Элмира Ажыканова: Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө, Бир карасам аалам менин колумда

Эски мештин жанында Талдап бүтпөй оңум менен солумду, Таштап салып талыкшыган боюмду. Кыш түнүндө, меш түбүндө телмирип Олтурамын отко кактап колумду. Жер айланып зуулап барат огунда, Менин үйүм тогуз жолдун тоомунда. Бир ойлосом мен бир чекит дүйнөдө Бир карасам аалам менин колумда. Көкүрөгүм ысып-күйүп эзилем, Көр турмушка жем болчудай сезилем. Шашып жашап, шашып ичем чайымды Бир тыныксам биротоло кечигем. Мен мезгилге барган сайын утулуп, Мерез заман үрөйүмдү учуруп, Аласалып кетип барам кургуйга Айлампалуу ылдамдыкка жутулуп. Мен бир пенде сүкүт чалган түндөгү, Акылыма сыйдыра албайм дүйнөнү. Эч ким мага бере албады толугу менен…..