Садык Алахан: “Декада жөнүндө сөз”

Улуттук жазуучулар союзунун көркөм-адабий сын боюнча секциясынын жетекчиси, адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкан Шүкүрбековдун термелери тууралуу жазылган эмгегинин акыркы бөлүгү болгон “Декада жөнүндө сөз” деген 9-макаласын жарыялайбыз.

Албетте, Райкан Шүкүрбековдун калктын калың катмарына сиңип, чыныгы элдик чыгармалар болуп калган термелери жөнүндөгү эмгегин баштан аяк биздин “adabiyat. kg” сайтыбызга сунуш кылганы үчүн адабиятчы агабызга терең ыразычылыгыбызды билдиребиз жана улуу акындын көөнөрбөс көркөм мурастары улам кийинки муундун адабиятчылары тарабынан кайра-кайра окула берет деген үмүттөбүз.

“Декада жөнүндө сөз”

Р.Шүкүрбековдун таланты нукура элдик талант болгондугу баарыбызга маалым. Акын калтырган адабий мурасы элибиздин көөнөрбөс көркөм казынасынын бир бөлүгү катары күндөн күнгө баа-салмагы арта бермекчи. Калемдеш курбусу К.Бектенов таамай белгилегендей: «Ала-Тоонун койнундагы кайсы гана айылга барбагын, ошол айылдагы жаш балдардан тартып абышка-кемпирлерге чейин асыл Райкандын ысымын билишчү эле» Акындын минтип эл сүймөнчүгүнө айланышында, албетте, анын термелеринин орду да өзгөчө жогору. Сүрөткердин калк кадырлап окуган термелеринин дагы бири болуп «Декада жөнүндө сөз» деген чыгармасы эсептелет.

Баарыга белгилүү болгондой, өткөн Совет бийлигинин учурунда Кыргызстан маданий-агартуу жагынан болуп көрбөгөндөй зор ийгиликтерге жетишкендиги ырас. Оозеки чыгармачылыгы гана өзгөчө бийик деңгээлде өнүгүп келген кыргыз эли коммунисттик бийликтин жылдарында профессионал адабиятка, кино менен живописке, театр менен архитектурага ээ болуп, бул тармактарда нукура профессионалдык бийиктиктерге жетишкен уул-кыздары өсүп чыкты. Мындай алгылыктуу ийгиликтердин жаралышына коммунисттик бийлик жүргүзгөн саясат (ал канчалык деңгээлде оош-кыйыштуу болбосун) да түздөн түз себепкер болгон. Большевиктер жүргүзгөн маданий-агартуу багытындагы иш чаралардын бири болуп ошол СССР деген улуу державаны түзүп турган Союздук республикалардын маданият жана адабият жаатында жетишкен ийгиликтери жөнүндө мезгил-мезгили менен отчётторду алып туруу болгон. Ар бир Союздук республика державанын баш калаасы, акындар ырдап келишкендей «Мекендин жүрөгү» болгон Москвага келишип, совет жылдарында маданият, адабият багытында жетишкен ийгиликтерин москвалыктар менен борбор шаардын конокторунун алдына тартуулашкан. Мындай иш чараны «декада» деп аташкан. Өз кезегинде москвалыктар да декадага өтө активдүү катышып, маданият менен адабияттын ар бир багыты боюнча профессионалдык жактан өтө бийик деңгээлдеги кеп-кеңештерин ортого салышып, ал ойлорун декадага келген элдин өкүлдөрү менен чын ниеттен бөлүшкөн. Кыргыз маданияты менен адабиятынын мындай 1-декадасы 1939-жылы өткөн болучу. Арадан жыйырма жылдай убакыт өткөн соң 1958-жылы 15-октябрдан 24-октябрга чейин он күн бою кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасы болуп өттү. Калкыбыздын маданият жана адабият ишмерлеринин декадага барган жоон тобунун ичинде белгилүү акын Райкан Шүкүрбеков да бар эле. Мына ушул окуя жөнүндө калемгер «Декада жөнүндө сөз» деген кезектеги термесин жаратты.

Бул термени да «Аралаш төкмө» сыяктуу шарттуу түрдө деп эки бапка бөлүп алып караганыбыз оң. «Айтса келген оролу, азыркынын жомогу» жөнүндө кеп баштоодон мурда акын

Жер соорусу Таластан,

Ыр атасы “Манастан”,

Эки сөз айтып коелу, – деп (212-бет)

туруп анан «андагылардын кеби», «Арстан ушул деп айткан» сөзү тууралуу кыска, бирок нуска баян салат. «Тоо бузулуп сай болуп, // Сай козголуп тоо болуп» «айланып сансыз жыл өткөнү», «жолборстой сүрдүү эр өткөнү» айтылат да

Элүү жылда эл жаңы,

Жүз жылда болуп жер жаңы.

