ЖУСУП
Киносценарий
1920-жыл. Москва. Кремль. Комсомолдун Бүткүл россиялык үчүнчү курултайы. Трибунада – Владимир Ленин. Ал жаңы мамлекеттин алдында турган милдеттер тууралуу баяндама жасап бүттү. Залдагы делегаттар Ильичтин сөзүн кубаттап, дүркүрөтө кол чабышты. Өз ара чуру-чуу түшүп, биринин артынан бири сыртка чыгып, танаписке тарашууда.
Курултай өтүп жаткан залдын ар кайсы тушуна: “Бүткүл бийлик-Советтерге!” Жашасын советтер бийлиги! Элге – тынчтык! Жер-дыйкандарга! Завод-фабрикалар-жумушчуларга! Эркиндик. Теңдик” деп, орусча жазылган кызыл тасмалар илинген.
Президиумда арыкчырай Жусуп Абдракманов олтурат. Ал маңдайында кызыл жылдыздын сүрөтү бадырайта түшүрүлгөн кызыл аскердин төбөсү учтуу, кулакчындары жогору кайрылган жука ушанка кийип алган. Бутунда керзи өтүк, үстүндө аскердик күрөң шинель. Трибунадан түшүп келген Ленин анын жанынан орун алды.
ЛЕНИН (Жусуптун кебетесине ынтаа коюп, тиктей) :
-Ко-ош, кызыл аскер! Сиздин аты-жөнүңүз кандай?
ЖУСУП ( толкундануу менен Ленинге тике карап, орусча шыр жооп узатат):
-Ысымым – Жусуп, фамилиям – Абдракманов…
ЛЕНИН: -Жакшы, Юсуф Абдурахманов… Улутуңуз ким?
ЖУСУП: -Кечиресиз, Владимир Ильич! Атым – Юсуф эмес, фамилиям -Абдурахманов эмес. Сиз башка тилде атап жатасыз. Менин атым- Жусуп… Жу-суп… Абдракманов … Улутум – кыргыз…
ЛЕНИН: – Макул, макул.Ошондой болсун! Сиз кайдан келдиңиз?
ЖУСУП: -Жети-Суу облусунун Каракол уездинен.
ЛЕНИН (РСФСРдин картасына үңүлөт. Бармагы менен Түркестан крайын издейт). – Кана, Верный…Каракол калаасы… Кайда жүрөт?
ЖУСУП (ордунан туруп, картадан Алматы шаарын табат. Аны сөөмөйү менен көрсөтүп): – Мына, мына… Верный… Уралдан чыгыш жакта… Менин оюмча биздин Ак чий болуштугу мобу жерде. Бирок, биздин болуштук картага түшпөгөнүн карасаң. Чек аралар такталса, келечекте картаны өзүбүз чиебиз !
ЛЕНИН: – Албетте. Жаңы мамлекет жаралгандан кийин бүткүл жумуш жаңыдан башталат. Жашыңыз эчеде?
ЖУСУП: -Он тогузда. 1901-жылы болуш-манаптын үйүндө төрөлгөм….
ЛЕНИН (Жусуптун бети-башына суроолуу тиктеп): – Демек, сиз казаксыз?..
ЖУСУП (баш чайкап): -Не, не, жолдош Владимир Ильич! Дагы адаштыңыз. Кыргызмын. Биздин эл “кыргыз менен казакты- бир тууган”- дешет. Россиялыктар, бизди “кара кыргыз” деп, туура эмес аташууда . Чыныгы кыргыз – мына, биз болобуз. Ошондуктан улутум- кыргыз. Октябрь төңкөрүшүнө чейин биз орус империясына баш ийгенбиз.
ЛЕНИН: -Ээ анда, Түркестан крайынан турбайсызбы?!. Жакшы, жакшы…
ЖУСУП (баш ийкей):- Ошо аймактын Жети-Суу облусуна караштуу Каракол уезди сьездге делегаттыкка шайлашкан…
ЛЕНИН: -Бай-манаптын сиздей балдары советтерге кызмат кылганы чоң бурулуш… (Өзүнчө) – Баракелде! Көмүрдөй кара чач, буудай ыраң жүздөнгөнү менен кара көздөрү оттой жанганын кара. Кишини жалтантат, тим эле. Тээ түпкүрдөн болсо да, бул жигиттин бир да жаңылбай, орусча тап-так сүйлөгөнүн кара! (Жусупка) Сабатыңызды кантип ачтыңыз?
ЖУСУП: – Муну окуп, көрсөңүз (Лениндин алдына өмүр баяны жана мүнөздөмөнү жылдырат. Ленин баракка сулуу кол менен жазылган Жусуптун өмүр баянын окуйт.
ТИТРДЕ ( Жусуптун көз алдынан эс-акылы толуп, он тогуз жаштагы кырчындай куракка толгучакты башынан өткөргөн окуялары чубурат).
ЛЕНИН: – Та-ак…Мүнөздөмө комсомолдук – партиялык уюм тарабынан жазылыптыр. Кана, өмүр баянын окуйлучу. Жусуп Абдракманов – көп балалуу бий-болуштун үйүндө төрөлгөн. Атасы манап болгон. Ал Караколго чукул Сазановка айылындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн…(Жусупка) А сиз, бул, кыргызга чет тилдерди кайдан билесиз?
ЖУСУП (шаттуу түрдө): – Караколдо орус, казак, татар, уйгур балдар менен чогуу ойночубуз. Алар менен бирге окуп жүрүп, үйрөнгөм.
ЛЕНИН (мүнөздөмөгө үңүлөт): – Жети бир тууганы энеси менен Нарында чыккан көтөрүлүштө окко учкан…(Жусуптун көз алдына көтөрүлүштө эл менен чогуу жүргөн апасы менен бир туугандары элестейт. Коогалаңда энесине, ага-инилерине ок жаңылып, алар биринин артынан бири жерге жыгылды. Бир туугандарын эстеп, көзүнө жаш айланды. Ал бетинен ылдый жылжыган көз жашын Ленинге байкатпай, аарчыды).
ЛЕНИН (кагаздагыларды окуп): – 1916-жылы өздөрү мылтыкчан, аттары замбирек сүйрөгөн падышалык аскерлер жөө-жалаң, кедей кыргыздарды кууп жөнөштү… Атасы Балапан жана анын жолдоштору изине түшкөн желдеттердин бир тобуна колундагы күрөк, кетмендери менен айбат кылып, душманды качырышты….
(ТИТРдеги жазуулар): – Жусуп а кезде он беште болчу. Ал иниси экөө качып баратканда атасына да келте оору жукту. Балапан катуу ысытмалап, баш көтөрбөй, сыз алачыкта жатып, жан берди….
ЛЕНИН (окуп) : – Балапан эс-учунан танып баратканда үстүнө үйрүлгөн эки уулуна: “Качкыла! Үңкүр-токой, жылга-жыбыттарга, тоолорго жашынгыла! Ак падышанын желдеттери соо койбойт,” – деп айтат… Чалкасынан жаткан абалында Күн чыгышты көздөй кол сермеди… Анан башы шылк этип, көзү жумулду.
( ТИТРДЕГИ ЖАЗУУЛАР): – Жусуп көрпө тебетейчен.Жука чапанын белинен бек буунган. Иниси Токо экөө буурчактап аккан жашын тыйбай, далдаа жактан жер казат. Атасынын сөөгүн эптеп, ал жерге жашырышты…Бир жактан падыша аскерлеринин улам жакындап келаткан чуру-чуусу угулат. Жусуп, Токо ыйлаган бойдон Ак чий айылынан ары Караколду беттеп, жүгүрүп баратышты…Үркүндөн жан сактаган элди ээрчип, ашуу ашып, суу кечип, Кытайга жетишет …
ЛЕНИН (мүнөздөмөнү окууну улантып):- Жолдо нечен азап-тозокту тарткан бозгундар Кытайда кор болот. Ачкалыктын айынан эркектер мал багышат. Кыз-келин, аялдарды ханзу менен уйгур байларга сатышат. Өктөбүр төңкөрүшү 1917-жылы ак падышаны тактан кулатканда кыргыздар эл-жерине кайтышат. Кытайга барып-келгиче жүз элүү миңден ашык киши ач бел, куу жон менен ок атышта жайран болду…
ЖУСУП (оор үшкүрө): -Кытайдан кайра Караколго келдик. Токо экөөбүз ат бактык. (Фильмге анын атканадагы жылкылардын жаткан жайларын тазалап, жылкыларды сыртка алып чыгып, ары-бери бастырганы…. Токулгасы жок, жүрүп бараткан атка жандай жүгүрүп барып, ыргып мингени, кылычты шайма-шай чапканы тартылат).
ЛЕНИН: (окуп) – Жусуп Абдракманов 1918-жылы кызыл аскерге өтөт. Катардагы жоокерден атчандар эскадронуна командирлигине дайындалат… Ой, бали, молодец!.. Атчан аскерлердин башында өзү кылычын булгалап, атын удургута чаап, казак жериндеги ак казактарды чымын-куюн түшүрөкууйт. Анан комсомолго кирет. Бир жылдан кийин ВКП (б) нын мүчөлүгүнө өтөт. Верныйда командирлик курста окуйт. Ал жерде Гүлбахрам аттуу кыз менен таанышты.
ТИТРДЕ атчан аскерлер жолдон убай-чубай өтүп баратышат. Жол жээги менен арыкчырай кыз эки чака суу көтөрүп келатат. Кыз аскер кийимчен Жусуптун ыраактан ат үстүндө өзүн тиктеп келатканын байкады. Жакындай бергенде маңдайы жарык, мүчөсү келишкен, ак жуумал жигитти көрдү.
ЖУСУП (күлө бага өзүнчө): – Маңкая тиктегенинен карасам, татынакай, сулуу кыз экен. Жылмая караганы өңүнө жарашып, тим эле жагымдуу. Чаңкабасам да, андан суу сурадым. ( Гүлбахрам чакаларын жерге коюп, чаканын бирин күлө бага Жусупка узатат).
