Абдыжапар Эгембердиев: “Чоң атам көл өрөөнүнө белгилүү касиеттүү табып болгон”

Кыргыз Республикасынын эл акыны Абдыжапар Эгембердиев менен маек

“Жылдызы жанып турган аялзаттарга ашык болдум…”

-Абдыжапар Эгембердиев деген ысым “Тумарым” аттуу белгилүү ыр менен байланыштырылып жүрөт. Бул ыр кайсы курагыңызда жаралды эле, таржымалын айтып өтсөңүз?

-Эрнест Хемингуэйдин “Өмүр бул өткөн күндөр эмес, эсте калган учурлар” деп айтканы бар эмеспи. Илгери биздин айылыбыз Токтояндагы мектеп сегиз жылдык эле. Сегизинчини бүткөн балдар тегеректеги жакыныраак мектептерге барып окуусун улантчу. Мен Каракол шаарындагы Киров атындагы мектептен окуп калдым. Классыбызда көбүнчө эле шаардык балдар экен. Алар менден кийген кийими, жүргөн-турганы менен айырмаланып турат. Мен айылдан келген кара тоголок, чач койгонду, бийлегенди билбеген, тартынчаак бала элем. Байкасам, баарынын сүйлөшкөн кыздары бар экен. Аларды көрүп мен да ойлоно баштадым.

8-класста окуган бир кыз жакшы көрүндү. Сураштырсам аты Тумар экен. Ага жолугуп сөз айтайын дейм, батына албайм. Анан “Тумарым” деп ыр жазып, жаныбыздагы шаардык гезиттин редакциясына берип кеттим. Гезитке чыкса окуп калар деген ой да. Арадан эки-үч ай убакыт өтүп, гезитке чыкпаган соң үмүт деле үзүлө баштаган. Бир күнү Алымбек Коробаев деген обончу чакыртып ийиптир. Ал “Ак чардак”, “Алтын шакек”, “Гитара” деген ырлары чыгып, элге белгилүү боло баштаган. Редакцияга барса, менин ырым кандайдыр колуна тийип калыптыр.

Обон чыгарганын айтып, ырдап берди. Дароо эле шаардагы музыкалык студияга барып жаздырдык. Сөзү менен обондун авторлору аталып, “Тумарым” жергиликтүү радиодон кете баштады. Эртеси мектепке барсам, мени башкача карап калышыптыр. “Жашабай жатып сүйүүнү эмне кыласың, сабагыңды оку!”- деген агайлар, эжелер да болду. Бирок, ыр эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Элүү жыл бою ооздон түшпөй, орус, казак, өзбек тилдеринде да ырдалып келатат. Мен ага чейин адабий китептерди казып окуганым менен ыр жазып көргөн эмесмин. Мага тийгизген пайдасы – чыгармачылык жолум ушул ыр менен башталып кетти.

-Өзүнө арналган ырды Тумар кыз кандай кабыл алды болду экен?

-Кыз менен сүйлөшкөн деле жокмун, бир-эки жолу киного алып бардым. Баягы эле уяң мүнөзүм тоскоол болду окшойт. Кийин мен филфакта окуп жатканда, экономика факультетине келип өттү. Анда деле бир жолу киного бардык. Көп өтпөй өзүнүн эле тууганы ала качып кетти. Ошондон бери кабарым жок.

-2013-жылы жарыкка чыккан “Толкундар жээкке келишет” деген китебиңизде акын болуп калышыма чоң атамдын таасири тийди деген экенсиз?

-Буга чейин ар кандай кечелерде, жолугушууларда “Кайдан акын болуп калдыңыз?” деген суроону көп жолу беришти. Иликтеп көрсөм, кийинки аталарымдан акын деле чыкпаган көрүнөт. Чоң атам Эгемберди Сыргатай уулу абдан касиеттүү киши эле. Дүйнөдөн кайтканынан бери көп жылдар өтсө да, көлдүктөр ушул күнгө чейин унутушкан жок.

Чоң атам, биринчиден, Касыйда окуган чоң молдо болчу. Касыйда менимче дубанын жеткен чеги го. Дубанын күчү менен ачык турган күндү жаадырып, идиштеги сууну кайнатып, ооруган адамдын качан айыгарын, эгер айыкпаса ичер суусу түгөнөр маалын саат, мүнөтүнө чейин айтып койгон.

Бир жолу кошуна айылдан келген жигиттер “Молдоке, баланча аксакал оор абалда жатат, ыйман угузуп бербесеңиз болбой калды”, – деп кайрылышты. Кычыраган кыш, эл жатар маал болчу. “Балдар, мен улгайып калган адаммын, кыш-күрөөдө түндөп жол жүрө албайм. Эртең менен барып угузуп берейин. Муну алып барып керегеге илип койгула”, – деп атам камчысын дубалап, алардан берип жиберди. Эртеси барып ыйман угузганга чейин тигил аксакал кармалып турганын туугандары кийин көпкө чейин айтып жүрүштү.

Экинчиден, чоң атам чөптүн тилин билген чоң табып болгон. Тоолордон ар кандай чөптөрдү чогултуп, дары жасап, ошону менен догдурдан мал болбойт деп чыгарып салган көп адамдарды айыктырып, өчкөн отун тамызган. Баш калаадан медицина боюнча илимдин кандидаты, доктору болом деген адамдар келип, кеп-кеңеш алган учурларын мен өзүм көрүп жүрдүм. Үчүнчүдөн, чоң атам сөздүн өзгөчө чебери эле. Уламыштарды, болумуштарды, санжыра-санат кептерди төгүлтүп айтканда эрип укпаган адам болгон эмес. Молдокемдин кебин угабыз деп көлдүн өйүз-бүйүзүнөн келгендер конуп-түнөп, атамдын бирде кирген дайрадай толуп-ташып, бирде кечки деңиздей көөлгүгөн үнү ой-санаабызды алда кайда алып кетчү. Мен анын колтугуна чөкчөйүп отуруп алып, ага-эжелерим кандай жумуш айтса да көнбөй, куюлушкан сөздөрдү көкүрөгүмө куюп, көңүлүмө уютуп отурчумун. Мүмкүн акындыктын үрөнү ошондо себилгендир.

-Өзүңүздүн атаңыз 43 жыл мугалим болуп иштеген адам экен. “Алма шагынан алыс түшпөйт” дегендей, сиздин тарбияңызга, кесип тандооңузга, чыгармачылык ийгиликтериңизге тийгизген таасири чоң болсо керек?

-Атам мектепте тарых сабагынан берип, бир нече жыл чарбада парткомиссиянын төрагасы болуп иштеген. Абдан таза, калыс, турмушка терең караган адам болчу. Жума сайын райкомго, райондук билим берүү бөлүмүнө чакыртылып, “атаңыздын молдолугун, табыпчылыгын тыйыңыз, болбосо партиянын катарынан чыгыңыз” деп талап кыла беришкенинен, катуу чайналышты. Өмүр бою оозуна ичимдик албай өттү. Канча куда күттү, канча конок-карага барды, дайым “менин ден соолугум начар, кыйнабай эле койсоңуздар” деп койчу. Бирок, бир да жолу ден соолугу болбой ооруканага жаткан эмес. Кийин ойлосом, биртике айлыгымды үй-бүлөгө, балдарга жеткирейин деп эле ичкилик ичпей калыптыр. Менин, башка бир туугандарымдын кесип тандоосуна катуу карады. “Чыгармачылыкка жөндөмүң бар, филфакка киришиң керек” дегенинен, мен филология факультетинен окуп калдым. Ырларым гезитке чыкканда аны кыркып алып, чогултуп жүргөнүн байкап калып жүрдүм.

-Уулум, стипендияга жеткендей болуп жакшы оку. Биз айлык акыны ар бир айдын 27-28деринде алабыз. Маңдайкы Санташ айылына барып салам, алардын почтасы так иштейт. Сен убара болбой, почтага айдын 30унда барып тур,- деди мен университетке окууга өткөндө. Бир туугандардан эки-үчөөбүз катар окугандыктан, атамдын айлыгын ар бирибизге үлөштүргөндө 30 сомдон тийчү. Мен беш жыл бою ар бир айдын 30унда почтага барып, бир да жолу атамдын “стипендиясын” албай калган учурум болгон эмес. Эмне деген тактык! Мурда да, кийин да эч кимдин балдарына жасаган мындай жоопкерчиликтүү мамилесин уккан жокмун. Дагы бир окуя эсимден чыкпай келатат. Беш жашта болсом керек эле. Атам экөөбүз кечкурун үйдүн түбүндө турганбыз. Энем бир чака картөшкө көтөрүп алдыбыздан өттү эле, атам бул эмне болгон картөшкө экенин сурап калды.

-Колхоздо бүгүн жыйым-терим бүттү,- деди энем.- Бригадир жакшы иштедиңер деп ар бирибизге бир чакадан картөшкө берди.

-Бригадирдин ал эмнеси? Минтип тарата берсе, чарбанын эмнеси калат? Ал көтөр, кайсы жерден алсаң, ошол жакка бас! – деп атам катуу ачууланды. Айылдын четиндеги бир таман жол менен баратабыз. Мен да кидиңдеп ээрчип алдым. Айылдан чыгып, дагы кыйла жүргөндөн кийин энем “ушул талаадан берди эле” деди. – Төк! – деп атам өкүм унчукту. – Мындан кийин эч нерсе албай жүргүн. Өзүбүздүн деле биртике картөшкөбүз турбайбы. Бизди көргөн балдар эмне болот! Бир чака картөшкө майда эле нерсе дечи. Бирок, атамдын ошондо айткан сөздөрү эсимден кетпей, өмүр бою менин турмуштук эрежем болуп калды. Кийин көп эле жетекчилик кызматтарда иштедим. “Ар кандай жумуш менен кайрылган адамдар болот, эч кимден эч нерсе албаш керек. Конок-караң келсе, мал үйдө деле турат” деп эскертип турчу эле. Мага эле эмес, балдарынын баарына талапты катуу койду. “Чөп башылабай, майнап чыгарып иштегиле” дечү. Бир жылдары мен Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып атсам, токтотуп койгон да учуру болду. Партиялык кызматы менен эле кетип, чыгармачылыгынан өксүбөсүн деп ойлогонун кийин түшүндүм.

-“Кабагыңдан нур чачырап,

күнүң Күн да көлөкөң Ай.

“Ымырт түндө төрөгөм” – деп,

көп айтчу элең, энекебай.

…Кабагыңдан нуруң жанбай,

Күнүң түн да, көлөкөң Ай.

“Ымырт түндө жоготком” – деп,

Кантип айтам, энекебай” деп күйүт менен жазган ырыңыз жана “Атамдын арман күүсү” аттуу окурмандын жүрөгүнө так салган поэмаңызды дагы окудум. Сизди бул жарык дүйнөгө алып келип, тарбиялаган эне жөнүндө айтып өтсөңүз?

-Мен августта төрөлсөм, энем августта дүйнөдөн кайтты. Ар кимге өзүнүн энеси жакшы болсо керек. Ал он баланы – тогуз эркек, бир кызды төрөгөн абдан мээримдүү, иштерман, чыдамкай, кең пейил, ага-туугандарды сыйлаган, жайыл дасторкон адам эле. Удаа төрөп эки баласы тең бешиктен чыкпаган учурду “кош бешик” деп коёт. Кош бешиктеп балдарды багып, токойдон чегедек чогултуп, эгин жыйымы бүткөндө саман көтөрүп келип от жагып тамак бышырып, чайын кайнатып… Деги жаны тынганын көргөн жокмун. Ата-энем оюма түшкөндө өкүнгөн учурларым көп болот. Апам 64үндө, атам 73 жашында дүйнөдөн өттү. Өзгөчө энем кыштын кычыраган чилдесинде саман жагып тамак бышырып, оор жумуштардын баарын жасап, ден соолугуна карабай жүрүп, өмүрү кыскараак болду. Түйшүктү көп тарткан менен биздин чайыбызды кенен-чонон ичип, сыйыбызды толук көргөн жок. Бир жылдары Бишкекте иштеп жүргөнүмдө айылга барып энем экөөбүз сүйлөшүп отурдук. Атабызга батына албай көп маселени энем аркылуу сүйлөшчү элек. “Эне, мага таарынбай туруңуздар, атам экөөңөрдү багайын дедим эле, бирок кызматымдан ары-бери которулуп, көчүп-конуп жүрүп, мүмкүнчүлүгүм жетпей жатат” десем “Сен ага такыр кейибе, эч ким деле ата-энесин жыргатып баккан эмес. Биз ата-энелер силерди карайбыз, силер балдарыңарды карайсыңар. Турмуш деген ошентип уланат. “Баланчанын баласы” дедиртип, жакшы аттуу кылып жүрсөңөр эле бизди бакканыңар ошо” деди. Жаш өйдөлөп калганына карабай “энем ушинтип айтты эле, мен ата-энемди жакшы аттуу кыла алдымбы” деп ушу азыр да көп учурда ойлоном… Ата-эне маселесине келгенде кийинки кездери абдан кыжаалатмын. “Карылар үйүнө өткөрүп ийиптир, колу да тийиптир” деген маалыматтар чыгып жатат. Бул деген маңкурттук. Турмуштун жазылбаган мыйзамы бар, сен аларга кандай мамиле кылсаң балаңдан ошону көрөсүң. Менин ата-энем ушу жашымда да көзүмдөн учат. Эки учурда аларды дайыма жоктоп келем. Башыма иш түшүп кыйналганда алар мага кандай акыл айтмак деген ой кылт этет… Экинчиси, жакшы тамак ичкенде “ата-энебиз да ушу даамды биз менен кошо сызса болбойт беле деп өкүнгөн учурларым болот. “Эл акындыгын” алганымда бир жагынан сүйүндүм, бир жагынан “мага багыт берген ошол асылдарым болду эле. Наам алганымды көрбөй калышты” деп ичимден сыздым…

-Кыргыз акындарынын алпы Омор Султанов сиздин устатыңыз болгонун өзүңүздөн укканым бар. Бир өрөөндөн чыгып, бир сууну ичишкен адамдардын баарынын эле бири-бири менен жылдызы келише бербесе керек? Сиздерди кандай күч, кандай себептер устат-шакирттикке жетеледи деп ойлойсуз?

-Чыгармачылыкта көп эле адамдар менен байланыштым, ошолордун ичинен эң жакыны Омор Султанов болду. Мурда ырларын окуп, сыймыктанып көлдүк агабыз экен деп жүргөн менен кеч жолуктум. Бир жылдары Бишкектеги “Мугалимдер гезити” менен “Учитель Кыргызстана” деген эки гезитке башкы редактор болуп барып калдым. Ал редакцияны беш жыл жетектедим. Ошо кезде Омор аба менен накта жакын болдум. Ал кезде Жазуучулар Союзунун катчысы болчу. Тилектеш Ишемкулов деген агабыз бар, ал “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору эле. Эгиз козудай ээрчишип ишемби, жекшемби күндөрү бири-бирибизден бөлүнө албай жүрчүбүз. Омор аба поэзия боюнча багыт бербегени менен өзүнүн адабиятка болгон мамилеси, жүрүм-туруму аркылуу устат катары чоң таасир этип калды. Чынын айтканда мүнөзү татаал болчу. Эч кимдин көңүлүнө карачу эмес. Көк жалдык жайы бар эле. Ар кандай жыйындарда министриби же андан чоң кызматтагыларбы, жакпаса “уятың жок, бу кызматка кокусунан келип калгансың, сен бир жан бактысың” деп дипломатиясы жок эле болгонун түз айтып койчу. Ошон үчүн бу киши душманды көп күттү. Элдин турмушуна, өлкөнүн абалына, коомдогу болуп жаткан оң-терс иштерге күйүп турган мекенчил акын эле. Дүйнөдөн кайтарынан мурдараак Токтогул сыйлыгы чечиле турган болуп калды. Сыйлыкка үч талапкер көрсөтүлүп жатканын угуп, “эгерде ушу жолу Омор Султановго берилбесе, улуттук адабиятыбызды сыйлабагандык болот” деп Президентке кат жаздым. Президент окуптур, бирок Омор абага да башка акын-жазуучуларга дагы берилген жок. Омор Султанов илгери эле алышы керек эле. Отуз жаштын тегерегинде жалпы Союзга белгилүү болуп калган Николай Вознесенский, Евгений Евтушенко, Белла Ахмадулина менен катарлаш чыгып, кыргыздын атын көп жерге таанытты. Расул Гамзатовду, Эдуард Межелайтисти, Пабло Неруданы, Габриэла Мистралды, Лермонтовду которду. Алардын поэзиядагы мыкты касиеттерин өздөштүрүп, гениалдуу акындардын чыгармачылык дүйнөсүнө аралашып, белгилүү өлчөмдө ошол деңгээлге чыга алды. Кезегинде “Омор Султанов тирүү классик” деп Кадыркул Даутов бекер айткан эмес. Омор Султанов акындык же жазуучулук, же котормочулук менен гана чектелген болсо дагы адабияттын тарыхында сөзсүз калмак. Бир башына бүткөн ушунчалык дөөлөттөр менен Омор акындын аты өчпөйт деп терең ишенем.

-Сиздин “Жакшы жаза алган, жазгым келе берген тема – бул сүйүү” деп айтканыңыз бар?..

-Омор аба экөөбүздү бир жагынан сүйүү темасында жазганыбыз дагы бириктирип тургандай болду. “Сен жөнүндө поэма” сүйүү гимни деп айтылып жүрөт. Сүйүүнү Омор Султановдон өткөрө жазган кыргыз акыны чыга элек. Өзү дагы “акыркы демим калганча сүйүүнү жазып өтөм” деп бир ырында айтып жатпайбы. Менин мурунку-кийинки ырларымдын баары эле лирика болуп калды. “Ушунча жашка чыгып алып эмне эле сүйүүнү жаза берет” дешеби деген ой да кетпей койбойт. Айрым “сүйдүм-күйдүм” деген ырларды баамдасаң, чыныгы тагдыр деле сезилбейт. Менде мындай түшүнүк бар, көкүрөгүңдө эмне болсо, сени эмне толгонууга салса ошону калемдин күүсүнө сал. Ким кандай ойлойт, кандай кабыл алат дегенде чыгармачылык мокой берет.

-Сизге сүйүү ырларын жаздырган аялзаттарынын образдарын кандай сүрөттөп айта аласыз?

-Мен жакшы көргөн аялзаттары бири-бирине жакын, окшош… Мүнөздөрү, көрүнүштөрү, жүрүм-турумдары, башкаларга мамилеси… Ашкан сулуу болбосо да жылдызы жанып турган аялдар бар. Мен өмүрүмдө ошондой жылдыздуу аялзаттарга ашык болдум го дейм.

-Отуз жашында арабыздан бөлүнгөн таланттуу обончу Калмурат Рыскулов дагы сиздин чыгармачылыгыңызга кайрылган эле. Бүгүнкү күндө “Күтүү” деген аталыштагы сөзүнө обону шай келген бул чыгарманы элибиздин белгилүү ырчылары Аскат Мусабеков, Кенже Көбөкова, Талант Сыдыковдор аткарып жүрүшөт. Калмурат ага сиздин чыгарманы кандайча тандап калганы жөнүндө укканыңыз барбы? Сизге жагабы бул обон?

-Калмуратты көргөнгө үлгүрбөй калдым. Менин ырымды кайдан алганын билбейм, угуп көрсөм оригиналдуу обон экен. Ылайыгы ошондой болгон окшойт, эки ырымдагы куплеттерди тандап алыптыр. Кийин бирөөлөрдөн угуп калдым, “дагы эки ырыңызга обон чыгарган болуш керек” деп кеп кылды. Калмуратты өмүрү кыска болуп калганын ар дайым өкүнүч менен эскерип келе жатам. “Күтүүнү” Калмураттын өзүнүн ырдаганы анан Аскат Мусабековдуку жагат.

-Ырчылар сизге байланышып, ырдын текстин жазган автор болгонуңуз үчүн урмат кылып, ыраазычылык айткан учурлары болобу?

-“Тумарымды” ырдап чыгарында Мирбек Атабеков: “байке, ушул ыр сиздики экен, мага ырдаганга уруксат бересизби?”деп телефон чалганынан “ырда, ыр деле элге жетип турганы жакшы” деп айткам.

-Сиздин өмүр таржымалыңызды окуп олтурсам, өмүр бою сөз дүйнөсүнө байланышкан жооптуу кызматтарды аркалап, ат үстүнөн түшпөй өмүр кечирипсиз. Ушул жооптуу кызматтар, андагы кызматкерлердин чөйрөсү менен поэзияны жараткан жан дүйнө тил табыша алат бекен?

-Партиянын эки обкомунда, эки райкомунда иштедим. Андан бери отуз жылдын ары-бериси басма сөз кызматында, негизинен жалаң эле жетекчилик кызматтарда болдум. Жетекчиликтин түйшүгү көп, ар кандай жамааттагылар менен тил табышып, милдетиңдин жүгүн толук көтөрүп, тиешелүү деңгээлде алып кетиштин өзү татаал. Ал үчүн дипломат, саясатчы, мыкты жазмакер дагы болушуң керек. Бирок пайдалуу жактары жетишерлик болду. Жерди-элди, турмушту тааныйсың, адамдарды ачасың. Россияда, Кытайда, Түркияда жана башка дагы бир топ өлкөлөрдө болдум. Көз карашыңды, өзүңдү байытууга чоң таасири бар.

-Борбордон, адабий чөйрөдөн алыс болгонуңузга бушайман болгон учурларыңыз болобу же муну элес албайсызбы?

-Көптөн бери калаада жашап, иштеген менен шаардык болуп кеткен жокпуз да. Мен айылда төрөлүп-өстүм. Биздин айылды Токтоян деп коёт. Кадимки “Манастагы” Көкөтөй хандын ашы өткөн, Каркыра жайлоосунун кире беришинде жайгашкан. Андан ары Хан-Теңир чокусу шаңкаят. Бала кездеги түтүн жыттуу айыл, ойногон жерлер, балык кармаган өзөн суулар, жылгындуу токойлор, кокту-колоттор, мал жайылган беттер, жапайы карагат, ышкын терген адырлар ушу күнгө чейин эстен кетпейт. Биз бала кезде кар эки кез жаап, “тү” деген түкүрүк жерге түшпөгөн суук эле. Анда чатырлуу үйлөр жок, балык жон болуп эскиче салынчу. Кар калың түшкөндүктөн үйдүн мору эле көрүнөт. Ошондой кыш күндөрү улуулардын: “баланчанын үй бүлөсү эшикке чыга албай, эки күн камалып жатыптыр, түкүнчө эшигин күрткү жаап калып, морунан чыгыптыр” деп кобурашып жаткандарын кулагыбыз чалчу эле. Бала кездеги айыл турмушу көкүрөгүбүзгө бекем сиңип калган. Ошон үчүн шаарга караганда айыл турмушу жаныма ынак. Акын адабий чөйрөгө жакын болобу, алыс болобу, баары бир акын да. Адабий чөйрөнүн алыстыгы мага анча деле таасир эткен жок көрүнөт.

-Чыгармачылык изденүүнүн кумары сиз үчүн кандай? Чоң калемгерлерди окуп изденесизби же дүйнөнү баамдап, сонуркап жан дүйнөңүзгө азык топтойсузбу? Акын өзүн-өзү кантип өнүктүрүп-өстүрүш керек сиздин оюңузча?

-Жеке эле өзүңдүн казаныңда кайнап, адабий кыймылдан четте калганда компасы жок кишидей болуп каласың го дейм. Ошон үчүн окуп таасирленип, керек болсо которуп, ал калемгердин чеберчилигин өздөштүрүш керек. Менин сүйүп окуган акындарым Уолт Уитмен, Назым Хикмет, Расул Гамзатов, Сергей Есенин, Анна Ахматова, Евгений Евтушенко, Мукагали Макатаев болду. Назым Хикметтин, Расул Гамзатовдун ырларынан да котордум. Акындар спортсмендерге окшош, жок дегенде бир сап, бир түрмөк болсо да жазып турбаса, формага келиш кыйын болот го.

-Ырларыңызды адабий сынчыларга сунуштап көргөнсүзбү, сиздин чыгармачылыкка кайрылгандар, пикир жазгандар барбы?

-Кесипкөй адабиятчы, сынчылардан пикир угуп турса калемгер өз деңгээлин түшүнөт. Бир нече жылдар мурун Салижан Жигитов, Качкынбай Артыкбаев, Камбаралы Бобулов, Кеңешбек Асаналиев, Кадыркул Даутов өңдүү чоң-чоң адабиятчылар, сынчылар бар эле. Булар жалпы адабияттын өсүп-өнүгүшүнө, анын ичинде жаңы чыккан чыгармаларга да учурунда баа берип, кеп-кеңештерин айтып, багыт берип турчу эле. Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Калык Ибраимов сыяктуу чоң адабиятчылар кеңири талдоолорду, мыкты макалаларды жарыялап турушту. Кийинчерээк адабият таануу, адабий сын басаңдап калды. Мен ырларым жөнүндө пикир угайын деп эч кимге кайрылган жокмун. Бирок учурунда бир нече макалалар чыккан болчу. И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин профессору Рахима Сыдыкова, филология илимдеринин доктору профессор Советбек Байгазиев, филология илимдеринин кандидаты Аскар Медетов чыгармачылыгыма кайрылды. Советбек Байгазиевдин “Элеттик акындын эргүүлөрү” деген аталыштагы макаласы “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланды. Жакынкы жылдары Аскар Медетов Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин үчөөбүздү “эл акындары” катары талдап жазган экен. Менин мындан 25-30 жыл мурда жазган үч-төрт ырымды алыптыр. Автор мен жөнүндө үстүртөн жазгандай сыяктанып калды. Булар адабиятчылык ыйык милдетти мойнуна алгандан кийин калыс пикирди карманышы керек. Азыр Жазуучулар Союзунда адабий сынды өнүктүрөлү, сын жазгандардын калем акысын чечип берели деген жакшы аракеттер башталып жатат. Муну мен дагы колдойм.

-Көпчүлүк адамдар улгаюудан коркуп, жактырбай кабыл алышат экен. Сиз кандай кабылдайсыз?

-“Көп жашагысы келген киши көп, карыгысы келген бир да киши жок” деген сөз чын. Габриэль Гарсиа Маркестин да бир сөзү бар, “жаш курагың сенин канча жашта экениңе эмес, сен аны кандай сезгениңе байланыштуу” дейт. Адамдар бирдей эмес, кээ бирөө отуз-кыркында эле баарына кайдыгер болуп “карып” калат. Жашы өйдөлөгөндөрдүн ичинде деле келечекке үмүттүү карап, демдүү жүргөндөр бар. Улгайган курак абдан чоң жоопкерчилик деп эсептейм. Өзүң үчүн эле эмес, кийинки муун үчүн да мааниң бар. Бернард Шоунун айткан сөзү эсимде: “Биз куш сыяктуу учканды, балык сыяктуу сууда сүзгөндү үйрөндүк, эми адам катары жашаганды үйрөнөрүбүз калды”, -деген. Кээ бирөөлөр адам болууга да үлгүрбөй өтүп кетип жатышат. Дайыма жаш болуп турсак кандай сонун болмок эле, бирок муну адам өзгөртө албайт да.

Маектешкен: Афина Бакирова