Нурпаис Жаркынбаев: Карегимде калкылдайт жай туулган жер, Патефондун табагындай айланып

Карегимде калкылдайт «Волга» келет жеңил, жумшак айдалып, Мен да келем ичинде анын жайланып. Калып жатат мелмилдеген түздүктөр, Патефондун табагындай айланып.   Туулган жерге аз калганда жеткени, Санаам туудай желбиреп бир кеткени. Ана чиркин, карекке да чалдыкты, Айылымдын бүлбүлдөгөн четтери…   Алдын-ала сезип келем баарысын: Аттаганда өз үйүмдүн далисин. Апам шашып башыман суу айлантат, Таштай салып колундагы бар ишин.   Карап келем ак кар баскан жондорду, Көп андагы кыйма чыйыр жолдорду- Коломтонун табы өтөт жүрөккө, Көргөн сайын түтүн созгон морлорду.   Туулган жерим! Сага күч жок теңелээр, Көрсөм сени көңүл ийип, толугу менен…..