ЛЕНИН (Жусупка карап): – Гүлбахрам менен таанышканыңыз кызыктуу экен? Ал да кыргызбы?
ЖУСУП (жылмайып): – Жок, Владимир Ильич,Гүлбахрам – казак кызы. Мен аны Гүлмайрам деп атап алгам.
ЛЕНИН– Бул жагын эми өзүңүздөн угалы, жолдош кызыл аскер?
ТИТРДЕ Жусуп ээрде олтуруп, эңкейе эки колу менен чаканы эңип алды. Сууну кере-кере жутту.
ЖУСУП – Атыңыз ким, сулуу кыз?
Гүлмайрам (өрүм чачтарын сеңселтип) – Гүлбахрам. А сиз ким болосуз?
-ЖУСУП: – Мен –кызыл аскермин. Атым –Жусуп…
ГҮЛМАЙРАМ – Ээ таптым, таптым. Атам: “Бизге билимдүү, орусча мыкты билген, аскер ишине шамдагай жигит келди”- деди эле. Көрсө, ошо барчын сиз турбайсызбы?
ЖУСУП (баш ийкей): – Мына эмесе, Командирдин кызы менен тааныштым,ээ?
Гүлмайрам (күлүп) – Ошондой!
ТИТРДЕ Гүлмайрамдын кечке жуук Жусупту издеп, казармага барганы, экөөнүн бири-бирине жагып калганы, сүйлөшкөнү тартылат. Жусуп Ташкендеги жогорку аскер мектебинде окуп жүргөндө да экөө кат жазышып, кат алышканы көрсөтүлөт.
ГҮЛМАЙРАМ (четте): – Бирок, каскакты кара! Жусупту ден-соолугуна байланыштуу аскер окуусунан бошотушту. Эгер аскерде кызмат өтөсө, эмдигиче Суворов, Кутузов, Чапаевдей көрүнүктүү полководец болмок. (Кетет).
ЛЕНИН (Өзүнчө): – Да-а…Бизге дал ушундай билимдүү эр жүрөктөр жана чыныгы патриоттор… Аба менен суудай керек! (Бир саамдан кийин Абдракмановго): -Да-а… 1916-жыл… Биринчи дүйнөлүк согуш күчөгөн убак…Элиңиз ошондо Кытайга эмнеге үрктү?
ЖУСУП: -Владимир Ильич! Биринчи дүйнөлүк согушта орус империясы Түркстан крайындагыларга да салык салган. Ат-көлүк, мал-салды бүтүндөй айдап алды. Империя согушта жеңилип баратканда элеттегилерди аскерге алды. Биздин бай-манаптар өз балдарын аскерден калтырып, жалаң кедей-кембагалдын эркектерин согушка мажбурлап жөнөттү. Эл кыйналды. Империялык саясатка каршы чыкты.
ТИТРДЕ (Орус империясынын Жети-Суу жана Верныйдагы жазалоочу аскери Чүй боору менен Көл жээгине жетип келди. Куралсыз кыргыздардын күлүн көккө сапырды. Келгин көпөс, бай орустар жерди гана эмес, мал-мүлктү да талап-тоноп, басып алышты).
ЛЕНИН (ойлуу): – 17-жылы ак падышаны тактан кулатканыбыз эң туура болгон . Калктын канын соруп, элди эзгендерди сөзсүз жазалаш керек. Ар бир элге өз эркиндик-теңдик бергенбиз. Айтмакчы, Юсуф… Кечиресиз Жусуп Балапанович, сиздерде орус калкы канча пайыз?
ЖУСУП: -Болжолдо беш пайызга жакын, Владимир Ильич…
ЛЕНИН: – Калгандары кимдер?
ЖУСУП: -Кыргыздар менен казактар…
ЛЕНИН: -Сабатсыздар канча пайыз?
ЖУСУП: – Эки пайызга чукулураак.
ЛЕНИН (чекесин тырыштыра): – Калган эл эмне, сабатсызбы? Аппарат…Советтик аппарат кайсы тилде иштеп жатат?
ЖУСУП: – Орус тилинде… ( Бул маалда танапистен кайткан делегат тар экөөнү ороп алышты).
ЛЕНИН (өңү өзгөрүп, ордунан козголуп, бардыгына):
-Жолдоштор! Силер социалисттик революциянын алдында кечирилгис кылмыш кылып жатасыңар. Калктын көбү түшүнбөгөн тилде иш алпарган аппарат, ошол элдин күнүмдүк көйгөйүнө, маселесине көңүл буруп, аларды чече албаган аппарат, калк менен тыгыз мамиледе боло албайт. (Жусупка): – Билимдүү парт активчи?…
ЖУСУП: – Алар да беш-алты пайыз… Анткени менен Владимир Ильич, Октябрь төңкөрүшү эчак бүтсө деле кызматтарга жалаң Россиядан сүрүлүп барган орустар коюлган. Жер-суунун, дан-эгин менен малдын көбү да ошо келгиндерге үлөштүрүлдү. Үркүнгө чейин жерин кеңейтем деген орус империясы элге алымын ашырган. Согушка жалаң кедейлердин балдарын тарткан. Бул туура эмес да. Ошентип, кыргыздардын каарына калды. Жети-Суудагы атчандар полкун замбирек- пулеметтору менен биз жакка жиберип, үрккөн калкты чилдей кырды. Чал-кемпир, аял-баланы да аяган жок… Ошон үчүн жан соогалап, Кытайга качтык…
ТИТРДЕ: Падышалык аскерлердин элди кууп баратканы тартылат.
ЖУСУП: – Россияда төңкөрүш болду. Падыша тактан кулады дегенди угуп, кайра келдик…Совет мамлекети андай зордукчул жолго түшпөй, талап-тонобой, биздин элди коргосун! Бир чети улуттук кадрлар аз. Аларды да телчиктирүү, тарбиялоо керек. (Жусуптун бул кеби Ленинди ойго батырды. Тыныгуу бүтүп, башка делегаттар курултайды улантуу үчүн жыйын залына чуурулуп кире баштады).
ЛЕНИН (Жусупту далыга таптап)-
-Өмүрүмдө кыргызды биринчи көрүшүм. Мени менен сүйлөшкөн биринчи кыргыз сиз болдуңуз, Жусуп Балапанович! Бай-манаптын баласы болсоңуз да, совет бийлигине ыктаган комсомол, кызыл аскер экенсиз… Сизди РСДРПнын Борбордук Комитетинде калтыруу керек. Мамлекеттик кызматка тартып, бышыралы. Жетекчиликке толук көнгөнүңүздө, балким бир крайды башкарууга жөнөтөөрбүз!
(Эркек каармандар кара костюм менен кырдуу шапкечен. Тергөөчү Зеликман хром өтүкчөн, күрөң костюм шым, көгүш шапкечен жүрөт).
ТИТРде жазуулар: Кыргыз мамлекетин түптөө аракети 1922-жылы башталган. Ошо жылдын март айында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп АбдракмановТоолуу Кара – Кыргыз облусун түзүү маселесин козгошот. Анткени 1920-жылы 25-августта РСФСРдин курамында кыргыз өлкөсүн түзүү декрети кабыл алынган. Анда кыргыз эли Казак АССРине кошулуп калган.Советтердин бүткүл Түркстандык 13-курултайында кырлуу шапке, узун плащчан Абдыкерим Сыдыков Тоолуу кыргыз облусу маселесин, үчүнчү ирет кайра көтөрдү.
Жусуп: – Ошо жылы биздин бийликте отурган Каменский, Кудайкулов жана Бабаханов өңдүү бир нече жетекчилер…. Биздин идеяга каршы чыгып, Борбордук Комитетке биз тууралуу чагым жиберишти..
Абдыкерим: – Өз алдынча өлкө… Эх. ошол күн кана?… (Тыным).
Жусуп (шаңдуу): – Айтпадым беле!? Биздин идеяны көпчүлүк жактырат..
БИЯЛЫ: -Анда эмне, Россиядан бөлүнүп чыгабызбы?
Жусуп: – Жок, РСФСРдин ичинде эле калабыз…Абдыкерим Сыдыковго “бай-манапчыл,полицей” деген жарлык тагылды. Ал партиядан үч жолу чыгарылып, кайра калыбына үч ирет келтирилди. Ичибизди ириткендер Москвага тоголок кат жазышты. Түркстан АССРинин атайын сьездинин иши тоголок катка ишенген Сталиндин көрсөтмөсү менен токтотулду.
ТИТРДЕ жазуулар: “ Тоолуу Кыргыз облусунунуюштуруу тобунун башчысы Абдыкерим Сыдыковдун өжөрлүгү менен “1924-жылдын 14-октябры. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жөнүндө чечим. Автономиялуу обулустун башчылыгына – революциялык комитеттин төрагасы Ыманалы Айдарбеков дайындалды” деген жазуу чыгат .
Гүлмайрам: – Андан кийин Жусуптун жаңы идеясы тоодой урады.
БИЯЛЫ: -Кандайча? Ал эмне деген идея ?
Гүлмайрам:- Жусуп бул курдай иш бөлмөсүнө Абдыкерим Сыдыковду, Ыманалы Айдарбековду, Касым Тыныстановду, Төрөкул Айтматовду жана кара калпак жаштарын чогултту.
Жусуп :- Ай достор! Бир сөз айтсам, көнөсүңөрбү? Менде эң бир сонун ой жаралды.
АБДЫКЕРИМ (шашыла): – Кана, кана? Айта кой, бачымыраак!
Жусуп: – Ысык-Көлдөн тартып, Арал деңизине чейинки аймакта Кара Кыргыз-Кара калпак автономиясын орнотолу. Кандай дейсиздер? Борбору – Жалал-Абад калаасы болсун,ээ?!(Көздөрү жайнап, активисттерге алмак-салмак тиктейт. Жыйналгандар чуру-чуу).
