Абдилаат Дооров: Өлтүрдүк эми дешти эле, Өндү кыргыз кыртыштан.

Абдилаат Дооров – кыргыз акыны, “Ата-Журт Лейлек” гезитинин 28 жылдан берки башкы редактору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Баткен облусутук бөлүмүнүн төрагасы. 30 жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан “Лейлек Поэзия күнүнүн” негиздөөчүсү жана уюштуруучусу. “Миң Тамыр”, “Гүл-Гүл”, “Ак булут”, “Мөл Тунук” ырлар жыйнактарынын жана улуттук лидер Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков – Аруулук асманы” китебинин автору. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын (2006-жыл), Жогорку Кеңешинин (2013-жыл) Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз

Көөкөрдөн кымыз куюлду,

Көлкүтүп ичти ууңду.

Көрүнө көмдүк дешти эле,

Көкөмеренден дүбүрт угулду.

 

Талпынып учса Миң-Куштан,

Таш тийди таамай ыргыткан.

Өлтүрдүк эми дешти эле,

Өндү кыргыз кыртыштан.

 

Тайгылды, кыргыз, тайгылды,

Тараза жылдыз чыкканда.

Жайладык эми дешти эле,

Жалт этип чыкты суудан да.

 

Кынынан кылыч суурулду,

Кырылды, кыргыз, кырылды.

Кылкылдап күн чыкканда,

Кызгалдак болуп туулду.

 

Азаптан кайра кайралып,

Аргымак жалга байланып.

Жүзүндө ойноп алоо, от,

Жылдызга калды айланып!

 

Ай келиптир

Ача салсам көзүмдү бүгүн түндө,

Алтын нурун төгүлтүп асыл мүлдө

Аза бойго жүрөгүм, өзөгүмө,

Ак жайылган ыпысык төшөгүмө,

Ай келиптир, аруу жан, ай келиптир.

 

Агатайын сагынткан карындаштай,

Атилес шай көйнөгүн жамынбастан.

Капилеттен тарынтып алган асман,

Каш-кареги, эринин жалын баскан

Ай келиптир, азада, ай келиптир.

 

Алды мага жөлөнүп, таштап боюн,

Алоолонуп, өрттөндү ичи койнум.

Кумарга мас алакан, манжа, колум,

Кучакташсаң ай менен кандай сонун

кандай сонун, кандай сонун, кандай сонун.

 

Көчө

Көчөмүн-көкүрөгү жаткан чаңдап,

Көөнүндө, тамырында заар заңдап.

Канатын, төш, таманын өпкүлөймүн,

Куш-иттин өтүп калган кудай жалгап.

 

Көчөмүн-шахта, аска жиреп барар,

Кыйыр-уч алыскы арал, планеталар.

Мейкинби, океанбы же уюлбу

Мен жеткен жерде сөзсүз тирүүлүк бар.

 

Көчөмүн-ыйман, ырыс, өмүр аккан,

Көк нары, арак алтын, ырыскы дан.

Кан менен тердин терең айырмасы,

Көрүнгөн каш-кабактын ортосунан.

 

Автоунаа, курт-кумурска, балыктардын,

Ашынган сүткор байдын, гарыптардын.

Жазылуу туз-насиби, маңдай шору-

Жарык, түн, булут, күүгүм, жамгыр, кармын.

 

Айнектей аруулукту сүйөт жаным,

Адилет сынса сыздап, күйөт жаным.

Ордолоп адыр-түзүн бүт дубандын,

Оролгон ай-ааламга ак жыланмын.

 

Сен жолуктуң

Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,

Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.

Жүрөгүнө из түшүргөн кыл курттай-

Жүз-көзүңдөн көрүп турдум миң арман.

 

Үшкүрүгү, ыза-муңу түрөлүп,

Үстүбүздөн жасап алды зор кылмыш.

Өйдө-ылдыйды аңдаганга моминтип-

Өмүр байкуш тушукканы коңур күз.

 

Бир аз толуп, ак аралап чачыңды,

Бийик кармап бара жаттың башыңды.

Бантикчен кыз болуучусуң мен үчүн-

Бала бойдон алып жүргөн акынды.

 

Кайда калды кызылдуу өң боектор,

Кайра айтылгыс ажайып бир жомоктой.

Авазы арген үндү дагы жоготтук-

Арга отундай алоолонбой жан оттор.

 

Сен жолуктуң кырк чамалап улгайган,

Жамалы да, жаштыгы да уурдалган.

Жүрөгүнө из түшүрүп кыл курттай,

Жүз-көзүңдөн туюп турдум миң арман.

 

*****

Биз окууну бүтөр жылкы жайында

асфальт жолдо окуудан соң кечке маал

аяр басып келгенибиз айылга

-Эсиңдеби, аяйым?…

 

Ажарданып кызыл нур жүзүң

айтаарындай кызык сыр

Акырын ийилдиң да дедиң сен:

“Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр”.

 

Андан бери…

Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,

канча аяздын каарына карыктым.

Жүрүп-жүрүп…

Жолугуштук жолдо шо

Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

 

 

*****

Жарым жатат чалкасынан кош бойлуу

ак көйнөкчөн курсагы анын “көк тиреп”.

Анда бөпө чыргоолонот окшойбу

жарыктыктын дарбазасын тепкилеп.

 

Оодарыла сылап чардаң курсагын,

ойлуу жатат каш-кирпигин ирмебей

Төрөлелек балам мага туюлат

ачылалек кутудагы дүйнөдөй…

 

Жарыктыкка келе жаткан наристе,

экөөбүздүн зор кубаныч, бактыбыз.

Балким уулдур карапайым. А мүмкүн

үйүбүзгө чаң жуктурбас жакшы кыз…

 

Этюд

Кызматымдан келе жатсам:

кызарып чекке күн чөгөт.

Тоолук кыздын мойнундагы

мончогундай мөлтүрөп.

 

Чарпаяда чалка жатсам:

маңдайымда ай турат.

Алп асмандын төшүндөгү

медалындай жаркырап.

 

Көздү уялтып күн саарында:

көтөрүлөт нурга бай.

Бийик аска кулагына

бирөө таккан сыргадай.

 

*****

Түн. Купе.

Төрт орун бар

Биз экөөбүз.

Така-тук, така-тук, така-тук

Теминет темир тулпар

А сыртта кар.

 

Айкараңдан төгүлгөн кош өрүм чач,

Өйкөлөт бир-бирине төрт иймек каш.

Төрт колдун он салаасы айкалышкан,

Төрт көздүн жан оттору арбалышкан.

Төрт кулак төкпөй-чачпай шыбырды

шакар-набат жыргап угат

Төрт таноодо ысык дем,

темир жол, поезддей жупталышкан

Сен жана мен,

Төрт эринде эрип эки тил,

Эки дил,

этет дир-дир…

 

Таң атып, күн да чыгар,

аркалап жыгач, кирпич, турпак дубал.

Куйкалап кудуреттүү ышкы кумар,

Биз болобуз

үч, төрт, беш, көп…

Поезд термеп бешиктей,

Көкүрөк өрт.

 

Түн. Купе.

Төрт орун бар

Азырынча биз экөөбүз.

 

*****

Шыбак жыттуу, гүл-чөптүү, бак-дарактуу,

кыйыр-чексиз талаада тыптынч, кенен.

Көрүнбөгөн эч көзгө жашайт кыймыл,

Кулакка угулбаган добуш менен.

 

Шамал шашат дикилдеп кайберендин

улагындай арышын элпек таштап.

Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,

анын тулкун сыласаң кандай жумшак.

 

Эркелетип чөптөрдүн мурдун чымчып,

эжесиндей талдардын тарайт чачын.

Жүзүм сылап пахтадай салаалары

жүрөгүмө менин да абдан жакын.

 

Эрке кыял шашмалык мүнөзүндө,

балалыктын жыты бар нур сиңирген.

Сууй түшүп көңүлү бирдемкеден –

жаш цыгандай таборун таштап кеткен.

 

Балким күндүн кыякчы, чоорчусу,

бүт дүйнөгө ыйгарчу пакизалык.

Бирин-бири жүрөктөн ысык сүйчү

талаа экөө а мүмкүн … Эрли-зайып.

 

*****

Убада бердиң мага,

бардым сага.

Башка бир ишиң менен кезикпедиң.

Бейкапар түн түшүмдө калдым көрүп,

белгисиз айылдын бек эшиктерин.

 

Кайрадан убада алып,

келсем кечте,

Кандайдыр ишиң менен жолукпадың.

Дал ошол түнү көрдүм түн түшүмдө,

дайынсыз аска-зоонун оюктарын…

 

*****

…Бүгүн мен тиктим көчөт,

мойнума түштү милдет.

Арык казып, суу коюу,

Олтурбай

күндү күн деп, түндү түн деп.

 

…Бүгүн мен өмүрлүк жар,

жөнөкөй кызга тоолук.

Балбылдайт көздөрүбүз,

бакыттын кушу конуп!

 

…Бүгүн мен болдум ата,

болдум жар жана багбан.

Турмушка кирип келдим:

уялчаак балалыктын

ыпысык кучагынан!

 

Жаз

Ак капрон көйнөк кийип,

эшикти тырс-тырс уруп,

Мен, сени келдиби деп,

энтеңдеп атып туруп!

Карасам…

Бүт денеси шөмтүрөп,

бүтүгүй көз бүчүр, гүл.

Карек толо жамгыр жаш,

кулак толо гүрү-гүү,

Келиптир ЖАЗ!

 

Бир секунда

Бир секунда! Бир согуусу жүрөктүн,

ошол согуу бөлүкчөсү мүнөттүн.

Ачып көздү, каш-кирпигиң какканча,

өмүрүңдүн бир чымчымын түгөттүң.

 

Бир секунда! Шыңга бой жыш камыштын

катарларын жумшак шыбыр аралап.

Далысына ай же күндү артынып

дайра өзүнүн нугу менен шар агат.

 

Манжа ойнотуп машинкада “чака-чук”,

тамга терип, шыдыр жазуу сүйлөмдү.

Канча күтүү, зар, кусага чөктүргөн,

капилеттен жолуктуруу сүйгөндү.

 

Таксиби же машина өткөн таризде,

тастайган жол кештеленип чаң, изге.

Ким бирөөнүн үйүндө үн жаңыртып,

киндик улаш төрөлүүсү наристе.

 

Көлдөй терең пикир ылдам көчкөнү,

көөнөрбөс ой мээден “дүңк” деп өткөнү.

Кубанычтан илимпоздун, акындын.

кучак жайып кең ааламды өпкөнү!