Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыяланат

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! Урматтуу ыр ышкыбоздору, акындар жана жаш таланттар! Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыялайт! Сыйлыктын жаңыртылган жобосун жарыялоо менен талапкерлердин эмгектери ушул жылдын 1-ноябрынан баштап, 2023-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынарын билдиребиз. Эмгектерге коюлуучу негизги талаптар: 1.Китеп 2020-2022-жылдар ичинде жарык көргөн болуусу керек; 2.Сунуштоо документтери (сунуштаган тараптын жолдомосу, протокол ж.б.) менен бирге талапкердин өзүнүн таржымал-резюмеси; 3.3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтү. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы толугу менен…..