Бабаңардан уруктап,

Биз экенбиз бер жагы, –  деп (212-бет)

бир кайрыйт акын. Кыскасы, «каламы жок ыр жазган», «китеби жок барактан», бирок, алп «Манасты» жараткан кыргыз элин бир мактап айтып өтөт. Байкап баккан адамга бул өзү мыкты табылга, акындык сонун табылга. Анткени, “азыркынын жомогуна” өтүүдө калк башынан кечирген калайман күндөр жөнүндө термеге салып ырдоо окурманды психологиялык жактан даярдоо үчүн сонун прелюдия болуп саналат. Анан өткөндү ырдоо андан ары улантылып, кеп оролу “жаза айтпаган сынчылар, жаагын жанган ырчылар” тууралуу уланат да, «Манастын жаккан шамындай» болгон Саякбай менен Сагымбай, «тоо булбулу, теңи жок» болушкан Токтогул менен Жеңижок, «толкуган деңиз чеги жок» болушкан Тоголок Молдо менен Барпы, Эшмамбеттей тулгаралар терменин талап-мүдөөсүнө шайкеш келген мааниде да, ыргакта да ырга кошулат. Көрүнүп тургандай, Райкан Шүкүрбеков эл ырчыларынын талант, дараметтери жөнүндө гана эмес алардын турмуш-тагдырлары тууралуу да жеткилең кабардар болуптур. Бул айтылган ойдун айкын мисалы болуп айтылуу акын Эшмамбетти «тулгара» деп ырына кошуусу эсептелет. «Тулкара» деп Эшмамбет ырчыны улуу устаты Токтогул атагандыгын окумуштуулар белгилеп жүрүшөт. Белгилүү адабиятчы С.Байходжоев бул тууралуу минтип жазат: «Эшмамбет өзү өкүм, курч, беттегенин бербеген өжөр адам болгон экен. Ошол үчүн Токтогул аны «Тулкара» деп атаган»

«Декада жөнүндө сөз» деп аталган бул терменин шарттуу түрдөгү биринчи бабы чынында эле эпостук кайрууларга бир топ бай. Улуу сөздөн нук алган мындай түрмөктөр акындын термесиндеги баяндоонун жүрүшү, автордук ойдун ырааттуу өнүгүшү менен эриш-аркак ширелишип жүрүп олтурат. «Ала-Тоо үчүн элибиз арстандарча салышканын» айтып келип акын:

Аябай көрдүк кордукту,

Айтса бүткүс зордукту, –  деп муңкана жазып, анан тике эле улуу эпостогу мобул саптарды окурмандарга сунуштайт:

Алымына чыдабай,

Бирөө тентип Алтайга,

Бирөө тентип Каңгайга,

Бирөө тентип Эренге,

Бирөө түшүп кеткен тереңге. (214-бет)

Мына ошентип, кечээги өткөн ырчылар жөнүндөгү сөз эл тарыхынын эртегиси тууралуу кепке көчүп, натыйжада, окурманда таптакыр башкача ассоциацияларды жаратып, жан дүйнөгө башкача бүлүк түшүрөт.

Дегеле Р.Шүкүрбековду акындык ойду өнүктүрүүнүн зор чебери десек жарашат. Анткени, өзүмдүк ою окурманга бекем жеткиликтүү болушу үчүн калемгер ар түрдүү ыкмаларды билгичтик менен колдонуп жүрүп олтурат. Жогорку мисалдардан даана көрүнүп тургандай, кылымдарды карытып келе жаткан эл тарыхын кыска, бирок нуска айтып берүү үчүн сүрөткер, бир жагынан эл тарыхы менен тыкыс байланышкан, экинчи жагынан, жалпы журттун көөдөнүнө бекем орногон түшүнүктөрдү, туюнтмаларды, керек болсо ыр саптарын ыктуу пайдаланат. Мына ушу сөздөгү ар бир кыргыздын көкүрөгүнө кыт куйгандай орногон жогорку муңдуу строфаны улай эле Р.Шүкүрбеков минтип жазат:

Маркум Ысак айткандай:

“Таяк алып колуна,

Аттап жүрдү кайран эл.

