Абдиламит Матисаков “ТАНДЫР”

“Тандыр” (Апамдын жаркын элесине) Апамды көргөнү алыстан ат арытып келген тууган-туушкандарыбыздын да, айыл адамдарынын да аягы үйүбүздөн узакка үзүлбөдү… Апам бак ичиндеги сөрүдө. Астында калың төшөлгөн жумшак төшөк. Көргөнү келгендер менен баш ийкеше, жылуу учурашат. Жакшы элесиңби? Өткөндөгүгө караганда саал өңүң да түзүк, догдурдун колунда көп болдуң да. Берген дарылары деги жага турганбы? Дарт дабасын ошолор билчү эле, эмне дешет?.. Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп атышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей олтуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп олтургандарга апам толугу менен…..