Миргүл Наралиева: Сирке

Сирке

Көптөн берки жан сыздаткан оору Шириндин жанын алып тынды. Эшикте боз-үй. Бир гана кичинекей кыз апасынын өлгөнүнө ишене албай көпкө мостоюп олтурду. Үйдөгү кишилер “Апаң канаттуу болуп асманга учуп кетти”- деп айтышты. Ал алгач чындап эле апасын “аппак канаттуу” болуп асманда учуп жүргөнүн элестетти. Бирок баары бир мындан ары жанында болбосун туюп ыйламсырап баштады.

-Келчи, кагылайын, сени мен өзүм эле багып алсамбы -деп эки баласынын бири каза болуп, бири карабай кеткен, көзү кыйшык кемпир кыздын жеңинен тартты. Кыз көзүнүн жашын улам-улам аарчып, ансыз да чоочуркап жүрчү кемпирден кетенчиктеди.

-Жамал, бирөөнүн баласы бирөөгө бала болот беле. Бирок сага да бир жардамчы керек-деди ары жакта олтурган кошуна кемпир.

-Ошол карыганда мага тээк болобу деп жатам да – деп Жамал кемпир көзүн кымыңдатып, сөзүн ырастап койду.

-Ажал экен да, Ширин жаш кетти. Минтип чиедей кыздары калды. Мындан кийинкиси жакшы болуп, эки кызына бак берсин! Шадыга ыйман берсин! Ичкенин токтотсо эле болгону – деп арыда Сейде кемпир шыпшынды.

Ошентип бир аптадай элдин аягы үзүлбөй барып, анан токтоду. Шадыга көңүл айткандардын аягы да суугансыды. Ошентсе да ал арагын токтоткон жок.

Күнүгө апасынын койнунда жаткан кыз эми эжесинин жанында уктайт. Үйдөгү ушул эки караан бир-бирине жөлөк-таяк болуп, бирде олтуруп бышактап ыйлап алышат, бирде бирин-бири эркелетип, көңүлдөрүн ачканга аракет кылышат. Антпегенде, эмне кылышмак.

Кыздын эжеси ушул жайда мектепти бүтүргөн. Орто бойлуу, көзү апасын тартып карагаттай, мурду кырдач, чачы белине түшкөн, көргөндүн таңдайын так эттирген кыз. Сырткы келбетине жараша мүнөзү да жумшак, сылык сыпаа, бир нерсени терең ойлоно билген зиректиги бар. Окуусун бүтсө врач болом дечү. Кышында апасы төшөкккө жатып калганда ал ого бетер дарыгер болуп, дароо айыктырып алгысы келген…

Дарыгерлер апасынын оорусуна шыпаа болбосун айтып, бейтапканадан чыгарып коюшкан эле…

Кыз да эжесине түспөлдөш. Болгону чачы бир аз саргычыраак. Көздөрү бакырайып адамды жалооруп карап тургансыйт. Күлгөндө сүт тиштеринин маңдайкы экөөсүнүн жоктугу ага жарашып турат. Ууртунун сол жагында уяча бар.

Кыз апасынын өлгөнүн билип турса да, кыялында аны асмандан учуп келчүдөй күтүп жүрдү. Эжесинин алаксытып ойноткону, эркелеткени бир аз да болсо көңүлүнө дары.

Бирок бул көпкө созулган жок. Чакалайдын чак түшүндө, эжеси кир жууп жатканда топтошкон кишилер келип, аны ала качып кетишти. Кыз суу ташып, эжесине жардам берип жүргөн. Арыктын жээгинде колун сууга салып сөөл жылан кармайын деп күйпөлөктөп жаткан. Аңгыча эжесинин чаңырыгын угуп селт этти. Караса, сомодой болгон балдар эжесин көтөрүп кетип баратышыптыр. Аркасынан «эжемди кое бергиле» – деп ыйлаган үнү, кичинекей карааны, машинанын уюлгуган чаңында эле калып калды…

Ошол күнү үйгө бейтааныш адамдар келип, анча- мынча туугандары болуп атасы менен арак ичип жатышты. Баарынын көңүлдөрү жайдары. Кызга таттуулардан карматып коюшкан. Ичишти, ырдашты, акырында атасы сулап жатып калганда кетишти. Кыз ал күнү жалгыз жатты. Ыйлады. Аны эч ким уккан жок. Атасы тура турган эмес. Ыйлап жатып уктап калды. Эртеси кечээкиден калган үстөлдүн үстүнөн бир нерселерди алып жеп, курсагын тойгузуп, эжесин сагынып көпкө ыйлап олтурду.

