Сүйөркул Тургунбаев: Кудай кээде өзүн кулга теңесе, кул да кээде өзүн ойлойт кудайдай

Дүйнө-күн

Бир кезде

узак иштен башым чарчап

айнекти ача салсам:

дүйнө чаңдап,

шуулдап өндүрлөрү, белестери

жатыптыр

бирдин изин миңге улап…

“Дүйнө-күн”

Алыкулдун ырын ырдап –

албан ой,

албан добуш, албан ыргак,

удургуп,

учсуз дүйнө кыйырын кайрып,

бир келип,

бирде кетип, жапа тырмак.

Демитип,

Ысык-Көлдөй толкун айдап,

карч уруп кара жанын

жээкти жалмап,

жатыптыр буусу чыгып,

чуусу чыгып,

шакардай өзү менен өзү кайнап…

Дүйнө-күн

Кара Молдо күүсүн чертип,

каркайган

кара тоодон кайып өтүп,

каптаган

миң-сан колдун сүрүн кийип,

келаткан

жөө тумандай жерди чийип…

 

Бир туруп

күңгүрөнгөн ойго батып,

күжүлдөп

күдүр-будур жолдор басып,

замандар түпкүрүнө чөгүп кетип,

өткөндүн өзөктөгү күпүрүн айтып.

Кажынып

кара адырмак тоолор ашып,

каарынан

каршы келген жоолор качып,

бир туруп

жомок кылат жан жазымышын

каңгыган

куу заманда өңдөн азып.

Бир туруп

көз алдыда зор салтанат –

суктанып

тургуң келет кечке карап:

дүйнө-күн

Бүбүсара бийин бийлеп,

жарк этип

жаз ыргагын шоодур кагат,

көкөлөйт,

зымырылат, чимирилет

кайдадыр

алыс кетет куюн айдап,

желбиреп,

желек болуп дир-дир этет,

түйүлүп

торгой болуп кагып канат

Мезгилдин шамалдары кайда агат?

Ал шамал катмарлары канча кабат?

Өмүрдү чиркештирип, закымданып

жыгылтып,

бир тургузуп, арбайт, алдайт,

Дүйнөнүн ушул бүтпөс агымында

данакер

бир жалгыз күч такыр тынбайт –

аргындап агын көккө, көгүн акка

улуу дух –

тирлик духу далбасалайт.

Ызгыган

бирде күчөп, бирде дымып,

кым-куутун

бу болумуштун карап туруп

зуу коюп

жапан куштай сызгың келет,

көөдөнгө

бир зор күчтүн илеби уруп.

Комузда

чебер колду күтүп турган

өзүмдү

миң толголуу күүдөй сезип,

сыбызгып,

безеленип, дилгир болуп,

кетсем дейм

бу жарыктын кыйырын кезип…

 

Күндөр

Бизден оолак өз сапарын кезүүлөп

күндөр кайып өтүп жаткан сыяктуу

байкабайбыз бизге ушундай сезилет.

А чынында бизге тийбей өткөн жок

жүз-дидарга из калтырбай кеткен жок

күндөр бизди чамабыздан тайдырып

дарамет, кубат, маанибизди дааналап

ичтен жайлап нур оорудай билгизбей

өтүп жатат өтмө катар аралап.

Ден-жанды бүт өкчөп, экчеп, калбырлап

көкүрөктү көп-көп ирет жаралап…

 

Тирилик

Тирилик деген – жерден өнгөн аракет

ыр-чыры бүтпөс күжүрмөн дүмөк балакет

жандын баарын тындырбай демеп алектентет

дөдөй, дудук, көзсүз, мерес, боз чаңгылтек

эч бир жанды маңдай сылап эркелетпейт.

Төбөгө Күн, арттан бороон куюндатып

көксөгөн ой-максатка эч жеткирбейт

«туулдуң – өлдүң» деген сөздү бек бекемдеп

айдап жүрүп акактатып бүт бардыкты

ажал шумдун заар торуна салып берет.

 

Кудайга теңелем деген пенде

Кудай кээде өзүн кулга теңесе

кул да кээде өзүн ойлойт кудайдай.

Автор

Китепкана мечиттен ыйыкпы дейм

намаз жайдын мунарынан асман челген

китепкана акыл кенчи бийикпи дейм

Кудай издеп мечит, чиркөө баргычакты

улуктардын улуу ой, сырын каткан

китептерин барактап илим издейм,

дейт илимге баш сайган бир жаш пендең.

–Адам болуп бул жалганга жаралган соң

о-о кудайдап, өтүп кетпей түркөй бойдон

Дүйнө-Күндүн маани-жайын билмекке мен

адал ыклас, асыл ой, ак дилимден

Теңир менен теңтайлашып аалам термейм

түп уңгуга жетмекке ой иликтейм.

Бүт жандууну жаратып алдейлеген

Жер эненин, Күн атанын койнунда мен

жеп-ичип өлүп тынчу айбан белем

айбандардын иши жок Кудай менен

Кудайды да ойлоп тапкан адам пендең

шон үчүн мен Кудайга теңелем дейм.

 

Өлүм жөнү

«Өлүм жок, – дейт – бир бурадар –

Күн дүйнөдөн түн дүйнөгө өтүү бар».

«Өлүм деген убактылуу жалгандан

бул чымын жандын чын дүйнөгө барганы ал».

Не иштедиң, кандай өмүр өтөгөнүң

Кыяматта өз периштең жар салар

Арбын болсо сооп иштериң –

Бейишке шыр чиркин жаның барары чын» –

дейт пайгамбар.

Бул чындыкты пайгамбардан көп мурда эле –

«Терс жосунуң Теңир өзү таразалар», –

деп аныктап койгон кыргыз бабалар.

 

Ааламдык кудурет

Теңир – Аалам акыл-эси деген кеп

адамзат насилинде иргелип көп

байыртадан бери айтылып келет бек.

Галактика кыймылдарын иреттеп

бир ыргакта, бирдей демде жөндөлөп

Жер тирлигин дагы турса ал теңдеп.

Ырасында Теңир улук, ал демек –

Ааламдык зор парасаттуу кудурет.

 

Дербиш ыры

Тирүүлүк деген майдандын –

жунгли – жаңгалдын

түгөнбөгөн ыр-чыры –

мүнөткө тынчып турчубу.

Жаным-жаным дебегин

жаның көккө житпей тынчубу.

Үйүм-үйүм дебегин

үйүң токой чырпыгы.

Малым-малым дебегин

малың – тоонун чымчыгы.

Келгениңдей жылаңач

кетериң бил – бул чыны.

Алп Атлант да болбогон

Асман-Жердин түркүгү.

Чырсыз жүрбөс адамзат

көроокат алат тынчыңы

кетип калсаң дүйнөнүн

кемибейт бир чырпымы.

 

Адамга

Нак алып табияттын тамырынан

уюган ата-эненин кан-жанынан

адамың эки достон кынапталган –

жан дос деп, дене дос деп сыпатталган.

Акыл-эс, сезим, эркиң бир дос болсо

экинчиң – алты сандан бүткөн балаң

өзүн дөө-шаа ойлогон кайбар адам,

билип жүр – айбандардан ушул айырмаң.

 

Сен – кайбар

Жазгы өткүндөй болдуң сен

шар-шар төккөн

шабыртыңын аягы

селге өткөн

көктү жарып карса-күрс

күркүрөгөн

калаймандуу, айгайлуу келиш түрүң –

жандын баары сүрүңөн бүжүрөгөн

баш калкалаар жай издеп эпкиниңден

тыз-пыз түшүп туш-тушка энтеңдеген

анан сээлдеп, кайра жай дыбыраган

сөздөрүң да жай чыгып булдураган.

Алай-дүлөй түшүрүп асман-жерди

добул окшоп тез өтүп, жай басылган

булут тарап, заматта күн чыккандай

албуут жүзүң жайдары күлкү чайган

кыял-наслиң көрсөттүң бир капсалаң

айбарыңды Адам ноодой даулдаган.

 

Берендей жаша

Өрчү, курчу жаш адам

билим алып жашыңдан

тай күлүктөй жагалдан

жан отуңду жандырып

бардык ишке бол шагдам –

барчындай шаңшып жашап

өт беш күндүк өмүр жалгандан.

 

Акын

Акындын кыял-чабыты

асыл ойлор бүркүмү

ал – түйшүгүн тартып дүйнөнүн

түйшөлүп жүргөн бүртүгү,

алп ойлору ай чапчып

чыңырган чындык бүркүмү.

Ал – чымчыкчаар ушул турмуштун

Чилмайран тоодой түркүгү.

Кыялы турса көкөлөп

турмушту ырдайт көркөмдөп –

окуган адам көңүлүн

Космоско чейин көтөрөт.