Жапаркул Алыбаев: Эмне союптур? (сатира)

Билип туруп айтпайбыз

Кээде ырдын

Уйкашына баш ийбей,

Жазгың келет

Жан кейиткен иштерди:

Бул замандын

Кадыр, баркын түшүнбөй

«Алсам»

«Жулсам»

Деген гана типтерди.

Мисалы:

Күлтүңдөгөн мобу неменин

Мазары – базар.

Анар сатат

Чөк, чөк кылып төлгөдөй.

Балким мунун

Айылдашы, теңтуштары

Бир катар

Пахта терип жүргөн

Чыгар жөргөлөй?!

А бу болсо

Айыл менен иши жок

Эңкейбей да тердебей

Акча санайт желбегей!

А мобучу:

Мурут коюп чыкыйган?

–Контролер!

Автобуста,

Же базарда.

Кантсин байкуш

Оорукчандыр дээрсиңер –

Ыркыйган?

 

О кокуй,

Анын денеси чың

Штангисттей лыкыйган.

Анын үстүнө

Алган диплому да бар

КГУдан же

ФПИдеп!

Ойду-тоону кайсап,

Бул ооп келген

Өзү иштеген «ЧП» дан!

А тигичи:

Кара тончон, суур тумак,

Дүкөндөргө

Туалет тарабынан кирген?

–Оо! Ал эски тааныш –

Кызылкулак,

«Соодага эмгеги сиңген».

Кайсы дүкөнгө

Кандай буюм түшкөнүн

Машкедей

Жытынан билген.

Эл кызматта жүргөндө.

Калемден баштап,

Китепке чейин

Кыргыйдай илген.

Аны

«Иштебейсиңби?» десең,

Сөөмөйү менен башын көрсөтүп,

Сени келесоо катары

Көрүп күлгөн.

Эмесе, туугандар,

Элдин ичи турбайбы кенен:

Мына ушунун баары

Бирге жашайт

Биз менен.

Ооруса – доктору белен.

Соосунда бизди – жегени жеген.

Билип туруп – айтпайбыз.

Көрүп туруп – какпайбыз.

Мунун аты – Кайдыгерлик

Деген.

 

Чарабай

Чарабайды чабан дешет,

«Баккан малы «аман» дешет.

Эмесе,

Чакеңдин «чабандыгын» айтууга

Келди кезек.

Ырас,

Чабан деген ардактуу кесип.

Жайдыр-кыштыр жүрөсүң

Үйдөн безип.

Асырап аман тууганын,

Асканын арасы турганың.

Ала-Тоо сенин тууганың.

Жаз, кышы көрсөң кууралын,

Жайы, күзү жыргалын.

Эмгеги эске алынган.

Эл урматтап –

Жылдыз тагынган.

Чабандар бар

Аты кыргызга таанылган.

Бирок,

«Чабан» десе эле мактабай,

Обу жок боло бербей

Актаңдай.

Айталы «ток этер» жерин

Мидикем айткандай:

Ооба,

Чарабайды чабан деп жүрөт.

Көрө элекпиз анын

Кой четине жүргөнүн

Түнөп.

Койду койчусу кайтарат.

Чакең болсо

Дайыма жакада

Эки көзү канталап.

Келишкен атты минип

Чалкалап,

Кээде картаны,

Кээде «полбанканы» –

Талкалап,

Ары бастырат,

Бери бастырат.

Бекерпозсуң деп айтып көрчү

–«Мен чабанмын!» деп

Алкынат.

Жайлаган жайлоосунун атын билбейт,

Анда-санда келип,

«Козулар арыктап кетиптир» деп

Койчусун тилдейт.

Асты жыйналыштан калбайт,

Анда минтип сүйлөйт:

–Биз жүрөбүз тоонун башында.

Тиги эле, заңгелдин ташында.

Силердин болсо:

Үйүңөр – үстүңдө,

Ашыңар – астыңда,

Аялыңар кашыңда.

Ошондуктан

Обуңар менен мага

Акшыңда!

–Чарабайдын «чабандыгын»

Директор билеби?

–Билет!

–Анда эмне кармап жүрөт?

Анда сөзгө сабыр кылгыла

Бир мүнөт!

Чакеңдин койчусу –

Иниси,

Же кайниси.

Балким, өз баласы

Болбосо – күйөө баласы

Чамасы.

Мына ушулар ага арачы!

«Кол сынса – жең ичинде.

Баш сынса – бөрк астында».

Кээ бир чарбаларда бар

Чарабайга окшогон

Бирөөнүн эмгеги менен –

Калкыма!

Демек –

Чабандыкты

Чарабайдан алып,

Жоробайга бериш керек

Да,

Мындай «мырза» чабандарды,

Койчулукка чегиш керек!

 

Акыркы сапар

Таң атты

Ыдырыс туруп,

Жуунду.

Анан, сайышка түшчүдөй:

Зоот, чопкут кийип,

Белин буунду.

Башына – касканы орнотту.

Бутун кирзи өтүккө сойлотту.

Уктап жаткан балдарын

Өөп чыгып,

Анан катынын ойготту:

–Кокус, кырсык болуп

Кайтпай калсам,

Балдарды жакшы бак,– деди.

–Дүйнөдөн так өтмөк белең,

Бир эстүү эрди тап,– деди.

Айтарыңарды сезип турам:

–Деги бул Ыдырысың,

Кайда бармак?

–Согушка барат дейсиңби,

Ыдырыс, ремонттон чыккан үйдү

Кабыл алмак!

 

Ажыгулдун көргөнү

Ажыгул,

Көрүп келди дешип

Чоң шаарды,

Коңшу-колоңдорунун бир даары

Ажыкеңди кепке алды:

–Барганың борбор экенин

Жакшы билебиз.

Чоло таап, баралбай жүрөбүз.

Ал өз күнөөбүз.

Эми айта отургун

Көргөн-билгенди?– дешкенде

Ажыгул

Айылдаштарына

Айткан сөзү бул:

Барган түнү мейманканада болдук

Байкаган адамга–

Тимеле кордук!

Арагын ченеп сатат турбайбы,

Улуксат экен

Ар адамга – жүз эле грамм

Эки сомдук.

Ажыкең анысына карайбы?!

Атайы барган соң

Акчаны аяйбы?!

Дүкөндөн сатып келбей

Жан жокпу,

Шыгыратып, бөтөлкөдөн далайды.

Бир гана жаман жери –

Жанымда жаткан неме

Экен, жеткен – зыкым.

Жүздөн ашык ичпейт,

Ныпым!

Ал уктаганда коңурук чалып,

Мына эмесе деп

Алып келген шишелерди

Шыпкап ичип алып,

Жылып сыртка жөнөдүм.

Жуурканды сыйрып салып.

Силерге – калп,

Мага – чын:

Ичкилик сатыла берет экен

Каалаган мезгилде.

Ооба,

Ал биздин Бүбайша

Эмес да

Дүкөнүн бекитип койчу

Эрте бешимде!

Анан туугандар

Ар жагын жакшы билбейм:

Жаткан жеримди таппай

Темселеп жүргөнүм эсимде…

Милиция алып кетерде

Жанагы

Жанымдагы киши

Араң алып калыптыр

Кепилге.

(Кудай урсун кенедей сөз кошсом!)

Эртесинде чөнтөктө калганы –

Беш сом!

Аныма «баш жазып» алып саардан,

Айылдаштардын үйүн издедим.

Шаардан.

Калаа аман эле болсун

Чынында жетпейт экен

Элетке:

Оонап жатасыңбы,

Же,

Жөөлөшөсүңбү терекке,

Өзүң билесиң.

Кайсы жерге жыгылсаң

Беймарал,

Ойгонгондо үйдү кездөй келесиң!

А, шаарда карабайт тура себепке.

«Коомдук жерде

Жүргөндү билбейсиң» деп

Кылат экен келеке!

-деп Ажыкең бүткөндө

Сөзүнүн аягын

–Сени шаарга жиберген аялың–

Бүлүнүп,

Жаңылык угабыз деген биз,

Сүйүнүп,

Жерге эле кирели дешип

Чыга качышты.

Чапандарынын артын

Күбүнүп.

Шаарга эстүүлөр келсе,

Маданиятына кубанып кетет.

Ажыгулга окшогондор келсе,

Арагына ууланып кетет.

 

Арыз жазгыч тоголок

Арыз жазгыч

Тоголок,

Айтчы, качан жоголот?

Алма ичинде боз курттай,

Арабызда ойдолоп.

