Эдгар Аллан По: Береника

Эдгар Аллан По

Береника

Dicebant mihi sodales, si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum forelevatas.

Ebn Zaiat [1]

Күйүт көп кырдуу келет. Жер жүзүндөгү кайгы-капа – ар кыл. Ал мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алып, турпаты күн желесинин куюлушундай өзгөрмөлүү, ар сүртүмү бири бирине жуурулбайт, ошол эле учурда түпкүлүгү бир. Мунарыктаган жер бетин күн желечесинен кучагына алат! Анан кантип мен сулуулуктан ушундай жексурлукту, бир бүтүн бейпилдиктен чулу кайгыны тамырлата сууруп алдым? Антсе дагы этикада айтылгандай жамандык – жакшылыктын туундусу, чынында кубанычтан капа жаралат. Анан да өтмүштөгү ырахат тууралуу эс-тутум – бүгүнкүнүн азабы же кайсы бир убакта боло турган ачуу шаттыкта башаты бар касырет.

Диний жөрөлгө менен коюлган ысымым – Эгей, толук аты-жөнүм сыр бойдон калсын. Бул жерде атамдан мураска калган үңүрөйгөн, караңгы сарайдан башка мезгил изин салган башка мунаралуу турак жок. Биздин тукумду көзү ачыктар уруусу деп коюшат, бул ой жорумду күбөлөндүргөн негиздер алда нечен укмуш көрүнүштөрдө – биздин үй-бүлө очогубузда, чоң конок үйдүн фрескасында[2], уктоочу бөлмөлөрдөгү гобелендерде[3], гербовниктеги кылдат иштелген тирөөчтөрдө, айрыкча байыркы сүрөттөрдө, учурга бап китеп бөлмөсүндө, акырында андагы өзгөчө мазмундагы адабияттарда жетишерлик.

Эс тарткандан баштаган бардык окуялар ушул бөлмөгө, анан андагы китептерге байланыштуу, эмне китептер экенин айтпай турайын. Бул жерде менин апам акка моюн сунган. Так ушул жерде киндик каным тамды. Мурда жанымдын болбогондугун, жашабагандыгымды кеп кылуу анчейин сөз болуп калат. Макул таппайсыздарбы? Талашкандан алысмын. Өзүмө ишенем, башкаларды ишендирүүдөн алысмын. Анткен менен бизде көрүнчү кебетеленген, тереӊ, рухий мазмундагы көз караштын, мукам болсо дагы муӊдуу үндөрдүн эс-тутуму жашайт; булаңгыр, өзгөрмөлүү, белгисиз, жылма көлөкөдөй эс-тутумдан оолактай албайсың; жана акыл-эсимдин шооласы тийип турганда көлөкөдөй ээрчиген андан ажырай албайм.

Ушул бөлмөдө мен төрөлгөм. Узактай, бирок жоктой сезилген узак түндөн араң ойгонуп, жомоктогудай жерде – кыял сарайында ой кечили менен китепкөйдүн жапайы үстөмдүгүндө эсиме келдим, тегерегимди таң калуу, күйгөн көзүм менен кадала карасам мында таң каларлык эч нерсе жок, өспүрүм чагымды китеп кучактап өткөрдүм, таттуу кыялга батып жүрө берип жаштыгым кандай өткөнүн билбей калдым, жылдар тоголонуп атамдын үйүндө бойго жеттим, жашоо жазым сенейип калды, болгон ой мүнөзүмдө канабайран орун алганы айран каларлык болду. Дүйнө чындыгы элес катары сезилчү болду, элес гана катары, ошол эле учурда удургуган ойлор менин күндөлүк бардыгымдын маанисин гана түзбөстөн, чынында бирден бир болмушумдун талашсыз өзү болуп берди.

Береника экөөбүз бөлө болчубуз, атамдын үйүндө чогуу чоңойдук. Бирок биз ар башкача өстүк, мен – оорудан улам илмийген, үӊкүрдөй үӊүрөйгөн баламын, ал болсо – акыл десе зирек, боюна келсе келбеттүү, күч-кубаты ашып-ташкан кыз; анын кылар иши – адырдагы апай бетте оӊкочук атып оюн салуу, меники – бекинип алып битикчилик кылуу. Өзүм менен өзүм жашоо кечирем, өөнө боюм менен оюмду алсыраткан, кыйноого салган ой-санаага жакынмын; ал жолундагы көлөкөнү же учкан куштай акырын зуулдаган убактысын капарга албастан жашоодо бейгам делдектеп жүргөнү жүргөн.  Береника! Береника! – деп атын атап чакырган үнүмө жооп болуп таш-талканы чыккан эс-тутумумдун арасынан толгон окуя чымын-куюн боло атылып чыгат! Бах, бала кезиндеги баёо, шат күндөрүндөй анын келбетин азыр да көрүп турам! Жомоктогудай айтып бүткүс сулуулук эй! Арнгейм[4] шаарынын бак-шактарынын арасындагы сымбаттуу айым! Оргума суунун ортосундагы суу пери! Андан ары, андан соӊ купуя сыр, коркунуч, анан айтылбай турган окуя. Айыккыс оору кум учурган куюндай ага жабышты да калды; ал турсун көз алдымда куюлма жин акыл-эсине кирип, жүрүм-турумун, мүнөзүнөн бери таанылгыс кылып өзгөрттү, баарынан жаманы арамзалык, кара өзгөйлүк менен анын өздүгүнө доо кетиргени болду. Каап! Бузуку келди дагы, кетти! Курмандыгычы, ал каякта? Анын ким экендигин билбей калдым, эми ал баягы Береника эмес болучу.

Бөлөмдүн руханиятына, өөнө боюна ушундай касаптуу өзгөрүш алып келген ошол арты жаман топ оорунун арасынан бөтөнчө азапка салган, түпкүлүгүндө оӊой менен сакайбас талманын бир түрү катары эскере кетсе болот. Анысы кармаганда өлүктөн дээрлик айырмасыз, көп учурда күтүүсүз өзүнө келгендеги жүрүм-туруму эс чыккыдай болор эле. Аӊгыча өзүмдүн оорум – мага аны ушундан башкача айтпоо айтылган – өзүмдүн оорум мени тез эле үстөмөндөдү, акыры мономаниянын көз көрбөгөн, таӊ каларлык түрүнө айланды, саат сайын, көз ирмем сайын күч алып, акыр түбү акыл жеткис бийлигине чулгап алды. Бул мономаниянын өзөгү, эгер аны ушинтип аташ керек болсо, метафизика илиминде көӊүл буруу деп аталган жан дүйнө касиеттеринин оору менен коштолгон туталануусунда турат. Кыязы менин айтканым түшүнүксүз болуп жатканы айкын, бирок чынын айтканда карапайым окурмандын аӊ-сезимине чыӊалган кызыгуу дүрмөтү тууралуу так түшүнүк берүүдөн алысмын деп кооптоном, ал аркылуу менин учурумдагыдай сүкүт тартуу (“лам” деп ооз ачпастан) күч-кубаты ааламдын эӊ жупуну нерселеринде өз ордун таап, жайбаракат кыялга батат.

Китеп бетиндеги кайсы бир таназар албас укумун же тамгаларын тиктеген бойдон алда нечен саат бою ойго чөмүлүү; жай саратанынын толукшуган күнүндө гобеленге же жерге кыйгач тийген көз талдырар көлөкөгө көз айырбастан көз жүгүртүү; бир калыпта күйгөн шам жалынына же очоктогу чокко түн бою өзүн жоготуу менен абай салуу; гүлдүн жыпар жытын жыттап күнү кечке кыялдануу; эсепсиз кайталагандан улам кадыресе сөздү мазмуну жоголгонго чейин бир калыпта кайталай берүү; кыймыл сезимин жоготуу же көпкө чейин көгөрө былк этпестен тынч туруу: акыл жөндөмдүн абалы менен пайда болгон эӊ жупуну, бүлгүнү азыраак кылык-жоруктардын ичинен айрымдары ушулар боло турган, балким, эми анчалык деле чектен тыш эместир, бирок кылдат талдоого же түшүндүрмөгө чакырык таштай турганы ачыктан ачык иш.

Канткен менен мени натуура түшүнүүгө жол бергим келбейт. Табиятында  көӊдөй нерселерге олуттуу, орунсуз, оорулуу көз карашта кароону бардык адамзатка таандык, асыресе кыялы алып учма адамдар берилген кадыресе ой толгоого жакындык менен чаташтырбоо зарыл. Бул адегенде көрүнгөндөй мындай ышкылыктын жеткен чеги же ашкере апыртуу дагы эмес болушу мүмкүн, ал түпкүлүгүндө башкача, ар кыл. Адатта көӊдөй эмес нерсеге кызыккан кыялкеч же ынталуу адам андан чыккан ой корутунду, жоромол чытырманына тереӊдеп кирип, аны байкоостон көз кырынан жоготуп алган учур болот, көп учурда ырахатка тойгон ой кыял жыйынтыкталгыча өзүнүн таптакыр жоголуп унутулган ой толгоосунун incitamentumун же түпкү себебин таппайт. Алгач мендеги мындай көрүнүш анчалык байкалчу эмес, кесел көрөгөчүмдүн айынан бурмаланган, нукуралыктан тыш мааниге ээ болгон, бирок чындыгында андай болгон эмес. Аздыр-көптүр ой кудугум ошол көрүнүшкө чулу уютмага тартылгандай кыйшаюусуз кайтып жатты. Бул сүкүт тартуулар эч качан жанга жагымдуу болбогон жайы бар, кыялый эстен тануу аяктаганда, анын көз ирмемге да көздөн далдоо болбогон башкы себебине болгон кызыгуу табияттан тыш өлчөмгө чейин жетти, бул менин кеселимдин үстөмдүк кылган өзгөчөлүгү эле. Бир сөз менен айтканда, жогоруда айткандай ой чабытымдын күч-кубаты ыкылас койгонго корогон болсо, кадим кыялкечтики ой чабагандаганга кетет.

Ушул учурдагы окуган китептерим жан дартымдын козгогучу болбогондо, кандай болсо дагы өзүнүн көркөмдүгү, ыраатсыз табияты менен кеселдин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн ак чагылдырат. Алардын ичинен өзгөчө эсимде калганы – италиялык улуу Целиус Секундус Курионун “De Amplitudine Beati Regni Dei”[5] эмгеги; Ыйык Августиндин[6] “Кудай шаары” улуу эмгеги; Тертуллиандын “De Carne Christi”[7] аттуу эмгегиндеги “Mortuus est Dei filius; credible est quia ineptum est: et sepultus resurrexit; certum est quia impossibile est”[8] деген кайчы пикири убактымды алып, нечен жумалап маӊдай тер тамыза жемиши жок изилдөө жүргүзүүгө туура келди.

Ошентип, акыл-эсим арампөөш нерселерден улам теӊ салмактан тайып, Птолемей Гефестион айткан адам зомбулугунун чабуулуна, суу менен шамалдын буркан-шаркан жаалын былк этпестен көтөргөн, болгону асфодель[9] гүлүнүн бир серпилишинен селт эткен мухиттеги аска-зоого окшошуп кетет.

Үстүртөн караганда камырабас ойчулга Берениканын рухий абалындагы кара жолтой кесел алып келген өзгөрүү сөзсүз боло турган иштей сезилиши ыктымал, ал карбаластуу, алаӊгазар ой калчамыма чыктуу түрткү берүүгө тийиш болучу, түпкүлүгүн чоӊ далалат менен түшүнүк бергим келген, бирок андай болгон жок. Оорум кармабай көӊүлүм сергек учурда анын аянычтуу абалын көргөн мага чынында оор, бир калыптагы нурдуу жашоосунун толук кыйраганын жүрөгүмө жакын кабыл алып, чагылгандай тездикте чукул өзгөрүш алып келген керемет күч тууралуу күйүттүү ойго батчу болдум. Бирок бул ой жорумда менин дартымдын калдык изи жок болучу, мындай кырдаалда кадыресе көпчүлүк адамзат так ушинтип ой бакмак. Өзүнө ишенимдүү бүлүнгөн көӊүлүм Берениканын турпатындагы анчалык байкалбаган, ошол эле учурда эс чыгарган өзгөрүүлөргө, кешпириндеги оголе адаттан тыш бурмаланууга сугалактана бурулат.

Анын теӊдешсиз сулуулугунун болуп турган күндөрүндө сүйбөгөндүгүм анык. Менин кызыктай болмушумдагы сезимим жүрөктөн чыкпагандыгы айкын, көӊүл кушум акылымдан айкашып чыкчу. Таӊкы үрүл-бүрүл жарыктабы, күн төбөдөгү тор көлөкөлүү токой арасындабы, түнкү китепкана жымкырттыгында болобу, ал көз алдымда делдектегени делдектеген, жан тендүү Берениканы эмес, кыялый Берениканы көрөм, жердеги зат катары эмес, мындай заттын сөлөкөтү; суктанганга сук арттырбаган, болжоп билсе боло турган; сүйүктүү жан катары эмес, өтө тереӊ маанилүү чачкын ой толгоо олжосу катары көзүмө көрүнчү. Азыр болсо… азыр ал жанымда болгондо, калтырачу болдум, жакындаганда өӊүм кубарып; чөгүӊкү, муӊдуу абалына күйүп жүрүп, ал мени узакка сүйгөндүгүн эсиме тык эттирдим дагы, кыйчалыш учурда колун сурадым.

Акыры нике үлпөтүбүз жакындап келатты, ошол жылдын кышынын кыштагыдай эмес жылуу, жымжырт, тумандуу, Гальцион сулуу[10] алпештенген күндөрүнүн бир күнүндө, түш оой китепкананын ички тынчтыгында (жалгызмын деген ойдо) олтургам. Башымды көтөрүп карасам, маӊдайымда Береника турат.

Өзүмдүн беймазалуу элестетүүм же мунарык тумандын таасириби же бөлмөнүн күӊүрт ымырты же анын денесин кынаптап турган бозомук мата анын сөлөкөтүн айра тааный албай бүшүркөөмө себеп болдубу? Айта албайм. Ал үн дебестен турду, мен эки ооз сөз кошуп айтууга дааган жокмун. Муздай муздактык бүткөн боюмду каптады, жан чыдагыс коркунуч мени кысып кирди, сыйыртмактуу ашкере кызыгуу жанымды өзүнө оп тартты, отургучка сүйөнүп, анын кебетесине дем чыгарбай мыктай кадала олтуруп калдым. Кантейин! Өӊдөн азганы өзгөчө эле, өнөө боюнун калган-катканы бир кездеги сөөлөтүнөн кымындай бир белги берген жок. Оттуу көз карашым жүзүнө келип кадалды.

Узунунан келген, сөөктөй купкуу, кере карыш ачык маӊдайы, бир кезеӊде көөдөй кара чачынын жарымы чекесине түшкөн, ачык сары түскө өткөн сансыз калыӊ тармал чачы саамайына көлөкө түшүрөт, бул ойку-кайкылык жүзүндөгү убайымга үндөшпөй турду. Көздөрү жансыз, нуру өчкөн, бир караганда карексиздей сезилет, айнектей муздак көз карашынан жүзүмдү кеберсиген жука эринине аргасыз буруп кеттим. Эриндери ачылды, бул табышмактуу жылмаюуда өзгөрүүгө тушуккан Берениканын тиштери көзүмө акырын урунду. Анын тиштерин желкемдин чуӊкуру көрсүн же көрөр менен Кудайдан суранарым: жан таслим болсом кана!