Апасынан айрылганда бештен алтыга карап калган. Мектепке барарына үч ай калганда эжеси башка бүлөгө кетти. Ал барда тамга үйрөнүп, санаганды билип калган эле. Эжесиндей зирек эле. Кошунасы Зейнеп жумасына жуунтуп, чакырып тамак берип турат.

Зейнеп – жеринен акылдуу, зээндүү келин. Орто бойлуу, арыкчырай. Керээлден кечке тиричилик менен алышып жүрүп, андан албырып, кызарган эки жүзү өзүнө куп жарашып турат. Колунан көөрү төгүлгөн уз. Ширин экөө чогуу кыздарына сеп жасайбыз деген да тилектери бар эле…

Анын түйшүгү өзүнөн артпайт. Катарынан беш кызы бар. Мүмкүн уул болсо Шириндин кичүү кызын толук асырап алат беле ким билсин. Зейнеп аны да ойлогон. Бирок күйөөсүнөн тартынган.

-Ата, –деди бир күнү кыз.

-Апам мен мектепке барганда келеби?

-?????

-Баары апасы менен барат экен. Узак, Айжан апам менен барам дейт. Түшүмдө аппак бантик тагынып алыптырмын. Жанымда апам. Артында аппак канаты бар экен… Мектепке кирип баратыптырбыз. Апам келеби?…

Атасы ары жакта кечиндеги ичкен арагынын бөтөлкөсүн издеп жүргөн.

-Ээ кызым… апаң келсе кана..

Анан аялы өлгөнүн эми эстегендей бышактап ыйлап кирди.

Кызын кучактап:

-Мен сени өзүм алып барам. Күмүш эжең да келет.

-Эжем да келеби?

Кыздын маңдайы жаркып кетти.

-Ооба эжең келет.

1-сентябрь. Мектеп. Чоң бантик тагынган кыздардын катарында кыз да көңүлдүү турду. Атасы келген жок. Эжеси эртең менен шаша-буша келип калды. Сагынышкан экөө көпкө кучакташып көрүштү. Эжеси сатып келген кийимдерин кийгизип, сиңдисинин кубанганын көрүп сүйүнүп жатты. Бирок ал бүгүн үйүндө кала албайт. Себеби кайын энесинен, анын тилинен чыкпаган күйөөсүнөн 3-4 саатка эле суранып келген. Кошунасы Зейнеп эжесине кат жазып, андан акча сурап, сиңдисине кийим алып келди. Анын да күнү азап-тозоктор менен өтүп жаткан. Катаал кайын энеси бура бастырбай, аңдып турат. Баягы сулуу жүзү сумсайып, бир топ өңдөн азган. Буларды багып алаар чоң-ата, чоң-эне же таенеси жок. Баарынын көзү өткөн. Бир гана оорукчан таятасы бар. Ал келининин көзүн карап олтурат. Эжесинен башка каралашаар туугандары болбоду.

Ошентип, синдисинин мектеп босогосун аттаганына жетине албай кубанып, бир чети аны кыя албай жатып, күн батаарда кетти. Атасы “шылтоого шыноо” болуп кызы биринчи класска барганын бөтөлкөлөштөрү менен жууп жүрдү. Ал күнү кыз Зейнептин үйүндө түнөдү. Дээринен зээндүү кыз классында мыкты болбосо да, орто окуп жүрдү. Кээде тапшырмасын аткарбай барат. Бирок бир нерсени бат түшүнөт.