Почта менен жиберген,

Каттап жүрдү кайран эл.

Антпегенде кантеди

Акыл-эси айран эл”. (214-бет)

Баарына түшүнүктүү болгондой, түр менен тулкусуна шилтеме катары өтө иш билги кошулган бул үзүндү акын Ысак Шайбековдун “Кайран эл” деген поэмасынан алынган эле. Ы.Шайбековдун бул поэмасы да кыргыз калкынын кылым карыткан узун тарыхындагы өзгөчө муңдуу, бөтөнчө трагедиялуу, сөздүн чыныгы маанисиндеги кан жөткүрткөн жылдардагы азаптуу күндөрү жөнүндө жүрөк жүлүндү өрткө салып баяндаган көркөм туунду экени да баарыбызга белгилүү. Мына ошентип, мезгилдик жактан ченемсиз алыс аралыктагы калк турмушун сүрөттөгөн эки үзүндү жуп катар жазылып, катышканда, сюжеттин структурасы ширелише бекем болуп, автордук ойдун экспрессивдүүлүгү андан бетер артты. Ушуларга улай Р.Шүкүрбековдун өзүнүн:

Кечээ ушундай күндө элек,

Ай, жылдызсыз түндө элек.

Керегеси токтобос,

Үмүтүн үзгөн үйдө элек, – деп (214-бет)

жазган төрт сабы жанатан берки учугу узарып келе жаткан ойду эң сонун жыйынтыктап, калк турмушунун өткөнү жөнүндөгү баянды иштиктүү тамамдап турат.

Мына ошентип, элибиздин эртегисин баян эткен шарттуу түрдөгү биринчи бап соңуна чыкты. Ушул жерде: “Бүгүнкү жашоону сүрөттөгөн термеге өткөндөгү турмушту көз алдыга тарткан баяндоонун эмне кереги бар эле? Москвада өткөн декадага эл турмушунун эртегисин сүрөттөөнүн эмне зарылдыгы бар болчу? – деген соболдор өзүнөн өзү пайда болот. Эмесе бул адилет коюлган суроолорго жооп издеп көрөлү.

Сөз болуп жаткан термедеги негизги окуя, чыгарманын башкы фабуласы 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз маданияты менен адабиятынын декадасы болуп эсептелет. Ал эми терменин башкы идеясы болуп коммунисттик бийлик алып келген жаңы заманды даңазалоо, кыргыз маданияты менен адабиятынын жетишкендиктерин жамы журтка жар салуу менен бул жетишкендиктерди Совет мамлекетинин кыргыз жергесине орноткон бийлигинин үзүрлүү жемиши катары даңктоо болуп эсептелет. Анан да большевиктик идеология советтик державанын курамындагы элдер 1917-жылкы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин гана чыныгы эл катары бакты-таалайы ачылды, 1917-жылдан кийин гана калк катары санакка кошулду деген идеологияны көшөкөрлөнө таңуулашып, көркөм чыгармаларда, искусствонун бардык түрлөрүндө ушул ой, ушул идея даңкталышын тымызын, бирок өтө катуу көзөмөлгө алып келди. Ошон үчүн Р.Шүкүрбековдун 1958-жылы жазылган бул термесинен

Кыргыз кыргыз болгону,

Кырк жылдан ашты болжолу… (214-бет)

Азыркыдай бейишти

Атабыздан ким көргөн… – (215-бет)

деген саптарды окуган өз мезгилинин окурмандары бул саптарда айтылган ойду айныгыс чындык катары кабыл алышкан. Автор да “кыргыздын кыргыз болгонуна кырк жылдан араң эле ашты” деп чын ыкласынан айтып жатат. Бул үчүн биз бүгүнкү күндүн бийиктигинен туруп алып авторго күнөө коё албайбыз, антүүгө моралдык жактан укугубуз да жок. Ар кандай чыгарма өз мезгилинин турмуш чындыгынын контекстинде гана каралыш керек. Адабияттын айныгыс мыйзамы ушундай.

1917-жылдан берки кырк жылдан ашуун (1917 – 1958) мезгилдеги ийгиликтер калың калктын мурдагы жашоосун, жамы журттун абалкы турмушун, элдин эртегисин көркөм сөздүн күчү менен көз алдыга тартканда гана дагы да даана, дагы да бараандуу болуп көрүнөт эмеспи. Р.Шүкүрбеков бүгүнкү турмушту сүрөттөөнү максат кылып алган термесине өткөндөгү күндү дал ушул мүдөө менен баяндап берип олтурат. Коммунисттик бийликтин алдында өткөн кырк жыл ичиндеги ийгиликтерди дагы да опол тоодой кылып көрсөтүү үчүн “Манастан” тартып “Кайран эл” жаралганга чейинки мезгилди өзүнчө бир түрмөк кылып ырына салып олтурат акын. Албетте, калемгердин мындай сюжет куруу ыкмасы өз максатына жеткен десек болот.

