Фернандо Рендон: Тынч жашоону каалаган эрк, бороон-чапкынды да жеңет.

Фернандо Рендон

(Колумбия)

Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) негиздөөчүлөрүнөн жана Координациялоо Комитетинин мүчөсү.

Колумбиялык белгилүү акын. 20 ыр жыйнактын автору жана ырлары көптөгөн эл аралык антологияларга да жарыяланган. Белгилүү китептери: “Антитарых”, “Марс талаасындагы ыр”, “Башка Күндүн астында”, “Лосось мотивдери”, “Сонун суроо”, “Кызыл талдын ыры”, “Байыркы таш бетине жазылган келечек”. Чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кытай, Бангладеш, Тажикстан, Вьетнам, Түштүк Африка, Египет, Италия, Румыния, Албания, Куба өлкөлөрүнүн эл аралык адабий сыйлыктарына ээ болгон акын.

Ал негиздеп түптөгөн “Прометей” поэзия журналы Латын америкасында көп жылдардан бери чыгып келе жаткан эл аралык эң белгилүү журнал.

1991-жылдан бери өзү туулуп-өсүп жана жашаган Медельин шаарында Эл аралык поэзия фестивалын ачып, жыл сайын аны уюштуруп өткөрүп келет. Бүгүнкү күндө, ал – дүйнөдөгү эң чоң фестивалга айланган. Өзөгүнө гуманисттик идеяларды камтыган бул Дүйнөлүк Поэзия Фестивалы жыл сайын дүйнөнүн туш тарабынан, 170 өлкөдөн жүздөгөн тандамал акындарды, 160 миң көрүүчүлөрдү өзүнө чогултат.

1993-жылдан бери “Прометейдин коллекциясы” деген ат менен бул

фестивалга келген акындардын 15 томдук поэзия жыйнагын чыгарган. 1996- жылы Антиокия университетинде “Медельин поэзия мектебин” ачкан.

Поэзия боюнча документалдык фильмдердин сериясын тарткан.

 

Тарыхка каршы

Суучулдардын кулактарын бекем бүтөп Одиссей

өзүн дагы чынжыр менен байлабаса мачтага,

 

ажайып бир эсти алган сырдуу ырларды ырдай

өзүн күткөн айымдарга азгырылмак да, турбай,

 

бузуп кирип дарбазасын ошол падышалыктын

дүйнөнүн төрт тарабына жармак жаңы сүйүү ырын,

 

түшүбүздө гана төрөп калмакпыз биз пенделер,

көрүнбөгөн жоокерлердин мектебин ачып бекер,

 

тирандардын эң таш боору таппайт кайда качаарын,

дүңгүрөтө кагылганда жаңысы добулбастын,

 

сокурлардын, дүлөйлөрдүн жок нерсеси кайрылмак,

шыпаа берип күн да, шамал каалаганча тартуулап,

 

бирөө-жарым эски чума токоюн эмдеп жеринен,

сезип-туюу ыкмалары табылмак бардык кеңдиктен.

 

Эх, Троя, кубаланган өзүнөн,

даанышмандарың катуу уят болгондугун ойлоном,

жаалданат кумдуу куюн, деңиз жээгиң бойлогон!

 

Энкидунун айтканы

О, кроманьондор, сакталдыңар биздин көңдөй мезгилге чейин,

жалгыз гана чопо таблицасында калбай хеттердин,

жашайсыңар мурдагыдай рухунда чөптөрдүн.

 

Азыр адамдар да, жаныбарлар да башын каткан капаска.

Бөлүп-бөлүп ажыратып, кылтактарын кырчыгыла.

Аңдарын толтургула. Аңчылардын буктурмасын бузгула,

ок-дарысын нымдап, кан болгон канжарларын мокоткула.

 

Үйүр-үйүр жаныбарлар, куштар менен өзөн суусун ичкиле,

байыркы бир мезгил башатын кайрадан салып эске

аваз үндү базарларда, талааларда созолонтуп бергиле.

 

Мурдагыдай теңдешсиз аталгыла, өзгөчө бир өлкөдө –

Урук деген, эч ким эзбеген. Чектөөлөрдөн аттап өтө,

көздөрүңдө жансын жаратмандык, эркиндик сүйгөн,

жер энергиясын, асман кубатын өзүндө алып жүргөн.

 

Нао

Айсбергдер тобу менен сууда кагышкан,

банты чечилген кеме устаканада,

кайдандыр чыккан

мезгил кемеси алга жылууда.

 

Даңктап ырдайм капитанды

анын укмуш жадыраган көздөрүн,

чочулаган саякатчыларды,

деңизде сүзүү – эмес туризм.

 

Кандай гана бир ышкыртат элеңиз,

борт капталы калың музду сүзгөндө,

жайкы аптап турганында күчүндө?

 

Кеме үстүндө чагылганды мактаймын,

чагылткан бүт кубарыңкы өңдөрүн

экипажда ардагерлердин.

 

Даңктаймын аскаларды суу астында.

Ызы-чууну порттогу радио үнү басса,

оң жак бортто мөндүр тополоң салууда.

 

Суу түбүндө кыялдар

өөрчүгөн коркунучту алып салар.

 

Тынч жашоону каалаган эрк

бороон-чапкынды да жеңет.

 

Кудайлардай жүзү нур чачкан

Басып өттүк узак жолдун далайын.

Жакындаттык Дүйнө Чатырын.

Дүйнөдө ал – бийик жери тагдырдын,

бедизчи Сьерра Неваданын

бейнелер тобунун чокусу сыңарын,

калчылдашкан жаалында океандын.

Ал чокуда адам пенде тура албайт,

туңгуюкка кулайт, болбойт карманган.

Ким токтотот келсе эгер акыр заман?

Чокуда элек күн ордунан жылбаган.

Планеталар тең салмагын байкаган.

Дүйнө бүткөн жерден биз да көрө алдык

бозбөлтөгүн тарыхтын, географиясын

кеткен-житкен кылымдардын,

таттуу Жерди мейкиндери суктанткан,

чын сүйүүнү, кудайлардай жүзү нур чачкан…

 

Көздөгөн жер

Жаралуу куш ырын тыңшайлы.

Көк бетинде көрктүү кызыл канаттары

алтынданат, канындай, чөп үстүнө куюлган бу.

 

Жеми үстүнөн айланган көрдүң беле шумкарды.

Жаратына жакындап, тырмактарын матырат,

көрктүү куш да ажалды издейт, капыс тартпоого азап,

бирин-бири былк эттирбей кармап турат.

 

Бирок, үзөөр кезде ар себептин артын, унутпа,

поэзия колу менен сылап өтөт жапан кушту да,

кулаарда жөлөп, ажалды бутка тээп, анткени сүйүү да

жетти көздөгөнүнө, кыяматты жар салууда.

 

Согуш

Качан болсо табыла берет себебиң.

 

Кылычыңды суурурда,

колдогон периштесиң.

 

Сууруган соң,

жан алгыч азезилсиң.

 

Зоопарк

Келечек жашыл курттай жылып келет,

кубаныч коштобогон.

Өткөн кез – уйкуга чөмөт,

азыраак кыялдары коңурук окшогон.

А үмүт – ак үкүдөй,

умтулуум – аппак жейрен

ханышанын дөбөттөрү талап үргөн.

 

Бул зоопаркта – шаар капас,

ар эшикте кулпулары илинген,

ар терезе дат баскан кулпуга пас,

темир торлор жана көзчөлөр менен.

 

Ар бурчтарда маймылдар,

туугандыгы Дарвин менен жок дешет,

ашыктыкка өкүнгөн кабыландар

түнкү каректери от болуп күйөт,

крокодилдер көз жашын төгөт,

обору ач удавтар

епископтор менен банкирдей,

поэзия гүлдөрүндө тотукуштар,

эстен тая, өңдөн кеткенкүндүзгү арстандар

жанында күлүмүш этет шакалдар.

Иероглифке окшош эркектер

жолборстукундай жалы бар, кадырлуулар,

көздөрүнө тике карашар

жаныбарлардын,

кишенделип туткунда жаткандардын.

 

Чоңойгондо, сен да бизге,

капастарды ачканга жардам бер ээ.

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу