Рати Саксена: Жөргөмүштүн эстетикасы

Рати Саксена (Индия) Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын (WPM) Азия континенти боюнча координатору. Рати Саксена – индиялык белгилүү акын, котормочу жана редактор, веда адабияты менен байыркы адабияттын академиялык изилдөөчүсү. Керала штатында жашап, хинди тилинде 5, англис тилинде 4 ыр жыйнагы чыккан. 20 чакты котормо китептери жарык көргөн. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн белгилүү тилдерине которулган. 35тен ашык Эл аралык фестивалдарга катышкан. Жакынкы жылда чыккан эң маанилүү китеби: “Муштум жазылганда” – байыртан берки поэтикалык терапияны азыркы учурда жана келечекте кантип колдонуу керектигин талкуулайт. Бир нече абройлуу сыйлыктардын ээси. Критьяда эки тилдүү журнал ачкан, Критья поэтикалык фестивалынын жана Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын Азия боюнча жетекчиси. Жөргөмүштүн эстетикасы толугу менен…..

Фернандо Рендон: Тынч жашоону каалаган эрк, бороон-чапкынды да жеңет.

Фернандо Рендон (Колумбия) Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) негиздөөчүлөрүнөн жана Координациялоо Комитетинин мүчөсү. Колумбиялык белгилүү акын. 20 ыр жыйнактын автору жана ырлары көптөгөн эл аралык антологияларга да жарыяланган. Белгилүү китептери: “Антитарых”, “Марс талаасындагы ыр”, “Башка Күндүн астында”, “Лосось мотивдери”, “Сонун суроо”, “Кызыл талдын ыры”, “Байыркы таш бетине жазылган келечек”. Чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кытай, Бангладеш, Тажикстан, Вьетнам, Түштүк Африка, Египет, Италия, Румыния, Албания, Куба өлкөлөрүнүн эл аралык адабий сыйлыктарына ээ болгон акын. Ал негиздеп түптөгөн “Прометей” поэзия журналы Латын америкасында көп жылдардан бери чыгып келе жаткан эл аралык эң белгилүү толугу менен…..