Садык Алахан: Жер жөнүндө терме

“Жер жөнүндө терме”

Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылык тагдырында өзгөчө орунда турган термелеринин бири болуп “Жер жөнүндө терме” деп аталган чыгармасы эсептелет.

Жогоруда биз “Жинди суу” жөнүндөгү сөзүбүздө суу темасы дүйнөнүн көптөгөн элдери сыяктуу эле кыргыз калкынын элдик оозеки чыгармачылыгында, кийинчерээк ырчылар поэзиясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн чыгармаларында да кеңири  түрдө көркөм иликтөөгө алынып келгендиги тууралуу айрым бир конкрет мисалдардын негизинде айтып кеттик эле. Суу сыяктуу эле түбөлүктүү темалардын бири болуп Жер темасы эсептелет. Жер-Энени башкаларга окшобогон бөтөнчө бир бийик үн менен ырына кошкон Барпы менен Эшмамбет болуптур.

Бул жашоодогу бардык нерсеге

Эне болот улуу Жер!

Эге болот сулуу Жер! – деп ырдаган Барпы акындын Жер жөнүндөгү чыгармасы тууралуу белгилүү адабиятчы Кадыркул Даутов минтип жазат: “Барпы Жер санагын жөн эле ырдаш үчүн ырдаган жок, өзүнө чейинкилерди тек гана кайталап аткаруучулук милдет өтөп жаткан жок. …Жер жөнүндө топтолгон түшүнүктөрдүн кырына бекем бут коюп туруп, өзүнүн алда канча жаңы да, кеңири да, ыйык жа менчик Жерин жаратып алды. Библия, Курандан тарта Жер жөнүндөгү түрдүү түшүндүрмөлөр, мактоолор айтылып келатса да, бир дагы акын Жердин сулуулугу менен ыйык Энелик табиятын мынчалык даражада жеткирип ырдай алган эмес”.

Ал эми “Барын берген Жер Эне” деп ырдап чыккан Эшмамбет ырчы болсо “желип аккан суу менен көгөрүп турган даракты, жашыл ыраң төр менен чалкып жаткан көлдү, бийик зоо менен мейкин талаа, чөлдү Жер жараткандыгын айтуу менен… бүтүндөй жаратылыштын кооздугун, табияттын көз жоосун алган көркүн өтө билгичтик, өтө чеберчилик менен баяндап келет да:

Мунун баарын дүйнөгө

Сен жараттың, Жер Эне.

Ар бирине өмүрдү,

Сен тараттың, Жер Эне – деп жашоонун башаты, турмуштун түпкү чекити Жер Эне экендигин жар салат. Эшмамбет ырчынын Жер Эне жөнүндөгү бул ыры өзгөчө бир жаралган көркөм дүйнө болуп эсептелинет. Жалпы ырчылар поэзиясынын эле эмес бүтүндөй улуттук поэзиябыздын контекстинен алып караганда да бул ыр өз орду бар чыгарма экендиги ачык көрүнүп турат.

Жер Эне жөнүндө ушундай көркөм-эстетикалык традицияга эгедер улуттук адабияттын айдыңында бул багытта кандай жаңы сөз, кандай жаңы маани айтылышы мүмкүн? Р.Шүкүрбековдун “Жер жөнүндө термесин” окуй баштаганда эле эң алгач ойго келчү дүпөйүл суроо ушул болот.

Арийне, ар бир талант өзүнчө көркөм дүйнө, өзүнчө чалкып жаткан аалам. Ошондон улам ал көркөм дүйнө менен, чалкыган ааламдын өзүнө гана тиешелүү көз жоосун алган көркү, өзүнө гана тиешелүү катылуу сыры болот. Жараткан жар болгон чыныгы таланттын ээси катары Р.Шүкүрбеков бизге тартуулаган көркөм дүйнөнүн да өзүмдүк көркү, менчик керемети бар экендигин адилеттик үчүн сөз башында эле эскерте кеткенибиз эп.

Чыгарма “чү” дегенде эле

Баштасак сөздү термеден,

Байкасак турмуш жер менен, – делип (137-бет)

башталат да, “эл-журттун күнү жер менен” экендиги жана “жер койнунда укмуш көп” экендиги айтылуу аркылуу андан ары кеп учугу улантылат. Ырасында, чыгарманын андан аркы өнүгүшүндө “эл-журттун күнү жер менен” экендиги жана “жер койнунда укмуш көп” экендиги кылдат чечмеленип берилет. Айталы, “жер өмүрдүн туткасы” экендиги жөнүндөгү нукура философиялык ой айтылат да, андан соң “Адамзат жердин устасы” деген ишеним берилет. Ырасында эле Жер Эне тулкусуна каткан миң бир сырларды пенде баласы ар нерсеге ык койгон усталыгы, чебердиги, акыл-парасаты, жөндөмү менен өзүнө иштетип, ошол аркылуу өзүнүн жашоо-тиричилигин көрктөндүрүп, алга сүрөп келе жатпайбы. Чыгармада берилген кийинки ыр түрмөгү “Адамзат жердин устасы” экендигин конкреттүү иш аракеттер, жасалып жаткан сан түрлүү жумуштар аркылуу чечмелеп берет. Тагыраак айтканда:

Эл колуна тийгени,

Кулпунуп чыкты кара жер.

Ракет болуп атылып,

Жулкунуп чыкты кара жер.

Кабат-кабат салынып,

Там болуп жатат кара жер.

Суулары майга айланып,

Шам болуп жатат кара жер.

Топурагы жуурулуп,

Нан болуп жатат кара жер.

Өз жерине өздөрү

Таң болуп жатат кишилер. (138-бет).

Минтип улуу төкмө Барпы да, залкар ырчы Эшмамбет да ырдай албайт эле. Анткени, келтирилген ыр түрмөктөрүнөн ачык-айкын көрүнүп тургандай, бул жерде баяндалган турмуштук көрүнүштөр ал акындар Жер жөнүндө ырдап чыкканда тек гана жок болчу. “Ракет болуп атылып” Жер эне кийин жулкунуп чыкты, “кабат-кабат салынып, там болуп” да кийинчерээк өзгөрдү Жер Эне, сууларга гидроэлектрстанциялары курулуп балбылдаган шам болуп да бир аз кийинчерээк кулпурду Жер Эне. Жер Эненин минтип болуп көрбөгөндөй жаңыланышын, таанылгыс болуп көркүнө чыгышын (“Өз жерине өздөрү // Таң болуп жатат кишилер”) ырга кошуу, терме кылып кагаз бетине түшүрүү бактысы Райкан Шүкүрбековдун акындык энчисине туш келген оомат болду.

Жогоруда биз “Жер жөнүндө терме” тууралуу сөзүбүздү баштап жатып бул көркөм туунду Р.Шүкүрбековдун чыгармачылык тагдырында өзгөчө орунда турган термелеринин бири болуп эсептелинерин атайын белгилеп өттүк эле. Анткенибиздин бир катар олуттуу жүйөө-себептери бар болчу. Алар төмөнкүлөр эле:

Биринчиден, бул чыгармада терменин жанрдык талап-мүдөөлөрүнө ылайык дидактикалык накыл кептерди айтуу менен гана чектелбестен Р.Шүкүрбеков тээ аска-таштын түпкүрүнөн сызылып чыккан мөлтүр кашка мөл булактай болгон нукура философиялык терең ойлорун баяндалып жаткан ой түрмөктөрүнүн тереңинен жай гана сыдырып алып тартуулап жүрүп олтурат.

Экинчиден, өз заманынын реалдуу турмуштук көрүнүштөрү Жер Эне жөнүндөгү асыл ойлор менен өтө кылдат жуурулуша сүрөттөлүп, натыйжада, акын нукура заман жарчысы деп айтарлык өңүттөн көрүнө алган.

Үчүнчүдөн, бир караганда башка бардык акындардан эч бир айырмаланбагандай көрүнгөнү менен Жер Эне жана адал эмгек карым-катышы, өтмө-катыштыгы Р.Шүкүрбековдун ушул термесинде бөтөнчө бир ырааттуулукта, ар тараптуу жана терең ачылып берилген десек болот.

Булардан сырткары да бул терме бир катар алгылыктуу сапат-белгилерге ээ болуп турат. Анда эмесе сөз нугу ырааты менен болсун.

Акын минтип ырдайт:

Агарып таңдын атканы,

Кызарып күндүн батканы.

Эки келбес өмүрдүн,

Эсеп чотун какканы. (144-бет).

Залкар акындын бул саптары эмнени туюндуруп турат? Албетте, ар кандай бийик да, терең да ойлор өтө жөнөкөй айтылат. Бийиктин бийиктиги, тереңдин тереңдиги ушунда турат. Акындын биз мисалга тарткан ыр түрмөгү да дал ошондой жөнөкөй, ал турсун өтө жөнөкөй. Атайын философиялык билими бар адистер ар кандай теорияларга салып, түркүн-түс эрежелерге негиздеп, анан жыйынтыгында келип адам өмүрү ар качан, тынымсыз кыймыл-аракетте болорун, шол тынымсыз кыймыл-аракети аркылуу өзүнүн субстанционалдык финалын көздөй жүрүп олтурарын далилдеп берүүчү ой чабытын акын, көрүнүп тургандай, көркөм сүрөттөөнүн (“Агарып таңдын атканы// Кызарып күндүн батканы”) күчү менен, салыштырма баяндоонун кудурети аркылуу (“Эки келбес өмүрдүн // Эсеп чотун какканы”) эң сонун кылып жөнөкөй, бирок, поэзиянын тили менен айтып бере алган.

Көркөм сөздүн күчү менен айтылган мындай терең маанилүү философиялык ой-толгоолор, философиялык жыйынтык ойлор бул термеде кыйла эле бар. Албетте, бул көрүнүш Р.Шүкүрбековдун көркөм талантынын кудуретинен гана эмес акыл-парасатынын бийик деңгээлинен да кабар берип турат. Ал эми бул эки сапат сейрек гана сүрөткерлерде мамыр-жумур болуп жуурулуша берилет эмеспи.

Р.Шүкүрбеков сөздүн чыныгы маанисиндеги залкар таланттардын баарысы сыяктуу эле өз мезгилинин, өз заманынын нукура жарчысы болгон. Чакан-чакан майда лирикалык ырларынан тартып, чекеге черткендей курч сатираларына чейин өз мезгилинин көйгөйлүү проблемаларын тигил же бул деңгээлде козгоп, ар качан заманбап маселелерди окурман алдына коюп келиптир. Бул да болсо чыныгы таланттардын энчисине туш келчү шыбага окшобойбу.

Замандан көркү азыркы,

Кандай айтсак жарашат, – дейт (144-бет)

акын агынан жарыла чын ниетинен. Анткени, азыркы, б.а. акын жашап жаткан замандан көркү таптакыр башкача, мурдагыларга окшобогон жаңыча эле. Мурдагы доор, патриархалдык-феодалдык мезгил азап-тозогу ашкан заман болчу. Ошондуктан

Эстесек өткөн күндөрдү,

Азаптын жолу чубалып.

Көлөкөлүү көр заман,

Көз жетпеген мунарык. (145-бет)

Теңсиздик тегиз каптаган ал мезгил ырасында эле “көлөкөлүү заман” эле, күн бети көрүнбөгөн караңгы заман эле, ошол караңгылыгынан улам азаптуу заман эле. Муң-кайгыга толгон көйгөйлүү заман эле. “Көлөкөлүү” деген эле бир сөз аркылуу акын өзгөчө көп маанилүүлүккө жетишип, акындык ойдун экспрессивдүүлүгүнө, сыйымдуулугуна жетише алган. Баарынан да ошол ой учугун андан ары улап, дагы да болсо эң сонун табылган салыштыруу аркылуу өткөн заман жөнүндөгү оюн конструктивдүү жыйынтыктай алган. Көлөкөлүү ошол заман

Кышкы суук тумандай,

Алыста калды тунарып. (145-бет)

Өткөн замандын кыска, бирок, нуска тартылган көркөм элесинен соң акын жашаган мезгилдин картинасы бизге андан бетер так, андан бетер даана көрүнөт. Өз заманынын өрнөгүн, жыргалы менен сайранын айтуу үчүн акын ал замандын урунттуу өзүмдүк атрибуттарын да кеп жүрүшүнө аралаштырып көркөм баяндап жүрүп олтурат. Жогорудагы мисалдардын биринен акын жашаган замандагы жадагалса кара жердин да “ракет болуп атылып” чыкканына күбө болгонбуз. Ошону менен бирге акын жашаган заманда

Эс алууга жайы, кыш,

Курортторго барасың.

Андан ары акын бул замандагы ургалдуу кыргыз турмушунун жандуу ритмин, жашоонун күрө тамырынын согушунун дал өзүн момундайча көз алдыбызга тартып берет:

Уул, кызы кыргыздын,

Убайын көрдүң турмуштун.

Сан жетпеген курулуш,

Сары өзөн Чүйгө тургуздуң.

—————————————-

Тянь-Шань ичи жымыңдап,

Күндүзгүдөй жаркырайт.

Капчыгайда паравоз,

Кирген суудай шаркырайт.

Кызылча менен пахтанын,

Алтындан артык баркын айт.

Моторго минген жабыла

Азыркы кыргыз салтын айт. (145-бет)

Кыргыз жерине ушундай нукура “жаңы сайманы” (Ж.Турусбеков) кештелеп токуган адал эмгектин аркасында

Уул, кызы кыргыздын

Мамлекетин башкарды.

Адал эмгек менен Жер Эне, жогоруда айтылып өткөндөй, акындын бул термесинде өзгөчө бир эриш-аркакта берилген.

Ааламга чырак жаккандай,

Агарып күндө таң атат.

Үй, үйдөн чыгып сансыз эл,

Ылдамдап басып баратат.

Кыжы, кыйма киришип

Кайнаган эмгек карасаң (143-бет).

Ошентип, агарып аткан таң менен кошо күжүлдөп эмгек да башталат. Анан калса акын өзү да тике эле:

Ардактап ырдайм жаштарды,

Айрыкча иштеп жатканды – дейт.

Ушуга удаа эле:

Эпсиз сөздү көп айтпай,

Эмгегиң менен жаркылда (143-бет)

Эмгекчиге бар заман,

Эмгексизге тар заман,-деген (140бет) нуска кебин да узатат.

Эмгектин бийик пафос менен поэтизациялоосунан кийин:

Эмгексизге орун жок,

Жер, сууну булгап турушка, – деген (138-бет) ураанын таштайт акын. Андан ары күрдөөлдүү эмгекке чулганган бул замандын тескери көрүнүшү болгон «эмгексиздин» адамдык натурасын, ички жан дүйнөсүн, жадагалса жүрүм-турумуна чейин бүт чып-чыргасын коротпой болгон дасмиясы менен окурман колуна салып берет. Алгач эмгексиздерге, б.а. “алма быш, оозума түш” деп жатып ичер жалкоолорго карата:

Качсаң кара жумуштан,

Кагыласың ырыстан. 9142-бет)

Эл чөнтөгүн аңдыба,

Жерде сенин аласаң – деген (141-бет) бир катар накыл кептерин багыштайт да, анан ошондой жалкоолордун типтештирилген көркөм образын жаратат.

“Жер жөнүндө термеде” Р.Шүкүрбеков жараткан жатып ичер жалкоонун жалпылаштырылган типтүү образы акындын нукура сүрөткерлик ийгилиги болуп эсептелет десек чындык сөздөн анчалык деле алыстабаган болобуз. Албетте, жатып ичер жалкоонун акын тарабынан түзүлгөн бул типтүү образын чогуу окуп көргөнүбүз дурус. Бул үчүн узунураак болсо да шилтемени толук келтиргенибиз максатка ылайыктуу.

Кээ бир, кээ бир жаштар бар,

Качат жумуш кылыштан.

Атасынын мойнуна,

Аттай токуп минген бар.

Энесинин жонунан

Эмгиче түшпөй жүргөн бар.

Эки тыйын таппастан,

Эптүү сонун күлгөн бар.

Эптеп-септеп жан багат,

Эл ичинде сандалат.

Жээк-жааттарын жадатып,

Эски шымын кармалап,

Жездесин аңдыйт базардан,

Чөнтөккө колун далдалап.

Аял алса иштебейт,

Аяшта кантип жан калат.

Туш болдум буга кайдан деп,

Сулуу кыз оозун карманат.

Акыл айтсаң сөгүнөт,

Агайинден бөлүнөт.

Обу жок актив болом деп

Айлына жаман көрүнөт

Коюн-кончу бүт арыз,

Районго теминет.

Көчүрмөсү көбөйүп,

Москвага чейин берилет.

Кыйратам эми муну деп,

Үй ичине керилет.

Чыр чыккан жерди көргөндө,

Чын күлүктөй элирет.

Тынч жүрсө азат шапайып,

Чыркырашса семирет.

 

Көйрөң келет өздөрү,

Көрөгөч келет көздөрү.

Алгыр келет өздөрү,

Ачуу болот сөздөрү.

Үмүт үзүп өзүнөн,

Аңдып калган өзгөнү.

 

Сулуу болот көздөрү,

Сугалак келет өздөрү.

Таарына сүйлөйт ар качан,

Иште деп бекем кармасаң.

Уганак болот кулагы,

Өтөт, кетет убагы.

Өңгүрөп кеткен өмүрдүн,

Өзүнө болсун убалы. (142-143-беттер).

Бул жерде, адабиятчылар айтып жүрүшкөндөй, ар кандай комментарий артыкбаш нерсе болуп эсептелет. Жердин көркүн эмгек гана чыгарарын, эмгексиз, жалкоо адам Жерден алчу ырыскыдан кур каларын, ырыскыдан кур калган адам жолсуз, бактысыз болорун, мындай адамдар эмгекчи эл үчүн артыкбаш түйшүк, коом денесине чыккан чыйкан экендигин жалкоонун акын тарткан бул көркөм элеси өзгөчө так, даана көз алдыбызга тартып берди. Мына ошентип, Жер Эне жана эмгек карым-катышын акын аркандай поэтикалык ыкмалар, ийгиликтүү табылган типтүү көрүнүштөр аркылуу эң сонун көрсөтүп берди.

Арийне, акындын бул термеси Жер Эне тууралуу жазылган Гимн сыяктуу окулат. Дегеле “Былк этпеген кара жер // Канча жан жүрсө тебелеп”. Ал турсун:

Оору айыккан дары чөп,

Абага өнбөй жерде өнөт.

Баарынан да моюнга албай коюуга болбой турган ачуу чындык мобул эмеспи:

Жан-жаныбар бүт тегиз,

Жерде жашап, жерде өлөт.

Өлүү, тирүү баарына,

Өсүп, өнгөн жер керек. (139-бет).

Түпкүлүгүндө келип

Энеси болуп тууган жер

Асырайт адам баласын.

Р.Шүкүрбековдун Жер Эне жөнүндөгү бул Гимнинин кульминациялык чекити, акындык ойдун кивитэссенциясы болуп, арийне, мобул саптар эсептелет демекчибиз:

Жердин жүзү керемет,

Жер эмгегин эл эмет.

Ырас айтат калың журт,

Туулган жерин эне деп. (138-139-беттер).

Энеси болуп тууган жер,

Асырайт адам баласын. (139-бет).

Адамзат пенденин

Жерден башка кими бар. (141-бет)

Зирек акылга байкалып тургандай “эмнеси бар” эмес кими бар. Албетте, таланттуу акын бул сөз айкашына бөтөнчө бир маани сыйдырып, адаттан тыш ойду айтып жатканы өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Жыйынтыктап айтканда, Р.Шүкүрбековдун «Жер жөнүндө терме» деп аталган бул көркөм туундусу акындын талантынын бийик деңгээлинен, акыл-парасатынын тунуктугунан кабар берүү менен бирге сөз болуп жаткан жанрдагы акындын өзүнүн гана жеке ийгилиги эмес бүтүндөй улуттук поэзиябыздын айдыңында да көзгө толумдуу чыгармалардын бири болуп эсептелет.

Барпы. Чыгармалар. Биринчи том. – Б.: КЭнин башкы редакциясы, 1995. –29-бет.

Даутов К. Албан акын кырдуу алп акындын дүйнөсү. – Б. «Басма-тамга»,2003. –53-бет.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор