Баратбай Аракеевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз

Кыргыз адабияты жана журналистикасы оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында дүйнө салды.

Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн.

Б.Аракеев жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген. Ошол жылдардан тартып кыргыз журналистикасына аралашып, Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы телеканалда бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”, “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий — драмалык” редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюсери) болуп 5 жыл эмгектенген.

1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов, М.Сабыров, К.Оторбаев ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Аракеевдин калемине таандык криминал, сүйүү, детектив жанрындагы повесттери да гезитке сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып турган.

2009-жылдан тарта: “Форум”, “Эл сөзү”, “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция, маданият багытындагы курч темаларды “Абал ушул” жана “Кадам ушул” деген темалар менен жазып келген.

Баратбай Аракеевдин жазуучу катары тааныткан алгачкы повесттери, аӊгемелери союз тараганча эле чыгып баштаган. Андан бери: “Кайрылчы өмүр”, “Чаӊдагы гүл”, “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол”, «Боронбайдын көр дүйнө» ж.б. аталыштагы китептердин автору болду.

Анын калемине таандык “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгөч” аттуу кино тарткан.

Кыргыздын чыгаан уулу Баратбай Аракеев бүгүн – 13-апрелде өз айылында акыркы сапарга узатылат.

Жазуучунун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

КРУЖС Башкармалыгы