Зинакан Пасаңова: Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта Белгилүү акын-жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова эженин кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Залкар талант Жолон Мамытовдун музасы, татыктуу жары жана акындын адабий казынасынын мураскору болуу милдети эженин жеке чыгармачылыгын арткы планга сүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок, оргуштаган талант менен чыгармачылык эргүү Меңди эжеге тынчтык бермек эмес. Көөдөндү ургулаган жаратмандык ышкы, турмуштун миң тамырынын сокконун туйган сезимталдык, сергек эс-акыл жана профессионал инсандардын ордосуна жаштайынан аралашып калуу тагдыры кыргыз адабиятына таланттуу калемгерди берди. Меңди Мамазаирова кыргыз окурмандарына 70-жылдары тааныла баштаса, ошол убакыттан бери көркөм сөз өнөрдүн жүгүн моюбай көтөрүп, калемгерлердин сап толугу менен…..