Үндөр: – Койчу ай!Эмне үчүн байтакты Жалал-Абадга орношу керек?
-Ай жолдоштор, Жусуп туура айтат. Акылын угалы…
(Жусупка):- Ой, сен кайдан чыккан оёнсуң?
-Баштагы чечимди өзгөртпөйлү!
-Сенин айтканыңа көнө берген акмак жок!
-Жериң ким, элиң ким? Чамасы аялың ошол жактык…
– Сен өз урууңа тартып атасың…
Жусуп (күлүп): -Ай достор, ай туугандар! Жубайым –казак кызы… Ал Жалал-Абадды эзели көргөн эмес. Менде буудайдай да уруу-улут, жер сүрүштүрүү деген ой жок..Ким ак жүрөк, эл-мекен-жерибиз үчүн жанын аябас, таза, кайраттуу болсо, ал менин досум жана бир тууганым…
Үндөр : -Кереги жок, аныңдын...
-Борбор шаарга Пишпек гана жарактуу…
Гүлмайрам (четте): -Ошентип, активисттер бир чечимге келише албады. Оң-солго бөлүнүшүп, мушташа да кетишти.
Жусуп (капалана): – Токтогула! Эмнеге мындай бөлүнүп-жарылабыз,ыя?.. Эмнеге беш манжадай бирикпейбиз?..Ынтымактуулук менен бирибизди башкабыз угуп, бир кишиге баш ийсек, тоону да томкоробуз. Макул, макул, жолдоштор! Силерге жакпаса, кебимди кайра алдым. Бирок, өз мамлекетибиз жаралчу күн алыс эмес.
ТИТРДЕ жазуулар: -“Москва. Кремль. ВКП (б)нын Борбордук Комитети. Бир кабинеттин сыртында: “ ВКП (б) БКнын жооптуу инструктору Жусуп АБДРАКМАНОВ” деген жазуу көрүнөт. Кабинеттеак көйнөгүнө галстук тагынып, костюм-шымчанолтурган Жусуп көк дептерден күндөлүк ачты. Москвада адабий ийримге катышат. Орус акын-жазуучулары Михаил Булгаков, Анна Ахматова, Владимир Маяковский, Алла Кушнер менен сүйлөшөт. Чыгармаларды орусча талкуулашат. Орусча жазган ырларын көркөм окуп берет. Күндөлүгүнө өзүн толкундаткан окуяларды, орусча ырларын, кыргыз өлкөсүнүн келечек турмушун жазып жүрөт. Бирок, көгүш күндөлүгү кийин өз өмүрүнө айгак болуп, балтадай чабылаарын ойлобойт.. “
ТИТРде жазуулар: “1926-жыл. Март айы. Пишпек. Кара-Кыргыз автоном облусунун имараты. Анда болуп өткөн Курултай уюштуруу мсаелесинкарады. Курултай Абдыкадыр Орозбековду Борбордук Аткаруу комитетинин төрагалыгына бекитти” деген жазуу көрүнөт..
Орозбеков ( кийгени тебетей. Жакасы жок, көкүрөгү ачык чапанынын үстүндө оң ийнинен сол жамбашына түшүрүлгөн боолуу тапанча) – Урматтуу депутаттар! Жусуп Абдракманов БАКка кайрылуу жазган. Ошо кайрылууга көңүл буралы!?
Үндөр: – Жарайт,Аксакал!.
-Ал эмне деген кайрылуу?
– Жолдоштор! Жусуп Абдракманов да курултайда олтурган соң, анын өзүнөн сурайлы! Эмне деген өтүнүчү бар?
Абдыкадыр (Жусупка): – Кана Жусуп иним?! Кандай маселени ортого саласың?. Урматтуу депутаттар! Сөз- Жусуп Абдракман уулунда!Каршылык жокпу?
Жусуп (сөөмөйүн Орто Азиянын картасына тийгизип): – Аксакал! Жолдоштор! Мекенибиздинкеңейүүсү үчүн чек араларды тактап алалы. Андан да башкысы – биздин өлкө үч жылдан бери Кара-Кыргыз автономиялуу облусу деп аталууда. Биринчиден – облусубуздун атынан “кара” деген сөздү алып салалы, боордоштор! Экинчиси – өкмөтүбүз автономдуу республика болууга түгөл даяр. Анын талаптарына дал келет. Мен ушул демилгени курултайдын кароосуна коюуну туура таптым.
Абдыкадыр: – Мен да оюңузду кубаттаймын, Жусуке! Туура, биздин облус Чыгышта Кытай менен, Түштүктө өзбек, тажиктер менен чектеш.Түндүгүндө казактар жашайт. Эне тилибиз, жетиштүү сандагы калкыбыз, борборубуз, базарыбыз менен улуттук тарых, маданиятыбызбар. Менимче, Абдракмановдун ушул көз карашын Курултай кубаттайт. Аны менен бирге Кыргыз автономиялуу облусу – Кыргыз АССРи болсун деген тилекти да добушка коёмун! Кана, ким макул, ким каршы? ( Өзү менен башка депутаттар да кол көтөрүшөт) Ыракмат, делегаттар! Анда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына Жусуп Балапановичти дайындаймын!
Жусуп (ордунан туруп): – Урматтуу Абдыкадыр аксакал!..(Абдыкадыр Орозбеков суроолуу кыязда башын Жусуп тарапка бурат) :- Бул кызматка мен али быша элекмин. Эми гана жашым 25ке баратат… Биздин республиканын башчылыгына Абдыкерим Сыдыков, же Ыманалы Айдарбеков татыктуу.Экөөнүн бирин шайлайлы!
Абдыкерим: – Жусуп! Бизден жашы улуу Орозбеков аксакал сизди өзү тандаган соң, кебиңди кайра ал.
Ыманалы: –Жусуп!Жаш болсоң да, баш болуп бер!
Абдыкадыр (Жусупка күлүмсүрөп): – Көрдүңбү? Курултайдагылар жана эки ишмер тең сизди жактаган соң, мен да буйругумду өзгөртө албаймын! Сенде тажрыйба толтура! Москвада ВКП (б)нын Борбордук Комитетинде иштедиң…(Күлүп) Ленин менен сүйлөшкөн биринчи кыргызсың. Партжыйналышка кечигип келген Сталинге эскертүү берип, коркпой-үркпөй аны бурчка тургуздуң. Ак гвардия менен салгылаштың…(Жусуптун маңдайына келип, анын колун кысат) Сендей эр жүрөк гана Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешининтөрагалыгына татыктуу…Ал эми Касым Тыныстановду агартуу министрлигине, Төрөкул Айтматовду Жалал-Абад кантонунун 2-секретарлыгына дайындоо токтомуна кол койдум. Төрөке, Жалал-Абадда жер-суу реформасын жүргүзүп, колхоздоштурууну күчөтсүн! Жаңы кызматыңыздар кут болсун, калкыбыздын кыраандары… (Депутаттар ордунан түгөл турушуп, кол чабышат).
ТИТРде жазуулар: “Жусуптун оюнан мамлекетти баштагыдан өнүктүрүү максаты күндүр-түндүр чыккан жок. Ал туңгуч өкмөттөгү курбалдаштары менен акылдашууну чечти. Кеңешке АбдыкеримСыдыков менен Касым Тыныстанов, партиянын кыргыз обкомунун биринчи секретары Алексей Шахрай жана башка кызматташтары кирип келишет.
Жусуп (ары-бери басат): -Урматтуу достор! Биздин мамлекет келечекте кандай өлкө болот? Мына ушул жагын тактайлы. Сырттан келгендер биздин Өкмөттү курап бербейт.
Үндөр: —Ай чын эле! Бизге ким жол көрсөтөт?
– Өкмөтүбүздө кандай кызматтар болот?
-Ким кайсы милдетти аткарат?
Шахрай (орусча): -Бул жерде баш оорутуунун кереги жок. Бардык маселени ВКП (б) нын Борбордук Комитети чечет. Кызматтарды да партия бекитет. Москванын чийген жолу, коммунисттик багыт менен иштейбиз.
Жусуп: – Биз автономиялуу өлкө болдук. Ошондуктан өз алдыбызча жашообуз зарыл.
Абдыкерим (мурутун чыйратып, Шахрайга) – Биз советтик жолдон тайган жокпуз. Ошо нук менен баратабыз.
Жусуп: – Мамлекеттин чыйырын туура салганыбыз –өнүгүүбүздүн компасы. Ленин көрсөткөн жол менен алга барабыз… ( Касым кол көтөрөт) Агартуу министрибиз Тыныстанов сөз сурап атат.
Касым: – Башкы көңүл – билим берүүгө, окууга бурулсун. Билимсиз адам караңгы. Улуттук интеллигент жаштарды даярдап, ар бир айылда мугалимдерди көбөйтөлү. Мектептерди козу карындай жайнатып, окуу жайларды ачалы. Китептерди, газета-журналдарды чыгаралы. Басма иши, китеп чыгаруу, илимпоздорду даярдоо унутулбас…Москва ушул жакка каражат бөлсүн!
Абдыкерим: – Ооба, сиз жараткан “Эркин Тоо, Кызыл Кыргызстан” газетасын окудук. “Алиппе” баш болгон китептер жана “Кызыл Кыргызстандагы” ырлар менен тааныштык. Орусча окуп жазганды баарыбыз үйрөнсөк,союзга бат таанылабыз…
Шахрай (жандуу, Касымга) : – Вот, туура айтат. Адегенде орусча гезит-журналдарды күн сайын чыгар…Бул сага – партиялык буйрук!..Кыргызча, татарча жазууну токтот!
Жусуп:- Анда республиканын айыл чарба министрлигин түзөлү! Өнөр жай министрлигин Абдыкеримге тапшыралы! Китеп, гезит-журналдар бизге Москва, Ташкенден күргүштөп келүүдө. Бирок, кыргызчасы аз. Касым! Кыргыз өлкөсү болгондон кийин … Кыргызча сабактарга дал келген окуу – адабий китептерди арбын чыгар!
Шахрай (баш чайкап,Жусупка): – Нет дорогой!Сен антип, саясатты бурмалаба! Орус тили – билесиңби, комсомолдун 3-сьездинде, 1920-жылы…Сенин мурда болуш-манаптын уулу экениңе карабай,Москвада сени менен …
АБДЫКЕРИМ (Шахрайга): – Жусупту басынтпаңыз. Ал 1918-жылы кызыл аскерге кирген. Катардагы жоокерден атчандар эскадронуна командирликке дайындалган. Анан комсомолго, дагы бир жылдан кийин партиянын – ВКП (б) нын мүчөлүгүнө өткөн. Верныйда командирлик курста окуган.
Шахрай: – Партиянын сөзүн бузбай, шүк олтур, Абдыкерим! (Жусупка)… Кайра эстетейин. Орус тили – Москвада сени менен эки саат баарлашкан, пролетариаттын улуу жолбашчысы Лениндин тили. Кала берсе, сенин акын досуң- Маяковскийдин тили. Ошондуктан кеңешме, сьезд, конференция, талкуулар….Иш-чаралар, документтер… бардыгы орусча өтсүн!
Жусуп: – Алеша, буйрукчул саясатыңды коё тур! Адам ата, Обо эне жаралгандан бери ар бир киши өз эне тилинде сүйлөйт. Партлидер болсоң, биздин тилди да сыйла.
Шахрай (кызыраңдап): – Значить, ты против русского языка…Партия за это твою голову сметет…Кыргыздар ушунчалык ынтымактуу экенсиңер, бири-бириңди кубаттап…
Касым (күлүп):- Мамлекетибизге жан күйгүзөбүз да. Алеша, сөзсүз түрдө мамлекеттин улуттук тили болуусу кажет. Сен да, биз да кыргыз жеринде төрөлүп, өсүп-чоңойдук. Өкмөттүк кызматка жеттик. Демек, бөлүнүп-жарылбайлы. Өлкөнүн тынч өнүгүүсү – биздин колубузда! Гезит-журнал, китепти калкыбыз өз эне тилинде окусун. Азыр латын ариби менен кат-сабатжоюлууда. Орус мектептерин Москва колдойт. Биринчи иретте кыргызча мектеп-институттарды ачалы.
Шахрай (сөөмөй шилтегилеп, өкүмдүү): – Бириң да кың дебей, орусча сүйлө…
Жусуп (толкунданып): –Албетте, бардык тармакты, өлкөнүн курулушу менен өнүгүшүн Москва шарттайт, жол көрсөтөт. Менин позициям кеңири.Биз – буйруса, айыл жана мал чарбалуу агрардык, өнөр жайы өөрчүгөн индустриялуу өлкөгө айланабыз. Себеби, мал багууну, жер иштетип, эгин жыйноону мыкты өздөштүргөн биздин калктан өткөн мээнеткеч эл жок.
ТИТРде жазуулар: “Жусуптун планы: Эт-сүт, майды, тери менен жүндү кайра иштетип, темир өндүрүп, андан түрдүү техника жасалат. Тоо-кен, техника жагы.. Аэропорт, темир жол, аба жана кашка жол курулат. ГЭСтерден электр жарыгы өндүрүлөт. Чырак менен караңгы үйдө отурбай, Ильичтин шамын жагабыз. Аскерлер, врачтар, окумуштуулар керек. Сот, прокуратура, милиция уюштурулат. Мектептерди, жогорку окуу жайларды айттык. Колхоздоштуруу көйгөйү маңдайыбызда турат.
ЖУСУП: – Мага жогорку бийликтин элди күчтөп отурукташтыруусу жана орто байларга мамилеси жакпайт. Эң башкы идеябыз – Кыргыз автономиялуу республикасын союздук республикага айлантуу. Өлкөбүз үч жакка – ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросу менен союздук борборго, РСФСРге баш ийдирилгени – чеки. Биз бир борборго баш иели.
БИЯЛЫ: -Эң туура! Бул сунушту кубаттайбыз…
АБДЫКЕРИМ–Маселе мына эми өз нугуна түштү…
Жусуп: -Өлкөбүздүн эртеңки келечегин өзүбүз тандайбыз. Былтыр Кыргыз АССРи болдук. Автономиядан көрө өз алдынча өлкө болгонубуз келечектүү. Жогоруда айтылгандардын баарын тизмектеп жазып, биздин сунуш-пикирлерди жактап чыгууну ВКП (б) нын саясий бюросунан өтүнөм!
Үн: – Бул сунушту ВКП (б), анын башчысы да кубаттаар.
Жусуп: – Сиздер айткандар кошумчалары менен Борбордук Комитетке кат даярдалат. (Өзүнчө) Ленин: “Ар бир улут – өз тагдырын, өз алдынчалыгын өзү аныктоого укуктуу” деп, убагында эң таамай айткан.
ТИТРДЕ: Пишпек. 1928-жыл. Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин имараты. Жыйын. Анынкүн тартибине байлардын мүлкүн ортого алуу маселеси коюлду….
Жусуп: – Себеби…Кедейлер менен иштөөнүн ыкмаларын тактабадык. Кеңеш Өкмөтү – эл бийлиги. Муну оокаттуу адамдарга түшүндүрүп, алардын советтерге болгон каршылыгын жоёлу. Көчүрүү саясаты опурталдуу. Орто чарбалардын мал-жанын, жерин, мүлктөрүн тартып алганда, алар бай-манаптарды кубаттайт.Бийликке каршы чыгып,басмачыларга кошулат. Ошондуктан орто чарбалар менен кедей-дыйкандарды кысымга албайлы.
Шахрай (калемин стол үстүнө ыргытып, ачуулуу): – ВКП(б)нын буйрук-токтомдору жокко чыгарылбайт! Жолдош Жусуп Балапанович!Бул сөзүң менен сен Москванын чечимдерин бойкоттодуң. Бизден башка республикалар ЦКнын буйруктарын кыйщаюсуз, ашыгы менен аткарууда. Бул үчүн сен экөөбүз жооп тартабыз. (Тыным) – Бул маселе боюнча мен башкарган партиянын кыргыз обкому тиешелүү токтом кабыл алат. Москвадан сага байлар жөнүндө баяндама жасоо тапшырмасы берилген. БКнын ал буйругу дале күчүндө.
Жусуп: – Мен ал баяндамадан баш тартам. Ал тууралуу БКга билдиргем. Москвада бирге иштеген жолдоштор менен БКда жолукканда азыркы учур жана Борбордук Комитеттин саясатынсүйлөшкөнбүз. Эч кимдин көзү багытыбыздын тууралыгына жана алынган курстун көпкө жашаарына жетпейт. Байкап атасыңарбы?.. Мамаппарат – төрөчүл, активдин ичинде үмүтсүздүк өкүм сүрүүдө…
Шахрай: -Жусуп! Сенин бузукулугуң менен БКнын саясаты үзгүлтүккө учурайт. Сен жетектеген Эл Комиссарлар кеңеши ишеничтен чыгат. Мындай учурда демилгени обком партия өз колуна алууга милдеттүү. БКга каяша айтпа! (Сөөмөйү менен зекип, бакырат) Сени адам кылган…Жерден бооруңду көтөртүп, Совнарком кызматына койгон,.. Бытыранды, көчмөн эл-журтуңду мамлекет кылган – ким,ыя?
Жусуп: – Мен алдыда күтүлүп жаткан кырдаалды болжоп атам. Байлар мал-мүлктөрүн зордуктап тартып алганыбызга каршы. Совет бийлиги жаман аттуу болот. Оокаттуулар Кытайга качат. Антисоветтик куралдуу топтор чыгып, колхоздоштуруу ойрондолот. Мына…Жакында Каракол районунан дыйкандар жана Ысык-Көл райаткомдун төрагасы, жаз алды менен кыргыздар Кытайга жапырт кача тургандыгы тууралуу кабарлашты.
Шахрай (баш чайкап, муштумун көрсөтөт): – Ээнбаштарга, шашпа, күч жетет. НКВД бар, ГПУ турат. Сен айткандай болбойт. Совет заманында кыргыздар Кытайга барбайт.Все, сөз бүттү. Бардыгың өз ордуңарга барып, иштегиле! (Жыйналгандарды ээрчитип, чыгып кетет).
ТИТРДЕ жазуулар: “Жусуп бөлмөсүндө жалгызкалды. Күндөлүгүнө жазат: “Эми аткаруукомиссиясынын жыйынында болдум. Байлардын чарбаларын тартып алууга каршы чыктым. Бул жумуш көчмөн райондордун жакырлыгы жана алардын чарба турмушун чечүүдөгү иштөө жолдорун, ыкмаларын тапмайынча түшүм бербейт”.
ЖУСУП(Күндөлүгүнө жазат): – Байлыкты тартыпалганда маселе чечилбес. Жазгы айдоо менен мал кыштатууга, совхоздорду курууга даярдык жок…Мунун баары курулай жүргүзүлдү. Колхоздордо бай кулактык кысым күчөдү. Пахта жана эгин жыйноо ташбака жүрүштө. Басмачылар баш көтөрдү…
ТИТРде жазуулар:” Кыргыз АССР Борбордук Комитети менен Эл Комиссарлар Кеңеши “Ири бай-манаптарды Кыргыз АССРинин аймагынан көчүрүү” жөнүндө токтом чыгарды. Токтомдун күчү менен бай-манаптарды кулакка тартуу – ылдамдады. Алардын ороого бекитилген даныарабага жүктөлүп, ортого кошулду. Жерлери тартып алынып, кой-эчки, бодо мал, жылкылары айдалды. Байлыгын жашыргандар камчы менен сабалды. Нарын, Талас, Каракол, Ошто бай-манаптардын мүлктөрү мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Кулакка тартуунун мындай тездик менен жүрүшүнө Жусуп макул болбоду. 1931-жыл 12 – февраль. КырБАКтын уюштуруу сессиясы өтүп жатат..
