Нурали Кабул: Талаа жолу

Талаа жолу

(аңгеме)

«Буга чейин жер үстүндө аялзаты бар экен, алар жөнүндө кандайдыр бир жаңы сөз айтыш мүмкүн». С.БУФФЕР

Жан жыргаткан жылуу топурагы кызыл ашыкка жете келген талаа жолунда оңуп кеткен керза өтүгүмдү сүйрөй кырманга карап жол тартам. Ойлонуп баратканым үчүн анда-санда мүдүрүлө түшөм. А түгүл пединститутка кире албай шерменде болуп айылга кайра келгеним да көзүмө көрүнбөй кетет. Кырманчылардын окууга байланыштуу айткан азил-шакабаларына деле кулак бышты болуп калдым…

Окуп адам болгондо Турдукул кеңкелес адам болор эле. Бир техникум, эки институт жана дагы алда кандай курстарды бүтүргөнмүн дейт. Болгон кызматы – артезиан кудуктарынын кожоюну. Артезиан кудуктары эмне, казып койгондон кийин чыга берет да? Ушуга да кожоюндук керек бекен? – дейт сөзүнүн ырастыгынан кымындай да шек албай кырманчы Ражап аке. – Кызыр колдобосо азыр эшек базарга далдалчы да боло албайсың, – дээр эле эки сөзүнүн биринде.

Ражап акенин сөзү мага жакса да, бул жөнүндө баш катырып ойлонушка менде убакыт жок эле. Энем айткандай менин да эл катары бир жуп бутум жана жалгыз башым болуп, азыр бул баш өзүмдө эмес. Арабанын көлөкөсүндө түштөнүп отурган кыздар арасында жүрөт.

Мен деле теримчилер менен чогуу-чаран кырманда эле түштөнсөм болмок, бирок андай кылыш колумдан келбейт. Менин нан чайнап, чай ууртап жатканымды ал көрүп, анан менден биротоло көңүлү сууп, ошол бойдон түк карабай коё тургандай сезилет. Анан калса бираар жаман аракет кылып койбоюн деп да анын көзүнөн далдоо жүргөнүм ылайыктай. Анын алдында алкымымдан суу деле өтпөсө керек. Кара терге түшүп, сөзүмдү жоготуп коём. Ошон үчүн эсепчи Нематулла акенин суранычына көнбөй төрт чакырым жол жүрүп, үйгө келип түштөнүп кетем. Үйдө дурус тамактансам да башкача эле. Кала берсе, эмне жегенимди да унутуп калам. Кээде адашып нан экен деп пиаланы тиштеп калам. Тарс жарылчудай ургулап жаткан жүрөгүмө даба болор бир күүбү, ырбы радиодон угам да, ошол ырды акырын ичтен күңкүлдөп коюп тер менен күндүн жыты жыттанган күрмөмдү желкеге арта жолго түшөм. Айланбаш болуп ооруган койдой бир нокотко тигилип, аңыз ортосундагы прицепти болжол кылып бут шилтей берем.

Окууга өтпөй калгандан кийин бир жумача адамдарга көрүнүштөн уялып жалгыз терезелүү мейман үйүбүздүн шыбына гана тигилип жаттым. Үч күн инилерим менен чогуу Жалгыз-Тыт жылгасынан жантак тикен чаптык. Айла жок, баары бир эл-журтка, коңшу-колоңго аралашыш керек. Пахта терими да башталып калган, бирок али жалпы теримге киришиле элек. Уруктук үчүн деп гана кол менен пахта терилет.

–Жетет эми, жата бербей теримге чык! – деди бир күнү атам эрте менен нанушта кылып жатканыбызда.

Бригадага үч айылдан адамдар келип иштешет. Алар ар күнү кошуна айылдан жүк машинада келишет.

Он күндөй андан он беш-жыйырма жөөктөй арыраак жерден пахта терип жүрдүм. Башымды көтөрсөм да аны кароо үчүн гана көтөрчүмүн. Аны көргүсү келгендер болсо арбындай…

Башыма келген бир ойдон кубанып, кыйкырып жиберишке аз калдым. «Анын терип келген пахтасын төгүш үчүн кырманда иштейм! Кошмурзанын ордуна приципке элдер терип келген пахталарды төгүп турамын…» Эсепчи Нематтулла акеге бул оюмду айканымда ал үнсүз-сөзсүз баш ийкеди.

