“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: 2-күнү Ата-Бейитте, А.Токомбаевдин үй музейинде, КМКТАУда болду

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурган “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарынын Бишкек шаарындагы поэзия күндөрүнүн 2-бөлүгү Ата-Бейит мемориалдык комплексине баруу менен башталды. Андан соң А.Токомбаевдин үй музейине экскурцияга барып, улуу инсандын өмүр жолу, чыгармачылыгы менен кеңири таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мерчемделгендей, саат 15:00дө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде поэзия кечеси өткөрүлүп, жетекчилери баш болгон КРУЖСтун мүчөлөрү, “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын, Жаңы толкун” адабий клубунун жаштары, студенттер, жалпы ыр сүйүүчүлөрү күбө болду.

Ошондой эле, ара-чолодо теле радиолорго маек берүүгө, ырларын жаздырууга да убакыт бөлүп, жаш таланттар ар бир көз ирмемди пайдалуу жакка жумшоого аракет кылып жатышты.

Эске сала кетсек, “Жигер” ЧЖБнын Бишкек шаарындагы поэзия күндөрү 1-апрелде башталган.