А.С. ПУШКИН
Россияны ушактагандарга
Эмне эле чуулдайсыңар, ээн ооздор элдеги?
Россияны анафема менен коркуткуңар келеби?
Безиңерге эмне тийди? Толкундоосубу Литванын?
Жайына койгула: славяндардын ич ара талашын.
Үйдөгү эле, эски талаш, тагдыр менен аралаш,
Маселе бул – силер эч качан чече албас.
Жер замандан бул эки эл,
Душмандашат, эңишет,
Бирде ал тарабы, бирде бул тарабы
Кыйроолордун кырында калып келишет.
Ушул теңдешсиз талашта:
Куу чирен лях же өзүнө ишенимдүү орус жеңеби?
Славян булактары, орус деңизине куюлабы?
Же соолуйбу? Ушул маселенин тереңи.
Жайыбызга койгула: силер окуган эмессиңер,
Кан менен жазылгандарды.
Силер түшүнбөйсүңөр, силерге чоочун
Булардын үй-бүлөлүк талашы.
Силер үчүн таштай үнсүз Кремль жана Прага:
Ал ансайын мааниси жок төштү кагып,
Айыгышкан күрөштөргө кызыкпагыла,
Силер бизди көрө албайсыңар…
А эмне үчүн? Жооп бергиле: а балким
Москваны кыйратып, өрттөп жаткандын,
Силерди титиретип, таман астына баскандын,
Таңуулаган эркин кабыл албаганыбыз үчүнбү?
Же падышалардын падышасы болгусу келгенди,
Түпсүз туңгуюкка кулатканыбыз үчүнбү?
Же Европа эркиндикти, тынчтык жана намысты
Биздин кан-жаныбыз менен алгандыгы үчүнбү?
Сөзүңөр эле кыйын – андай болсо келгиле!
Же кайран карт баатыр, төшөк тартып,
Измаилдик найзасын алганга алы жокпу, көргүлө?
Же орус падышасы турган жокпу майышпай?
Же Европа менен жүрдүк беле чабышпай?
Же орустар унуттубу жеңишти?
Же саныбыз азайдыбы? Же Пермден Тавридага,
Финдердин муздак аскасынан, күн күйгөн Колхидага,
Кайраттанган Кремлден
Кытайдын кыймылсыз дубалына чейин,
Болот зоотторун жаркылдатып,
Орус жери козголбойт дейсиңерби?
Андай десеңер ызылдабай, бизге жибергиле
Өзүңөрдүн уулуңарды заары ичине батпаган.
Россиянын талааларынан жай табылат аларга
Чоочун эмес көрүстөндөн, кимдер гана жатпаган.
Анафема- чиркөө каргышы, бөлүп салуу.
Лях – поляктар
МИХАИЛ ЛЕРМОНТОВ
Баллада
Деңиз жээги, колун артып эркелеп,
Жигитине сулуу айтат мындай кеп:
Укчу жаным, абайсыздан мен бүгүн,
Суу түбүнө мончогумду түшүрдүм.
Мени сүйсөң тээ тереңге барып кел,
Мончогумду мага таап алып кел!
Эс-акылын сүйүү ээлеген ал жигит,
Эч ойлонбой кетти сууга секирип.
Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.
Деми токтоп калган өңдүү дүйнөнүн,
Сулуу күтөт суу түбүнөн сүйгөнүн.
Кандай бакыт! Эптеп кармап асканы,
Суудан чыгып жигит бери басканы.
Кабак түйгөн, колдо мончок жалтырап,
Ийни ылдый мөлтүр суулар тамчылап.
“Сүйөсүңбү, сүйбөйсүнбү карабай,
Мончок үчүн өмүрдү да аябай…
Бир сөзүңдөн түштүм деңиз түбүнө,
Маржан таштар жаткан экен үйүлө.
Арасынан кантип таптым билбедим…”,
Суна берип жал-жал тиктейт сүйгөнүн.
Жооп укту: “О, жаш жигит, садага,
Эгер сүйсөң маржанды алып бер мага!”
Кайран жигит, кайра сууга чөмүлдү,
Табыш үчүн маржанды же өлүмдү.
Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.
Ал толкундар улам жээкке келгени,
А сүйгөнүн бирок кайрып бербеди…
РАСУЛ ГАМЗАТОВ
Укта жаным
Июль түнү, саат сокту алтыны,
Укта эми…Ырым тыңшап каралдым.
Сен сүзүлүп уктап бара жатканда,
Бешик сымал терметүүгө даярмын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
«Бейпил түн» деп күбүрөнөм кайталап,
Сезет жүрөк бул учурдун кайтпасын.
Ушул таттуу эки сөздү шыбырап
Менден кийин эч ким сага айтпасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
…Укта сулуу, сонун-сонун түш көрүп,
Мен турайын көз жүгүртүп талаага.
Куштарга айтам убагында сайрасын,
Жылдыз тарап, таң агарсын жана да.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
Таң жаңырса ушул түндүн өткөнү,
Бул күнү да көңүл бирге ырдасын.
«Кутман тан» деп ойгонгондо жаныңда,
Менден кийин эч ким күтүп турбасын.
Укта жаным…саат сокту алтыны.
Чын дүйнөгө барганда
Шум дүйнөдөн чын дүйнөгө барганда,
Атам, энем чуркап тосуп алганда.
Ашыгышып суроо берер жарышып,
– Айта салчы, жерде баары жакшыбы?
А мен болсо көтөрө албай башымды,
Тунжураймын үнсүз тиктеп астымы.
Чындыкты айтпай кантип гана жашырам?
Дудук болуп калсам эмне башынан.
Шум дүйнөдөн чын дүйнөгө көчкөндө,
Согушта өлгөн агаларым,
Бет келишкен кездерде.
– Өлкө кандай? Эл кандай? Үйдөгүлөр?…дешкенде.
Биринчи ирет айткым келет жалганды.
Же болбосо, кантип айтам?
Кан майданда бөөдө өлгөнүн шумкарлар,
А өлкөсүн жок кылганын шумпайлар.
Бу жалгандан чын дүйнөгө жылганда,
Эски достор кезигишип турганда,
Мени дагы араң-араң таанышып
– Жер жакшыбы же бул дүйнө жакшыбы?
Жаадырышса ушул суроо сөздөрүн,
Мен алардын карай албайм көздөрүн.
Оо, дүйнөгө барганымда күн бүтүп,
Кездешким бар, бир ажайып жерге мен.
Тынчтык …Кудай жана дагы пайгамбар
Жанымды эзген суроолорун бербеген.
АННА АХМАТОВА
Суранбаймын эми сенин сүйүүңдү
Суранбаймын эми сенин сүйүүңдү
Аны абдан бекем жерге каткамын.
Ишен мага, колуктуңа мен сенин,
Кызганычтын катын улам жазбадым.
Бирок, менин айтаар сага акылым:
Бергиң ага ырларымды окусун,
Бер сүрөтүм сактап алсын жашырын.
Анткен сайын жагымдуу ээ күйөөлөр!
Ал аялга андан артык не керек,
Сага жеткен бактысына сүйүнөр.
Таттуу сөздөн, анан дагы достуктан,
Ага кызык алгачкы ысык түнүңөр…
Ал бакыттын далай түнү өткөндө,
Акырындап өрт сезимдер өчкөндө,
Жан дүйнөңдү дайым турган толтуруп,
Жан-жагыңдан мен жетпеген кездерде.
Салтанаттуу келбе басып койнума,
Өттү баары…Болбос эми ашыккан.
Анан дагы кандай жардам кыла алам?
Айыктырып же албасам бакыттан.
…
Жакпайт мага өпкөсү чоң одалар,
Элегия кербездиги ашынган.
Ырды сүйөм келе калган капыстан,
Адам күтпөс бир жерлерде жашынган.
Акыр-чикир арасынан табасың,
Өсөт ырлар, уялбай да сестенбей,
Каакым гүлдөп эски короо түбүндө,
Алабата, кызыл куурай өскөндөй.
Жайларда анан орой үндөр угулган,
Дубалы ным, эбак кеткен жыттанып.
Ырлар жүрөт назик дагы, шайкелең,
Элге жаккан, а мен жазган шыктанып.
Кой көз король
Сага даңк арман, жан-дүйнөм эзип бийлеген!
Кой көз король кечээ күнү, өттү ушул дүйнөдөн.
Думуктурган күздүн кечи, жарык болчу айлана,
Күйөөм сырттан келип эле, айтты муну жай гана:
“Билесиңби, аңчылыкка чыккан экен үйүнөн,
Сөөгүн таап алышыптыр карт эмендин түбүнөн.
Королева жапжаш эле! Азапка абдан батканы!
Бир түндө эле агарыптыр, бири калбай чачтары.”
Деди дагы, меш үстүнөн таап алып канжасын,
Адатынча түнкү ишине чыгып кетти ал бачым.
Бир мемиреп уктайт кызым, мен ойготуп алайын,
Кой көздөрүн көзүм талып, канганымча карайын.
Терезенин ар жагында терек шуулдап, термелет,
“Королуң жок, калдың эми” деп жатышат өңдөнөт.
СЕРГЕЙ ЕСЕНИН
Аябайсың, сүйбөйсүң
Аябайсың, сүйбөгөн соң сен мени,
Жакпадыбы балким сага келбетим?
Көздү катып, көксөп турдуң кумарды,
Артып колду моюнума берметим.
О, жаш сулуу, кербездигиң байкалат,
Мен да сага, орой-жумшак болбодум.
Эриндериң эриткендир далайды?
Эсиңдеби кармаганың колдорун?
Өттү баары- көлөкөдөй көрүнбөй,
Өчүрө албай өзүңдөгү жалынды…
Суй жыккандай эчендерге эркелеп,
Суйсаласың сууручудай жанымды.
Кылгырасың, ачпа мейли көзүңдү,
Ким бирөөнү эстеп жатат окшодуң.
Өзүм деле сени сүйүп жыргатпайм,
Болгону эле узун жолдо токтодум.
Тагдыр дебе жолукканды экөөбүз,
Көңүл иши, болмок эле кимде айып –
Кандай болуп кокусунан кезиксек,
Бөлүнөбүз, дал ошондой жылмайып.
Жолуңду улап жөнөйсүң да сен дагы,
Күндөр күтөт кубанычсыз астыңда.
Өтүнөөрүм муңсуз жанга жолобо,
Кыз өбө элек жигит көрсөң азгырба.
Кең көчөдө жандап алып бирөөнү,
Айтып бүтпөй бир сүйүүнүн баянын.
Сен келатсаң, а мен чыгып алдыңан,
Мүмкүн кийин кезигээрбиз карагым.
Ынагыңдын ыктай берип ийнине,
Саал ийилип, сыр түйүнүн билдире.
“Кутмандуу кеч!”- деп айтасың акырын,
“Кеч жарык”,- дейм аяңдатып басыгым.
Кайдигер бир жандай болуп узаарбыз,
Калтыраткан бойдо сезим калбастыр.
Сүйүшкөндөр, мурдагыдай сүйө албас,
Өрттөнгөндөр, кайра күйүп жанбастыр.
АЛЕКСАНДР ТВАРДОВСКИЙ
Мени өлтүргөн Ржев алдында
Мени өлтүргөн Ржев алдында
Аты жок саздын өзүндө.
Бешинчи ротанын сол жак четинде,
Баш көтөргүс чабуул кезинде.
Жарылууну дагы укпадым,
Жарк эткенди дагы көрбөдүм.
Жар кырынан кулагандай кургуйга,
Жатып калгам кепини жок, көрү жок.
Ушул дүйнѳ жаралгандан, бүткөнчө.
Жоокерликтин эч белгиси калбаган
Жамынганым гимнастерка өңү жок.
Мен – андамын, көзү сокур тамырлар,
Жердин алдын чырмап алчу өңдөнгөн.
Мен – андамын калың буудай тектирде,
Желаргыга боюн күүлөп термелген.
Мен – андамын, короз үнү чакырган,
Шүүдүрүмдү чертип өткөн таң атса.
Мен – андамын машинаңар силердин,
Аба-жарып өтүп жаткан тарапта.
А ал жакты уюп өскөн чөп баскан,
Агын суулар чачтай өргөн, термеген.
Мен – андамын, мени тууган энем да,
Мени эскерип, жашын төгүп келбеген.
ЕВГЕНИЙ ЕВТУШЕНКО
Жаратканга жалынуу
О, Жараткан! Сокурларга көз бергиң,
Бүкүрдүн да бели оңолсун бүктөлбөй.
О, Жараткан! Керемет бер азыраак,
Бир аз эле, барга – жокко түткөндөй.
О, Жараткан! Бийлик берип күйгүзбө,
Баатыр кылба төшүн каккан жалгандан.
Байлыкты бер – мүмкүн болсо эгерде,
Уурдалбаган, баар тапкан маңдайдан.
О, Жараткан! Кайратымдан жандырба,
Ким бирөөлөр тепсебесин арымды.
Курмандык да, кан ичер да болбоюн,
Же бир көпөс, же болбосо кайырчы.
О, Жараткан! Эрегишкен чабышта,
Канга бөлөп, кесе көрбө демимди.
О, Жараткан! Аман болсун өлкөлөр,
Менин дагы аман кылгың элимди.
О, Жараткан! Боорум деген өз өлкөң,
Бооруң жара өтүк менен теппесин.
О, Жараткан! “Жардысың”,- деп аялың,
Жалыйналуу башкаларды өппөсүн.
О, Жараткан! Жалган үнүн угузбай,
Балдар үнүн угуза көр жаңырган.
Же эркектин, же аялдын кейпинде,
Христосту тирүү көргөз алдыман.
Көкүрөктө ыйман деле калган жок,
Түңүлүүдөн тартып бүттүк убайым.
Бардыгынан таза көңүл калбасын,
О, Жараткан кыла көргүң ырайым.
О, Жараткан! Баарын, баарын бере көр,
Баарына бер – таарынычтар калбасын.
О, Жараткан бергиң баарын, а бирок,
Ашык дөөлөт бөөдө башты жарбасын.