Жолон Мамытов: Менин доорум – ойлор Күндү чапчыган, менин доорум – көз ирмебес чакчыгай.

Бүгүн, 1-апрель акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Акын тирүү болгондо бүгүн 80 жашка толмок. 80 жылдыкты бул күнү акындын айылында белгилөө боюнча КР Улуттук жазуучулар союзу Ош облустук мамлекеттик администрациясы, Ош шаарынын мэриясы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте өткөрүү үчүн сүйлөшүп, даярдык көрүп жаткан эле. Тилекке каршы, өлкөдөгү абалдан улам кийинки мөөнөткө жылдырылды. Акындын 80 жылдыгы күз айларында Бишкек шаарында белгиленет. Менин доорум Менин доорум – ойлор Күндү чапчыган, менин доорум – көз ирмебес чакчыгай. Ааламдарга ракеталар жөнөтүп, бүт дүйнөнү тиктеп турат сакчыдай.   Татаал ойлоп, эң бир татаал толугу менен…..