Айтмакчы, «Коммунисттик бийлик», «Совет мамлекети» деген түшүнүктөр менен «Москва», «Кремль» деген сөздөр маанилеш туюнтмалар, синоним сөздөр болгон. Ошондуктан Москвага баруу, ал жерде адабият менен искусствонун декадасын өткөрүү коммунисттик бийликтин, Совет мамлекетинин алдында отчет берүү дегенди туюндурган. Ырасында эле ошондой болгон. Мына ошондуктан Р.Шүкүрбеков бийик пафос менен минтип ырдайт:

Мен мыктымын дегендин,

Баары барды Маскөөгө,

Жетимиш жашар Осмонкул,

Кары барды Маскөөгө.

Алымкулдай төкмө ырчы,

Дагы барды Маскөөгө.

Кыргыздын ою, акылы,

Ары барды Маскөөгө. (219-бет)

Ырасында эле бул терменин өзөктүк окуясын түзүп турган 2-декада улуттук искусство менен адабиятыбыздын, дегеле коомдук турмушубуздун эң маанилүү окуясы болуп калыптыр. Мезгилдүү басма сөздүн дээрлик баарысы бул декаданын жүрүшү жөнүндө ошол күндөрү байма-бай жазып турушуптур. Р.Шүкүрбековдун тили менен айтканда:

Бүт дүйнөгө угулду

«Правданын» жазганы.

Күндүзгү, кечки гезиттер,

Чуулдатып жатканы. (216-бет)

Акын бул жерде «чуулдатып жатышкан күндүзгү, кечки гезиттерден» «Правданы» бекеринен бөлүп алып өзүнчө көрсөтүп жаткан жери жок. Анткени, «Правда» гезити Советтер Союзунун коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин органы болуу менен Совет державасынын эң башкы басылмасы, большевиктер партиясынын саясий трибунасы болгон. Зоболосу айтып бүткүс бийик, аброю асман менен барабар делип эсептелген. Кийинчерээк ушул «Правда» гезитинин өз кабарчысы болуп иштеген кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, ал кездеги жаш сынчы Камбаралы Бобулов да декадага катышып, декаданын адабий бөлүмүнүн жүрүшү тууралуу «Кыргыз адабияты жөнүндө пикирлер» деген макаласын жазган. Анда эмесе декаданын жүрүшү тууралуу дагы да толугураак, ар тараптуу маалымат алуу үчүн ошол макаладан айрым бир үзүндүлөрдү окуп көрөлү: 15-октябрдын кечинде Колонный залда декаданын адабий бөлүмү ачылды. Колонный залдын президиумунда отурган кыргыз адабиятынын чоң армиясын көрүп сыймыктанбай кое албайсың. Бул президиумда кечээги студентка, бүгүн жаш акын С.Абдыкадыровадан баштап, аксакал акыныбыз Осмонкул Бөлөбалаевге чейин олтурушат.

Эртеси Жазуучулар союзунда кыргыз прозасы боюнча талкуу башталды. Декадада мурда орун алган параддуулукка жол берилбеди. Талкуунун мындай иштиктүү өтүшүнө СССР жазуучулар Союзу көп аракет кылып, туура жолго салган экен. …эки күнгө созулган кыргыз прозасынын талкуусу эң жогорку деңгээлде өттү. Айрыкча белгилей турган нерсе, москвалык жолдоштор кыргыз прозачыларына чоң талап коюп сүйлөштү. Бул фактыны председателдик кылып отурган А.Первенцев да, А.Салиев да өздөрүнүн акыркы сөздөрүндө белгилешти.

Поэзия жөнүндөгү талкуу СССР жазуучулар Союзунун залында эки күнгө созулду. Талкуунун заседаниесинде кыргыз акындарынын досу Николай Грибачев председателдик кылды. Талкуу акын Василий Журавлевдун өтө салмактуу, албетте, талаштуу сөзү менен ачылды. …экинчи бир оратор Вера Звягинцева: “Мен кыргыз поэзиясын Алыкул Осмоновдун поэзиясы боюнча баалайм”, – деди. Поэзиянын көркөм котормочусу С.Поделков Барпынын ырларына суктанып: “Бул кыргыздын Беранжеси, Некрасову”, – деп белгиледи.

