12-декабрь – Адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер,

Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз!

Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 2 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма жанры боюнча лауреаттарга 100 000 сомдон сыйлык ыйгарып келүүдө. Бүгүн да 3 таланттуу калемгер сыйлануу алдында турат.

Жакында эле Маданият министри Алтынбек Аскарович Максутов жазуучуларга шарт түзүлүп, мамлекетке болгон карызы жоюлуп, жаңы имарат берилерин жар салды. Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун жеке тапшырмасы менен аткарылып жаткан бул иш жалпы жазуучулар, адабият күйөрмандары үчүн чоң кубаныч болду.

Урматтуу калемдештер, майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, чыгармачылык эргүү, зор жетишкендиктерди каалайбыз. Ылайым, ыр жандуу элибиздин багына бараандуу эмгектерди жаратып, эсен болуңуздар.

Бүгүн “Адабият күнүнө” карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара болот. Бардыгыңыздар келип, майрамдык салтанатка катышып кетиңиздер. Башталышы саат 17:00дө

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы