Гүлбарчын Боскееванын “ЖазАйым” аттуу китеби жарык көрдү

Күлгүн курагында жарыкчылык менен кош айтышып кеткен жаш калемгер Гүлбарчын Боскееванын “ЖазАйым” аттуу китеби жарык көрдү. Китептин түзүүчүсү Сезим Толукбаеванын: “Сени жоготкондон кийин баш-учубузду жыйып-жыя электе ырларыңды топтоп, китебиңди чыгаруу баарыбыздын оюбузда турду. Кол жазмаларыңды жыйнап, иреттеп, терип, акын эже-агаларга каратып, мамлекеттик мекемелердин китеп чыгара турчу долбоорлоруна сунуштап, демөөрчү издеп, ал арада баарын дүрбөткөн пандемия эсибизди эки кылып атып, айтор башталган иш натыйжасын берип, китеп жарык көрөр убакыт-сааты эми келиптир” – деп, эскерүүсүндө жазгандай, калемдештери, курбулары китепти даярдап, демөөрчү таппай турган учурда Гүлбарчындын классташтары демилгени колго алып, чыгарып беришти. Талант сыйлаган, өнөр кадырлаган эл эч качан кем болбойт. Калемдештерине, классташтарына ыраазычылык билдиребиз. “Акындын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт” дейт, элибизде. Гүлбарчындын экинчи өмүрү ырларында уланып, элеси эсибизде ар дайым сакталат.

Гүлайым Калыбекованын редакциясы, КР Эл акыны Б.Чотурованын баш сөзү менен 500 нускада “Улуу тоолор” басмасынан жарык көргөн китепке автордун жан дүйнөсүн чагылдырган ар кыл темадагы ырлары, жакындарынын эскерүүлөрү топтоштурулду.

Мен сага ыраазымын

Мен сага ыраазымын,

өмүрүм өткүчөктү,

Түртпөстөн башкалардай,

түшүнүп абалымды,

Багытын таппай анан,

баткакты кечкичекти,

Бургансыӊ жарык жолго,

адашкан кадамымды.

 

Баёолук сезимимди,

жомоктой кыялымды,

Жоготуп алган кезде

жолугуп калгам сага.

Өӊү өчкөн кебез сымал

кунарсыз ыраӊымды,

Өзгөртүп сен келгениӊ,

жүрөккө айгай сала.

 

Бирөөнүн азабынан

багынгам, жашырынгам,

Баалабай кеткени үчүн

жан дүйнө ыйыктарым,

Ишенич-үмүттөрүм

самандай сапырылган,

Кайрадан сен бергенсиӊ

чогултуп сыныктарын.

 

Мен сага ыраазымын,

мендиксиӊ, асыл жарым!

19.01.2019

 

Укта балам

Укта балам, уктай гой, уктап калчы,

Көзүмдөн аккан жашты алчы сүрүп.

Бук болгон жан дүйнөмдүн сырын ачам,

Көөдөндүн муӊдуу ырын тыӊдап бүтүп,

Мен азыр кусалыктын ырын жазам.

 

Укта балам, жымжырттыкты улап турчу,

Калбайынчы бүгүн да чала жазып.

Ушу азыр эргип бир төгүлөйүн,

Ырларга дүйнөм бүтүн аралашып,

Өзүм дагы ыр болуп көрүнөйүн.

 

Укта балам, чыргоо болбой уктай гой,

Турган чакта тулку боюм ой чулгап,

Актай барак сыяланып кубансын.

А мен жыргап, жазганыма толкундап,

Сенин болсо таттуу уйкуӊ улансын.

 

Укта балам, укта балам, уктай гой!

23.02.2018

 

Женилбейм сага

Бушайман кылып, буйдалап мени жүдөтсөӊ,

Буга да чыдайм, азапка мейли түнөтсөӊ.

Бурганак болуп алдымдан бура чыксаң сен,

Башымды ийип жеӊилген далай күн өткөн.

 

Баарына кайыл болуп мен анда кетчүмүн,

Башым маң болуп, көрө албай турмуш түпкүрүн.

Таарынып анан, тайсалдап барып токтогом,

Тар турмуш мага, көрсөтсө күндө түркүнүн.

 

Бышактап ыйлап, жеңилип сага калчумун,

Жүрөктү кыйнап, убагы бүтпөй жанчуунун.

Санааркап жатып, уйкусуз болуп андайда,

Сан ойду чубап, учугун бүтпөй тартуунун.

 

Сырдуусуң, турмуш, эртеңки күнүң жаңылык,

Сынайсың күндө жеңүүгө мени камынып.