Азыркы учурда кулач жайып өсүп бара жаткан кыргыз драматургиясы тууралуу болгон талкуу өтө жогорку деңгээлде өтүп, жарыш сөзгө чыккан ораторлордун ар бири тиги же бул драматургга чоң талап коюп, ар бир пьесанын ийне жибине чейин токтолушту. Драматургия боюнча талкуунун заседаниесине белгилүү драматург А.Симуков председателдик кылды.

Максим Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда өткөн адабий сындын талкуусу өтө кызыктуу болду. Адабий сын тууралуу талкуу өзүнүн чегинен чыгып, жалпы кыргыз адабияты тууралуу талкууга айланды. Талкуунун аягында К.Асаналиев сүйлөп, кыргыз адабиятчыларынын, сынчыларынын атынан москвалык калемдештерге ырахмат айтты.

Балдар адабиятынын талкуусуна балдардын сүйүктүү досу С.Михалков председателдик кылды. Кыргыз элинин сүйүктүү уулу Кычандын өмүрүнө арналган жаш жазуучу Ш.Бейшеналиевдин повестинин тегерегинде талкууда бир кыйла кеңири сөз болду.

23-октябрь күнү кечинде П.И.Чайковский атындагы концерттик залда декаданын адабий бөлүмүнүн корутунду кечеси болду. Кеченин аягында декаданын катышуучулары сонун концерт беришти».

Узунураак болсо да келтирилген бул шилтеме бизге ошол 1958-жылкы 2-декаданын жандуу жүрүшүнөн тикеден тике кабардар болууга мүмкүнчүлүк берип, бул декадага акындын эмес адабиятчынын көзү менен кароого шарт түзүп турат. Ал эми 2-декаданын азыр эле биз окуган адабий бөлүмүнүн жүрүшү тууралуу Р.Шүкүрбеков минтип жазат:

Поэма, ырлар, роман,

Сөз чебери кураган.

Жазгандары жакканга,

Жаным менен кубанам.

Жолдошторго, досторго,

Бардыгын көрүп сынаган.

Биз ал жерде сындаштык,

Бардыгын айтып сындаштык.

Ырас, ырас тууган деп,

Ыраазы болуп биз кайттык,

Чоң рахмат деп биз айттык.

 

Москва сөздү тик айтат,

Ал айтпаса ким айтат.

Айтканы ырас Маскөөнүн,

Азыркы турмуш, күн айтат. (220-бет)

Андан ары акын терменин нукура жанрдык талабына ылайык кеп болуп жаткан маселе боюнча, термеге салынып жаткан проблема тууралуу өзүмдүк оюн, жеке пикирин жалпылаштыра айтып кетет. Улуттук адабияттын ошол 2-декада учурундагы алдыда турган эң орчундуу проблемаларынын бири, калемгерлерибиз кечиктирбей колго алуучу кырынан турган маселе болуп учур темасын, ошол мезгилдин күүсүн көркөм иликтөөгө алуу болуп эсептелинчү. Бул тууралуу Р.Шүкүрбеков минтип жазат:

Биздин жазуучулар кем эмес.

Бирок, беш колуңдай тең эмес,

Өткөндөн арбын жазылып,

Азыркыдан көп эмес!

Эскиге кирип кээ бири,

Жаркырай элек жаңы элес.

Кээ бир, кээ бир каламдар,

Ырас, каламы курч адамдар.

Өздөрү учат асманда,

Жомокко кирет жазганда.

 

Илгери бирөө эт жеген,

Соргоктуктан көп жеген,

Ал ошону жазат күлүңдөп,

Арбын иштеп жүрөм деп.

Ал басылып чыгабы бириндеп,

 

Байкасак бул да бир илдет.

Кээ бир, кээ бир чыгарма,

Кейитип салат убайга.

Тышын көрсөң жаркырак,

Ичи суук аркырап… (220-221-беттер)

Ал эми 2-декаданын маданий бөлүмү да өтө жогорку деңгээлде өтүп, 1939-жылкы 1-декадада «Айчүрөк» операсы, «Ажал ордуна», «Алтын кыз» драмалары гана көрсөтүлсө, бул ирет кыргызстандыктар искусствонун эң бир татаал түрү болгон балетти да тартуулашып, «Токтогул» операсы менен бирге «Чолпон», «Ажар» балеттери москвалыктар тарабынан зор сүймөнчүк менен кабыл алынгандыгы Р.Шүкүрбековдун акындык жүрөгүн андан бетер толкундаткан.

Театрдан эл көрүп,

Толкуп жатты Ысык-Көл.

Элестеткен дал өзүн,

Художникте зор өнөр.

Мелмилдеп Оштун талаасы,

Бийлеп чыкты пахтакер. (217-218-беттер)

 

Сахнаны карасак,

Аккуулар учуп баратат.

Булут басса тоо башын,

Күүлөнүп шамал таратат.

Кийими. Ойну кыргыздын,

Өз жерине жарашат.

«Токтогул», «Чолпон», «Анарды»

Билетин койбой талады.

Бүбүсара өңдүү келиндер,

Намысту ишке жарады.

Союзга кетти дүңк этип,

Мыкты артисттин кабары. (218-бет)

 

Жеке-жеке күүлөрүң,

Оркестр менен чалынды.

Атайыңдын «Маш ботой»

Ааламга эми жаңырды. (219-бет)

 

Сүрөт, кино, китептер,

Кыз куумай менен оодарыш.

Кызыктырып Маскөөнү,

Оңой бекен колго алыш. (218-бет).

 

Жаз чыккандай жел жүрдү,

Жалпы артистке дем кирди.

Ардактап сыйлап өкмөт,

Орден, наам бердирди. (218-бет)

Дегеле бул 2-декадада

Өткөрдү сындан Москва,

Кыргыздын адабиятын.

Музыка, бий, драма,

Жалпы маданиятын. (217-бет)

Ошону менен бирге, акын Р.Шүкүрбековдун терең ишениминде, бул 2-декадада болуп өткөн бардык окуяларды ырааттуу ырга кошуу, баштан аяк сыдыргыга салгандай кылып терип-тепчип баяндап берүү бир терменин көлөмүндө өтөй турган жумуш эмес. Ошондуктан Р.Шүкүрбеков:

Колумдан келбейт бүт айтыш,

Бул чоң ырчынын дастаны, – деген бүтүмүн, тыянак оюн ак дилден ортого салат. Бул кош саптын биринчисин акындын, орус туугандар айткандай, скромносту катары кабыл алсак да, экинчи сап чындыкты өз ичине камтып турат.

Акындын аталган термеси анын бул жанрдагы башка чыгармалары сыяктуу эле калемгердин чыгармачылык өмүрүндөгү олуттуу көркөм туундуларынын бири болуп эсептелет. Ырасында эле ушундай экендигин белгилүү окумуштуулар да баса белгилеп жүрүшөт. Айталы, таанымал адабиятчы, профессор Качкынбай Артыкбаев минтип жазат: “акындын Беттешүү, Аралаш төкмө, Кайым айтыш, Декада жөнүндө сөз, Жер жөнүндө, Насыят терме, Жинди суу деген сыяктуу термелери, какшыктуу үгүт-насыяттары таасирдүү чыгармалардан болуп эсептелет. Бул чыгармаларында да акын өзүнө таандык куйкум сөздөрдү өз орду менен ыктуу пайдалана алган. Натыйжада, Райкандын термелери таасирдүү, уккулуктуу, күлкүлүү, кызыктуу жана кайра-кайра угуудан жадабайт.

Мына ошентип, Р.Шүкүрбеков “Декада жөнүндө сөз” деген бул термесинде өзү алдына койгон милдетти жетишерлик түрдө аткара алган десек болот. 1917-1958-жылдар ортосундагы коммунисттик бийликтин мезгилинде кыргыз маданияты менен адабияты жетишкен ийгиликтер терме жанрынын талабына ылайык көркөм баяндоого алынган.

Бектенов К. Тоо элинин туйгуну эле. //Ала-Тоо, 1962, №6. –126-бет.

Баходжоев С. Эшмамбет ырчы. – К-те: Эшмамбет. Чыгармалар жыйнагы. Ф.: Кыргызстан, 1988. –6-бет.

Бобулов К. Кыргыз адабияты жөнүндө пикирлер. К-те: Бобулов К. Жаңы тилке. Б.: Адабият, 1991. – 282-282,. 289, 290, 291, 292-293, 296, 297, 298-беттер.

Артыкбаев К. Куйкум сөздүн чебери. – К-те: Артыкбаев К. Ар түрдүү издер. (Адабий- сын макалалар)

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор