Юкио Мисима: Улуу урматтуу Аои

Но [1] театр стилиндеги пьеса

Катышуучулар:
Ясуко Рокудзё – аял;
Хикару Вакабаяси – аябай келишимд
үү сулуу эркек;
Аои – Хикарунун аялы
;
Медайым
.
            Түн. Ооруканадагы палата. Көшөгөнүн эң төрүндө Аоинин керебети жайкашкан. Сол тараптагы чоң терезенин пардасы тартылып коюлган. Эшик көшөгөнүн оң тарабында. Аои уктап жатат.

Хикару: (Палатага медайымдын коштоосунда плащчан кирип келет. Сумкасын жерге таштап, медайымга кайрылат.) Уктап калдыбы?

Медайым: Ии, ооба. Бөбөк сыңар терең уйкуга кетиптир бечара.

Хикару: Бир аз катуу сүйлөсөм болобу?

Медайым: Болот, бирок өтө катуу эмес. Ага уйку дары берилген.

Хикару: (Керебетке жакын келип, уктап жаткан Аоинин жүзүнө үңүлөт.) Мемиреп таттуу уйкуга кеткен го курганым.

Медайым: Ооба, ооба. Азыр кыйла тынчтанып калды.
Хикару: “Азыр” дегениңиз кандай?
Медайым: Неме… Азыр түн бир оокумда дегеним…
Хикару: Түшүнөн чочуп жөөлүп, катуу кыйналып жатабы?

Медайым: Ие, кээде жин ургандай!
Хикару: О, Кудай… (Керебеттин этегине кыстарылган оорулуунун карточкасын эңкейип окуйт.) …Аои Вакабаяси. Он экинчи числодо, кечки саат тогуз нөл-нөлдө ооруканага түштү… Түшүнүктүү. (Медайымга кайрылат.) Мен ушул жерде түнөп калсам болобу?

Медайым: (Көшөгөнүн төр тарабын көрсөтүп.) Коңшу палата бош.

Хикару: Төшөк барбы?
Медайым: Ооба, кааласаңыз азыр барып жатсаңыз болот.

Хикару: Жок, бир аздан соң. (Отургучка олтуруп, тамеки күйгүзөт.) …Шашылыш командировкага кетип, иш менен чапкылап жүргөнүмдө, анын ооруп калганын уктум. Баары эле “кыжаалат болбо, бир аз эле сыркоолоп калыптыр” дешет, тообо. Бир аз сыркоолоп калган адам ушинтип оор акыбалда ооруканага түшмөк беле…

Медайым: Жубайыңыз мурда да талмасы кармап ооруган жок беле?

Хикару: Албетте, бул биринчиси эмес… Бул сапар мен кызматтык командировкада жүргөндө ооруп калып жатпайбы. Иштерди ары-бериден бүтүрө салып, бүгүн эрте менен чапкылап келип калышка туура келди… Алыстан кабар кулакка бир калааты угулат экен, жүрөгүм жарылып кете жаздады.

Медайым: Туура айтасыз.

(Ушул маалда керебет түптөгү тумбочкада турган телефон акырын чырылдап баштайт.)

Хикару: (Трубканы алып, кулагына такайт.) Эчтеке угулбайт го.

Медайым: Бул телефон ар дайым дал ушул убакта чырылдайт…
Хикару: Силерди Кудай урган го! Палатага телефон орнотуп койгонуңарды кандай түшүнсө болот?

Медайым: Биздин оорукананын ар бир бөлмөсүнө телефон орнотулган.

Хикару: Бейтаптарга сырттан көп чалышабы?

Медайым: Бизде ишке адам жетишпейт, ошого бейтаптар зарыл учурда ички линия аркылуу медайымды чакырыш үчүн телефон орнотулган. Андан сырткары, эгер бейтап китеп окугусу келсе, китеп текчеден керектүү китептерди телефон аркылуу чалып алдырта алат. Бул учурда коммутатор аркылуу жалгашууну бир аз күтүүгө туура келет. Биздин диспетчерлер үч нөөмөт менен күн-түнү, ар бир нөөмөттө сегиз сааттан иштешет. Толук жымжырттык сакталышы керек болгон палаталарда гана телефон аппараты жок.

Хикару: А менин жубайым толук жымжырттыкка муктаж эмес деп ойлойсузбу?

Медайым: Жубайыңыз түшүндө колдорун булгалап, күбүрөнүп ары-бери оонап чыгат. Кечиресиз, албетте, ал өтө тынчтыкка муктаж бейтаптардан эмес.

Хикару: (Бир аз ачууланып.) Билесизби, сиздердин оорукана…

Медайым: (Сөздү жула тартып.) Биздин оорукана бейтаптардын кандай уктаганына жоопкерчилик албайт!

Пауза. Үн-сөзсүз турушкан маалда жапжаш медайым түшүнүксүз жагдайда толкунданып жатканы байкалат.

Хикару: Бир нерсеге тынчсызданып жатасызбы?

Медайым: Тынчсыздансам эмне экен? Жанымда келишимдүү мырза турса, кантип тынчсызданбай коймокмун.

Хикару: (Күлүп.) Токойго канчалык сүңгүп кирсең, керектүү отун ошончолук мол табылат деген сөз бар. Анын сыңары силердин оорукана байкап караган адамга кызыктай туюлат экен.

Медайым: Чынын айтсам, өтө сулуу мырза экенсиз! Гэнжи ханзаадасына куюп койгондой окшош. Билесизби, бизде өтө катаал тартип өкүм сүрөт. Медайымдар бири калбай сексуалдык комплекстерден арылуу максатында психоаналитиктин кароосунан өтүшү керек. (Колдорун эки жакка жайып.) Бири калбай! Киргизилген тартип боюнча биз калоолорубузду пайда болгон учурда гана кандыра алабыз. Клиника башчысы жана жаш башкы дарыгер – бул боюнча дасыккан адистер. Зарыл учурда алар бизге дары жазып беришет. Дары “секс” деп аталат. Ошондуктан бизде эч качан бири бирибиз менен көйгөй жаралбайт.

Хикару: (Оозу ачылып.) Ие, кокуй!

Медайым: Ошондуктан Сиздин жубайынызда эмне маселе болуп жатканын мен эң жакшы билем. Жубайыңызда балакеттин баары ичте бугуп жаткан сексуалдык комплекстердин айынан болгон. Эгерде психоаналитиктин дарылоо курсунан өтсө, айыгып кете алат. Азырынча биз ага уйку дары гана берип жатабыз.

Хикару: Демек, уйку дарынын таасири астында менин жубайым…

Медайым: Ие, ооба! (Баягыдан да катуу толкунданып.) Ушуну эч кимге жеткире албай койдум. Бейтап деле, анын туугандары деле – эч кимиси мени уккусу жок. Же андай эмеспи? Баарыбыздын арбактан айырмабыз жок. Өздүк либидонун арбагына айланып кеткенбиз. Ар күнү кечинде Сиздин жубайыныздан кабар алганы келген адам деле ошондой.

Хикару: Ар күнү кечинде? Жубайымдан кабар алганыбы?

 

 

 

Медайым: Ой, оозумдан чыгып кеткенин кара. Жубайыңыз ооруканага түшкөндөн бери ар күнү кечинде десем да болот. Иши чачтан көп адам, ар күнү түн бир убакта келет да, күндүзү келишке такыр убактысы жоктугун айтат. Негизи мага бул тууралуу айтышка катуу тыюу салган эле, ага карабай оозумдан чыгып кетпедиби…

Хикару: Ал адам эркекпи же…

Медайым: Ай, жок, кыжаалат болбоңуз, аял киши. Орто жаштагы келишимдүү аял. Айтмакчы, ал азыр келип калса керек. Ал келгенде, анын барынан пайдаланып мен бир аз эс алам. Чынын айтсам, анын жанында көп деле тургум келбейт, эмнегедир өзүмдү жаман сезем.

Хикару: Сырткы кебетеси кандай неме?

Медайым: Мартабалуу ак сөөк тукумундагы аялдар сыңары аябай сыланып кийинген бардар турмушта жашаган аял. Билесизби, ак сөөк тукумундагы үй-бүлөдө сексуалдык эркиндиктин жоктугу чоң көйгөй жаратат. Баары сексуалдык депрессияда жүрүп, өмүрү кандай өткөнүн сезбей калышат… Ал азыр келет, өз көзүңүз менен көрөсүз. (Терезеге келип, парданы ачат.) …Мынага караңызчы. Бардык терезенин жарыгы өчкөн. Көчөнүн эки тарабындагы шам чырактар жаркыраган жарыш шооланы элестетет. Ашыктык кумарына чакырат. Арзышуу, араздашуу сааты, таарынышуу жана өз ара салгылашуу сааты…

Тирүүлүк үчүн күндүзгү күрөш аяктап, түнкү салгылашуулар башталат. Ушунчалык кандуу, канчалаган өмүрлөрдү алып кетип, түбөлүк уйку тартуулайт. Кармаш башталганын кабарлап күркүрөп түнкү кернейлер тартылат. Аялдар канга чыланып өлүшүп, кайрадан тирилишет. Согуш майданында жашоону улантуу үчүн сен бир ирет өлүшүң керек. Согушчан аялдар менен эркектердин курал-жарактарына аза күтүүнүн лентасы байланган. Алардын аскердик туусунун түсүндөй аппак түстү эч жерден көрүүгө болбойт. Бирок аппак туулар ылайга тапталып, кыпкызыл канга чыланат. Добулбас үнү угулат. Жүрөк добулбасы. Абийир жана абийирсиздик добулбасы. Өлүмгө бараткандардын дем алуусунун ушунчалык майиндигин байкаган жоксузбу? Шыркырап кан аккан жараатын көз көрүнөө көрсөтүп өз ажалына тике карап баратышат. Кээ бир эркектер өлөр алдын бетине ылай шыбанат. Аларга шерменделик сыйлык катары сезилет окшойт. Караңызчы! Бул жарыкта таң каларлык эчтеке жок. Тээ ылдыйда тургандар – алар үй эмес, мүрзөлөр! Бул мрамор плиталарынын үстү эми ай нурун эч качан көрбөйт, көрүстөнгө коюлган чирип бараткан жазууларга эч качан ай нуру тийбейт… Аларга караганда биз, медайымдар периштедей аруубуз. Биз ышкыбоз-кумар дүйнөсүнө, сүйүү дүйнөсүнө сүңгүп киребиз. Бизде төшөктө козголгон нерсенин баары – химиялык өзгөрүүлөр болгону. Мындай ооруканага азыр дүйнө жүзү муктаж. Клиника башчысы муну айткандан эч тажабайт… А, мына, мына! Тигине! Ар дайым бир гана авто-унаада. Күмүш түстүү ичи кенен авто-унаа. Азыр авто-унаа зуулдаган бойдон келип, оорукана алдына тык токтойт. Мына, карасаңыз. (Хикару терезеге басып келет.) Көпүрө жол аркылуу зуулдап келип, андан соң бурулат да, көз ирмемден соң оорукананын дарбазасына келип тык токтойт. Мына эшиги ачылды… Кечиресиз, мен барбасам болбойт. Жакшы түш көрүп жатыңыз.