Эшиктин жабылганынан селт этип кеттим, өйдө карасам, бөлөм бөлмөдөн чыгып кетиптир. Бирок тиштеринин агыш-бозомтук элеси мээмдин баш аламан бөлмөсүнөн, кудай акы, чыккысы жок! Тишиндеги темгил ала такты, эмалынын карайганын, четиндеги кемтикти – баарын унуттум, бирок ошол жылмайган учуру эс тутумума эн тамга болуп басылып калды. Ошол көргөн учурдагыдан да азыр ачык даана көрүп турам. Тиштер! Ушул тиштер! Мынакей алар, тигине, бардык жерде, көз көрүнө, кол жетерлик жерде, узун, ичке, кардай аппак; тегерегинде үрөй учурган адепки башталганындай азаптан жыйрылган кубарган эриндери. Андан соӊ менин мономаниямдын буй түшүргөн жаалы кармады, анын кызыктай, кубаттуу таасирине каршы курулай күрөшө баштадым. Жарыкчылыктагы не бир түркүндүн ичинен ушул тиштерден башка оюм жок болучу. Буларга бейаӊ азгырык менен тартылдым. Калганынын бардыгы, не бир түркүн кызыктар мунун сыӊар мелтиремине сиӊип кетти. Алар гана көзүмө элестеп, өзүнүн кайталангыстыгы менен рухий жашоомдун мазмуну болуп калды. Улам жарыкка салып оюмда аларды шыкаалайм. Болгон жагынан айлантып карайм. Ичин аӊтарып изилдейм. Ар өзгөчөлүгүнө мээ эздим. Түзүлүшүнө ой түрдүм. Табигый өзгөрүшүнө баам салдым. Калтырак аралаш шыкаалап жатып, алардын сезүү, туюу жөндөмүн, жадесе эринсиз эле жакшы-жаманды айтуу сезимин ачтым. Салле[11] айымдын мындай деп жакшы айтканы бар: “Que tous ses pas étaient des sentiments”[12], Берениканын que toutes ses dents étaient! Des idées![13] экендигине алда канча көбүрөөк ишенчүмүн. Des idées! – атаӊдын көрү, мени куруткан кем акыл ой ушул болбодубу! Des idées! – анткени алардын адаттан тыш артынан түшкөнүм! Аларга жетишим гана эс-акылымды калыбына келтириши ыктымалдыгын сездим.

Аңгыча кеч да кирди, караӊгылык улам коюуланып баратты, бир аз аярлады дагы тарап кетти. Таӊ кулан өөк салды, экинчи түндүн туманы басты, ал эми мен ошол обочо бөлмөдө былк этпестен олтура бердим, эрктен тыш ой кумун куюлтуп олтура бердим, тиштердин phantasmaсы[14] үрөй учурган үстөмдүгүн коё берген жок; бөлмөнүн улам алмашкан жарыгы менен көлөкөсүндө кынтыксыз ачык неме сүзүп жүрдү. Кыялдануумду коркууга, аптыгууга толгон кыйкырык бузду, ага улай бир аз тынымдан соӊ кайгынын же оорунун басмырт онтоо аралаш тынчсызданган үн коштоду. Ордумдан туруп, китепкананын каалгасынын бирин ачсам, алдымда жүзү жашка жуулган кызматчы аял турат, ал мындан кийин Береника жок экендигин айтты! Ал эртеӊ менен талмасы кармап калыптыр болучу, азыр болсо түн кирерде мүрзөсү даяр, өлүк көмүү зыйнатына бардык даярдык бүткөн.

Карасам китепканада кайра эле жалгыз олтурам. Беймаза кылган булаӊгыр түштөн жаӊы эле ойгонгонсуйм. Түн ортосу болуп калганын байкадым, күн ордуна олтурар менен Берениканы жайына алышканын жакшы билем. Ошол убайымдуу мезгил ичинде бир оозго аларлык, ал турсун айкын түшүнүгүм болбоду. Түш тууралуу эс тутумум коркунучка жыш, элес-буластыгынан улам кооптуу, белгисиз күӊүрттүгү ан сайын үрөй учурат. Ал менин таржымалымдагы окуганга түшүнүксүз, эс чыгарлык, байланышпаган коркунучтуу эскерүү бети болучу. Алардын мазмунун ачып берүү далалатын көрдүм, аракетим текке кетти; ушул учурда эчак басылган үндүн жаӊырыгы сыяктуу аялдын ачуу чаӊырыгы кулагыма улам-улам жаӊыргансыды. Эмне илинчек кылдым, эмне эле бул? Өзүмө өзүм  үн чыгара айттым, бөлмөнүн шыбыраган жаӊырыгы “эмне эле бул?” деп жооп кайтарды.

