Айбек Абдылдаев: Чоң энем күткөн жаз

Чоң энем күткөн жаз -Жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп ал, оо Кудай-таалам! Мына жазды көрдүм кайра, Күндү көрдүм! -Энем адатынча Кудай менен түз эфирин баштады! – деди менден улуу агам. Күн жылыганда биздин бүлөбүз үйдүн жанындагы чакан багыбызга төшөк салып, төгөрөнө олтуруп түшкү тамак ичебиз. Мен эс тарткандан бери ушундай, күн жаабаса бир аптадай түштөнүүбүз ушул жерде болот. Муну баары эле кылабы, же биздикилер эле салтка айлантып алганбы, анысын билбейм. Бакта үч-төрт түп өрүк, анан мырза теректер бар. Жазды энем өзгөчө тосуп алат. Чоң эне деп айтапайт биз тарапта, эне дейбиз. Энем толугу менен…..