Бейшебай Усубалиев: Түйшөлткөн 7 томдук

Ойкана

Түйшөлткөн 7 томдук

«Ар тараптуу зор талант Советбек Байгазиев кайдан келди?» – деген суроону коюп жатып, бала чагымда (окуучулук куракта) жүрөгүмдө уюп калган эки так аргасыздан эске түштү:

  1. К.Жусуповдун «Аянкул» повести. Согуштан эки көзүнөн ажыраган Аянкулга качан көз бүтөт, бүтүшү керек эле деп күтүп жатып, үмүтүм акталбай, сыздап кала берген элем.
  2. Советбек Орозкановдун кичинекей каарманы тегирмендин (Караңгыда каман күркүрөйт) ичиндеги бүлбүл чырактын жарыгында жерде жаткан гезиттин айрындысынан капысынан өзүнүн ырынбы, кабарынбы окуп калып, сүйүнгөнүнөнбү, коркконунанбы, айтор ааламды жаңырта кыйкырып алган эле. Ошол кыйкырык үн азыр да кулагымда жаңыра берет.

Ушул эки нерсе эске түшкөн сайын, мен ошол кездеги өзүмдү сагына берем…

Кийин мен С.Орозкановду жер сыйпалап таппай калдым, ичим күйдү, ушундай сүрөткер кантип дайынсыз жоголуп кетсин! Ушинтип жүргөнүмдө курдашым Калыбек Байжигитов: «Ал академияда мени менен чогуу иштейт, фамилиясы өзгөргөн: ал азыр – Советбек Байгазиев » дегенде, бир сүйүнгөм. Ооба, көркөм дүйнөдөн башат алган, угутун көркөм дүйнө түзгөн С.Байгазиев акыры көркөм аналитикага (публицистикага) келе албай коймок эмес. Мунун далили – колубуздагы 7 томдук.

Жети томдук – булардын ар бири өзүнчө мектеп, окуганда билим да, илим да, тарбия да аласың, муну менен катар көкүрөгүң чиеленишкен суроолорго толуп чыгат. Мен алардын айрымдарына учкай гана токтолмокчумун.

  1. «Манас» жана С.Байгазиев

Манас атабыз эч качан баскынчы болгон эмес, согушту эңсеп-тилеген эмес – Байгазиев муну жеткиликтүү далилдейт да, Бээжинди чаап, чоролорунан түгөл айрылып, томолой жетим калган, жарадар Манастын Арууке аяшына келип, боздоп турганын келтирет: “Мен Алмамбетимди шейит кетирдим, аяш, Мен Сыргагымды жеп алдым, аяш, … Мен өлбөй кантип жүрөмүн, аяш!..” Чындыгында, бул боздоодо баарын колумдан алдырып, жуткуруп, анан алып келген Жеңишиңдин кимге кереги бар эле деген гуманисттик улуу идея жаткан эле. Кызык, генетикалык коддун натыйжасыбы, дал ушул жерде Субанкулунан, Майсалбегинен, Касымынан, Алийманынан, Жайнагынан айрылып, томолой жетим калган Ч.Айтматовдун Толгонайынын Жеңиштен кечирим сурап, боздоп жатканы көз алдыга тартыла калат. Баарын жалмап, анан келген Жеңиштен Толгонай апабыздын кечирим сурагандай кандай жөнү бар эле, тескерисинче, баарын жутуп алып келгени үчүн Жеңиш Толгонай ападан кечирим сурашы керек эле да. Же эки жетим – Манас менен Толгонай – жандуулардын ичинен акыл-эске жападан жалгыз эгедер адам баласынын согушпай жашай албагандыгы, жашоо кечире албастыгы үчүн кечирим сурап жатышабы, согушчандык адамдын акыл – эси менен бирге бүткөн балакетпи? Бул эми – өзүнчө кеп.

Ушундай чиеленген суроолорго кабылтып койгондон кийин С.Байгазиев кара баштын азаттыгы, эркиндиги жана жан азаттыгы, эркиндиги деген дагы бир олуттуу да, опурталдуу да суроону коёт. «Чоң казаттын» башталып кетишинин бир себебин дал ушул жан азаттыгына умтулуудан көрөт. Кайсы бир заманда, адамзат өнүгүүсүнүн бир баскычы болгон жоокерчилик доордо, балким, бул өзүн актаган чыгар. Бирок, ошентсе да, дал ушул жан азаттыгынан көп суроолор кыйытылып жатпайбы: бүгүнкү XXI кылымдын кыргыздары жан азаттыгына жетишкенби, деги эле жан, жан дүйнө азаттыгына жетүүгө болобу, жан дүйнө азаттыгына жеткен адамды адам дешке болобу? Советбек байке ушулардын тегерегинде да ой калчап көрүшү керек окшойт.

