Эсенбай Нурушев: Бектуруш – синэстетик акын

Азыркы кезде акындар көп. Бектуруш алардан эмнеси менен айырмаланат, өзгөчөлөнөт?

Биринчиден, Бектуруш – синэстетик акын. Синэстетика деген дүйнөнү өзүнчө кош кабылдоо, аралаш көрүү, туюу дегендик. Ушундай мыкты сапаттар таланттуу акындарда, айрым төкмө ырчыларда, туйгусу күчтүү сүрөтчүлөрдө болот. Өкүнүчкө карай, мындай изги сапаттар көпчүлүк калем кармагандарда жок, болсо да аз. Ал эми Бектурушта мындай чеберчилик күчтүү. Ал бир эле көрүнүштөн бир нече сүрөт, картинаны көрөт, жаратат. Ушуну синэстетика деп айтат, бул термин адабияттын теориясында дагы бар. “Тосордо” деген ырын мисалга тартам:

“Чөккөн тоолор окшошот мис чөөгүнгө,

чокуда кар агарат пил сөөгүндөй.

Жаш сулуунун булгаган жоолугундай,

“жарк” дейт толкун чагылып тийген күнгө.

 

Чарбылардай булуттар тийгенде күн,

чагылышат жыялбай жүргөн көчүн.

Убарага түшүүдө килем – толкун,

улам түрүп жазалбай бүктөмдөрүн.

 

Ак кемедей кылкылдап туш жагыман,

аярлашпай өтөт ак куулар улам.

Кашка дөбөт – чынжырын үзгөн толкун,

кара жарды тиштөөдө шыйрагынан.

 

Байлоодо көп тургандан жедеп бүтүп,

бошонгондой кокустан жибин үзүп,

жерден башын көтөрбөй бука – толкун,

жолуккандын келатат баарын сүзүп”.

Байкагандырсыз, бир эле түрүлгөн толкундан төрт картина көрүп жатасыз. Биринчиси, жаш селкинин алыстан булгаган аппак жоолугу. Экинчи, бүктөмдөрүн жаялбай жаткан килем. Үчүнчү көрүнүш – чынжырын үзүп алган кашка дөбөттүн кара жарды, жээкти шыйрактан тиштегилеп жатышы. Акыркысы, толкундун байлоодо көпкө туруп, кокус бошонуп кеткен бука сымал алдынан чыккандардын бардыгын сүзүп келатышына окшоштугу.

Кээ бир акындардан ушундай эле көрүнүштү сүрөттөп беришин сурансаң, бир, ашып барса эки картина менен чектелет. А Бектуруштун фантазиясы бул жагынан өтө күчтүү. Ушундай акындарды синэстетик акын деп коет.

Биздин кыргыз поэзиясында Салижан Жигитов ушундай акын болчу, бир эле нерседен бир нече сүрөт көрө алчу.

Экинчиси, Бектуруш – накта пейзажист, чебер сүрөткер. Арийне, сөз менен көп эле акындар пейзаж, сүрөт тартышат. Бектуруш бул жагынан башкаларга окшошпойт. Буга эки-үч ырынан айрым куплеттерди мисалга тартсам жетишерлик болот го дейм.

“Кыштак” деген ырынан:

“Чиркей консо камышы титиреген,

жылгада агат жылкылар кишинеген.

Жар боорунун, кашаттын жанын койбой,

жалайт дайра упузун тили менен.

 

Булайышкан оозунан “көбүктөрү”,

булуттай ак пакталар өйүздөгү.

Түймөсүндөй жалтырайт генералдын,

төгүлгөнү турушкан өрүктөрү.

 

Тыңшап үйдө баласы каткырганын,

тарап жатат чабандес аттын жалын.

Киндигинен байланган чөп, беделер

кеткен чыгып үстүнө бастырманын…”.

Дагы бир ырдан:

“Сампарлап кар төгүп келип кечинде,

сары күздү ороп аппак кепинге,

ийри-буйру сүрөт тартты таңда кыш,

ичи жылуу үйдүн айнектерине…” / “Кышкы сүрөттөр”/.

“Жаз менен турам өбүшүп” деген ырынын акыркы үч куплети:

“…Ташка да сиңип таза жыт,

толукшуйт адыр, талаа бүт.

Көл бойлоп жээкке конууда,

көк булут – көгүш парашют.

 

Жондогу бүргөн, мияны,

жем дейби, чокуйт кулаалы.

Бадамга турат илинип,

булуттун тытындылары.

 

Каакымдар бүчүр жарышып,

кар качат аскага асылып.

Айнектей “жарк” дейт самолет,

асмандын бетин чаңытып”.

Чыныгы акындар, сүрөткерлер гана табиятты, дүйнөнү ушундай көз менен көрөт.

Бектуруш ошондой эле герменевтик акын.

Герменевтика деген илим бар. Герменевтика – болмушту, келечекте болчу нерселерди алдын-ала туюп, айтуу, сезүү. Бул илим негизинде биздин кыргыз элинде да бар. Айталы, кыргыздар түш жоруган адамды тапсирчи деп коюшат.Бул илим – өтө кызык.

Китептеги “Кийиктер” деген кыска гана ыр ушундан кабар берет:

“Чокуга баратышат кыя жондо,

чар тарап – кар токтобос жалама аска.

Аярлап көз ташташат улам ойго,

Өйдөнү эч кимиси карабайт да.

 

…Кийиктер жамандыкты эртели-кеч

Өйдө эмес, пастан күтөт сезишип тек.

Анткени, төмөн жакта калгандар эч

бийиктеп кеткендерди кечиришпейт”.

“Чоку” деген ырында да “Кийиктердегидей” өзүбүздүн эле пендечилик турмушубузду айтат:

“Катарыңдан озгонсуң,

көккө тийгенге окшойсуң.

Таманыңда жатышкан

тектир, адыр, тоолордун,

каректерин акыйтып,

кызганычын козгойсуң.

 

Топтон озгон улуулук,

топтон ашкан сулуулук

турат, келет эзелтен

тоскоолдорго тушугуп.

Ушак, айың көп ээрчийт,

угулбай да, угулуп.

 

Токтой калып учуңда,

төгөт жашын булут да.

Жакын туруп күнгө өзүң,

жарыбайсың ысыкка.

Туулуш керек канатчан,

туу чокуңа чыгышка.

 

Жок жыты чаң, газ, истин,

жок кир, кыгың, сасыткың.

Адам доошун укпайсың,

ай-ааламга дайынсың.

Жандуулардан алыссың,

Жаратканга жакынсың”.

Таза герменевтикалык маанайдагы ыр. Турмуштун өзү ушундай. Биз чоку десе бийиктиктерди, аска-зоолордун, мунаралардын учтарын элестетебиз. А Бектуруш чокуга башкача, элдин көңүлүнө келбеген жактан карайт. Ошондой эле Бектуруш тапкыр, тапан акын.

“…Майдалап жааган ак жаан –

“дир-дир-дир” эткен экран.

 

Мал караш үчүн жаанда,

мен сыртка чыккан маалда,

бир кучак нурду күүгүмгө

шарт төгүп ийди каалга…”/Майдалап жаайт ак жаан” аттуу ырынан/. Булар тапан, тапкыр саптар.

“Күүгүмдө айылыма келатамын” деген туулган жерге баргандагы кубанычтуу абалыбызды элестетет. Айрым саптарынан мисал:

“…Жолдор тосуп чыгып улам тушумдан,

-Жүр биз жакка? – деп тарткылайт бутумдан”.

Же дагы

“Тамдарынын ээси түгүл, күлүңдөп

терезелер -Кел, киргин! – дейт бириндеп”. Акыркы куплети:

“Эргип шуулдап ырдап тосуп бактары,

ээрий жаздайт маске майдай ай дагы.

Бет алдынан чыксам сүйүнүшкөндөн,

бажыраят автолордун фарлары”.

Бектуруштун поэзиясы тууралуу сөз кылганда контрасчыл, карама-каршылыктуу акын экендигин да белгилегим келет. Карама-каршы көрүнүштөрдү ырларында кагыштырып, чагыштырып карайт.

“…Жылынсам дейт муздак шамал,

жыра кирип коюнума”,

же: “Кара жерге жаайт ак кар,

кары жерге жаайт жаш кар.

 

Ак кар жаады кара жерге,

жаш кар жаады кары жерге” / “Кеч күздүн түнүндө”/,

“Жылгада жел чыйрыгат,

жылынар жай табалбай” / “Түн”/. Булар – контрасттуулук. Мындай ырларды, саптарды жазыш үчүн күчтүү фантазия керек. Бектуруш бул жагынан олжолуу. Акынды акын кылган, поэзия сүйөрман, күйөрмандарына акындын, поэзиянын кадырын арттырган ушундай фантазиядагы ырлар болот. Өйдө жакта айттым, дагы кайталайын, айрым китептерди төрт-беш ирет окуп, мындай фантазияга эгедер саптарды таппайсың.

Мен Бектурушту интеллектуал акын деп да мүнөздөр элем. Ал бир дагы ырын жөн эле жазып койбойт, ар бир ырында сөзсүз чоң ой, элестүү картина, пейзаж бар. Эң болбоду дегенде ырдын жыйынтыгында бир чоң, мыкты ойду айтат.

Ырларына жакшылап маани берсең, Бектуруш ойчул, философ акын. “Иттер”, өзгөчө “Өмүр аялдамасы” деген ырлары философ, классик акындардын жазган ырларындай дагы, ал ырлар эзелтен чагатай тилинде айтылып келаткан баягы “Бу дуния каптарханадур, бири кетса, бири конадур” деген накыл саптарды эстетет.

Бектуруш – Эростун акыны. Эрос десе айрым адамдар -Бул жаңылыш айтылган сөз эмеспи? – деши мүмкүн. Жок, жаңылыш эмес.

Платон, Гесиот, Сократ дегендер болгон. Ошол Гесиоттун бир поэмасында -Бул дүйнөдө оболу эмне, кандайча жаралган? – дейт. Биринчи болуп Эрос жаралганын айтат.

Ошол Эрос адамды, акылды, анан космосту, бүт баарын жөнгө салган дейт. Сократ болсо Эросту дүйнөдөгү эң улуу Кудай катары жарыялаган. Себеби, ал бардыгын бириктирип турат. Эгер Эрос болбосо бүт бардыгы бытырап, чачылып кетет дейт.

Анан дагы бир уламыш бар, муну бекер айтып жатканым жок. Платондо бир жомок айтылат – Адрахиддер деген. Асрафандын уламышы боюнча түпкүлүгүндө аял менен эркектин тулкусу бир болуп, эркек мисалы, чыгышты караса, ургаачысы батышты беттеп туруптур. Алар аябай алдуу, сулуу болушат. Анан Кудайды кулатып, ордуна бийликке келебиз дешет. Зевс коркуп кетип, ортосунан бөлө чабат. Бири эркек, экинчиси аял болуп калыптыр. Ошондон бери ошол адам өзүнүн жартысын издеп, табалбай келет экен. Тапкан күнү сейрек болот да, ага Эрос жардам берет дейт. Мына ушул Эроско байланыштуу Бектуруштун бир эрдигин айтып кетишим керек.

Бектуруш мектептин 8-классын бүтүп жатып, түшүндө бир кызды көрөт. 4 жылдан кийин ал кездеги Фрунзеге окууга келип, аны Университеттен жолуктурат. Ага -Мен сени түшүмдө көрүп сүйүп калгам! – десе, ал шылдыңдап күлүптүр. Ошол кызга арнап 1000ден ашык ыр жазыптыр. Ал ырларынын баары эле жакшы дебейм, бирок кандай болгон чакта да бир эле кыз – сүйгөнү тууралуу ошончо ырды жазыштын өзү – эрдик.

Бизде сүйүү такырыбын /темасын/ ийине жеткире жазган акындар бар, айталы, Салижан Жигитов, Омор Султанов дегендей.

Бирде -Сүйүү туурасында мыкты ырларды жазат экенсиз. Бирөөнү аябай сүйгөнсүз го? – деп сурасам, Салижан Жигитов:

-Ой, ушу мен кулактарым делдейип, өзүм телпейип турсам, боюм кодоо болсо, анан кайсы сулуу карайт дейсиң. Мен ушундай жаман алыма карабай жалаң сулууларды сүйдүм да. Мага ошол азыткылар жаздырган да ал ырларды! – деген эле.

Адам үч нерседен – денеден, акыл-эстен, анан насилден турат деп айтылат бир уламышта. Адамдардын 99 пайызы дененин, демек, курсактын муктаждыгы менен жашайт, мисалы, жакшы үй, мыкты машина, көп акча дегендей. А акыл-эс экинчи стадияга чыгат. Ошо экинчи стадияга чыккандар көрүнгөн сулууга ашык боло беришет, кабыргалары кайышып, -Мурда кайда жүрдүң эле? – дешип ырларды жазышат. Бектуруш андай эмес, сүйүүсү өз башынан өткөн. Ошон үчүн көрүнгөн сулууга эмес, өзүнүн башынан кечиргендерин жазат. Бектуруш чоң сүйүүгө, чоң тагдырга кабылбаса азыркы арзуу ырларын жазалбайт болчу. Шүгүр деши керек, андай чоң сүйүү, чоң тагдыр башынан өтүптүр.

Ушул китептеги эки ырды мен туруш-турпаты менен классикалык поэзиянын катарына кошор элем, ал ырлардын аталыштары – “Кавказ, сенде калмакмын”, “Бузулган эски үй”. Бул ырлар – керемет ырлар! Мындай ырларды “Эл акыны” деген наамды алгандар да жазалбай жүрүшөт.

“Бузулган эски үй” ырын толук түрдө келтирейин:

“Бузулган эски үйдүн жанында

буулугам көңүлүм бузулуп.

Эсимде көз жарат азыр да,

энемдин жомогу угулуп.

 

Баш багат ар бурчтан жомоктор –

баягы мен бала маалдагы.

Жок дүмбүл бышырчу очоктор,

жыгылган чалкадан каалгасы.

 

Терезе – соолгон көз сыяктуу.

Тандыр жок – патирлер жабылган.

Устунду басыптыр уранды,

Үй кудум дарбыздай – жарылган.

 

Атамдын да бул үй – жаш чагы,

апам да төрт перзент өстүрдү.

Күнүгө энемдин арбагы

келер да, таппастыр эч кимди.

 

Тушунда дал туулган үйүмүн,

турпактай бозоруп, бүкчүйүп,

бузулган балалык күкүмүн,

бир-бирден теремин үшкүрүп”.

Бектуруштун чыгармачылыгында кемчилик барбы? Ага эмне жетишпейт? Акын Акбар Рыскулов – менин досум, байкоомду ага да айткам. Ал мойнуна алган, -Ошол шизиктик каны-жанымда жок болуп атпайбы! – деген. Бектурушка да шизофрение жетишпейт. Чыгармачыл адам, айрыкча, акын киши кичине-кичине шизик болсо залалы тийбес эле.

Токтосун Самудинов Рамис Рыскулов тууралуу минтип жазган экен:

“Кээде жазат шедевр,

Кээде жазат начар ыр.

Кантсин анан Рамис,

Жазалбаса башкача ыр”.

Туура да. Кантебиз эми, Акбар досум да, Бектуруш да “галстугу жок” ырларды жазалбаса, шизик болушпаса!..

Аталган жыйнакта лирикалык ар кыл ырлардан бөлөк өзүнчө кеңири сөзгө алышка татыган “Ушакка ууккан дастан” аттуу дастаны менен бирге А.С.Пушкиндин “Алтын балык жана балыкчы тууралуу жомогуна” уланды катары жазган жомоктору бар. Алар тууралуу поэзия күйөрмандарынын, адабиятчылардын, сынчылардын ой, пикирлери айтылар.

Сөзүмдүн жыйынтыгында мен Бектуруштун поэзиясына үңүлүп, ой калчап отуруп, аны ар тараптан жетилген, учурдагы кыргыз акындарынын ичинде эң алдыңкы катарда турат деп ишенимдүү айта алам.

Публицист Э.Нурушев

  1. 25-октябрь. ОшМУ.

Үн тасмадан кагазга түшүргөн, даярдаган С.Мыктыбеков