Насыпбек Асанбаев: Билим жана күч

Билим жана күч Илгери адамдар уруу-уруу болуп бөлүнүп, бири-бирин чаап, бири-биринин мал-мүлкүн талап турган тынчы жок заман болгон экен. Элдер ал кезде дайыма согушка даяр болуп, качан жоо келет деп сактанып жашашчу дешет. Шаарлар болсо азыркыдай ачык болбой, туш тарабынан дубалдар менен коргондолуп турчу. Мына ошондой шаарлардын бирөөсүнүн ханы бир күнү элине мындай жарлык чыгарат. -Эл-журт, балдарыңарга билим берүүнү, китеп окутууну токтоткула. Аларды жаштайынан машыктырып, булчуңдарын чыңдагыла. Себеби, китеп душманга каршы коргон болуп бербейт. Жоону жеңиш үчүн күч гана керек. Кимде-ким күнүгө машыкпаса, алсыз болсо жазага тартылат! Хандын бул жарлыгына толугу менен…..