Кыргыз жигиттерине чакырык
Акыл барда, тулку бойдо күч барда,
Акыбыз жок Мекен туусун жыкканга!
Канын төгүп, өлгөн артык жигитке,
Карыш жерин бергичекти душманга!
Бизди мында тууган үчүн энебиз,
“Баба мурас, жер эне” деп келебиз!
Ушул жерде душман буту баскыча,
Ушул жерде жатсын өлүк денебиз!
Ыйык мекен – аталардан аманат,
Ырас мындан урпагыбыз таралат!
Коргой албай, карматканча, бөтөнгө,
Кул болуп же кеткен артык талаалап!
Биригели, куруп чептин бекемин,
Билсин муундар бабасы ким экенин!
Мансап үчүн келечекти кескилеп,
Маңкурт гана сатып кетет Мекенин!
Максат Жангазиев
*****
Кесилип бектен үмүттөр,
Кесеңе түшөт күйүттөр.
Кадырын арнап элине,
Кыйылды кыраан жигиттер.
Кайрадан алга жетелеп,
Кылкылдап өчпөйт биликтер.
Карт тарыхты картайткан,
Кыргызым өзүң бийик бел.
Катыгын колго беребиз,
Кас болсоң эми кирип көр.
Кадырын билбес эненин,
Кадимки тажик дегениң.
Куюлтуп жашын булактай,
Кучактап бала денесин,
Кыргыз эне эмчеги,
Канкордун тосуп жебесин,
Кылчайып койбой анда да,
Калкыма тынчтык дегенин.
Көргөндө жүрөк туйлаган,
Кайратын туюп эненин.
Ар-Намыс үчүн күрөшкөн,
Аталар бизди тилешкен.
Ата-журт үчүн жаныңды,
Ала чап деп бүлөшкөн.
Азамат үчүн жок артык,
Ала-Тоо үчүн күрөштөн.
Атыңды току жигитим,
Алдыга сүрө жүрүшүн.
Артыңда калды карыя,
Алдейлеп баккан күнү-түн
Асылың ардак эне үчүн,
Алсырап күткөн артыңда,
Аздектеп алган күмүшүң.
Кыргызым кайтпас кырааным,
Кырааның Манас урааным.
Кайгыны тарткан кезиңде,
Кыйналбай кантип турамын.
Ыйлаган үнүң уккуча,
Ок тейсин ушул кулагым.
Энелер сууну кечпесин,
Эл дайрадай көчпөсүн,
Элирип качып жеринен,
Эл кадыры чөкпөсүн,
Оюндан башка билбеген,
Наристе көз жаш төкпөсүн.
Жетимдин жашын көргөнчө,
Оюлуп калсын кош көзүм.
Казыктай бекем туралы,
Кетсе да бизден жумшак жан.
Канкордун мизин кайтарып,
Акса да жерге муздак кан.
Эр жетип турган биз эмес,
Тестийер эл деп чуркашкан.
Энесин коргоп алууга,
Эл үчүн жоого барууга.
Ымыркай туйлайт курсактан.
Жакшылык Дүйшөнбек уулу
Чек арачы атуулдар
Мен ар дайым жардамга кечигемин.
Мен канткенде күйүтүң өчүрөмүн!?
Отту кечип күн көргөн Баткеним ай,
Окко тосуп жашаган көкүрөгүн.
Чек арачы атуул деп атак алган.
Баатыр-эрсиң үлгү алган аталардан.
Замбиректин угулса ачуу үнү,
Наристесин кучактап жата калган.
Кайра түздөп жыгылган керегесин
Кайра бүтөп ок тешкен терезесин.
Кайра жашоо улаган уруш бүтө,
Ааламдагы жалгыз эл сен элесиң.
Сен бар үчүн бейпил, тынч кең ааламым.
Сен коргону, чебисин чек аранын.
Бул апаатты түбөлүк токтотууга.
Айтчы, кандай жардамым бере аламын?
*****
Жарк этип оттой жандыңар.
Жалынды кечип бардыңар.
Дубана кейпи, түрү суук,
Душмандан кекти алдыңар,
Капилет келген кол салып,
Канкорду буттан чалдыңар.
Арстандыгың билбеген,
Акылы мокок жардылар.
Чаңкаган элдин оозуна
Тамчыдай болуп тамдыңар.
Аркаңардан урпактар
Ааламга даңктап жар кылар.
Миллиондогон өмүрдү,
Куткарам деп кайрандар
Өзүңөр кетип калдыңар.
*****
Булганбас мөлтүр кашка булак суусуң,
Заңкайган тоолоруңдай кубаттуусуң.
Аярлап кармап турган колумдагы,
Ата Журт, айнек идиш сыяктуусуң.
Шаттуусуң өзөнүңдөй көбүк чачкан,
Бакытсың кыргагынан толуп-ташкан.
Уулуңмун, Ата Журтум, койнуңдагы
Манастай өзүн баатыр сезип жаткан.
Балдарың сыймыктанып турмак үчүн,
Бекем бол түбөлүккө ырдаш үчүн.
Биз сени бабалардан карыз алдык,
Келаткан келечекте урпак үчүн.
Улукбек Омокеев
Бата
Бейпилдик белин үзүп келген бул ок,
Бетмаңдай турган сымал көрүнүүдө.
Келмеге аралашкан жашым бирок,
Бешик ыр менен ылдый төгүлүүдө…
Абалың карап туруп, жаным бир ууч,
Алапай таппай турам. Акыл айраң…
Чыйрыкпай чыптамаңды жамын дурус,
Баткеним көздөрүңдөн бакырайган!
Шилиге тийген октун шишигине,
Шири-ин бир, дары болуп ырым барсын!
Ата-Журт таш тийсе да күчүгүңө,
Душмандын төбөсүнө үйүр камчың!
…Бир ирмем “чарк-чурк” этти
байыркынын,
Душманга жыгылгансып байрак, туусу.
Башчы бер сукпатындай кайырчынын,
Бактыга жазылса экен кайраттуусу!..
Этеги толуп элдин ырыскыга.
Душмандын жолу буулуп, корумдалсын.
Мекеним мертинбесин!-, ушул батам
Оомийин дегендерге орундалсын!
Оомийин!!!
Алиман Абдыкеримова
*****
Мекенди сактап каректей,
Аталар бизге жеткирди.
Ата-Журт үчүн энелер,
Чоңойттуп жатат тектүү уулду.
Ата-Журт чегин кайтарып,
Кыраандар дайым бек турду.
Берели душман сазайын,
Кол салган биздин мекенге.
Корунуп үйдө жатууга,
Төрөлгөн жокпуз бекерге.
Дымагы күчтүү Кыргыздын,
Дабышы жеткен эченге.
Жамгырдай окко көмүлдү,
Кыргыздын бийик тоолору.
Алжыган ошол душмандар,
Аткылап жатат короону.
Беш манжа сымал түйүлүп,
Муштумдай болуп соголу.
Дүйшөнбек Бектемир уулу