мунар.
Жадырап жер бетине гүл ачылса,
Жаркырап асмандагы күн кубанар.

Жаштык кез чабыттаган кыраандайсың,
Жаштык кез сайрап турган улардайсың.
Жайлоодон салкын соккон жел жапырган
Жайкалган жашыл шибер ыраңдайсың.

Камыкпай каарданып чексең сапар,
Калың эл жаштыгыңды мактап айтар.
Камы үчүн калайыктын тартынбасаң
Кайратың кара жерди солкулдатар.

Жаштык кез–жадыраган тийген нурча,
Жаштык кез–жайдарысың күлгөн кызча,
Жаралдың жаңы заман бактысына,
Жалтанбай жаштыгыңды элге жумша.

Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга

Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.

“Айланам коркок болбо” деп
Айтканын эстейм эненин.
Ай чапчып суудай толкуган
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин.
Барктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн…

Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттон сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.

Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн.
Таң менен шаңшып ышкырган,
Уларың эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн,
Карааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган,
Чынарың эстеп жүрөрмүн.

Суусунга балдай татыган,
Сууларың кетпес көңүлдөн.
Көйнөгүм чечип көпөлөк,
Кууганым кетпес көңүлдөн.
Туткалуу кыргыз ак калпак,
Тууганым кетпес көңүлдөн.

Эселек кезден торолтуп,
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо,
Эмчегиң соруп эмгемин.

Жашымдан көөнүм шат болуп,
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн.
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.
Байлоосу жакшы келишсе,
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө,
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин,
Кара туткан балаңар,
Кармашкан жоосун жыга алат…

Аман кал, калкым, аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн.
Аралап, терип чоңойгом,
Адырдын жашыл гүлдөрүн.

Сел алса кетпес эсимден,
Селкилер менен каткырып
Селкинчек тепкен күндөрүм,
Байлыгы суудай ташыган
Бактыга баткан жеримсиң,
Секетим болуп жаш жаным
Сен үчүн каным төгүлсүн.
Балбылдап сары жылдыздай
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курман болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн…

Жартыны бөлүп бир жешкен,
“Жан, каныбыз бир” дешкен.
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун,
Душмандын жолун тоспосом.

Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген,
Агалар аман калгыла.
Кыянат ишке баспаган
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.

Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла.
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла…

Сактоого кетип баратам
Садагам элим, жыргалым,
Салкындап сууң ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым,
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.

Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.

Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган
Элинин болуу курманы
Эр жигит парзы абалдан,
“Кайрылып жоодон качат” деп,
Камсанай көрбө балаңдан.

Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгинде бойлоп жүргөндө,
Толкунуңдай болоюн,
Толгонуп жоого киргенде.

Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын желде өстүм,
Кордукту салып душманга,
Колумдан намыс бербесмин.

Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева 1920-жылы 19-апрелде Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын ата мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Патриархалдык коом шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.

Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барган.

Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы ЛКСМ БКнын секретардыгына дайындалган. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин Төрайымы, “Кыргызстан аялдары” журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1956-1979-жылдарда автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агентствосунун кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, пенсияга чыккан.

“Акын” деген алгачкы ыры 1947-жылы, “Заманам”, “Жарык дүйнө”, “Ак пейил адамдар үчүн”, “Ой толгоо”, “Менин күнүм”, “Тандамалар” аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле “Жаңылдын элеси”, “Өмүр жолу”, “Жүрөктөгү так” сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. “Кеткендердин айлында”, “Адам кызык”, “Токто десем”, “Ойнобо”, “Алтымыштан ашкандарга”, “Ысык-Көл”, “Көк жайык”, “Сары-Челек”, “Эне-жер” аттуу ажайып чыгармалары жарыяланган.

Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Тенти Адышева “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Тенти Адышевага “Кыргыз ССРинин Эл акыны” деген ардактуу наам ыйгарылган.

Сагынуу

Келер жылдын жанга артык жагымы,
Бирок, билсең бул да өмүр агымы.
Бала келсе бул дүйнөгө баркырап,
Адам кетер, ал турмуш го табигы.
Күлкү менен кубандырса жүрөктү,
Кээде болор капа чегип, жабыгуу.
Келчү жылга жетелешет үмүттөр,
Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу.
Жаңы жылда жоготуудан көп болсун,
Кийин бизди сагындырар табылуу!

Сүйүү жөнүндө

Махабатты баяндашып —
эчен түрлүү кеп айтат…
Улгайгандар сүйүүсүнө
улуу-кичүү жеме айтат:
Алтымышта сүйөт десе —
“Алжыганы” деп айтат.
Элүүлөрдүн сүйүүлөрүн
“Эси жоктук” деп айтат.
Андай болсо
айткылачы курдаштар,
“Сүйүү жашты ылгабайт” — деп
неге айтат?

Суук кол

Суук колун төшөгүмө узатып,
Карылыктын келгенине өкүнөм.
Кечээ гана жаштыгымды көрүшкөн,
Кейиштүүрөөк замандаштар өзүмөн.

Арбаңдатып ач кенедей жабышкан,
Колду түртүп, коё тур деп өтүнөм.
Карылыкты каалабаган бүгүн маа,
Капалуураак замандаштар өзүмөн.

Барган сайын батып барат тырмагы,
Баса келип төшөгүмдүн четинен.
Сумсайышат суук колдон кызганып,
Сулуулугум кетпегендер эсинен…

* * * * *

Алтымыштан ашкандарга
Али кыздай көрүнөм,
Кырктын кырын баскандарга
Кыйла жерге бөлүнөм.
Элүү жаштын эрмегимин
Эркелеткен көңүлүн.
Кечээ эле гүл жайкадым
Көөнү толкуп көбүнүн,
Караганча кайып кеткен
Кандай укмуш өмүрүң!..

Аялдардын бактысы

Күн чачырап гүлүн ачып жаштыгы,
Сүйүү келип суусун берсе – бактысы.
Жагалданып аял түрү кулпурат,
Жары болсо азаматтын жакшысы.

Балкып дене бал жуурканга айланып,
Бала тапса бул аялдын бактысы.
Ак бешигин ай нурунда терметип,
Ал баланын, ал тынчтыктын сакчысы.

Ар адамдын эмгегине жараша.
Аз да болот, көп да болот бактысы.
Эмне келбейт аялдардын колунан,
Эмгегинен келсе баар тапкысы.

Адам баркын – аялдардын кордогон
Ал күндөрдүн ашкан эле запкысы,
Аял аты ардак менен аталып
Азыр кымбат, анык ушул бактысы.

Ырлар Кыргызстан маданият борборунан алынды.