ЖУСУП: –Бардык төрөлөр, анын ичинде мен да өз ордубузда калдык. Оюм – жаздагы кыйынчылыктарга айланчыктайт. Дыйкандардын көпчүлүгү үрөнсүз. Көбү акыркы саан уйларынан ажырады. Кээ бирлери пахта ордуна жууркан-төшөктөрүн сөгүп, анын ичиндеги эски жүнүн сууруп беришти. Өлкөбүздөн 40 чарба Кытайга качты. Кырсык, алардын качуусунда эмес. Жумуш боюнча кесиптештеримди ынанта албай, качкындарды токтото албаганымда. Бул үчүн Шахрай мени жемеледи.
ТИТРде : “Жусуп колхоздоштуруу маалында өлкөбүздү ат араба менен кыдырат. Башында кызыл аскердин шлему, үстүндө аскер шинели… Басмачыларды эл жактап жатканын укту. Анын чындыгын өз көзү менен көрүү үчүн Ош менен Жалал-Абаддын айыл-кыштактарын, базарлары менен чайканаларын жалгыз аралады. Ош округунун Сузак кыштагына бараардан мурун Жусупту ыктыярдуу отряддын командири аскер кийимчен Климов тосуп алды”.
Климов ( честь берип,өзүн тааныштырат): – ГПУнун опер уполноменныйы Юрий Климов! Кош келиңиз, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Балапанович!.
Жусуп (саламдашканы колун узатып): – Саламатсызбы, Юра! Акыбал кандай?
Климов (капалуу): – Жагдай жакшы эмес, Жусуп Балапанович! Бул жерде жергиликтүү калк басмачыларды калкалоодо. Ыктыярдуу отрядга жан тартпай, басмачыларды кубатташат. Кеңеш Өкмөтүнө көздөрү жаман. ( Тапанчасын куруна илген. Отряддын тизилип турган жоокерлери куралчан. Алар кызыл аскерлердей кийинишип, колдорунда Кызыл Туу).
ТИТРден Кызыл аскерлердин басмачыларды кууганы, эки тараптын атышканы көрсөтүлөт.
Жусуп ( жоокерлер менен Климовго жылмая карап): – Көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө, кызыл гвардиячылар! Көпчүлүк эл биз тарапта. Бар тапканын ортого кошуп, өкмөтүбүздү колдоп атышат. Бул жакта басмачылардын майда-чүйдө кошундары болушу мүмкүн. Силер – күчтүүсүңөр! Алардын устуканын упат, сөөгүн-сөпөт, ташын талкан кыласыңар.
ТИТРДЕ жазуулар: -Ал эч кимди коштотпой, Нарын менен Таласты, Чүй менен Ошту аралады. Өткөн аптада Кызыл-Кыя менен Ноокатка да барды. Оштун Кызыл-Кыя жана Кызыл-Жар райондорунда советтерге нааразы болгон куралдуу топторго катуу сокку урулду.
ЖУСУП (кызыл аскерлерге) – Демек, сиздерди да күчтөндүрөлү. Силер азырынча эс алгыла! Сузакка өзүм барайын. Мага мингенге ат берсеңер жетиштүү. (Айлана-чөйрөгө көз жиберет. Жоокерлердин мингичтеринин арасынан өзүнө ылайык көлүк издейт).
Климов ( Жусуптун алдын тороп): – Жок, жок, жолдош Совнарком! Сизди эч качан ал жакка жалгыз жибербеймин. Сузакка барбаңыз.
Жусуп: – Эмнеге?..
Климов: – Себеби, ал жак кооптуу. Биз ал жактан 40 мүнөт мурда келдик. Ага дейре басмачылар менен согуштук. Төрт басмачы менен бир жылкы окко учту. Калгандары Сузактын адырларына кире качты. Тынчтыкка кепилдик жок. Алар кайрале буктурмага жашынып, түнүчүндө кол салуусу ыктымал.
Жусуп: – Силер… Азаматтар!.. Басмачыларды кууп качырсаңар, демек ал жак тынч. Бирок, эл ичин өзүм аралап, көрбөсөм болбойт. Бул жакка Кеңеш Өкмөтүнө кан-жаны менен берилген күчтүү кадрлар жетишпейт экен! Элдик отряддарды көбөйтөлү. Куралдуу күчтөр чыккан райондорго өзгөчө көңүл буралы.
Климов: – Жусуп Балапанович! Сизди жалгыз жиберип, аскер трибуналында соттолууну каалабайм. Сизди отрядсыз, жалгыз коё бере албаймын. Дыйкандардан сураштырсак, Сузактанжети адам басмачыларга кошулуптур.
Жусуп –Макул,Юра! Анда, жоокерлерди мага кошуп бериңиз!
ТИТРде: Климов тизилип турган аскерлердин арасынан төрт украиналык жана сегиз кыргыз жоокердин атын атайт.Алар аскерлердин тизилген сабынан алдыга бөлүнүп чыгышат. Климов он эки атчан жоокерге Жусупту коштоп жүрүүгө буйрук берди. Ат арабаны чакырып, Жусуптун арабадан орун алуусун өтүндү. Абдракманов арабага олтураары менен алты-алтыдан экиге бөлүнгөн ыктыярдуу отряддын жоокерлери арабанын соңунан күлүктөрүн теминишти. Бир жоокердин колунда Кызыл Туу. Алдыда атчан Климов баратты. Жусуп Сузакка жетип, колхоз башкармалыктарынын слетун өткөрөт. Сузактагы дыйкандар менен эгин себүү иши туралуу сүйлөшөт.
ТИТРДЕ жазуулар: 1931-жыл январь айы. Кар жаап жатат. Жалал-Абад жана Кара-Суу. Жусуп базар-чайканаларды кыдырды. Чайканаларда өз ара сүйлөшкөндөр аларга ийиндеш олтурган совнаркомдун төрагасын таанышпайт. Жусуп кызыл аскердик баш кийим менен чолок тончон жүрөт. Ал өзүн жергиликтүү тилди билбеген кызыл аскер деп тааныштырып, атайылап орусчасүйлөгөнү тасмага тартылат. Ошко почта учагы менен учуп барат. Кашкар- кыштак, Коргон дөбө, Отуз адыр, Савай, Араван буура, Сузак, Өзгөн, Базар коргон, Жалал-Абад, Алай, Гүлчө аймактарын жөө кыдырат. Ал кыштактарда Кеңеш бийлигине каршы чыккандарга жана ачарчылыкка каршы түшүндүрүү иштерди уюштурганы көрсөтүлөт.
Гүлмайрам (Жусуптун күндөлүгүн окуйт. Ал кыз-келиндердин кызыл аскердик кийими менен тартылат):- Борбордук Комитет дан эгиндерин ортого төктүрүүнү чечти. Аны экспортко сатып, оор өнөр жайды куруу үчүн сырттан зарыл жабдууларды сатып алууну көздөдү. Бул тапшырманын эсеси караламан калктын башына түштү: 1931-1932-жылдары Украина, Казакстан жана Волга боюндагы эл данды ортого төгүп берди. Анын айынан бул аймактарда дансыз калган миллиондогон адамдар ачка калып, каза тапкандар боо-боо түштү.
ТИТРдеги жазуулар: “ Былтыр Кыргыз АССРи дан планын ашыра орундатты”.
ЖУСУП: Быйылкы эгиндин жарымын элибиз үчүн өзүбүзгө калтырабыз. Калганын борборго тапшырабыз. Биздин калк ач калбасын. Ачкалыктын айынан миңдеген казактар кыргыз жерине ооп келип, аман калышты. (Ойлонуп) Москванын буйругуна баш ийип, боордош казак элимди да ач калтырбаймын. Бул сунушумду республиканын башка жетекчилери да кубатташты. “Эл ачарчылыктан кырылып калбасын” деп, үрөн фондусун иштетүүгө уруксат беришти.
ТИТРдеги жазуулар: – 1932-жыл. Жазында Кыргызстанга казактардын убай-чубай көчүп келатканы, айрымдары ачарчылыктын айынан өлө баштаганы тартылат. Жусуп, Шахрай жана Биялы болуп, план аткаруунун кыйынчылыгын талкуулашууда)
ЖУСУП: Мени “План аткарбады” деп, кызматтан алса, алсын. Атса-атсын! Бирок, өлкөбүздүКазакстандын абалына жеткирбеймин. (Шахрай менен Биялы макулдагандай баш ийкешет)
ТИТРдеги жазуулар: “Ошентип, кыргыз өлкөсү дандын жарымын ортого төккөндүктөн калк ачарчылыктан азат болду. Дан тапшыруу планын аткаруу үчүн жер-жерлерде жапайы чаралар көрүлдү. Мисалы, Таласта эгин планын аткарбаган дыйкандарды аял эркегине карабай, дырдай жылаңач чечиндиришип, айылды жылаңач кыдырткан. Нарында планды аткарбагандардын колун аркан менен бурап, кыйнашкан).
ТИТРде жазуулар: – 1932- жыл сентябрь. Москва. ВКП(б) БК. ТОКТОМ: “ ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун катчысы Алексей Шахрай жана Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Жусуп Абдракманов кызматтан алынсын”.. Бул ортодо өз өлкөсүнөн кыргыз жерине ооп келген жүз отуз миңдей казак аман калды. 1933-жылы октябрда Жусуп Абдракманов партиядан чыгарылды. Самара жана Оренбург шаарларына кызматтык сүргүнгө айдалды. 1937-жыл. Пишпек. Түн. Күңүрт жарык. Жусуп аялы Гүлмайрам жана беш баласы менен үйүндө олтурган. Каалга шарт ачылып, НКВД кийимчен беш киши кирип келет. Аларды НКВДнын опер уполномоченныйы Зеликманбаштап алган. Алардын түрү сууктугунан чоочуп, балдардын кенжеси ыйлап жиберди. Гүлмайрам сооротмок болуп, уулун бооруна кысат. Жусуп тигилердин кара ниет менен келгенин боолгосо да,сыр алдырбай, Зеликманга суроолуу тигилгени тасмага тартылат..
Зеликман (Колунда буйрук жазылган кагаз): –Жусуп Балапанович сиз болосузбу?
Жусуп: – Ооба, мен. Эмне жумуш? Сиз кимсиз?
Зеликман (офицер кийимчен. Жамбашында тапанча, башында кырдуу шапке, бутунда хром өтүк. Күбөлүгүн ачып көрсөтүп): – НКВДнын опер уполдомочуну Зеликман. Сени камакка алуу тууралу чечим бар. (Абдракмановдун жообун күтпөй, босогодо турган желдеттерге бурулду. Башын бөлмөлөрдү көздөй экчеп): – Үйдү тинткиле! Шектүү буюм, куралдын баарын алып чыккыла!
Жусуп: – Коё тургула! Балдар чоочубасын! Аларды коркутпагыла! (Аялына) Гүлмайрам!.. Чүрпөлөрдүдалдаага тарт! (Зеликман менен желдеттерге) Бул жакка, бош бөлмөгө киргиле. Эмне кебиңер болсо, ичкериде, балдардан четте сүйлөшөлү (ичкери басат).
Гүлмайрам (бөбөгүн колуна көтөрүп, чүрпөлөрүнө): – Жүргүлө, мени ээрчигиле! Баса гой, уулум (Бөбөгүн колуна көтөрүп,бир уулун колдон жетелеп, өзү алдыга түшөт. Балдары артынан жөнөшөт).
Зеликман (жанынан өтүп бараткан Гүлмайрамга суктанып, өзүнчө ) — Ты, смотри… Сулуу аял экен, ээ?Прям звезда!..Абдракманов мындай чүрөктү кайдан тапкан? (Гүлмайрамга аттап жетип, жандап баратып, анын кулагына шыбырайт) : – Мени менен жатсаң, күйөөң жаныңда калат.
Гүлмайрам (бир колун бошото калып, кайрыла берип, Зеликманды бетке чабат). – Акмак!..
Зеликман (жаагын ушалап): -Ты смотри, шапалагы да катуу экен. Ди-и-кая!.. Көрсөтөм сага…
Жусуп (ичкериден баш багып, Зеликманга): – Абайла, дос! Гүлмайрам да аскер кызматчы. Командирдин кызы…Катылгандын катыгын берет. 1-разряддагы көзгө атаар мерген!.
Зеликман (Жусупка): Шашпа… Катының да колго түшөт! Колунда жөжөсү бар экен. Болбосочу!..(Желдеттерге бакырат) Эмне карап турасыңар! Тинткиле!
ТИТРЕ: (Желдеттер бөлмөлөргө бөлүнүштү. Сандык, төшөнчү-жууркандардан өйдө тытышты. Буюмдарды чачып, идиш-аяктарды калдыратышты. Зеликман китептер тизилген шкафты аңтарып, көк дептерди таап алды).
Зеликман: –Эх-ей,мынакей күндөлүк!.. Ушунда жазылгандар күбө. (Жусупка сөөмөй нускап, желдеттерге): – Кармагыла муну! Колуна кишен салгыла! ( Желдеттер Жусуптун эки колун артка кайрыйт).
Жусуп (бир силкип, колун бошотот. Зеликманга): – Адегенде айыбымды угуз!
Зеликман:- Аны биз менен бөлүмгө барганда билесиң! Алдыга түш. (Курундагы тапанчасын кармалап) Качсаң, эскертүүсү жок атып саламын!
Жусуп: – Жарайт. Бирок, ызы-чуу салба… Балдарды коркутпай, өзүмө айтсаң болмок. (Астананын жанында карап турган жубайы менен балдарын бирден кучактап өбөт) – Гүлмайрам, камыраба! Бул жаңылыштык. Буйруса, мен кайрале келем. Мени камай турган жүйөө жок. (Желдеттер аны айдап келип, кармоо жайына камашат).
Зеликман: – Сени өзүм тергеймин, контр! (Жусуптун күндөлүгүн ачып,көрсөтүп) Мына, өзүң жазгансың. Эгинди ортого толук кошпой, кайда жумшадың?
Жусуп: – Биздин республика эгин планын ашыра аткарган. Ачарчылык башталганда дандын жарымын үрөн үчүн элге таркаттык. Украина, Волга бою менен Казакстанга окшотпой… Биз өз калкыбыз менен казактарды да аман сактадык.
Зеликман: -Мунуң – ЦКанын буйругун аткарбаган чыккынчылык… Сен саботаж кылгансың!
Жусуп: – Андай эмес. Мен элимди коргодум. Саботаждыкка далил жок.
Зеликман: – Мына далил! (Муштуму менен бетке урат. Жусуп жүзүн калкалаганда аны күч менен тескери каратып, желкесинен түртүп барып, дубалды сүздүртөт) Көрдүңбү, вещдокту!.. (Зеликман күн сайын ошентип, Жусупту суракка алат. Өзү каалагандай жооп албаса, Жусупту муунтуп, манжаларын эшикке кыпчытат, урат, тебет).
Гүлмайрам (четте): Жусуптан бөлөк анын башка кызматташтары – Абдыкадыр, Төрөкул, Касым, Ыманалы, Баялы, Абдыкерим да ага дейре элекамалган болчу.
–Күйөөмдөн кабар алганы түрмөгө бардым. (Колунда тамак-аш салынган түйүнчөк жана аскердик калың ичик, суусар тебетей). Кийимдерди Жусуп түрмөдө үшүп калбасын деп ала бардым.
Зеликман: (Гүлмайрамга жылмайып): – Куш келипсиз, Афродита! (Саламдашмак болуп, колун сунду).
Гүлмайрам ( кол бербей, олуттуу):
-Мен жубайым менен учурашканы келдим. Жусупту көрсөт, кийим-кечесин алмаштырайын. Жуунтайын…
Зеликман (какшыктап): – Албетте, эриң менен жүздөштүрөм. Бирок, бир шарт менен…Кулак тоссоң…Жусуп Москвада иштегенде жөн жүрбөптүр,эй сулуу!..
Гүлмайрам:- “Өрдөгүңдүн канаты кайрылып”, жайрады.
Зеликман:- Кайдагы … “Мария Натансон деген жүүт аял менен ойногон.Экөөнүн уулу бар”- дешет.
Гүлмайрам: – Ал өтүрүк. Жусуп экөөбүз Москвада чогуу жашаганбыз. Колтукка бүрккөн сууңа ишенеер кемпай жок.
Зеликман:- О-хоо, эркекти өзүнө тарткан гөзөл… Мени да элжиреттиң. Келчи, бери…(Гүлмайрамды билектен алып, зордук менен бөлмөдөгү керебетке жетелейт).
Гүлмайрам (эңкейип, Зеликмандын капталындагы тапанчаны сууруп алат. Тапанча менен кийим илгичте турган Зеликмандын шапкесин теше атат): – Мени менен тамашалашпа! Душманга кылыч чабам, канжар саям. Дөөрүбөй, Жусупту көрсөт! Антпесең…(Тапанчаны Зеликмандын маңдайына такайт).
Зеликман (колу менен калкаланып, кетенчиктеп): – Койдум, койдум. Кечир… Бүгүн уруксат берилбей турган күн. Андан көрө алып келгендериңди таштап кет. Жусупка карматайын! Тапанча менен ойношпо, ал октолуу! Мага кол тийгизсең, сен да эриңе окшоп, камаласың. Анда балдарыңды ким карайт?
Гүлмайрам (тапанчаны мээлеп): – “Сага экинчи катылбайм” деп убада бер!
Зеликман: – Куп болот, царевна!
Гүлмайрам: – Ушу карганганың ыраспы? Эркектин сөзүбү?
Зеликман (баш ийкеп) – Ооба!
Гүлмайрам (тапанчаны столго коёт. Түйүнчөктү узатып): – Ме, тамак-ашты анын колуна тапшыр! Нечен ирет келдим, Жусупту бир ирет да көрсөтпөдүң, палач!
Зеликман (бүжүрөп): – Аны менден сураба. Жогортон ошондой буйрук алгам.
Гүлмайрам: – Акыры бир күнү адилеттик орноор..Ме, мобереки ичик менен тебетейди Жусупка кийгиз! (Тергөөчүгө тебетей менен тонду карматат). Азыр алып кирип бер! Эмне десе, жообун билип чык!
Зеликман ( тамак-аштуу идишти жыттап,жайдары түрдө): – О-хоо, үндүктүн эти… Тим эле жыты буркурап, оборуңду ачат. Торопой кууруп келсең болмок!
Гүлмайрам (жөн-жай ) – Жан биргем Жусуп менен учураштырсаң, чочкоңду деле табам.
ТИТРДЕ – Зеликман ага кулак салбай, түйүнчөк менен ичик жана суусар тебетейди кармап, конвойлордун бөлмөсүнө кирет.Тебетей менен ичикти кийип, күзгүгө каранат. “–Охоо, мен бап экен!”-деп сүйлөнөт. Үндүк менен оокаттын этин конвойлор менен чогуу жеп, сорпосун ичишет. Тамактын жугундусуна суу куюшат).
Зеликман (кырт кекирет. Жугундуну Жусупка жеткирет):- Ичип ал! Аялың келди.
ЖУСУП (тамакка карабай, өзүнчө ): – Ох, Гүкүшүм, жан биргем… Ушул жерде тура! Балбал көзүм, ай чырайым! Нечен ирет келип, бирок, көрүшө албай, жылдызың жерге түшкөндүр. Жаным десе! Балдар менен кантип жашап аттың экен? Ай тергөөчү ( Зеликманга жалдырай тиктеп), камалганыма бир жылдан ашты. Бир ирет да жолуктурбадың. Бу жолу, бир эле мүнөт жүздөштүрчү?! Айдай жүзүн көрүп, үнүн угайын!
