Абдыжалил Бетегеев: Бир ордумда моло таштай селейип, Көөдөнүмдү уулап турдум чылымга.

Бабаларым (Улуу кыргыз) Улуу көчтүн башаты бабаларым, Ат жалында атырып талаа таңын. Урпактардын уучтап уюткусун, Бапестеген барчындай балапанын.   Жеңиштериң желбиреп байрагыңда, Эрдиктериң тамырлап айбатыңда. Жоолашканды жапырып жагалмайдай, Сан кылымды сапырып айдагыңда.   Түгөнөөрдө түтөгөн түгөнбөгөн, Шамалды да азоодой жүгөндөгөн. Жашык жандай жашытып булуттарды, Жылдыздарды жылкыдай түгөлдөгөн.   Доор тамырын үч кылдай дирилдетип, Көктө күндөй көөдөнүн күлүңдөтүп. Касына да кымындай зыяны жок, Калпагындай пейили, дили тетик.   Улуу тоонун бүткөндөй мөңгүсүнөн, Айкөл Манас урпагы өң түсүнөн. Алты айланып ааламды таба албасмын, Кыраан калкты өзүңдөй жер жүзүнөн.   Бир ууч журтпуз толугу менен…..