Камбаралы Бобулов: Канчалык биз экөөбүз жоо болсок да, Сүрөттөр өз алдынча өмүр сүрөт!

Тоолорум Караганда көз кайкыган тоолорум, Ак мөңгүсү алтын сымак жер соорум. Кайда жүрсөм көңүлүмдө турасың, Төрөлгөндөн эгиз өскөн бир боорум.   Өркөчтөнгөн өкүмү күч тоолорум, Өзгөчөсүң — сенден ашык не сонун? Бабаларым өзүн сактап жан берип, Талкалаган сай батпаган жоолорун.   Асман менен эрк талашкан тоолорум, Сенден бийик, сенден таза не сонун? Аппак карың көздөрүмдүн нурубу, Ак калпагым сенден алган порумун.   Кыш айында көркүн ачкан эң сонун, Кымбатымсың касиеттүү тоолорум. Араласам атчан жүрүп койнуңду, Атырылат асман тиреп ойлорум.   Жай айында жагалданган эң сонун, Жаркынымсың жарашыктуу тоолорум. Бетегеңе бетим толугу менен…..