Бир күнү баягы кемпирлер дагы бир топ аялдар кыздын үйүнө келишип, өздөрүнчө эле боорсок жасашып, дасторкон даярдашып, кызга кээде «эми апалуу болосуң»- деп жатышты. Бир маалда сырттан атасы менен бала көтөргөн каратору аял келди. Атасы бүгүн чыкыйып костюм-шым кийген, сакал-муруту алынуу. Кыз атасынын мындай жүзүн көптөн бери көрө элек болчу. А тиги аял ким болду экен?…

Аңгыча дасторкон үстүнө олтурушуп, төрдөгү кемпир сөз сүйлөдү:

-Мына эми «Эки бакыр, бир тукур болуп» турмушуңарды баштап олтурасыңар. Аздыр-көптүр турмуштун ачуу-таттуусун татып калдыңар.. Жаш эмессиңер. Мобу балдарыңар менен очор-бачар болуп, жакшы жашагыла!

-Айии, минтип кийинип алсаң дегеле эл башкарган  башкарма болуп калат турбайсыңбы-деп ары жактан Калыйча күлүп калды.

-Ушинтип эле жүрсөң, жанагы арак дегениң болбогон нерсе. Шириндин арбагы нааразы болот. Кыздарыңдын алды турмушта, арты минтип окуп жүрөт. Мындан кийин жакшы жүр айланайын- деп Сейде кемпир алдындагы чайын алып дембе-дем ууртап алды.

Шады бир аз кызарып барып, үнүн жасап сүйлөдү:

-Буга чейин ичип эч нерсе тапкан жокмун. Эми ичпейм. Ден-соолук да болбой калды.

-Ошент балам, ошент, -деп Сейде кемпир сүйүнгөнсүдү.

-Кызым кел, мына эми сенин жаңы апаң, бул апаң, апа де! – деп бирин-бири сүрөп калышты. Кыз алгач аялды таң кала карап турду. Анын көзү чүңүрөйгөн, салынган жоолугу бир аз кыйшайып, бирин серин чачтары чыгып, бетиндеги чаарала тактар көзүнө комсоо көрүндү. Таптакыр апасына окшобойт…

-Менин апам аппак болчу. А бул кара экен.

Олтургандар дуу күлүп калышты.

-Кийин көнүп кетет. Бала да. Апа дебегенде кайда бармак эле – деди арытан көзү кыйшык кемпир.

Андан бери бир жыл өттү. Шадынын жакасы агарып, тамагы даяр болгону менен кызына ит көрбөгөн кордук башталган эле. Ошол келген күндөн бир аз өтпөй өгөй энеси мени апа дебейсиңби – деп чыбык менен сабаган.

-Апа дейсиңби же апа дебейсиңби? Дагы мени “кара” деп коет- апа де -чыбыгын көтөрүп жекире карады.

-Ап-п-п-а..

Ошол ошол болду. Кыз “апа” дегенди мукантанып, кыйналып жатып, коркуп айта турган болуп калды. Өгөй энесинин колундагы баласы анда алты ай эле. Эми минтип бир жарым жаштан ашса да кыздын жонунан, колунан түшпөй келет. Бели ооруса да айтпайт. Анткени бир күнү баланы кечке көтөрүп жүрүп «колум уюп кетти» деп айтып алып, “баланы оор дебегин”-деп дагы таяк жеген.

Кыз жалтак, ызакор, түнт болуп калды. Ага болушар киши жок. Атасы арагын таштаган эмес. Бөтөлкөлөштөрүн үйгө чакырып, акыры ызы-чуу көбөйүп, аялы менен урушат. Кыз сыртка баланы көтөрүп алып, тамды айланып качып жөнөйт.

Ушундай күндөрдүн биринде кыз сүйүнчү укту. Эжеси эркек төрөптүр. Атасы экөө төрөт үйүнө барып көрүштү. Эжеси арыктап калыптыр. Сиңдисинин ал-абалын колу-коңшуларынан, туугандарынан угуп жүрчү. Азыр кирерге жер таппай, кыздын кубарыңкы жүзүнө карай албай турду.

-Кел көтөрөсүңбү-деп баласын аяр карматты.

Ал аябай жеңил экен. А тиги бир жылдан бери көтөрүп келе жаткан бала алда канча оор эле. Ушундай эле жеңил болсо – деп ойлоду ичинен.

-Сени жакшы эле карап жатышабы? Урушкан жокпу?