Жанымдагы үстөл үстүндө чырагдан бүлбүл жанат, ага жанаша тыпырайган куту жатат. Эч кандай өзгөчөлүгү жок кадимки куту, биздин үй-бүлөлүк дарыгерибиздики болгондуктан муну алда курдай көргөм, бирок кантип бул жерге, менин үстөлүмө келип калды, анан да көрөрүм менен  бүткөн боюмду калтырак басканы кандай? Кандай амал кылбайлы, аӊдаш кыйын болду, акыры ачылып турган китептеги алды сызылган сөздөргө көзүм түштү. Ал Ибн-Зайат акындын: “Dicebant mihi sodales si sepulchrum amicae visitarem, curas meas aliquantulum fore levatas” деген таӊ калычтуу, ошол эле учурда жөнөкөй сөздөрү болучу. Ынтаа коюп окуурум менен чачым тик туруп, кан тамырымдагы каным катып калганы эмнеси?

Китепкананын эшигин акырын тыкылдаткан үн угулду, көрдөн чыккандай өӊү бопбоз кызматчы жыла басып кирди. Коркконунан алактаган  неме калтырак баскан, кырылдаган, үзүл-кесил үн катты. Эмнени айтты? Үзүк-үзүк сөздөрдү кулагым чалды. Ал түн бейпилдигин бузган жапайы айкырык, эл чогулуп, үн чыккан жакты көздөй кеткендиги тууралуу айтты. Бир кезде анын добушу чочугандай таптак чыкты, бузулган мүрзө, кепинделген өлүктүн тытмаланганы, дагы эле дем алып, жүрөгү согуп жатканын, тирүү экендигин шыбырады!

Ал баткак болгон, кан чачыраган кийимимди көрсөттү. Менден үн чыккан жок, колумдан аста алды: кишинин тырмагынын издери. Ал көӊүлүмдү дубалда илинип турган бир нерсеге бурду. Бир топко карап калдым: бул темир күрөк болчу. Кыйкырып барып үстөлгө жабыштым, андагы кутуну ала калдым. Бирок аны күч менен ача албай койдум, калтыраган колумдан жылмышып жерге катуу түшүп, чачырап кетти; тырсылдаган үн чыгып, пилдин сөөгүнөн жасалгандай кичинекей, аппак отуз эки майда сөөккө аралаш тиш доктурдун шаймандары полго чачылып кетти.

2022-жылдын 31-майы

[1] Сүйгөнүмдүн бейитине барсам, күйүтүм басыларын досторум айтты (латынча)  – Ибн-Зайат – XI кылымдагы араб акыны.

[2] фреска (италиянча fresco – жаңы, чийки) – монументалдык живопистин акиташты негизги байланыштыруучу зат катары колдонгон маанилүү техникалык бир түрү.

[3] гобелен (французча gobelin) – Париждеги гобелен деп аталган мануфактурада дубалдарды кооздоо үчүн даярдалган көркөмдүк сапаты жогору, кол менен токулган француз килеми.

[4] Арнгейм – Нидерланддагы шаар.

[5] Италиялык гуманист Целиус Секундус Курионун (1503–1559) “Кудайдын абат падышалыгынын улуулугу тууралуу” китеби 1554-жылы жарык көргөн.

[6] Христиан уламасы, жазуучу Ыйык Августиндин (354–430) “Кудай шаары” аттуу эмгеги
426-жылы жазылган;

[7] Хринстиан уламасы, жазуучу Квинт Септимий Флоренстин (160–230-жылдар) “Исанын кайра жаралышы” китеби.

[8] Кудайдын уулу өлгөнү чын, анткени сандырактык, өлгөндүн тирилгени шек жаратпайт, себеби мүмкүн эмес.

[9] Асфодель – лилия түркүмүндөгү гүл антикалык доордо өлүм гүлү катары кабылданган.

[10] Юпитер кыштын күнү катары менен жети жылуу күндү жөнөтөт. Ушул жылуу учурду эл грек мифологиясындагы шамал кудайы Эолдун кызы “Гальцион сулуунун бешиги” атап калышкан.

[11] Салле Мари (1707–1756) – XVIII кылымда Лондон менен Париждин театрларында даӊкы чыккан француз балеринасы.

[12] Анын ар бир кадамы – сезим (французча).

[13] Бардык тиши мазмунга толгон. Мазмунга! (французча).

[14] Көрүнчү (латынча)

Англисчеден оодарган: Эрмек Шоруков