Зеликман – Сага болбойт. Сен – саясий бузуку!
Жусуп (көңүлү чөгүп) Макул, анда! Бул катты аялыма тапшыр! Москвага… Борбордук Комитетке, Сталиндин өз колуна жиберсин! (Камеранын каалгасы жабылат).
Зеликман ( камерадан чыгып, коридордо катты ачат. Окуйт) “Урматтуу Иосиф Виссарионович!Сизге ушуну менен үчүнчү жолу кат жазып атам. Мени жалган айып менен уруп-согуп, жок нерсени мойнума алдырып жатышат. Менин колум коюлган сурак протоколдоруна ишенбегиле! Жанымды коргоо үчүн кол коюуга аргасыз болдум. Ишимди кайра тергөөнү өтүнөмүн! Саламым менен Жусуп Абдракманов. 1937-жыл”. Ох ты, стукач! ( Катты окуп бүтүп, майдалап тытат. Бош идиш-аякты көтөрүп чыгып, түйүнчөгү менен Гүлмайрамга сунат).
Гүлмайрам: – Жусуп эмне деди?
Зеликман ( тамашалай күлөт): – Мени сага “үйлөнө бер”- деди
Гүлмайрам (айбат кыла, кабагы бүркөө): – Ишенбейм. Чыныңды айт!
Зекликман (четтей берип): – “Мындан ары келбесин”- дейт.
ТИТРде: Гүлмайрам капалуу кетет.
Гүлмайрам: – Колуң сынгыр тергөөчү! Ичик менен тебетейди Жусупка карматпаптыр. Суусарлардын терисин Талас менен Чүйдөн тапкан элем. Ичик менен тебетейди ага чак келет деп, Нарын менен Ысык-Көлдөгү чеберлерге тиктиргем. Алар Жусупка насип этпегенин кара! (Оор үшкүрөт, жашыйт)
ТИТРде жазуулар: “1938-жыл. 4-ноябрь. Түрмө. Кезектеги сурак. Күңүрт бөлмөдө колу артына байланган эки туткун. НКВДнын адамдары экөөнү тең аёосуз сабайт. Тепкилешет. Алар – Жусуп менен чогуу иштешкендер”…
Зеликман (башы жерге салынган 1-туткундун алдына Жусупту каралаган жазуусу бар кагазды коюп, ага калемсап сунат): – Ме, кол кой! (2-туткунду түрткүлөп) сен дагы… (Туткундар сөз кайырбай, тергөөчүнүн буйругун аткарышты. Экөөнө). – Ушул колуңар менен некий Абдракмановдун совет бийлигине каршы экенин далилдедиңер. Анын чыккынчы, диверсант экенине күбөсүңөр ! Уктуңарбы?
1-туткун (жер тиктеп) – Макул! Жаным сыздап, алсырап турам. Эмне десең, ошо дечи, урбасаң болду. (Өзүнчө) Кечир Жусуп! Айласыздан жалган жалаага кол койдум.
2-туткун (бүжүрөп) – Болуптур, тергөөчү мырза! Сиз айткандай болот. Ох, бөйрөгүм ий!..
Зеликман (кыйкырат): – Конво-ой, Жусупту айдап кел. (Саамдан кийин камералардын каалгасы карс –курс ачылат. Конвойлор колу артына алынган Жусупту эки туткундун үстүнө алып киришет).
ТИТРДЕ жазуулар: “Жусуп 1-туткундун башынан бет ылдый жылжып аккан канды көрөт. Ийиле калып анын башын жөлөп, чөөгүндөгү суу менен жарадардын бети- колун жууйт. Туткундун канжалаган башы менен сынган колун таңат.)
Зеликман (какшыктап, Жусупка): – Эй, Абдракманов! Боорукер экенсиң, ээ?. Ага жан тартпай, өз арабаңды тарт. Силерде эмне дейт эле?… Ии…“Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур”. Анын сыңарындай …( Үстөлдөгү бөтөлкөдөн ром куюп ичет. Тамекисин өйдөгө бурулдата үйлөйт. Өкүмдүү): – Жолдош Абдракманов! Сен Кыргыз ССРин совет өлкөсүнөн бөлүп алгың келген.
Жусуп: – Андай эмес. Союздук республика болсун дедим. Мен совет өлкөсүн чыпалактайыман колдоп келатам. Айтканыңдын баары калп!
Зеликман (тура калып, Жусупту бет талаштыра муштайт. Столдун үстүнө көгүш дептерди таштап): -Бул эмне?
Жусуп (жаагын ушалап): -Ал – менин үйүмдөн сен тартып алган күндөлүк…
Зеликман (күндөлүктү силкилдетип): -Ушу дептердеги жазуулар сенин ким экениңе далил. Мына, (күндөлүктү барактап, жазууларды сөөмөйү менен сая көрсөттү). – Москванын буйругун аткарбай, байларды коргогонсуң. “Кыргызча билгиле” деп, орусчага каршы чыккансың. Өз кол жазмаң – өзүңө сыйыртмак…
Жусуп:– Күндөлүктө бай-манаптарды эмес, орто чарбаны сактоону жазгам. Алар колхоздоштурууга арка-жөлөк болуучу.
Зеликман: – Оозуңду жап, чурбан! Актанба! Мен айттым, бүттү. Менин сөзүм – закон. Ага кошумча, мына, өз партиялаштарың… СССРгедушмандыгыңа (сөөмөйү менен туткундарды көрсөтүп) күбө… Сен аяган, сен башын таңган экөө сени каралап, кол коюшту. (Сурак протоколун көрсөтүп) Мына, колдору…Күнөөңдү ырастап, бул жерге эми сен да кол кой! Мойнуңа ал!
Жусуп (мурдунан тамылжыган канды колу менен сүртүп): -Ишенбейм. Булар да мен сыяктуу мамлекетимдин көз каранды эместигин, өз алдынчалыгын эңсеген азаматтар. Экөөнүн мага каршы экенине көзүм жетпейт. Уруп-согуп, кыйнаганыңда мени каралоого аргасыз болушкандыр. Протоколуңа кол койбоймун.
1-туткун ( башын көтөрүп, Жусупка) – Так ошондой! Кечир, Жусуке!…
Зеликман (Жусупка ызырынып): – Ошондойбу улутчул, буржуй… Англиянын тыңчысы!
ТИТРде: Туткун менен алек болгон Жусупту күү менен жыга муштайт. Жусуп күтүүсүз соккудан жерге кулап түшөт. Тергөөчү анын башы-көзүнө карабай, тепкилейт. Конвойлор да тепкиге алышат. Зеликман Жусупту токтомго мажбурлап, кол чиймелеткени тасмага тартылат.
Зеликман (табаасы канып).:– Абалың ушул экен го,контр! Башында кежеңдебей, кол койсоң, токмок жебейт элең!
Жусуп ( ордунан туруп, кан түкүрөт): – Жетишет. Зордук-зомбулук менен жалган айыпты койгонуңду Сталинге жазамын! Мен өз ыктыярым менен сенин токтомуңа кол койбодум.
Зеликман (какшыктап бакырып) – Жаз!..Ленин менен Маркска да жаз!.. Кимиси бешенеңди сылаар экен? Сен Сталинге шек келтирбе.. Уктуңбу? Өз жазаң өзүңдө. Сага да Советтер союзунун атынан өкүм чыгарам! Баарыңды азыр итке окшотуп, сүйрөп барып, көмүп салабыз. Сенин кайыр – дооң, коргоп алаар өлкөң жок! О дүйнөгө “социал-туранчы” Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов,Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстанов, Ыманалы Айдарбековдун артынан силер да барасыңар! ( Конвойлорго) Желдеттер, айдагыла! (Өзү алдыга түшүп): – Адегенде эки туткунду алып чыккыла! Абдракмановду кийинкиге калтыргыла! Э- Хе-хе… Сталинге арызданат имиш…
ТИТРде: Узун этек боз шинель, кара өтүк кийген конвойлор адегенде жылаңбаш, колдору артына байлануу туткундарды түрткүлөп жөнөштү. Эч ким жок.Таш-Дөбө айылынын ээн талаасы. Экөөнү тескери каратып тургузганы көрсөтүлөт.
Зеликман ( Өкүмдү окуйт): – Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун атынан….Өкүм! Түкүнчө Баланчаев менен Баланча Түкүнчөев өлүм жазасына тартылсын! Жаза ок атуу менен аткарылсын! (Желдеттерге кол булгоо менен буйрук берет) – Раз, два, три.. Аткыла!
ТИТРде: Солдаттар мылтыктарын удаа-удаа атышат. Конвойлорго далысын салган эки туткун баштарына ок тиери менен жүзтөмөнүнөн жалп-жалп кулап түштү. Аларга чейин бул жерде бир жүз отуз беш адам ушундай өкүм менен атылган эле. Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин ак көйнөкчөн, ак дамбалчан, жылаңаяк Жусупту айдап келишти. Гүлмайрам:- “Камерада олтурганда кийгиз” деп, берген суусар тебетей менен ичиктен дайын жок. Таш дөбөгө келээрден мурда Жусуп бир аз тыныгып калган.
ТИТРДЕ жазуулар: “Жусуп Сталинге: “ Тергөөчү протоколго күчтөп кол койдурду. Жалган айыпты мойнума албаймын! Кайрадан тергөөнү сураймын!” – деп, кат жазууга да үлгүрдү. Ал камеранын темир каалгасын тыкылдатат. Кирип келген конвойго катты карматты. Конвойдон катты почта аркылуу Москвага жиберүүнү өтүндү. Конвой түрмө эшигин жабат. Жусупту мыскылдай күлүп, катты жаңы эле сырттан кирип келаткан көк шапкечен,күрөң костюм-шым Зеликманга сунат. Зеликман катты окуп бүтүп, ширеңке жагып, катты күйгүзөт. Ал “Жусупту алып чыккыла!”- дегенди туюндуруп, баш экчейт. Куралчан желдеттер жылаңайлак, жылаңбаш, жука көйнөкчөн Абдракмановду айдап жөнөштү. Ээн жерге жетишти. Жусуп Зеликман менен конвойлорго бет маңдай туруп, оттуу көздөрү менен аларга тике карайт.