  1. Зигмунд Фрейд жана С.Байгазиев

Өзүнүн ченемсиз таланты, табышмактуулугу менен дүйнөнү дүрбөткөн жана бүгүн да дүрбөтүп жаткан Достоевский жөнүндө өз мезгилинде жазбаган илимпоздор, жазуучулар ж.б. калбаган окшойт. Жан дүйнөсүнө тынчтык бербей койгонбу, ааламдык алкактагы психолог З. Фрейд да «Достоевкий и отцеубийство» деген көлөмдүү макаласын жазыптыр. Ал чу дегенде эле Достоевкийге мүнөздүү төрт белгини бөлүп көрсөтөт: художник (сүрөткер), невротик (талма), моралист, кылмышкер (грешник, преступник). Художниктик касиети боюнча Шекспирдин катарында турат дейт, анын «Братья Карамазовы» романына дүйнөдөгү эң улуу, теңдешсиз чыгарма деп баа берет, өзүнүн психоанализи Достоевскийдин жазуучулук чеберчилигин ачып берүүгө кудуретсиз экендигин белгилеп, психоанализге өтөт. Мен анын бирине эле токтолоюн. Көкүрөгү сүйүүгө толгон, кимге болбосун жардам берүүгө даяр, ашкере боорукер Достоевскийди кылмышкер дешке кимдин дити барсын деген суроону коёт да, бирок сүрөткердин тандап алган адабий материалдарына, өзгөчө каардуу, өлтүрүүгө даяр турган каармандарына ж.б.у. өңдүү фактыларга таянып келип, кылмышкерлик жазуучунун ички дүйнөсүндө бугуп жатат деген бүтүмгө келет.

С.Байгазиев да «Достоевскийдин этикасы» деген макаласында Достоевскийдин сүрөткерлик жан дүйнөсүн кыска жана нуска ачып берүү менен, анын улуу гуманист-художник экендигин ишенимдүү далилдейт да, анткен менен деген каршылагыч байламтаны коёт. Көрсө, бул анткен менен байламтасында Достоевскийдин «адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө ыпыластык да бугуп жатат» деген бүтүм-тыянагы кыйытылыптыр. Өйдөдө айтылгандардан улам, адамдын адамдык маңызын, нарк-насилин эмне түзөт – аруулукпу же ыпыластыкпы; ыпыластык качан жана кандай кырдаалда калкып чыгат, аны тизгиндеп коюуга адамдын кудурет-күчү жетеби? деген жүрөктү эзген суроолор жаралат экен. С.Байгазиев келечекте «М.Элебаевдин этикасы», «А.Токомбаевдин этикасы», «Ч.Айтматовдун этикасы» өңдүү макалаларында жүрөктү мыжыган жогоркудай суроолорду майын чыгара эзип берет деген ниеттемин.

  1. С.Байгазиев жана Сократ

Илимдеги акыркы маалыматтар боюнча, адамдын алмадай болгон баш мээсинде 150 млрд нерв клеткасы бар экен (мунун канчасы иштейт, канчасын дат басып жатат – бул өзүнчө маселе). Менимче, С.Байгазиевдин миллиондогон нерв клеткаларында дүйнөдөгү даанышман, акылмандардын акылман ойлору, пикирлери бугуп жатат, мен аларды жалпылап «Сократ» деп койдум. С.Байгазиев чоң талант Ш.Дүйшеевдин «Агындыларына» педагогдук нукта абдан жакшы талдоо жүргүзгөн. Сократтардан акылман пикирлерди сууруп чыгат да, «мындай ойлорду Ш.Дүйшеевдин энеси деле айтып жатпайбы» – деп суктана жылмаят. Ырас, булардын пикирлеринде үндөштүк бар экендигин танууга болбойт. Бирок бул жерде бир акыйкат талап да өзүнөн өзү келип чыгат: С.Байгазиев кыртыштын өзүнөн – Дүйшеевдин текстинен – Сократтарды көздөй изилдөөсүн жүргүзүшү керек. Ошондо эмнеге кабылат эле? Сократтардын бири М.Горькийдин «С.Есенин» очеркин алып көрөлү. Талант деген оор болот экен, талантты көтөрүп жүрүш андан да оор болот экен, биз Горькийдин очеркинен Есениндин эзилген Жанын көрөбүз, кызымтал Есенинди карап туруп, жүрөгү жанчылган Горькийдин өзүн көрөбүз.

Асанкалый Керимбаев да Есенинден ашса ашкан, асты кем калбаган талант болчу, анда биз Шакемдин (Дүйшеев) Керимбаев жөнүндөгү очеркинен эмнени көрөбүз, деги көрө турган бирдеме барбы? Бул суроого жетесинен сезимтал бүткөн Советбек байкебиз келечекте өзгөчө назар буруп, өз түйшөлүүсүн төгөр деген жакшы ниеттемин.

Бир кезде караңгыда каман күркүрөгөн үйдө отуруп, капысынан гезиттин айрындысынан өзүнүн тырмак алды чыгармасын көрө коюп, ааламды жаңырта кыйкырган өспүрүмдүн – С.Байгазиевдин – бүгүн көкүрөгү толо жаркын идеялар менен катар, түмөн түйшүктөр, түйшөлүүлөр жана көйгөйлөр. Алардын баары жуурулушуп келип, бир гана өзөккө такалат, ал өзөк – элибиздин келечек тагдыры: далай-далай кызыл кыргын, алааматтарды баштарынан кечиришсе да, өздөрүнүн кыргыздык нарк-насилин, маңызын сактап кала алган элибиздин эртеңки күнү эмне болот, биз ушул кебетебиз менен Кыргыздык рух, насилибизди сактап кала алабызбы? Арга жок, түйшөлөсүң да эзилесиң, анан С.Байгазиевдин 7 томдугун кайрадан барактай баштайсың…