А бирок билгин, турмуш, сен берген сабактан.

Такшалып чыккам татыктуу медаль тагынып.

 

Сыноолор дагы тургандыр далай алдыда,

Сынбаймын эми, умтула берем алдыга.

Жупуну көрүп, алсыздай мени сезчүсүӊ,

Женилбейм сага, окшошуп калгам алдууга.

 

Кезигели

Асманымда ала-була булут туруп,

Буурул турмуш ого бетер буюктуруп.

Турганымда көңүлдү көтөрөсүң,

Тумандаган ойлорду унуттуруп.

 

Турмуш мага, мен турмушка түшүнбөгөн,

Учурлар көп, санаалар көп күтүлбөгөн.

Томсортуп кете турчу азаптарды,

Тосуп калчы мээримдүү күчүң менен.

 

Күндөрүм өтпөй калсын эзилүүдө,

Келишсин жакшы күндөр, кечигүүдө…

Бул учур бүт кайгымды унутайын,

Бүгүн сен чакыр мени кезигүүгө.

 

Мени ойлоп, туулуп нечен суроолор,

Жооп таба албай болгондурсуң убара.

Сыр айтуудан сууп калган көңүлүм,

Үмүт кылып, менден көптү сураба.

 

Өткөрүп биз башыбыздан далайды,

Өмүр сүрүп келерибиз бышык да.

Маанилүүсү ушул учур эмеспи,

Өткөнүмө, тагдырыма кызыкпа!

 

Кел эстейбиз

Сагындыңбы, мага окшоп?

Санаасыз чыт курсак мезгилдерди.

Капырай бүгүн мынча,

Көөдөндө күйүт барча,

Кол шилтеп бардыгына кетким келди.

 

Эстейсиңби?

Кел эстейбиз,

Эркетай эселек балалыкты.

Эңсөөнү улай калып,

Экөөлөп кыялданып,

Ээрчишип ошол кезге баралыкчы.

 

Бала күндөй кыткылыктап,

Бүгүн бир боор эзиле күлөлүчү.

Кайгынын бирин билбей,

Кадимки наристедей,

Кел бүгүн душманды да сүйөлүчү.

 

Апапак тилек менен,

Наристе жүрөк менен,

Ар дайым бул өмүрдү сүйөлүчү!

 

Түбөлүктүү ырыңмын

Арманың айт, боздо, ыйла, түшүндүр,

Ар кылыгың аруу сүйүүң үчүндүр.

Сезип, туйбас жарты мендик жүрөктөн,

Сүйүүгө мас сендик жүрөк бүтүндүр.

 

Сенин сүйүүң аруу жолго шам чырак,

Өчпөсө дейм, өтсө дагы канча убак.

Сага кандай? Мага мындай сезилет

Сүйбөгөндөн сүйүп калуу жакшыраак.

 

Сендик ойлор тазасына ынанам,

Сезимиӊден жалгыз гана ыр алам.

Жетпей калган сүйүүң болуп баркталып.

Мен да сага жакшы ыр болуп бере алам.

 

Болбосом да түгөй болуп, түркүгүӊ,

Түбөлүктүү ырыӊ болуп бере алам!

 

Түбөлүктү сүйүү күтчү кезимдемин

Эрте айтып, сезимиӊди, жактырууӊду,

Көрсөттүӊ го магдыратып, мас кылууӊду.

Коркуп турам баары эрте башталууда,

Кейип кийин татпаймынбы ачкыл ууӊду?

 

Баарын эрте баштабайлы суранамын,

Кереги жок куру бекер убаранын.

Баары ысык башталат да акырында,

Көргөм далай сезимдердин ураганын.

 

Жалган айтып алдагандар далай болгон,

Жасалмалуу жылмаюуга жарай койгон.

Сүйүүгө бек темирдей көрүнсө да,

Чындыгында калбыр жүрөк калай болгон.

 

Алоолонуп эрте жанган сезимдердин,

Курмандыгы болуп далай эзилгенмин.

Мына азыр алданууга татыбаган,

Түбөлүктүү сүйүү күтчү кезимдемин.

 

Куру бекер арзышууга татыбаган,

Түбөлүктүү сүйүү күтчү кезимдемин!

15.01.2014

 

Сүйүүмдү айта албайм

Мен сага жагайын деп

жакшы сөз арнай албайм,

Жасалма назик болуп

жаныӊда жандай албайм,

Боорукер болуп сага

калп эле күйпөлөктөп,

Бал шекер сөздөр менен

мен сени арбай албайм.

