Рати Саксена: Жөргөмүштүн эстетикасы

Рати Саксена

(Индия)

Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын (WPM) Азия континенти боюнча координатору.

Рати Саксена – индиялык белгилүү акын, котормочу жана редактор, веда адабияты менен байыркы адабияттын академиялык изилдөөчүсү. Керала штатында жашап, хинди тилинде 5, англис тилинде 4 ыр жыйнагы чыккан. 20 чакты котормо китептери жарык көргөн. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн белгилүү тилдерине которулган. 35тен ашык Эл аралык фестивалдарга катышкан. Жакынкы жылда чыккан эң маанилүү китеби: “Муштум жазылганда” – байыртан берки поэтикалык терапияны азыркы учурда жана келечекте кантип колдонуу керектигин талкуулайт. Бир нече абройлуу сыйлыктардын ээси. Критьяда эки тилдүү журнал ачкан, Критья поэтикалык фестивалынын жана Дүйнөлүк поэтикалык кыймылдын Азия боюнча жетекчиси.

Жөргөмүштүн эстетикасы

Жөргөмүштүн ар желеси ар башка –

өзгөчө ыр.

Ар бир жиби,

алтын шилекейден куюла,

катар-катар аралыгын сактайт да,

көпөлөктөй көркөм шыгын тутууга

көрөт камылга.

Ар жибине ыргак берген бир башка.

Эгер желе, болсо дарак башында,

таңдын ууз нурунда

шүүдүрүмгө жаркырай,

көрүнөт Калидас*тын ырларындай.

Эгер желе,

болсо бөлмө бурчунда,

постмодерндей ажарлуу эмес,

көпөлөктүн чындыгын жуткула тез.

 

Жөргөмүштө сулуулукка туюм зор.

Жалтыраган, кара көпөлөктөр

анын табитине кооздук тартуулар.

Бирок, көпөлөктүн канаттары,

табити жоктун

көөнүн айнытар.

 

Жөргөмүштүн эстетикасы

адамдын көркөмдүктү туюу сезимине

чакырыктын өзү…

 

Рамкадагы сүрөттөр…

Мен өзүмдү

байкап келем дайыма

сүрөттөрдүн рамкасына сала,

дубалдарга жанаша

сырдаш болууга.

Мен өзүмдү

он сегизинчи кылымдагы

картинага салганы,

боёкторум эки гана түскө айланды,

жазбайм бир калыбымды,

кийген көйнөгүмдүн да

гүлдөрүнө көпөлөк конбой калды.

 

Ал мезгилди артка калтыра,

жыйырманчы кылым рамкасына

өткөнүмдө да;

капысынан түркүн-түстөр

бой урду мага

көөнө түсүмдү бастыра.

 

Дубалдарга достугум жок экен,

жолдорумда гана кездешкен бекем.

 

Фотосүрөттөр, күткүлө, эмесе,

рамкаңар боюма чак келгенче.

 

Тизмек

Бергилечи убакыттын тизмегин,

Кошпогула ага менин келерим.

 

Же бергиле убакыттын тизмегин,

Мен гана анда бар жерин.

 

Ошол эки учурдагы абалын

Манго коктейлиндей ичейин,

 

Келгенимди ичке катайын,

Өзүм сыртында эле калайын.

 

Реинкарнация

Мен генимди,

текшерүүгө койдум мына

мурда бир жаралган кезимди,

издеп баштап тарыхта.

 

Дирилдеди геним анда,

учпаганы үчүнбү –

көпөлөк да, куш да,

болбогонум көрүндү.

 

Геним жатат былк этпей,

жөрмөлөп да койбоду.

Демек, жаным сөөлжандай

сойлобогон бир жолу.

 

Кумурскалар, аарыларды

унуткула жомок баары,

кезекте не, мен өмүрү

эч билбеген бойдон калды.

 

Окшоштуруп көрдүм өзүмдү

үстөл, отургучтарга да.

Анан капыс көрүндү,

терезе болгон экеним анда –

ачык, кенен. Дүйнө ага

карап турган баш багып.

Жабык кезде көп түйшүк

ич каарыган муңайтып.

 

Чоңойтоюн терезени

полго чейин узартам,

андан эшик жасайм эми,

ачып сыртка чыга алган.

 

Тилдер

Оозум толду тилдерге,

сансыз түр-түспөлдөрдө

сөз айкаштары келе.

 

Болчу мурда жалгыз бирөө,

түндөсү уйкум бөлүшө,

жамынгам таңда үстүмө.

 

Түшүнбөйм кээде өзүмчө,

нерселер өсүмдүктөрчө

алойдой болуп көбөйсө,

башташабы бөлүп аны да,

эки, же үч, төрт бөлүккө.

 

Тилдердин көмөгү менен

түшүм да айтмакчы кебин,

табалбай күндөр эсебин,

кыялдар жоготту эсин,

ошончо тилдер ичинен

табалбайт окшоймун өзүм.

 

Ал добулбас какканда

Добулбасын колго алганда

деңиздин суусу да

баштагансыйт буулана.

 

Ал добулбас какканда

балбылдап учкан жылдыз да

боюн таштайт асманда.

Добулбас аваз салганда

жер айланбай токтогонсуйт

тыңшап, кулак сала.

 

Мындай учур сейрек өзү,

күн нуруна сүйүктүүсү

чачын оңдоп-түзөп туру.

 

Согуштан кийинки балдар

Крекер печеньядай сына берген

үндөрү бомбалардын оюнчуктай,

окторчу эшиктерге жабыша тийген

айнек шарлардай бийлейт тынбай,

жараттар гүлдөй ачыла,

кареги кан тамчылары да,

согуштан соң

балдар ажал жонунан

түштү куураган теридей шыпырылыша…

 

көөдөнүнүн тереңинде

коркуу дубалынын түбүндө

адамзат отурган бойдон уктоодо,

кысылган таштак өстөндө

ырайымсыздык чөптөй өсүүдө,

балалык капыс жоголот,

согушту балдар көргөндө.

Калидас* – байыркы Индостандын санскрит тилинде жазган алгачкы мыкты акыны жана драматургу.

Которгон: Алтынай Темирова,  акын, драматург, котормочу