 

Кирип алса ичиңе,

Кедер болуп ишиңе.

Оңбогурду билбейсиң,

Окшош а да кишиге.

 

Эч билинбейт куйтулар,

Элдей эки буту бар.

Кымбат атыр куюнат,

Кыйын болсоң, тутуп ал.

 

Ичкиликтен сактанат,

Иш жагына так барат.

Кыйын жумуш тапшырсаң,

Кыйналса да аткарат.

 

Секин басып акмалап,

Сезиминде «такталат».

Анан жазат түн бою,

Араң түтүп ак барак.

 

Ким жазганын ким билет?

(Өзү гана бир билет.)

Отпускага чыккансып,

Он чакты күн тим жүрөт.

 

Ыйласа да ак барак,

Ырас, баары такталат.

Чындык болсо ордун таап,

Чылгый гана калп калат.

 

Калдым ээ,– деп жаза атып,

–Калтырбайм! – деп жашатып.

Калпын кайра чогултуп,

Кайра жазат ашатып.

 

Ушак жазгыч Тоголок,

Учса дагы оболоп.

Чиритем деп бирөөнү,

Чирип өзү жоголот.

 

Оңолбайдын «намысы»

Ооз барбайт

Оңолбайды «жалкоо» деп

Айтканга

Жаны тынбайт:

Жайында сугатта,

Жазында – сакманда,

Күзүндө

Тоодон чөп чапканда,

Көрүндүк берет элем,

Аны

Үйүнөн издеп тапканга!

Акыйкатта

Ал ач көздүктөн, оолак.

Ак эмгегине

Акчаны алса да боолап,

Андан эч ким

Сурабайт дечи соогат!

Ылайым Оңолбай

Жакшы жашасын!

Бирок

Жепирейген сокмо тамда

Турат дешет.

Өзү гана эмес,

Карыткан

Оңолбайдын атасын.

Үйүнүн ийилген устундарын

Көрүп,

Араң отурат киргендер

Карманып жакасын.

Дубалдары

Катуу чүчкүрсөң кулап кетеби деп,

«Келме» келтирип

Араң кайтасың.

Тамынын үстүн чөп басып,

Жөн эле каракыяк чыккан тектирдей.

Эрикпей,

Чөбүн чаап алса

Бир уйга

Кыш бою жеткидей!

Терезелери үтүрөйүп,

Эске салат

Урушкан адамдын

Кабагын.

Стол деген болбойт

Балдары жүздөмөңдөп,

Шырдакка жатып жазат сабагын.

Аял далай айтты:

–Эй Оңолбой

Үй куруп алалы

Жакшы жашап жатат

Элдин баарысы!

Жок.

Океңдин кармап

Сокур «намысы».

«Волганы» алды

«Жигулинин» начар деп «арышы».

Эң жок дегенде

Короосу толо бак-шак?

Жоок, кокуй,

Жөн эле ордо ойногондой,

Бош, «аппак!»

Эмесе, окуучум

Адегенде сөздү

Баштадык эле,

Оңолбайды мактап.

Эми Океңдин

Көзүнө айтсак:

–Маданияттуу жашоо –

Жеңил машина гана эмес, –

Таза жашоочу үй,

Гүл аңкыган бак-шак!

Айтарыбыз ушу,

Таарынсаң, таарын

Өтө катуу кетип жатсак!

 

Көнгөн адат

Карап туруп,

Оонап жаткан чочкону.

Картаң короз

Мындай бир сөз козгоду:

–Семиздиктен баса албайсың

Ынтыгып.

Сени ээбиз сүйө турган

Окшоду.

Алдың жумшак,

Жаткан жериң ак сарай,

Ашың даяр

Кереги жок козголуу.

Арманың жоктур,

Бул дүйнөдөн?

Дегенде

Азга ойлонуп

Чокең минтип онтоду:

 

–Анысы чын,

Жыргал көрбөй менчелик,

Ата-бабам,

Өткөн экен, жер челип.

Атаганат,

Канатым болсо сенчелик,

Айдын үстүн

Келсем гана бир челип!..

Эмесе,

Сөздү созо бербейли кызып

Чочконун оюна койсоң

Аны да кылары бышык.

 

Чычала

Чычала:

Же күйбөйт,

Же жылытпайт.

Өчүп калбайт.

Жылтырап от сыяктуу

Адамды алдайт.

Анан анын

Жаман алында өнөрүн айт:

Быкшып түтүн булайт,

Көзүң ачышып,

Жамың кулайт.

Ошондуктан,

Чычаланын түтүнүнө

Агызгыча жашты.

Отко түшүп,

Күйүп өлгөн жакшы.

 

Өлгөндө кийиптир

Адамдар сатып алышкан,

Же тиктирген кийимин,

Дароо кийишет эмеспи

Адатта,

Жаңыртышып ийинин.

Ормуш болсо

Жаңы күрмө алабы,

Же өтүкпү чигирим,

«Жыртылат» деп катып койчу

Жымырып

Эр болсоң жигин

Билгиниң.

Айтсак балким

Ушак болуп жүрбөсүн:

Ормуш өлгөндө

Кийгизишти деп жүрүшөт,

Отузунчу жылдары

Сатып алган күрмөсүн.

 

Эмне союптур

Бекер тамакка

Көнгөн эргул башынан.

Тоюп келип

Төрөбек чалдын ашынан.

Үргүлөп баратса,

Уйку-суроо астынан,

Үйүнө кирген бирөөнүн

Кобурун угат

Жашыган:

–Түндө шордуу жантаслим болуптур!

–Ошону айтсаң,

Жөн эле зыңкыйып тоңуптур.

–Жансактаткан ошол эле

Аны да жараткан

Бизге буйрубай коюптур!

Муну уккан Дарбаң

Ыргып туруп,

Сурайт дейт:

–Ой, кара ашына эмне союптур?

–Тамаксоо десе,

Эшекке да аш бермек беле? – деп

Аялы бетин чоюптур.

 

Көз жөнүндө сөз

Карагатка,

Кара алчага окшогон,

Караганда

Жүрөк сокпой токтогон.

Көздөр кайда

Кыздар даңкын чыгарган.

Көздөр кайда

Акын мактап, боздогон?!

Билалбайсың

Кара көзбү, кой көзбү,

Карап досум

Көз алдынан өткөзчү:

Жашыл кызыл сары.

күрөң айнекчен,

Жалаң гана

Көрүп калдык төрт көздү!

–Көзү оорубу?

–Кокуй, анын көзү соо!

Бүркүт карек,

Көрө билет тешип тоо.

Ак дүйнөнү

Ага кара көрсөткөн

Ай түгөнгүр

Мода деген «кесип» го?!

Жигит жүрсө,

Аппак кызын «кара» деп,

Кыздар көрсө,

Боз жигитин «мала» деп.

Сопсоо көзүн

Түстүү айнекке алмашса,

Түшүнгөндөр

Айтат экен «чала!» деп.

Көз – телескоп,

Көзүң сенин – чырагың.

Көрө билгин

Заман жүзүн, ыраңын.

Көктү – көктөй,

Акты – актай көрбөсөң,

Өттүң дей бер

Көздүн көрбөй убайын!

Албуут жаштар!

Акын сөзүн бир билгин:

Адегенде

Көздөр сүйөт бир-бирин.

Түстүү эмес,

Кара көздөр, көк көздөр

Түзөт анан

Дүнүйөнүн бирдигин.

 

Чайкоочуга

Чайканадан чыкпаган чаар кара,

–«Чай ичиң» деп сыртыңдан даалдаба.

Чагым кантча таттууң жок бу турмушта

Чайнек менен жүзүңдү далдалаба.

 

Эл жүргөндө буерде пахта ташып,

Сен жүрөсүң Сибирде жүзүм сатып.

Эл жүргөндө буерде үрөн чачып,

Сен жүрөсүң тыйынга жүзүң сатып.

 

Сени көрөм Ташкенден, кээде Оштон,

Поезд эмес, учасың самолетчон.

Бир сомуң түшүп кетсе самолеттон,

«Яалла» деп качасың тоголоштон!

 

Бутуңда кызыл өтүк кычыратып,

Аш жейсиң, анар жейсиң бычыратып.

Жемишин жер-эненин кымбат сатып,

Желпинтип, арам оокат ысылатып.

 

Билемин, бизден башка сенин корооң,

Бир күнү жер томпойсоң кайран оён,

Башыңа бир сомдуктан жетөөн жаздап

Мүрзөңө ушул ырды илип коем!