Жакыпбек Абдылдаев: Ким биринчи ойгонот?

Ашказанга баш ийбе

Жапаркулдун Жеңиши,

Жакшы бала негизи…

Балмуздакты көргөндө,

Келип кетет жегиси.

 

Колдон китеп түшүрбөйт,

Бирок, окуп бүтүрбөйт.

Окуганга табит жок,

Неге мындай? Түшүнбөйт.

 

Чыгарбагын көңүлдөн,

Китеп – байлык төгүлгөн.

Тартып калат Жеңишти,

Ашказанга жеңилген.

 

Чоочун сан

“Бир”, “эки”, “үч” деп Асанбай,

Жазат, санайт такалбай.

“5” ти көрсө кыйналат,

Окуй албай, жазалбай.

 

Сөздүн айтсак калысын,

Бул жоруктун баары чын.

“Беш” албаса сабактан,

Аны кайдан таанысын.

 

Соодалашпай жүрөлү

Апасы айтса: – Элчибек,

Токоч сатып келчи, – деп.

Кыйыктанат ал анда,

Чуркап кетпей менчилеп.

-Балмуздакка жеткидей,

Ашык акча берчи,- деп.

 

Сатып келип тамак-аш,

Үй оокатка каралаш.

Чындыгында эч ким жок,

Балмуздакты самабас.

Элчибектей, а бирок,

Соодалашкан жарабас.

 

Жыгылган тамга

Асан аттуу инимдин,

Жашы төрткө жеткенде.

Көнүктүрдүм жаздырып,

Тамгаларды дептерге.

 

Карап турган балдарды,

Тамашага баткызып.

“А” тамганы жазыптыр,

Капталына жаткызып.

 

-Эмне деген тамганы

Жаздың? – десем Асанга.

Кыткылыктайт: – бул деген –

Кулап калган “А” тамга.

 

Сууда жашайт пароход

-Сууда жашайт кай жандык?

Деген суроо берилди.

Санай баштап: – кит, балык….,

Карап калсам Темирди

 

Тентек Темир суроону

Укса керек каңырыш.

-Анан дагы пароход, –

десе күлдүк баарыбыз.

 

Жирафтын моюну

Айтканы бул Мараттын:

-Жеген ашы жирафтын,

Ашказанга жеткиче,

Далай убак өтөт го?

Курсагы ачып кетет го?

 

Теледеги эпизод

Балчыктагы чочкону,

Көрүп алып теледен.

Эки бети кызарып,

Минтип ойлойт Төлөгөн:

 

“-Ушу чочко теледен

Өзүн көрүп жаткандыр.

Уялгандан ордунан

Тура калып качкандыр.”

 

Зебра – Матрос

Зебраны зоопарктан

Алмаз карап турду да.

Ажыратып биле албай,

Айтат минтип булдурап:

 

-Ата, ата, карасаң,

Тигил аттын көйрөңүн.

Кийип алган турбайбы,

Моряктардын көйнөгүн.

 

Ким биринчи ойгонот

Сезип таңдын атканын,

Ким биринчи ойгонот?

Ууз сезим Азамат

Ушуну көп ойлонот.

 

Таң заарынан кыйкырган,

Таажысы чок корозбу?

Атасыбы талаада,

Салып жүргөн борозду?

 

“Борс-борс” үргөн күчүкпү?

Мыёологон мышыкпы?

Ким биринчи ойгонот?

Билбегенге кызык бу.

 

Кандай эрте турса да,

Ууз сезим Азамат.

Ойгоо жүрөт апасы

Үйдү жыйнап, тазалап.

 

Аны көргөн Азамат,

Анан минтип ойлонот:

“Таң атканда биринчи

Апам эле ойгонот”.

 

Айран

Сурап калды мугалим,

Айран кайдан чыгарын.

Жоошуй түштүк баарыбыз,

Жооп берет деп буга ким?.

 

Жакшы көргөн айранды,

-Айтчы, – десе Майрамды.

-Заводдон го? – деп коюп,

Желке башын карманды.

 

Сураса да миң жолу,

Көтөрмөкчү ким колду.

Шырдакбек жооп бере албай,

Шыбыр күтүп тим болду.

 

Сураганда Бүкөндөн,

Көптү билген Үпөлдөн.

Жарыша жооп беришти:

“Жасалат, – деп дүкөндөн”.

 

Сөзүн укпай эч кимдин

Мен дагы “балп” эттирдим:

-Ушуну ким билбесин,

Уйдан саалат, – дептирмин.

 

Салмактуу баа

Шаңдуу ырдап бараткан,

Отличник Абаскан.

Жалаң гана “5” алды

Бүгүн бардык сабактан.

 

Баш шылкыйткан тээтиги,

Балтабайдын Чекири.

Көтөрө албай келатат,

Болгону бир экини.

 

Паравоз

Окшош экен коёндой,

Чиркеп алган үйлөрү.

Ичиндеги эл менен,

Зуулдата сүйрөдү.

 

Анан келип токтоду,

Чимирилбей дөңгөлөк.

“Күш-күш” этет паравоз,

Чарчап калган өңдөнөт.

 

Көп болот

-Экиге кошсо экини,

Канча болот Бекболот?

-Төрт болот, агай, төрт болот.

-Көбөйтсөкчү?..

-Көбөйткөндө….

Көбөйө берип көп болот.

 

Данек

Апам берди бир өрүк,

-Чагып же, – деп, данегин.

Көпкө турдум түнөрүп,

Чаккым келбей а менин.

 

Бастырманын алдында,

Кооз сабы бар эптүү,

Күрөгүмдү алдым да,

көөмп койдум данекти.

 

Тоймок белем жегенде,

Андан көрө бул өрүк

тамыр алып тереңде,

Өсүп турсун түбөлүк.