 

Кайгырып турсам деле

калп эле күлгөн болуп,

Кашайып эки көзүм

калганча сүйгөн болуп,

Жалгандан калкалап мен

канатым жая албайм,

Күн сайын колдоп сени

аздектеп жүргөн болуп.

 

Кайгырып жасалмалуу

сен үчүн санаа жебейм,

Корголоп жаман сөздөн:

“Койгула, жалаа!” дебейм.

Сүйдүрүп алайын деп

көркөмдөп сөздөр айтып,

Сыпайы болгон өӊдүү

баарысын сага дебейм.

 

Сезимим башка менин,

ачыкка чыгарбачу,

Сүйкөнүп жагыш үчүн

далалат кыла албачу,

Түшүнүп алчу сенин

сүйүүӊдү мына ушундай,

Кысылып уялуудан

бошонуп чыга албачу.

 

Мен сени сүйөм ичтен

сызылып айта албай,

Менсинип турсаӊ дагы,

мертинип кайта албай.

Мен сени сүйөм билсеӊ,

баарысын ичке катып,

Мерез, суз көздөрүӊдөн

көзүмдү тарта албай.

 

Мен сени сүйөм билсеӊ

сүйүүмдү айта албай.

10.03.2014

 

*****

Чаржайыт ойлорумду жыйып бүгүн,

Чын дилден бакытымды утурлайын.

Келгенде көптөн күткөн айым күнүм,

Адашып адатымча учурбайын.

 

Тумандуу багытымды бурдум бүгүн,

Табылып турганында аруу жолум.

Таалайлуу бир сезимди туйдум бүгүн,

Жетелеп баратканда каруу колуӊ.

06.12.2014

 

Кайра эле

Башканы карап койсоӊ

жай таппай куруп алым,

Басынып ал ансайын,

барксыздай туюламын.

Арманым ичке катып

айласыз сени тиктейм,

Айта албай сезимимди

азапка жууруламын.

 

А кээде тиктеп мени

ойлорго чөмүлөсүӊ,

Аттанып бараткандай

алыска өмүрлөшүӊ.

Анда да ичим ысып

айламды таппай калам,

Каалап да кетчү болдум

карааныӊ көрүнбөшүн.

 

Жылмайып койсоӊ мага

ал үчүн кайгы тартып,

Жети өмүр жерге кирип

жашоого наалат айтып,

Канчалык билинсе да

сүйүүбүз ак экени,

Кашайтып койгон үчүн

жолдорду кайчылатып,

 

Өзгөгө күлсөӊ дагы

өрт болуп куйкаланам,

Өзөктү уулантуучу

кызганыч ууртап алам.

Баары бир каалообузга

кош колдоп жете албасак,

Канткенде бугум чыгып

мен сага унчуга алам?

 

Жолугуп калсак дагы

жосунсуз жорук кылып,

Жашаймын жалгыздыкты

эп көрүп, конуш кылып,

Кадамым карааныӊдан

алыстап барган сайын,

Күнөөсүз жүрөгүмө

саламын согуш, бүлүк.

 

Кайра эле көр турмушка

көӊүлсүз агыламын,

Түшүнүп бир болбоско,

айласыз багынамын.

Жаныӊдан өзүм качып

кеткеним билсем дагы,

Жай албай түйшүк тартып

кайра эле сагынамын.

20.01.15

 

Мен баратам

Жыйыштырып түшүнбөгөн түйшүктү,

Жолго чыктым, апа, сени сагынып.

“Жаман кызым” аман келип алса деп,

Жаратканга жатсаӊ керек жалынып.

 

Кечээ кечте айтканымда барам деп,

Көкүрөккө кусалыгыӊ уюлгуп.

Түн күзөтүп чыктыӊ бекен уктабай,

Таттуу уйкунун эмне экенин унутуп.

 

Таӊ атканда тамак-ашын даярдап,

Толкунданып “кызым келсе берем” деп,

Күйпөлөктөп жүргөнүӊдү билемин,

Катып койгон таттууларын белендеп.

 

Күн да келет кайра кайтып келүүгө,

Кыӊырылып анан шаарга бет алам

Анда дагы кандай жетип алды деп,

Мени ойлоп турганыӊ чын, бечарам.

 

Ал тууралуу азырынча ойлонбой,

Андан көрө жетсем экен батыраак.

Мээрим толгон көздөрүӊдү жайнатып,

Күтүп жолдо турсаӊ керек зарыга.

 

Мен баратам, апа сени сагына!

25.04.16