Жазуучулар союзунда жагымдуу жаңылык

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир жарым миллион карызынан кутулду.
2018-жылдын 31-декабрына чейин топтолгон карызды жабуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлүнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы 136-тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибине ылайык Жазуучулар союзунун карызын төлөө үчүн 1 590 700 (1 млн. беш жүз токсон миң жети жүз) сом бөлүнүп берилсин” деген (23.12.2022. Номер 812) тескемеси чыкты.
1934-жылы уюшулуп, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Улуттук” макамга ээ болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна көңүл буруп, колдоо көрсөтүп, камкордукка алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровго жазуучулар союзунун Башкармалыгынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Эске салсак, КР Улуттук жазуучулар союзу үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында карыздан кутулуу максатында Марафон уюштурган. Марафондун алдында өлкө башчы карыз жоюла тургандыгын жана 2023-жылдан тарта каржылык колдоо көрсөтүлүп, жазуучуларга жаңы имарат берилерин убада кылган.