Фернандо Рендон: Тынч жашоону каалаган эрк, бороон-чапкынды да жеңет.

Фернандо Рендон (Колумбия) Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) негиздөөчүлөрүнөн жана Координациялоо Комитетинин мүчөсү. Колумбиялык белгилүү акын. 20 ыр жыйнактын автору жана ырлары көптөгөн эл аралык антологияларга да жарыяланган. Белгилүү китептери: “Антитарых”, “Марс талаасындагы ыр”, “Башка Күндүн астында”, “Лосось мотивдери”, “Сонун суроо”, “Кызыл талдын ыры”, “Байыркы таш бетине жазылган келечек”. Чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулган. Кытай, Бангладеш, Тажикстан, Вьетнам, Түштүк Африка, Египет, Италия, Румыния, Албания, Куба өлкөлөрүнүн эл аралык адабий сыйлыктарына ээ болгон акын. Ал негиздеп түптөгөн “Прометей” поэзия журналы Латын америкасында көп жылдардан бери чыгып келе жаткан эл аралык эң белгилүү толугу менен…..