А.Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жазуучу, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш чарага КР Эл жазуучулары М.Абакиров, С.Станалиев, А.Жакшылыков, КР Эл акындары М.Мамазаирова, К.Култегин, А.Рыскулов, жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Ж.Акаева баштаган акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты.

Келген меймандар автордун жазуучулук жана журналисттик чеберчилигине, анын устаттыгына жогорку баа беришип, 65 жаш курагы менен куттукташты.

Урматтуу Абдиламит Мурзаевич, Сиз кыргыз элине мыкты жазуучу катары, кыргыз адабияты менен журналистикасына зор салым кошкон инсан катары кеңири таанылып, турмуштун, изденүүчүлүк түйшүктүн ар кандай катаал шарттарына моюн сунбай, чыгармачылык эргүү менен эмгектенип келе жаткандыгыңызды биз жакшы билебиз.

“Тандыр”, “Ак коргон”, “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…”, “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу китептериңиз китеп текчелерден орун алып, өз окурмандарын тапты.

Басмадан жарык көргөн “Баткан күндү аяймын” аттуу жаңы китебиңиз да көптөн күткөн окурмандарыңызга жан азык болот деп ишенебиз.

65 жаш курагыңыз кут болсун! Сизге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубат жашоо-турмуш каалайбыз.

КРУЖС Башкармалыгы