Бейшебай Усубалиев: Бешик, же дил акыны

Бешик, же дил акыны (эссе) Азыркыларды билбейм, биз баарыбыз эле бешикте чоңойдук. Андыктан биздин үнүбүз чыкканда, апабыз чуркап келип, колун бешикке тийгизер замат, ушуну эле күтүп жаткансып тып басылган чыгарбыз, анан акырын жай терметип киргенде, магдырап уйкуга кеткендирбиз. Азыр мен ушинтип элестетем. Бирок рух бешигимди жакшы эле билем. Ал кичинекей кезимде бирде көзүмдү бакырайтып, бирде коркконумдан бүрүшүп уккан жомокторум, кийин өзүнчө эле бир ажайып дүйнөгө ээрчитип кеткен окуган китептерим эле. Ошол рух бешигимдин бири Гүлсайра эженин чыгармалары болчу, мен анын рух бешигине канча жашымдан термеле баштаганымды билбеймин, бир билгеним – мен толугу менен…..