Эл аралык түрк академиясы “Улуу талаанын улуу мурасы” аттуу эл аралык III форумун өткөрдү

27-28-29-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Талды-Коргон облусунда “Улуу талаанын улуу мурасы” аттуу кыргыз-казак окумуштууларынын катышуусунда эл аралык III форуму болуп өттү. Залкар жазуучу М.Ауэзовдун дүйнөдөн кайткан күнүнө карай Алматы шаарында анын үй музейине барып, эстелигине гүл коюп, эскерүү менен башталган форум Талды-Коргондо Манас эпосу жана манас эпосун алгачкылардан болуп жазып алган окумуштуу Ч.Валихановго арналган илимий-практикалык конференция менен уланды. Андан соң Кер-Булак районунда Ч.Валихановдун күмбөзүнө зыярат кылып, куран окутулуп, манасчылардын фестивалы болуп өттү. Бул форумга КР Президентинин кеңешчиси С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, манасчылар Н.Сейдракманов, З.Баялиев, Р.Исаков, окумуштуулар С.Кайыпов, Ч.Орозобекова ж.б. акын-жазуучу, окумуштуулар катышты.