-Жок…

Эки көзүнөн ысык жаш атып кетти. Бирок үнүн чыгарган жок.

Арыда турган атасына кызы:

-Ата ичкениңизди токтотуп, кызыңызды карасаңыз боло. Мен го мен болдум, бирөөнүн босогосунда эптеп күн көрүп жүрөм. Мына бул байкушту аяп койбойсуздарбы. Апам болгондо мындай болбойт эле – деп ыйлап жиберди.

-Заман ушундай болуп жатпайбы. Жумуш жок. Жакшы эле карап жатабыз. Кийими бүтүн, курсагы ток.

“Дагы эмне керек?”- дегендей кызын акшыйып карап алды. Бөлмөдөгү наристелер чукуранып, ойгонуп, ыйлай башташты. Атасы кичүү кызын жетелеп эшикке чыкты. Терезеде улуу кызы аларды узата карап, ыйлап туруптур…

Кечинде небере жуугандар көбөйдү. Ал көп күндөргө созулду. Анын ортосунда кыз дагы таяк жеди. Зейнептин кыздары менен топ ойногону жаңы эле келген, аңгыча жанында жүргөн иниси көз ачып жумганча арыктагы сууга түшүп кетти. Жүрөгү оозуна капталып, чуркап барып суудан алды. Башы менен бир чумкуп чыккан бала бакырыкты салды. Үйдөн атып чыккан өгөй энеси бир колу менен баласын кармап, бир колу менен кызды баштан ары бир койду. Башы эңги-деңги болуп, көзүнөн от чагылды.

-Ойногонду эле билесиң. Сенин айыңдан балам сууга тумчугуп кала жаздады. Жа-ш-а-б-а-г-ы-рр.

Коноктору кеткенден кийин кыздын «экинчи ойнобойм, урбаңызчы» деген үнү, ыйлаганы, өгөй эненин ур токмогу көптө барып токтоду. Кыз андан ары ойногон да жок. Короодон чыкпай да калды.

Булардын баары Зейнептин көз алдында өтүп жатты. Энелик жүрөгү жанчылып, канчалык кызды бул кордуктан сууруп алгысы келсе да аргасыз, алсыз болду. Башында бир-эки жолу келип:

-Батма, жамандыр жакшыдыр кошунабыз. Кызды уруп жатканыңды көрүп, жүрөгүм чыдабай жатат. Бул кордугуң туура эмес го.

-Эмне деп жатасың? Ким кордоп жатыптыр? Көрөт элем сенин ушундай тил албаган кызың болгондо.

-Бул бала да, байкуш апасынан эрте айрылып, сени караан тутуп келе жатпайбы. Тилиң тийсе да, колуңду тийгизбечи.

-Ап-пей-й боор ооруган киши табылган турбайбы. Эмесе багып ал же Шадыга тийип ал.

-Оозуңа келгенин оттобо! Эмне деп жатасың? Сөзгө түшүнбөгөн адам турбайсыңбы.

-Ооба силер укмушсуңар. Кыйын болсоң, эриңе эркек тууп бербейсиңби, кыздарыңды шагыратпай.

Зейнеп дагы бир нерсе дейин деп, тилин тишине катып чыгып кетти. Ошондон бери кирип-чыгышпайт.

Баарынан да Зейнептин эсинен кетпегени кышында кыз өзүнөн чоң чакага суу ташыганы болду. Өгөй энеси баласынын кир-когун жууганы көп суу керектейт. Бир күнү кыз чакага суу көтөрүп келе жатып так үйүнө жетээрде тайгаланып, жыгылды. Кышкы ызгаар, суу тийген кийимдери дароо тоңду. Зейнеп аны кокустан терезеден көрүп калды. Үйүнө кирип которунуп чыгабы десе, тура калып, ызалуу көздөрү менен өзүнүн үйүнүн терезесин карап турду да ыйламсырап кайра артка жөнөдү. Зейнеп үйүнөн атып чыкты. Кызды үйүнө алып кирип, кийимин чечип, кыздарынын кийимин кийгизди. Чечинтип жатып кыз көптөн бери жууна элегин, кийимин көптөн бери алмаштыра элегин көрүп зээни кейиди.