Эх, ушул күнкү кубанычым! Жүрөгүм көөдөнүмө сыйбай, прицептин үстүнө чыгып болгон доошум менен анын атын атап чакыргым келди. Ушул күнү бакыт кушу жылмайып, анын ысымын да билип алдым! Зебо! Уктуңузбу, Зебо?! Ушундай да сүйкүмдүү ат болорбу?! Эх, атыңды Зебо деп койгондордон айланайын!

Адегенде чиркегич прицептин жогорку бортун бийик көтөрүп, анан удаама-удаа сунулуп жаткан пахта салынган этектерди эңилип алып тез бошотуп кайра ээсине кайтарамын. Эки көзүм аңыздын төмөн жагында пахта терип жаткан кыздардын тобунда, ошол топтун ортосунда ак көйнөк кийген, аппак пахтазарда периштедей сүзүп жүргөн бир бийкечте.

Кечинде мага үй да, чарпая да, короо-жай да тарлык кылып калат, үйдүн үстүнө чыгып жатам. «Арбакка окшоп үйдүн үстүндө эмне кыласың?» – деп калат агам желкесин тырыштырып. Унчукпаймын. Баары уктап калат. Акыры айыл иттеринин да жаагы жабылат. Менде болсо кайдагы уйку. Аны гана ойлойм…

…Ана… Ана… ана, ал аппак колу менен терилген ак пахтага жык толгон эки этегин бир кылып түйдү да, ошол түйүнүн назик колдору менен жонуна коюп алды. Пахтасын көтөрүп жөөк аралап кырман тарапка – мен тарапка салды.

Ал келатат. Мени азап менен тозокко таштап койгон, бул азап-тозоктон куткарууга өзүнөн башка эч кимдин күчү жетпеген чүрөк мен жакка карап ак куудай сүзүп келе жатат. Мен болсо алашалбыртта эрте жаздын күн нуруна эрип, заматта сайларды толтуруп ийген кардай түгөп баратам…

Кыздар тобу кырманга жакындашып келатат. Менин болсо кол-бутум кыймылсыз катып калганмын. Азыр эле жүрөгүм согуудан калып, анын пахта түйүнүн бошотуп төгүш башка бирөөгө насип эте тургансып, ушундай бакыттан мен куржалак калганы турам. Демим буулуп, кайра-кайра жутунамын, бирок тамагымдан бир култум түкүрүк да өтпөйт. Буттарым эркиме көнбөй калтырай баштады. Анан бул майда калтырак бүт денемди аралап кетти. Бир аз өзүмө келермин деген ойдо күнгө кызып турган прицептин бортун кармадым. Кайдан. Бүт денем оттой жанып, көзүм тунарып үч-төрт кадам арыны көрө албайм. Неге мындай болуп жатканын акылым албайт. Төмөндөн узатылган түйүндөрдү араң-араң тартып алам.

–Атала ичкенсиңби! Тартсаң!

–Бул сага окуу эмес!

–Загыра токоч жеген эмес да!

–Күн алып, буттары да өзүндө эмес бечаранын! – туш келди тамашага алышат төмөн жактагылар.

Бул шакабаларды, шылдыңдарды бир гана анын угуп калышынан чочуйм. Анын таза көңүлүнө азар-берер, дилин кайт кылчу анча-мынча кеп-сөз же аракет өтпөгөн, ага жетпеген болсо болду. Болбосо, кандай күндө калышымды билбейм…

Анын кырманга жете келишине да аз калды. Келатат. Бүт күч-кудуретимди, дарманымды жыйып дагы бир жолу ал келаткан жакка уурдана карадым. Көтөргөн жүгү канчалык оор болбосун ал жылмая күлүп, көңүл кушу ачылып келет. Анын ошол жылмаюусу, көңүл кушу мени да арбап барат.

Мына, мына, мына, анын түйүнү. Ал эки колу менен, өз колдору менен, күн нуруна бир аз тотуккан кичинекей кара тору колдору менен түйүнүн мен тарапка узатты. Мен аны кыйналбасын деп түйүнүн илип алуу үчүн дагы да төмөнүрөөк ийилдим. Түйүн-пүйүнү менен анын үстүнө кулап түшкөнгө аз-аз калды. Кудайдын өзү бул шермендечиликтен сактады бейм. Түйүнүн узатып жатып мага көз кырын салгандай болду. Ох, анын көздөрү, көз карашы! Бу көздөрдөгү мээримдүүлүк, тазалык, жөнөкөйлүк! Бул актык менен адилдик көрүнүп турган көздөргө бир секунд дагы, бир секунданын ондон бир бөлүгүнчө дагы тигилип туруу колдон келбеген иш… Мен өмүрүмдө мындай жоодур көздү көргөн эмесмин. Анын түйүнүн бекем кучактай жумшак пахта үстүнө өзүмдү таштадым. Атыр жана тер аралаш жагымдуу жыт тараткан этек-түйүнүн канча кучактап жатканымды да билбейм. Төмөндөн чыккан кыйкырыктардан өзүмө келип, түйүндү шаша-буша бошоттум. Баарынын бошогон түйүн-этегин прицептен туруп өздөрүн көздөй ыргытар элем. Аныкын андай кылууга бара албадым. Бошогон этекти кармап турганымды көрүп, прицепке жакын келди. Келди да, көз кыры менен мага уурдана карап колун сунду. Ыкчамдык менен этегин илип алды да, арабанын көлөкөсүндө суу ичип жаткан кыздар тарапка басып кетти…

…Кыздар тобу тамаша-азил менен кайрадан пахта теримге киришти. Бир паста биз турган кырман аңгырап калды…

Мен болсо прицеп үстүндө аларга тигилип аңыздан көзүмдү үзө албай жатам… Негедир көзүмө жылуу жаш келет… Ал көз жаштарды чигити бөртүп турган пахтага басам. Пахтадан болсо ага себилген дарынын жана күндүн жыты аңкыйт. Өзүмдү прицептен таштап ийип, туура эле анын алдына баргым, анан: «Салам, бул – мен! Сенин эң жакын, эң сүйкүмдүү досуңмун! Сага этектериң тез болсун үчүн пахта теришип бергени келдим!» – дегим келет.

Адатта, эсепчи да, кырманчылар да бошой калганда теримчилерге жардам этет. Андайда сопоюп кырманда мен гана жалгыз калам.

Жекшемби күн эле. Түштөнүүдөн кийин аптаптын айынан адамдар чарчаңкы тартып эптеп эле кыймылдамыш болуп жаткан. Кырманчылар да, эсепчи да аны-муну сүйлөгөн болуп теримчилер арасында. Мен эми анын астына барып, өзүмдүн ичимде башталган жүрөк өртүн ага айтып, бугумду чыгарбасам болбостугун ага билдиришим керектигине биротоло ынандым. Ал пахта терип келе жаткан агатты таптым да, каршысынан түшүп алып, аны көздөй түптүз келе бердим.

Терилбеген агатка түшүп алып, неге пахтасын күүп жатасың?! – деп мага Нематтулла аке корсулдады.

Мен болсо эч нерсени укпас, эч нерсени туйбас, тилим келмеге келбес абалдамын. Мен Күн тарапка баратамын. Күн көздөп баратам. Ошон үчүн мага Күн нурларынан бөлөк эч нерсе, эч ким көрүнбөйт, эч бир доош угулбайт. Бир гана Күн нуру. Бул нурлар көздөрүмдүн жоосун алып, мени ээрчитип, өз отуна жагат. Бул отту эми ошол күчтүн өзү гана өчүрбөсө мен биротоло күл болуп күйүп кеткидеймин.

Ал да ордунда туруп калыптыр. Курбу кыздары андан озуп кетишти. Мен аны ушунчалык жакын жерден көрүп турганга ишенбеймин. Ал болсо колдорун кайда катышын да билбей кайрат менен, коркунуч менен жылмая мага тигилип туруптур…

Анын алдына жетип бардым. Бардым да: «Салам, бул – мен!» – дедим окшойт чамасы. Бирок өзүмдүн үнүм өзүмө да угулбады. Анын көздөрүнө тигилген бойдон катып калдым. Ал мага ырдап жаткандай, эч качан эч ким тарабынан ырдалбаган ырды ырдап жаткандай сезилди…

Мен болсо толуп-ташып келип жаткан ички ыйымды араң-араң кармап турдум…

Которгон: Абдыкерим Муратов