(Медайым көшөгөнүн оң бурчундагы эшиктен шашылыш чыгып кетет. Пауза. Телефон дагы акырын чырылдайт. Пауза. Азыр эле медайым чыгып кеткен эшик аркылуу Ясуко Рокудзёнун арбагы кирип келет. Үстүндө кооз кимоно. Колдоруна капкара кол кап кийген.)

Хикару: Рокудзё айым? Күтүүсүз жерден күтүлбөгөн кездешүү.

Ясуко: Ии, Хикару… Бул сенби? Көрүшпөгөнүбүзгө далай жыл болду.

Хикару: Демек түнкүсүн келип жүргөн сырдуу конок Сиз экенсиз да?

Ясуко: Сага да айтыштыбы? Эгер сыр болбосо, ким айтты?

Хикару: ….

Ясуко: Медайым айткан шекил. Оозу бош аял тура, жерге киргир. Бирок ачыгын айтсам, мен бул жерге конок катары келген жокмун. Сенин жумуш боюнча бир жакка кеткениңди билген соң, сенин жоктугуңду билгизбей ар түнү Аоиге орхидея гүлүнөн букет апкелем.

Хикару: Букет?

Ясуко: (Колдорун жая салып.) Кур кол келгенимди көрүп оозуң ачылып калгандыр. Менин орхидея [2] гүлдөрүм – көрүнбөс гүлдөр. Бул азаптардын гүлү. үйлөп жатып керебетте жаткан Аоинин баш жагына бирдемени койгондой болот.) Баш жагына коёр замат желекчелер ичинен бошонуп гүлдөр ачылып баштайт. Жалбырак арасынан ийнедей учтуу тикенектер өсүп чыгып, кишинин үрөйүн учурат. Ачылган гүлдөр өзүнөн жагымсыз сасыган жыт чыгарып, бөлмө ичи каңырсыган сасык жытка толуп кеткенде, тынч уктап жаткан бейтап бети-башын тырыштырып азапка түшүп жатканын көр. Жаактары карышып, коркунучтан денесин калтырак басат. (Уктап жаткан Аоинин жүзүн бир нече жолу алаканы менен сылайт.) Байкуш Аои түшүндө айдай жүзүнүн тамтыгы чыгып түрү суукка айланганын көрүп жатат: күзгүгө басып келип, күзгүдөн өзүн эмес, каат-каат бырыш баскан кемпирдин жүзүн көрөт. Анын тамагынан кармаганымда (Аоинин тамагына колун тийгизет.), түшүндө сыйыртмакка мойнунан асылып турганын көрөт. Бетине кан жаба чачырап, кол-буту жерге салаңдап, дем жетишпей…

Хикару: (Дүрбөлөңгө түшүп Ясукону керебеттен түртүп жиберет.) Аоини эмне кылып жатасыз?

Ясуко: еребеттен ары жылып, майин үн менен.) Мен ага азап алып келдим.

Хикару: Аои менин жубайым экенин биле жүрүңүз. Сизге бул жерге келгенге болбойт. Көзүмө көрүнбөй кет бул жерден.

Ясуко: (Майин үн менен.) Кетпейм.

Хикару: Кандай бети жок аялсыз…

Ясуко: (Жакын келип, Хикаруну жадырап колдон алып.) Мен бүгүн Сизди көрүш үчүн гана келдим.

Хикару: (Колун тартып алып.) Колуңуз мупмуздак.

Ясуко: Кан жүгүрбөгөн колдор ысык болмок беле

Хикару: Кол каптарчы?

Ясуко: Эгерде бул кол каптар сага жакпаса, муну чечип деле салам. (Кол каптарын чечип, телефон жанына ыргытат.) Кандай болгон күндө да мен бул жерге маанилүү иштер боюнча келдим. Өтө маанилүү, жылдырып турушка мүмкүн болбогон иштер. Мага түндөсү шаар кыдырып ары-бери чапкылап жүргөн жагат деп ойлобо. Баса, түн демекчи… (Кол саатына карайт.) Түнкү саат эки. Күндүзү кысылган дене түндөсү толук эркиндиктен жай ала түшөт. Адамдар, бар жандуунун баары уйкуда. Айлананы карачы, алтургай дубалдар да уйкуга кеткен. Тумбочка, эшик, терезе – баары уйкуда. Уктап жаткан предметтердин, дубалдын арасындагы жылчыктардан тоскоолдуксуз өтүп кетүүгө болот. Айтчы, түн деген эмне? Түн – бул гармония. Түндөсү болмуштун баары гармониялык айкалышта ымала менен жашайт, а күндүзү жарык менен көлөкөнүн тынымсыз күрөшү токтобойт. Жо-ок, андай эмес. Түндөсү баары башкача. Күн батканда, үйдөгү караңгылыктан жаралган түн дубалдарды таштап, түнкү көчөнү өз кучагына алат. Алардын ортосундагы айырмачылык жоголот. Күүгүм кечте жарык менен караңгылык жалгашат да, Бирдиктүү Дүйнө жаралат [3]. Түнкү абаны жиреп сырдуу үндөр күңгүрөйт: жек көрүү сүйүүнүн үнү менен, кайгы кубанычтын тили менен. Булар бири-бирине айкалышып жашайт, ошого түнкүсүн жаш аялды өлтүрүп жаткан башкесер курмандыгына боор оору менен сүйүп карайт… (Күлөт.) Эмне карайсың? Бул мезгилге дейре канчалык карып кеткениме таң калып жатасыңбы?

Хикару: Сиз мага экинчи жолукпайбыз деп сөз берген болчусуз.

Ясуко: Муну укканда сен тескерисинче кубанычың койнуна батпай сүйүнгөн окшойсуң, ээ? Кийин Аои менен баш коштуң (Уктап жаткан Аони жактырбай тыржыйып карайт.), мында жаткан илмийген өлөсөлүү аялга. (Өзүнөн кетип.) Өзүм тууралуу айтсам, менде ошондон бери уйку жок. Ар түнү уктай албай азапка батам. Көздү жумсам да уйку дегенден кабар жок. Уктай элегиме бир нече күн болду.

Хикару: Бул жерге мага оор жашооңузду, жаралган көйгөйлөрдү айтып бергени келдиңизби не? Же мен Сизди аяшым керекпи?

Ясуко: Эмнеге келгенимди өзүм да билбейм. Мен бул жарыкта сенин түбүңө жетишти каалап жатамынбы ой кетет. Сени өлтүрүп тынсам, мени тиригиң аябаса да, өлүгүң аяр беле. Мен куюн сымал сезим сызыгынын борборунда жайгашып, бир учурда түрдүү сезимдердин мириада сызыктарын жанашып жашайм. Кармалбас назик материялар менен бирге турганымды айтсам, таң калбайсыңбы? Мен жана сезилбес назик материялар – өзүнчө бир бүтүндүк.

Хикару: Бирдеме түшүнсөм өлөйүн.

Ясуко: (Капыстан жакындай келип, Хикаруну тике карап.) Суранам, өпчү мени!

Хикару: Кайдагыны айтпаңызчы!

Ясуко:  Ах, сенин сүйкүмдүү каштарыңдан, нур чачкан көздөрүңдөн, кыяктай кырдач мурдуң сенин, сенин…

Хикару: Болду дейм!

Ясуко: …Жалбырактай жупжумшак эриндериң (Хикаруну эринден сүйөт.)

Хикару: (Артка кетенчиктеп.) Туруңуз ары!

Ясуко: Биз алгач өбүшкөндө да, эликтей туйлап секирген элең.

Хикару: Болсо болгондур, бирок бул ошондо Сизди сүйүп калгам дегендикке жатпайт. Өспүрүм балага тек гана кызык көрүнгөн. А Сиз менин өспүрүм кездеги баё кыялымдан пайдаланып кеттиңиз. Убагында баё мүнөз өспүрүмдүн сезими менен ойноп, анын азабын эми тартып жаткандайсыз.

Ясуко: Демек, сенде мага карата кыпындай да сүйүү сезими болгон эмес экен да? Мурда минтип айткан эмессиң. Мени аябай байкап изилдеп көргөн экенсиң да, кайран. Ий, жаным менин! Суранам, үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы.

Хикару: Мен азыр баягы баё мүнөз жаш бала эмесмин. Менин үй-бүлөм бар. Кандай уяты жок аялсыз? Мына жанымда аялым жатат, көргөн жоксузбу?

Ясуко: Эмнеге уялышым керек? Мен бул жерге иштерим менен келдим.

Хикару: Эмне иш менен келдиңиз?

Ясуко: Сенин сүйүүңдү алып кеткени.

Хикару: Айнып калган жоксузбу, Рокудзё айым?

Ясуко: Менин атым – Ясуко.

Хикару: Сизди атыңыздан айтышка милдеттүү эмесмин.

Ясуко: (Капыстан Хикарунун тизесине чөгөлөп, жүзүн анын тизесине катат.) Суранам, мага мынчалык каардуу болбочу!

Хикару: Мурдагы ашынган текебердигиң кайда? Баары житип жоголдубу? (Башка тарапты карап.)  Кызыктай сезим, адам кейпинде эмес, башка абалга өтүп кеткендей. Буттарымды бирөө кучактап турганы билинбейт.

Ясуко: Менде эч качан текебердик болгон эмес.

Хикару: Өкүнүчтүү. Муну ошондо айтсаңыз болмок. Анда биздин мамиле дагы бир аз узакка созулмак беле…

Ясуко: Муну өзүң байкабасаң, менде эмне күнөө? “Макул болуп тагдыр деген ушуга” деп текеберсиз жашап калганымды нуру өчө баштаган көздөрүмдөн байкашка жарабадың… Менде кыпындай текебердик калбаганын үнүмдөн байкасаң боло. Текебердикти таштаганыма көп болгон. Ар бир аялзаты ханыша сыңар жашап өткүсү келет, а бирок убакты-сааты келгенде ханыша да текебердигинен ажырайт тура… О, Кудай! Сенин тизелериң. Сенин тизең мен үчүн акыры жүрүп муздак катуу жаздыкка айландыбы!

Хикару: Ясуко дейм…
Ясуко: Ушул жаздыкта башымды жөлөп уктамакмын. Мен үчүн эми эч качан жылыбаган таштай катуу жаздык, башкага жылып ийиген жумшак жаздык. Буга эми башымды жаздап жатышка да болбойт. Түн бою кайгы менен ызадан денем чоктой ысып, серүүн жайга зар болуп таңды атырам. Дене табымдан чыккан күйүттүн табынан жаздыгым чоктой ысып чыгат.

Хикару: (Үнү бир аз жумшарып.) Болду токтотуңузчу. Менин боорум бат ооруп, көңүлүм тез жибийт.

Ясуко: Баары түшүнүктүү! Аои экөөңөр бири-бириңе боор ооруп, көңүлүңөр жибип баш кошкон экенсиңер да!

Хикару: (Ясукону түртүп жиберет.) Кайдагы бир жоромол-дөдөмөл кептерди айтпаңызчы! (Отургучка олтурат. Ясуко жүзүн анын тизесине каткан бойдон артынан тизелей сойлоп келет.)

Ясуко: Мени таштай көрбө.

Хикару: (Тамеки күйгүзүп.) Мен Сизди таштаганым качан.

Ясуко: Андай эмес! Сен мени али да сүйөсүң.

Хикару: Бул жерге ушуну талкуулаганы келдиңиз беле? (Келекелеп.) Бая эле Аоини азапка салыш үчүн келдим деп жатпадыңыз беле?

Ясуко: (Маанайы суз.) Бир ок менен эки коён аткым келди. Берчи тамеки.

Хикару кутудан тамеки сууруп, ага сунат. Ясуко капыстан Хикару тартып жаткан тамекини анын оозунан жулуп алат да, тамекини соруп кирет.

 

Хикару: (Өзүнө дагы тамеки күйгүзүп.) Билесиңби, ал кезде мен туш тарапка чарк уруп өз ордумду таппай жүргөн алаамат элем. Оор кишенди эңсечүмүн. Мени зынданга салышса деп тилейт элем. Сен мен үчүн анык зындан болдуң. Бирок кайрадан эркиндикти эңсеп баштаганымда да, сен мага зындан бойдон калдың. Көңүлүмө жек көрүндү кишендер тынчыбады.

Ясуко: Билем, эркиндик дегенде эки көзүң төрт эле. Мендеги зындандан суурулуп качып чыксам дегенди, мен салган кишенден бошонгусу келгениңди көздөрүң айтып турчу. Ошондогу сенин эркиндикке талпынып жаналакетке түшүп жатканыңды көрүп моокумум канар эле. Ошондо мен сени өзүмдөн кетип эстен тана сүйүп калдым… Күз эми баш баккан маал. Шаар сыртындагы үйүмдө эс алып жүрсөм, менден кабар алганы бир күнү сен келипсиң… Ошол күнү мен сени яхта менен сүзүп барып тосуп алдым. Сен мени темир жол бекетиндеги пристанда күтүп турупсуң. Асманда бир тутам булут жок. Мачта акырын кыйчылдап, яхта…

Хикару: (Аны коштоп.) Аппак парус…

Ясуко: ескин түрдө.) Эскерүүлөрдү ортого салсам, каршы эмессиңби?

Хикару: Эскерүүлөрдү ортого салалы деген жокмун, болгону ошондо биз бир жерде, бир убакта капташып калдык.

Ясуко: Эч кур дегенде ошондогу көлдө сүзүп бараткан яхтаны эскердик окшойт. Төбөдөгү парус бирде шамалга желбиреп, бирде ылдый салаңдап турганын айт. Эх, аппак парус төбөбүздө азыр да желбиреп турса кана, атаганат.

Хикару: (Терезеге келип, тээ алыска көз жүгүртөт.) Тээтиги турган эмне? Парус эмеспи?

Ясуко: Ошол! Ошол!

Үрөй учурган музыка жаңырат. Көшөгөнүн оң тарабынан парустуу чоң яхта сүзүп кирет. Көшөгө ичинде ак куу сымал каалгый жылып Ясуко менен Хикарунун алдына келет. Көрүүчүлөр турган тараптан Аои жаткан керебетти тосуп калат. Көшөгө андан ары яхтанын үстүндө ойнолот.

Ясуко: Бүгүн кереметтүү көл ашып-ташып турат.
Хикару: Сыдырым желдин сокконун кара.

Ясуко: Сен буга дейре менин шаар сыртындагы үйүмдө бир да жолу болбогон чыгарсың? Аркы жээкти карачы. Тоо этегиндеги токой арасынан үйдүн бозомук жашыл чатыры көрүнөт. Мына көрүнүп турат. Түнкүсүн айланада түлкүлөр [4] жойлоп, үй артынан улуганы угулат. Түлкүнүн улуганын уккан белең?

Хикару: Жок, бир да жолу уккан эмесмин.
Ясуко: Анда бүгүн түнү түлкүнүн улуганын угасың. Андан сырткары түлкүнүн курч тырмагына илинген канаттуунун өлөр алдында чыйкылдаганын, түлкү аны тытып жеп жатканын туясың.

Хикару: Анын бетин ары кылсын. Андайды уккум да, көргүм да келбейт.

Ясуко: Менин бакчам сага жагарына бөркүмдөй ишенем. Жазында көлмөнү жээктеп өскөн чытырмандын аңкыган жыты келет. Июнь айында көнөктөп жааган жаандан улам гүлбакча суу астына чөмүлүп, аралай бассаң артыңдагы изден гортензия гүлдөрү калкып чыгат. Көлчүк бетинде калкыган гортензия гүлүн көрдүң беле? Азыр эми саргайган күз [5] маалы. Күзүндө көл четиндеги камыш арасынан учкан ийнеликтер суу бетинде каалгый сүзүп сайран курушат.

Хикару: Тээтиги турган сенин үйүңбү?

Ясуко: Ии ооба, бозомук жашыл чатыр. Батып бараткан күн нурунда үй ажайып кооз көрүнөт. Терезеде батып бараткан күн нуру жалбырттап, чатырдан чагылган күңүрт жарык жолоочуга жол көрсөтүп тургансыйт. (Пауза.) Эмне унчукпай калдын? Сүйлөчү.

Хикару: (Жай гана.) Кереги жок.

Ясуко: Ах, сен сүйлөсөң жан-дүйнөмдүн жарааты айыга түшөт. Сенин үнүң – жаныма даба… Бирок мен сени билем го. Ушундай жаралгансың: Бир жараатты айыктырып, кайра жүрөгүмдү экинчи жараат менен кыйнайсың. Алгач айыктырып, кайрадан эч дабасы жок сары ооруга салып кетмей адатың бар… Мунун баарын жакшы билем. Мендейди карыган кексе дейт. Азыр жаштыгым калган жок, жан-дүйнөмдүн жарааты оңойлук менен сакайып кетпейт. Сенин назик жумшак үнүң жан-дүйнөмдү дүрбөлөңгө салып, бар дүйнөмдү айыккыс кылып жаралап кетет. Жо-ок, тескерисинче сен мени кагып-силкип сөгүп салсаң, ошол мага жакшыраак беле…

Хикару: Сар-санаага бата бергенди адат кылып алыпсың.

Ясуко: Албетте, күн түнгө алмашкандай, бакыт артынан азап келери турган иш.

Хикару: Адамды бактысыз кылыш менин колумдан келбейт эч качан.

Ясуко: Баары бир көп нерсеге жаштык кыласың. Бир күнү эрте менен туруп, эчтекеден бейкапар сыртта итиңди сейилдетип жүрүп, алдыңдан чыккан ар бир аялзатын ашынган сулуулугуң менен азапка салып жатканыңды туюп, бул жашоого аялзатын азапка салыш үчүн келгенинди сезесиң. Сени бир көргөн аялзаты, сенден көз албай тиктеп, көз алдында сенин элесиң кетпей тартылып калганын билмексенге саласың. Сен бүткүл шаарды ичине сыйдырып алган сепилге окшойсуң.

Хикару: Кел, башка сөзгө өтөлүчү.

Ясуко: Мейли, башка сөзгө өтөлү. Ушундай баарлашудан баары бир жаным эргийт.

Хикару: Бул жерден сенин үйүң алаканга салгандай көрүнөт тура. Экинчи кабаттын терезесин, балкондун тосмосун көрдүм. Жыгачтан жасалган окшойт… Үйдө эч ким жокпу?

Ясуко: Ооба, эч ким жок. Ушул үйдө сени менен өлөр-өлгүчө бирге жашасам кана, атаганат.

Хикару: “Өлөр-өлгүчө жашасам” дейсиңби? А сен кайдан билесиң эртең ким биринчи өлөрүн? Биз качан өлөбүз – бул бир Кудайга маалым. Мүмкүн эртең өлөбүз, муну эч ким билбейт. Мисалы азыр яхта аңтарылып кетти дейли…

Ясуко: (Сөздү жула тартып.) Аңтарылып кетип, экөөбүздү тең ала кетсе кана эле, атаганат! Аңтарылып кете турган яхта сатып алсам болмок экен.

Хикару: (Мачтаны ары-бери толгоп.) Аңтарылганды азыр көрсөтөм сага.

Ясуконун колдору Хикаруга оролот. Хикару аны кучагына алат.

Аоинин үнү: (Алыстан араң угулат.) Жардамга! Жардам бергиле!

Кыйкырган Аои Кудайга жалынып жаткансып колдорун бийик көтөргөндө, анын көлөкөсү парус бетине экрандай тартылат.

Хикару: Бирөө кыйкырып жатабы?

Ясуко: Түлкү улуп жаткан шекил. Күндүзү анын улуганы тоо койнунан жаңырып, көл бетинде көпкө дейре угулат.

Хикару: Ие, ошондой окшойт. Эми угулбай калды.

Ясуко: Ушул катындан кутулбадым, мындан башка аял түгөнүп калгансып деп ойлоп жатасыңбы?

Хикару: Жок, антип ойлобой эле.
Ясуко: Билесиңби, кээде өзүмө мындай суроо берем: Эмнеге бу жалганда ар нерсенин оң жана сол тарабы болот? Мен азыр сенин оң тарабыңда турам. Демек, сенин жүрөгүң менден алыста турат. Эгерде сенин сол тарабына өтсөм, оң тарабың мага көрүнбөй калат. Хикару: Анда мен булутка айланып житип кетсем окшойт.

Ясуко: Оң тарабыңда эле турайынчы. Эмнегедир сол тарабыңда дайыма башка бирөө тургансып туюлат мага.

Хикару: (Яхтадан эңкейип, колун сууга салганча сүйлөйт.) Сол тарабымда көлдүн бети. Охх, ичикий, колум тоңуп калды… Карачы. (Суу болгон алаканын Ясукого көрсөтөт.) Аз жерден муз болуп кала жаздады. Бул күздүн келишинен кабар берет.

Парус артындагы керебеттен Аоинин бышактап ыйлаганы угулат.

Хикару: Ой! Бул эмнеси?

Ясуко: Эмне болду?

Хикару: Уккан жоксуңбу? Бирөө ыйлап жатат.

Ясуко: (Тыңшап калат.) Жок, жөн гана мачта кыйчылдап жатат.

Хикару: Тескери шамал башталды. (Парусту бекемдеп байлап жаткандай түр көрсөтөт. Парус кыймылсыз бойдон.)  …Бул жерден көл бетиндеги камыштын шамалга ыргалганы даана көрүнөт. Катуу шамалга көл бети жыбырап чыкты.

Ясуко: Ммм. Билесиңби, эгерде сен менден жаш, менден сулуу башканы таап, ага үйлөнө турган болсоң…

Хикару: Анда менин көргөн күнүм не болот дегени турасыңбы?

Ясуко: Жок, мындан өлүп калбасмын.

Хикару: (Күлүп.) Мына, эң сонун.

Ясуко: Мындан өлүп калбайм… Бирок сага турмушка чыкканды асти тирүү калтырбайм. Мен жашай берем, бирок бир күнү менин жаным денемди таштап кетип, арбагым сенин жапжаш сүйүктүүңдү бар азаптар менен кыйноого алат. Ал бактысыз бейбак жан чыдаткыс азаптардан кыйналып өлмөйүнчө менин арбагым ага көз ирмемчелик да тынчтык бербейт. Арбагым аны эзип-жеп кыйнаганы кыйнаган. Ар күн кечте ага келе берип, өлөр-өлгүчө көргүлүктү көрсөтүп өлтүрөм.

Аоинин үнү: (Алыстан акырын угулат.) Жардамга! Жардам бергиле!

Хикару: Дагы угулду. Бул эмне өзү?

Ясуко: Шамалдан мачта кыйчылдап жатат болгону. Көл бетинде уңулдап соккон шамал үнү.

Парус бетине колун көккө созгон Аоинин элеси даана тартылат.

Аоинин үнү: (Баягыдан катуу чыгат.) Аа! А-аа! Аа! Жардамга! Жардам бергиле!

Хикару: (Алай-дүлөйгө түшүп.) Бул даана адам үнү!

Ясуко: Жок, түлкү кекиртегин үзө тиштеген канаттуунун чыйылдаган үнү аскадан жаңырып жатат болгону. Карасаң, аска-тоо бизге жакын турат.

Хикару: Бирөө чөгүп баратат окшойт.

Ясуко: Эч ким чөккөн жок. Бул көлгө экөөбүздөн башка ким чөкмөк эле.

Аоинин үнү: (Даана угулат.) Жардамга! Жардам бергиле!

Хикару: Бул Аои го!

Ясуко: үлкү аралаш.) Жок, бул кекиртегинен кан чыркап өлүп бараткан канаттуунун үнү.

Хикару: Андай эмес. Тантыбай жөн олтурчу. Аои кыйкырып жатат. Даана ошол. Аои!

Ясуко: Аа-ай! Суранам, таштаба мени!

Хикару: (Ясукону заардуу тиктеп.) Мунун баарын кылган сен! Көрсө, сен Аоини…

Ясуко: Жок! Мен күнөөлүү эмесмин! Мунун баарына өзүң күнөөлүсүң.

Парус артынан Аоинин бышактап катуу ыйлаганы угулат.

Хикару: Аои! Кайдасың, берекем?! Аои!…

Ясуко: Мага карачы. Сен Аоини сүйбөйсүң. Көзүңдү ала качпай, мага тике кара. Мен – сенин жалгыз сүйүктүүңмүн. Сени эч кимге ыраа көрбөйм! Сени эч кимге бербейм!

Хикару: (Тескери бурулуп, жок дегенсип башын чайкап.) Турчу нары. Жалган баары.

Бири-биринин каршысында үн-сөзсүз туруп калышат. Үрөй учурган музыка дагы жаңырат. Ясуко ары бурулуп парус артына кетмекчи болот. Хикару аны токтотуп кармап калат. Ясуко анын колунан суурулуп чыгып, парус артына чыгып кетет. Хикару анын артынан жөнөйт. Жарык өчүп, көшөгө караңгылыкка бөлөнөт. Музыканын коштоосунда яхта көшөгөнүн оң тарабына жай сүзүп жөнөйт.

Яхта көшөгөнү таштап кетер замат, жарык кайрадан күйөт. Ясуко эч жерден көрүнбөйт. Алай-дүлөйгө түшүп карбаластаган Хикару көшөгө ортосунан жалгыз көрүнөт.

Хикару: (Башына кандайдыр бир жакшы ой капыстан кылт эткенсип тумбочкага жүткүнө чуркап барып, анын үстүндө турган телефон трубкасын кулагына такайт.) Алло… Алло… Бош линияга жалгаштырып коё аласызбы?

Чон кыз?… Мен бош линияда турам? Накано-990 номерине чалыңыз. Алло… Алло… Ясуко Рокудзё айымдын кансарайы бекен? Бул Сизби? Кечиресиз, Ясуко менен сүйлөшсөм болобу? Кожойке менен сүйлөшсөм болобу дейм? Өтө маанилүү иштер боюнча. Сураныч, ойготуп коюңузчу. Менби? Вакабаяси… Хикару Вакабаяси… Ие, ооба, ооба… Өтө маанилүү иштер чыгып калды. Сизден өтө суранам, ойготуп коюңузчу.

Пауза. Хикару кабатырланып керебет тарапты карайт. Чалкасынан жаткан Аои уктап жатат.

Хикару: Алло… Алло… Бул мен, Ясуко. Ооба, ооба, Сизди угуп жатам. (Башын көтөрүп.) Аны үнүнөн тааныдым. Эгер мындай болсо, демек… Демек, бул арбак. Денесин таштап учуп кетип, арбакка айланып кеткен тура. Алло…

Капыстан көшөгөнүн оң тарабындагы эшикти бирөө катуу каккылайт.

Ясуконун үнү: (Эшик артынан даана угулат.) Хикару, бирдемени унутуп калыпмын. Телефондун жанында менин кара кол кабым калып кетиптир. Берип коё аласыңбы?

Карайлаган Хикару кара кол капты алып, эшик көздөй жөнөйт. Телефондун трубкасы тумбочкага асылган бойдон калат. Хикару көшөгөнүн оң тарабындагы эшикке басып келип, эшикти ачып, көшөгөдөн чыгып кетет. Хикару чыгып кетер замат, тумбочкада асылып турган телефон трубкасынан Ясуконун үнү жаңырып чыгат.

Трубкадагы Ясуконун үнү: (Бийик угулат.) Алло… Алло… Эмне болду? Хикару? Тынчылыкпы? Түн ортосу телефон чалып, унчукпай турганыңды кандай түшүнсө болот? Эмне жооп бербей жатасың? Алло, Хикару? Алло… Алло…

Трубкадан акыркы “Алло” сөзү угулар замат, керебетте аппак кийимчен жаткан Аои капыстан колу менен телефонго акырын жүткүнөт. Телефонго колу жетпей, ачуу кыйкырып жиберип, керебеттен жылмышып полго кулап өлөт. Көшөгө караңгылыкка бөлөнөт.

КӨШӨГӨ

 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.

 

[1]. Но – жапондордун XIV-кылымдан бери келаткан музыка-бий менен коштолгон байыркы театралдык искусство өнөрү. Азыркы театрдан айырмачылыгы – будда дининин дүйнөлүк көз карашына басым жасалып, ар кандай ритуалдар кошо аткарылат. Актёрдук курам толугу менен иерархиялык болууга тийиш. Спектаклдеги сюжет турмуштук окуяларды эмес, жалаң салттык ырым-жырымдарды чагылдырат. Каармандар кудайлар дүйнөсү менен адамдар ортосундагы байыркы элчилердин ролун аткарышат. Алгач музыкалык чыгарма ойнолуп, андан соң поэзиялык тилге ийленип түзүлгөн спектакль башталат. Но театрынын каармандары кийинүү стили менен да өзгөчөлөнүп турат;

[2]. Орхидея – Кытай тилинде “өзгөчө гүл” деген аталышка ээ. Жазгысын Кытай жыл сүрүү календары боюнча үчүнчү Айда гүлдөп, кескин жытынын курт-кумурскалардан арылтуучу касиети бар. Орхидея гүлү ант гүлү катары каралып, үчүнчү Айда сүйүшкөн жаштар бири-бирине ант катары орхидея гүлүн тартуулашкан. Андан соң салт катары күзгө чейин жолугушууга тыюу салынган. Ошондуктан бул мезгилде тартууланган гүлдөрдү “ажырашуу гүлү” деп да аташкан. (Караңыз, К.И. Голыгина. Орто кылым башатындагы кытай прозасы. М: 1983, 123-229 бет.);

[3]. Жарык менен караңгылык жалгашат да, Бирдиктүү дүйнө жаралат – Байыркы чыгыш философиясында “Инь” жана “Янь” сыяктуу эки космикалык башталыш өз ара аракеттенишип, натыйжада Ааламдагы тирүүлүк жашоонун пайда болушу шартталган деген көз караш басымдуулук кылат. “Инь-Аялга” таандык мээрман, ишенчээк, салкын жана тынч күчтөрдүн “Янь-Эркекке” таандык бурганактап ташкындаган энергиялуу жарык күчтөр менен айкалышынан Ааламда тирүүлүк жаралган делет. “Инь-Янь” биримдиги жапон искусствосунун өзөгүн түзүп, но театрында да өзгөчө мааниге ээ;

[4]. Жапон жана кытай мифологиясында түлкү аял кейпине кубулуп кете алган сыйкырдуу жаныбар катары каралат;

[5]. Күздүн келиши Хикарунун Ясукого болгон сүйүүсү сууп баратканын символдоштуруп жатат.