-Мен муну жууп коем. Бир күнү алып кетесиң ээ. Ага чейин бул кийимдерди кийип жүрө бер.

-Макул.

Ысык тамак ичип, кыздары менен бир аз ойноп, анан үйгө кетем деп шашты.

-Бүгүн биздикине жатып ал- деди курбулары.

-Аа анда тиги урушат да.

-Сен аны тиги дейсиңби, апа дебейсиңби- деп кызыга сурашты.

-Апам мени урушчу эмес да. Апам жакшы болчу. Мен аны сагындым. Келет деп айтышкан. Эч келбей койду… Апасы өлгөн жаман экен-деп буулуккан үн менен ыйлап жиберди.

Зейнеп чыдай албады.Чуркап келип кучактап ыйлап калды.

-Оо шордуум ай. Зээниңден сенин. Апаң ооруп, оорусуна дары табалбай, айрылып калбадыкпы.

Көпкө ыйлап олтурушту.

Зейнеп чакасына суу куюп берип, дарбазадан чыгарып, муундары калчылдап, кызды узатып калган эле.

Ал бүгүн айылдагы аттуу – баштуу аксакалдарды чакырып, Шады менен Батманын кызга кылган мамилесин ортого салып, кызды куткаруунун бир айласын кылайын деп чечти. Кечээ терген өрүгүн кайнатып, жаап, анан кошуна кемпирлерге барайын – деди.

Эжесинин баласы эмгектеп калды. Анын үстүнөн тынчы жок. Айылдын бүтпөс түйшүгү мойнуна илинген Күмүш баласын караса тамагы, тамагын караса баласы каралбай калып жатты. Бала караганга кайын энесинин чолосу да жок. Иштейт. Акыры балабызды каралашсын деген шылтоо менен синдисин алып келүүгө күйөөсүн, кайын энесин көндүрдү. Чындыгында алар кыйылып жатып макул болушту. Эми убактылуу болсо да жанына келсе, ага да мага да жакшы деп, экөөнүн чогуу жүргөнүн элестетип, кудуңдап сүйүндү.

Күз айы болчу. Сентябрдын үчү. Кыз эжеси алып берген былтыркы кийимдери батпай калса да, эптеп кийип барып жүрөт. Жеңи узун ак кофтасынын жеңинин кыскалыгы чыканагына жетип, далысынын кенен кыймылдоосуна тоскоолдук берип турат. Катуу чуркап же кыймылдаса айрылып кетчүдөй. Бир топчусунун үзүлөрүнө аз калган. Кофтанын бырышынан кумурска өтө албайт. Өгөй энеси кыздын кийимдерин үтүктөмөк тургай бүктөп да койчу эмес. Ороп-ороп, бир баштыкка тыгып салып койгон. Аны 1-сентябрь күнү сууруп чыгып, кызга карматып, андан ары ишин уланткан. Юбкасынын жиптери сөгүшүнөн кеткен.

Кыз каникулду суу ташымай, бала көтөрмөй, үй жыйнап, эшик шыпырмай, идиш жуумай менен өткөрдү.Тамакты да коркуп ичип, күндөн күнгө арыктап баратты.

Ал күнү атасы жумуш издейм деп борборго кеткен эле. Өгөй энесинин апасы кышкыга салат жабат элем деп чакыртып жибериптир. Өгөй энеси таң заардан туруп алып, кызды ойготту:

-Мектепке барасың, сабак бүтөөрү менен үйгө келесиң! Эч жакка чыкпа! Ойноп кетпе! Үйдү ачык калтырып, уурдатып жибербе! Дарбазаны илип ал! Бирөө келсе ачпа! Үйдө киши жок де! Макулбу?

-Макул.

-Мен эртең келем. Айтканымдай кылбасаң көзүңдү оем!

-Иии

Кыз мектептен жаңы эле келген. Классындагы кыздардын баары татына кийинишип, каникулундагы кызыктуу окуяларды божурап түгөтө алышпайт. Аларды карап суктанды. Мугалими окуучулардын ар биринин колуна бирден барак берди. Анда класска доска аарчыган чүпүрөк,чака, кагаз ж.б алганы отуз сомдон алып келесиңер – деп жазылган эле. Ата-энеңерге бересиңер деген. Аны өгөй энесине кантип көрсөтөм деп бушайман болду. Акча жок деп урушсачы. Аңгыча дарбаза кагылып:

-Батма эже, Батма эже – деген арткы кошунанын кызынын үнү чыкты. Кыз айнектен башын чыгарып.

-Үйдө эч ким жок. Эмне болду?

-Апам мына муну силерден алган экен. Батма эжеге берип кел дегенинен келдим. Дарбаза ачылып, кошуна кыз анын колуна бир кичинекей бөтөлкөнү берди.

-Бул эмне?

-Билбейм, апам бадыраңга кошту го, – деп артына бурулуп кетти.

-Аа…

Кыз бөтөлкөнүн бетиндеги тамгаларды окуп баратты.

-Ук-су-с-с.

Уксус. Аны үстөлдүн үстүнө коюп, нан жегиси келди. Аңгыча,

-Үйдө ким бар? – деген эркектин үнү угулду.

Ал дароо кирип келип эле үйдүн боорундагы электр эсептегичти карап калды. Үнү катуу киши экен.

-Үч айдан бери төлөй элек экенсиңер. Атаң менен апаң кана?

-?????

Кыз бул кантип кирип кетти деп башы маң болуп, жанагы кошунанын кызы келгенде дарбазаны жаппай калганын эстеди.

-Эй, ата-энең кана дейм.

-Алар жок – деди мукактанып.

-Мындайда жок боло калышат. Светиңерди кыркып койдум. Беш жүз сексен сом төлөш керек. Анан күйгүзөбүз. Айтып кой, макулбу, деп, катуу-катуу сүйлөп дарбазадан ары чыгып кетти.

Кыз башка чапкандай, турган ордунда селдейип тура берди.

Отуз сом, беш жүз сексен сом… Булар кызга аябай чоң акча сезилди. Өмүр бою кутулбоочудай. Анан дагы свет жок. Эми, эмне болот? Өгөй энеси эртең келгенде өлтүрөт. Кыз денесин жыйрып алды. Анткени чачынын учунан, тырмагынын учуна чейин өгөй энесинин колунун уусу өткөн. Анын колу катуу эле. Абдан коркту. Денесинен мурда башка чапканда көзү караңгылап, кайра экинчиси, анан үчүнчүсү, акыры дыңңң-дыңңң деген эле үндөр угулуп калчу.

Эмне кылаарын билбей турду. Зейнеп эжесине барайын деди. Бирок өгөй энеси “экинчи ошонукуна барып көр, шыйрагыңды сындырам” деген эле. Көзү кыйшык болсо да Жамал кемпирдин кызы болгусу келип кетти…

Түш ооп калган. Кызга баары караңгы болду. Эч бир жарык, жылчык жок. Үйдүн ичин тегеренип чуркап, ыйламсырап, айла таппай жатканын бир жан көргөн да жок. Апасын ушунчалык көргүсү келди. Эки жылдай апасыз жашоо ал үчүн тозок болду. Же өгөй эненин жакшысынан буйрусачы.

Көзүнө уксус урунду. Колуна алып, бурап ачып, жыттап көрдү. Мурдуна бурр-рр дей түштү. Көзү тунарып барып ачылды. Ичип алса баары унутулуп калабы? Атасы деле бир бөтөлкө аракты ичип алып, эртеси ойгонуп, басып эле жүрбөйбү? Кечээки сүйлөгөнүн, кылганын унутуп калып жатпайбы. Өлсө өлүп калармын, ушундай кордуктан көрө өлүп калайын – деди. Баары мени көрүп ыйлашат. Өгөй апам да ыйлайт болду бекен?

Уксусту оозуна такап эки жолу дем албай жутуп-жутуп жиберди. Ичи ачышып, бүк түшүп жатып калды…

Аппак кийинген апасы эми даана көрүндү. Мурда эмнеге мынча жакын келген эмес – деп ойлоду…

Сыртта Зейнеп, кемпир-чалдарды ээрчитип дарбазага келе жатышкан. Эжеси кубанычы койнуна батпай автобустан жаңы эле түштү…