“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: Чыгармачылык сапар достук маанайда жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн соңку иш-чаралары катары О.Ибраимов менен жолугушуп, И.Арабаев атындагы КМУда поэзия кечесин өткөрүп, ИСИТОдо жыйынтыктоо болду. Кенен токтоло кетсек, 3-апрелде саат 10:00 дө Кыргыз-Түрк-Манас университетинде cынчы, адабиятчы, котормочу, мамлекеттик жана коомдук ишмер О.Ибраимов менен жолугушуу болуп, “Жигердин” калемгерлеринин алдын-ала берилген китептери боюнча талдоо жүргүзгөн О.Ибраимов, чыгармалар боюнча, жалпы эле жаштардын чыгармачылыгы боюнча пикирин айтып, жандуу маек жүрдү. Күндөгүдөй эле, 15:00дө И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлгөн поэзия кечесине күбө болгон зал толо эл соңунда ордунан туруп алып, көпкө кол чаап узатышты. Ал эми поэзия күндөрүн жыйынтыктоо иш-чарасы Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар университетинде (ИСИТО) өткөрүлүп, “Жигер” чыгармачылык борборуна жана айрым мүчөлөрүнө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы”, КР Улуттук Жазуучулар союзунун “Алтын калем” диплому, “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын “Ыразычылык барактары” тапшырылды. “Жигер” чыгармачылык борборунун Бишкек шаарына болгон чыгармачылык сапары эки чыгармачылык борбордун жаштарынын пикир алмашуусу, талкуу, алдыда биргелешип аткара турган пландарды бекитүү ж.б. маселелерди сүйлөшүү менен жыйынтыкталды.