ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү. Иш чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, авторлор катышты.

С.Раевдин демилгеси менен кыргыздын 50дөн ашуун акындарынын ырлары түрк тилине которулуп “Кыргыз акындарынын антологиясы” деген ат менен жарык көрдү. Мындан тышкары “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов”, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, А.Акбаровдун ырлар жыйнагы китеп болуп басылган. 

Китептер А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына, КР Улуттук жазуучулар союзуна тапшырылды жана авторлорго берилди.