Жеңишбек Эдигеев: Өзгөрүш

Өзгөрүш

Шакирдин үйүнүн алдында эл котолойт. Кызыктан куру калгансып көчө ылдый бирөө шаша басып келди да четте турган топко кирди: – Эй, эмне болуптур ыя, тынччылыкпы? – Тынч-тынч, Керим Якутиядан келиптир, деди четте турганы. Анан үзүлүп калган сөздү андан ары улап кетишти:

-14 жыл болду да ал жакка кеткенине, катуу өзгөрүптүр ыя, пай-пай.

-Эй, 14 жыл дейсиң да, бу Бишкекте туруп деле 5 жылдап айылга келбей коюп атышпайбы. Аларды көрүп, ким эле деп тааныбай каласың.

-Ысактын баласычы, 30 га да чыга элек да, Бишкекте “сентралный” мечитте чоң молдо болуп кетиптир. Көрсөң 50-60 тагы эле киши деп ойлойсуң. Ортодо ойлонуп туруп калган тумакчан киши үн катты:

-Тоодон деле төл бүтүп, кайра жайлоодон түшкүчө деле өзгөрүп атпайбызбы, кээде киши бат карып кетебиз негизи…

-Э туугандар, – деди топтун ортосундагы жапалдаш бойлуу, – негизи өзгөрөм деген киши бир күндө да өзгөрүп коет, бир чечимге келиш үчүн кээде бир эле саат керек болот да. Бу киши деле балким 14 жыл мурун “Мен Якутияга кеттим!” деп бир саатта ойлонуп чечип койгондур!

Маңдайындагы олбурлуусу бурк этти:

-Энеңдурайын эй, тимеле ойчул болуп кетесиң да, сен каяктан билесиң аны, антип бир саатта ойлонуп туруп кетип калганын, жөн эле сүйлөй бересиңби?

-Эй досум, мен жөн эле мисалы деп айтып атам, балким деп атам да, балким ошенткендир депчи. Имне ага анча териктиң, сөгөсүң да кишини!

-Ойчул энеңдурайын, сен илгери мектепте эле ушундай болчусуң, сүйлөгөнүң дайыма космос, а жүргөн жериң мобу жер! Ал буту менен жерди нукуду. –Же бир тоодон түшпөйсүң. Шаарды койдум, мобу районду барып бир көрүп келип койсоң боло. Кийин деле айта жүргөнүңө… Эки-үчөө бырс күлүп жиберишти. -Башкалар бат эле өзгөрөт экен, ушу сен өзгөрбөй койдуң, жылбайт экенсиң го ордуңан, мен да сенчилеп чоң сүйлөйүнчү, бу турмуштагы ордуңан түк жылбайт экенсиң го! Бир кичине айланаңды карасаң боло, мобу кыштактын ичин деле карасаң боло, жаңырмак тургай кыштакка кабат үйлөр түшүп атат эй! Кабат үйлөр! Сен бир өзгөрсөң боло!

-Ий энеңдурайын, жөн койсо муну кара, элдин көзүнчө! Менин өзгөргөнүм менен сенин кандай ишиң бар. Ооба, кабат үй салып атыпсың, көрдүм. Ошонуңу айта албай атасыңбы? Кабат үй салсам эле мен өзгөрдүм деп жүрөсүңбү?! Сен илгертен элди алдаганыңды токтотуп өзүң өзгөрсөң боло, мен кепеде турсам да эч кимди алдабайм, ошонуман өзгөрбөйм дагы, уктуңбу! Эй, мына, көрүп ал, – деп туруп ылдый эңкейип эски керзо өтүгүнүн кончунан “Новый мир” деген орусча калың журналды алып чыкты да ага жини менен журналды силкилдетти, – Мына көрүп ал, мына мен өзгөрүп атам, окубаганды окуп атам, күндө окуйм. А сен… китепти койдум, гезит окуйсуңбу, ыя, айтчы!? Билесиңби дүйнөдө эмне болуп атат? Сен ошо мектептен бери окуганды деле унутуп калдың болуш керек, кантип үйүмү кабат кылам деп жүрүп!

-Эй сен бери келчи, мен сага окуганды көргөзөйүн! деп ал жулунуп келатты эле жанындагы калың топ аны кармап калды. Аңгыча арыда эл дүрбөп, топурап калды.

-Эй, болдугула, баскыла, тигине өзү чыкты үйдөн, өзү чыкты! Жүргүлө, учурашып колун кармап коелу. Баары калпактарын оңдоп, алыстагы жердешин көргөнү үй жакка дүрбөштү.

Аңгыча дарбазадан жоолугу кыйшайып күйүп-бышкан апа чыкты: – Алдыңа кетейиндер, алдыңа кетейин эл журт, балам келиптир. Балам келди алыстан. Жүрүңүздөр короого кирип малга бата берип коюңуздар!

Эл топурап короого кирип жатты. Арыда бастырмадан таноосу менен жерди үйлөп, эки зор мүйүзүн булкуган кара күрөң буканы жең түрүнгөн эки жигит жетелеп чыгып келатты.