Зеликман (Жусупту эки ийинден кармап, тескери бурултат) – Дубалга кара!
Жусуп ( булкунуп, кайра оңдонот.Конвойлорго тике карайт): – Көз жашыраар күнөөм жок. Каратып туруп, маңдайыма ат!
Зеликман: – Ну г-г герой!… Азыр күчүктөй жалынасың. (Сумкасынан өкүм жазылган кагаздарды сууруп чыгып, окумак болот).
Жусуп (шашып): – Желдеттер! Бир аз сабыр эткиле. Менин катым Сталинге жетпептир. Жооп келбеди. Мен колуңарда турамын. Эч кайда качпаймын. Мени да атууга ар убак үлгүрөсүңөр! (Жерде көмкөрөсүнөн сулап жаткан курбалдаштарына сөөмөй жаңсап) – Мобереки шордуулардын канын жазыксыз төктүңөр. Кур дегенде экөөнүн сөөгүн адамга окшоп, көмүп коёлу…
Зеликман (ачуулуу): – Аны менен сенин ишиң болбосун! Иттерге ит өлүм. Тескери кара!
Жусуп: – Айбан экенсиң, Зеликман! Калтырабай ата бер. Маңдайымды тосуп берем. Баса, уруксат бер! Тигилердин сөөгүн көмүп коёюн! (Зеликман тетири бурулат) Анда, ак жеринен атылгандардын арбагына атап, куран окуюн! Желдеттер! Куралыңарды кезебей, оозун төмөн түшүргүлө!!!.
( Желдеттер не кылаарын билишпей, Жусуп менен тергөөчүнү алмак-салмак карашат. Жусуптун теше тиктеген айбатынан жазганып, селдейишет. Мылтыктарынын оозун жер каратышат. Жусуп чөгөлөй олтуруп, куран окуйт. Анан өйдө турат. Конвойлорго тик карап): – Желдеттер! Эми өз милдетиңерди өтөй бергиле!
1-Конвой ( мылтыгын ыргытып): – Мен ата албаймын. (Экинчи конвой менен Зеликман ага суроолуу тиктешет)
Зеликман: – Ой, эмне, жин тийдиби? Бул–буйрук!!!
1-Конвой: – Ак кишини ата албаймын. Жусупкыргындан миңдеген адамды сактады.Чек арабызды кеңейтти. Ал Абдыкерим Сыдыков, Ыманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков,Төрөкул Айтматов менен чогуутарыхта жок кыргыз Өкмөттү жаратты.
ТИТРдеги жазуулар: “ Абдыкадыр Орозбеков Конституцияны иштеп чыгуунун башында турду. Ал БАКты башкарган 12 жылда Пишпекте кыргыз,орус драма театрлары, филармония, ондогон ишканалар, окуу жайлар, мектептер курулду. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга жетип, өнөр жай өндүрүшү 7 эсеге, пахта жыйноо да 7 эсеге, дан өндүрүү 4 эсеге көбөйдү. Миңдеген чакырым жол курулуп, миңдеген техникалар келди”.
Зеликман (кашын кере): – Ээ… Анда сен да кыргызсыңбы?
1-Конвой: – Так ошондой.Кыргыз кыргызды атпайт да, сатпайт…Ээн жолго таштабайт.
Зеликман (Жусупка): – Кыргыздар бири-бирине боорукер, ынтымактуу дегени ырас тура! Өзү өлө албай жатып, Жусупка жан тартканын… Силерди каралап жазгандар араңардан чыкты. (Желдетке) Эй,буйрукту аткарбасаң, камаласың!
1-Конвой: – Башка түшсө, тагдырга айла жок…Жусуптай эр жигиттер баталгадан качкан жок…
Зеликман:- Ну ладно! Отставить! Күүгүм кирип калды. Оставим его на завтра. (Жусупка ээк кагып) Бу байкуш эртеңки жарык күндү көрүп алсын! До утра еще будем его добить!
ТИТРде жазуулар; “Сурак түнү менен уланды. Жусуп кечээ сурак токтомдоруна толук кол койгон эмес эле. Зеликман калган токтомдорду бекитүү үчүн түккө турбас суроолорду берип, мажбурлап кол койдуртууга тырышты).
Зеликман (эки бутун үстөл үстүнө чыгарып, чалкалай олтурду. Эки ыстакан ромду удаа-удаа жутат. Жусупту мыскылдап, ага шарап сунат. Жусуп ичимдикти колуна албайт. Зеликман ордунан туруп, ром куюлган темир курушкени Жусуптун бетине түртүп);
– Ичпесең да, протоколго кол койбосоң да, мейли. Сен баары бир – советтин душманы…социал- туранчы, пантюркист. Компартиянын чыккынчысы…. Булар сага коюлган кинелер. Сволочь, черный республикаңды көз каранды эмес өлкө кылгың келет, ээ! Ме сага… (Сөөмөйү менен ортончу манжасынын арасынан баш бармагынын учун чычая көрсөтөт) – Өз алдынча болот имиш…Чурбан…
Жусуп (шаңдуу): – Мен дагы кайталайм. Айтканыңдын баары – ушак, жалган жалаа. Менин өлкөм эки жыл мурун Кыргыз ССРи болду. Келечекте Москвага баш ийбеген, өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет болот. Сенин ашмалтай сөздөрүң суу кечпейт. Кыргызды өлүм менен эч ким коркута алган эмес. (Муштумун түйүп, кыжырданат.) Ушунчалык тажаттың, сен..
Зеликман: – Акыркы күнүңдө шакылдап кал, сагызган! (Курушкеге ром куюп, ичет)
Гүлмайрам ( бир четте):- Абдракмановго кайрат бүттү. Ал өзү олтурган отургучту бекем кармады да, ордунан ыргып турду. (Тергөөчү чылымын күйгүзүүгө ширеңке чагып аткан).
Жусуп (Эки колу менен олтургучту өйдө көтөрөт.Зеликманды как башка согуп атып,кыйкырат): – Мыкаачы… садист, варвар!…
Зеликман ( отургуч тиерде кош колу менен калкалаган башын ала качат. Бакырат): Карау-ул! Конвой-й… Расстрелять…(Коридордон өтүктөрүн тарпылдатып, конвойлор жүгүрүп келишет. Алар камеранын каалгасын ачаар замат босогодо туруп, жарыша Жусупка ок чыгарышат. Зеликман да тапанчадан кайра-кайра ок атат. Жусуп жыгылат).
Гүлмайрам (жашып): – Ошентип, Жусуп 1938- жылдын 5-ноябрында курман болду. Ал отуз жети жашка жыл этегинде, 28-декабрда толмок. Мен беш балам менен жесир калдым. Жалгыз эле ал эмес… Кыргыз мамлекетин кураган кыраандардын баары ак жеринен атып өлтүрүлдү. Жусуп шейит болгондон кийин бизди үйдөн кууп чыгышты. Ар кимдердикинде күн көрдүк. Жадесе, нан алууга көк карточка да беришпей, нанга турган кезектен да сүрүп чыгарышты. Аргасыздан атамкына, Казакстанга көчүп кеттим. Бир күнү Алматынын көчөсүнөн Зеликманды учураттым. Ыйлап атама келдим. Атамдын сыйлыкка алган тапанчасы бар болчу.
Атасы: – Эмнеге жашып атасың, кызым?
Гүлмайрам (көз жашын аарчып): – Жусупту аткан тергөөчүнү таптым, ата. Кууп жүрүп, жетпей калдым.
Атасы: – Аны кантип таптың? Башка бирөө менен чаташтырып жүрбө!
Гүлмайрам: – Дал өзү.
ТИТРде: Алматы. Кыш. Көчө. Кар жаап жатат. Ары-бери каттаган автоуналар жана жолоочулар. Гүлмайрам Зеликманды тааныйт. Зеликман да аны тааныйт. Ал жалт бурулуп, качып жөнөдү. Башында Жусупка тийбеген суусар тебетей, үстүндө тармал, ак жакалуу, офицердик агыш тон. Ийиндеринде майордун жылдызы. Колунда портфель. Гүлмайрам кууп жетээринде Зеликман таксиге жүгүрүп кирип, качып кетет.
Гүлмайрам: – Тапанчаңызды бериңиз, ата!
Атасы (Полковник даражасы бар аскердик шинели кийим илгичте илинип турат): – Аны эмне кыласың, кызым?
Гүлмайрам: – Зеликмандан Жусуптун өчүн аламын.
Атасы(Гүлмайрамды көкүрөгүнө кысып, саамайынан сылайт): – Ал оюңдан кайт, кызым! Атыш – оңой, кийинкилигин ойло! “Органдын адамын өлтүрдү”- дешип, сени да камайт. Жусуптан ажырагандай, сенден да кол жуугум келбейт,алтыным! Жээн тайларымдын жетим өсүүсүн каалабайм! Токтот, оюңду кызым.Ачуу-душман, акыл-дос. (Кетет)
Гүлмайрам (үшкүрүнүп): – Ө-өх…Ошентип, атам ачуумду басты. Жусуптун өчү алынбай кала берди.
ТИТРге 1956-жылы Жусуп Абдракманов акталганы тууралу токтом жазылып чыгат. 1991-жыл. Анын сөөгү да Таш дөбөдөн табылат. Табыты репрессияда курман болгон кыргыздын баатырлары менен Ата Бейитке коюлганы фильмге тартылат.
Аягы.
2022 – 2024-жыл.
