Нурбүбү Бөдөшова: Түш көрдүм түндө сени…

Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды Бопбош жүргөн калдырап арабадай, Бопбоз жылдар өтүптүр эч дайынсыз. Курсак тоюп куунаган болсом дагы, Кур кыялга алданган кеч кайырсыз.   Көр тирликтен көтөрө албай башты, Көмүскөдө көөдөндү көп жүк басты. Эртең жетем дегенге али жетпей, Ак бубактар аралап кундуз чачты.   Өзүм үчүн өкүнбөй жашадымбы, Бу тагдырым — бактымбы? Азабымбы? Тээ балалык кезимде баштап алган, Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды…   Айымдарга Аялзатсыз эркектер карып дечи, Аялзаты — ааламга жарык дечи. Антсе дагы, эркексиз, оо сулуулар, Алоолонуп от болуп жанып көрчү!   Түмөн түйшүк көтөргөн толугу менен…..